СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын Тиби, усулу

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабактын Тиби, усулу»

Математика предметинде окутуу усулдарын тандоо жана колдонуу. Интерактивдүү окутуу.   Парпиев И.К.

Математика предметинде окутуу усулдарын тандоо жана колдонуу. Интерактивдүү окутуу.

Парпиев И.К.

 Сабактын тиби деген эмне?

Сабактын тиби деген эмне?

КИРИШҮҮ   Сабак, анын мазмунун, максатынын жана усулдарынын өзгөчөүктөрүнө жараша уюштурулуп өткөрүлөт. Бирок сабакты даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерине өзгөчө роль таандык. Сабакты уюштурууда мугалимдин башкы милдети – 45 мүнөттүн ар бир мүнөтүн окуучулар үчүн билим берүүчү мүнөзгө айландыруу болуп эсептелет. Сабактын тиби деп кандайдыр бир белгилери боюнча жалпылыгы бар бир нече сабактардын тобун (группасын) айтабыз.

КИРИШҮҮ

Сабак, анын мазмунун, максатынын жана усулдарынын өзгөчөүктөрүнө жараша уюштурулуп өткөрүлөт. Бирок сабакты даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерине өзгөчө роль таандык. Сабакты уюштурууда мугалимдин башкы милдети – 45 мүнөттүн ар бир мүнөтүн окуучулар үчүн билим берүүчү мүнөзгө айландыруу болуп эсептелет.

  • Сабактын тиби деп кандайдыр бир белгилери боюнча жалпылыгы бар бир нече сабактардын тобун (группасын) айтабыз.
 Сабактын канча тиби бар?

Сабактын канча тиби бар?

Сабактын типтери  Максаттарына жараша сабактардын төмөнкүдөй типтери болуусу мүмкүн: Жаныны үйрөнүү сабагы (комбинацияланган) – лекция, экскурсия, изилдөөчүлүк иш, окуу жана эмгек практикуму; Билимдерди бышыктоо сабагы - практикум, лабораториялык иш, ангемелешүү, консультация; Билимдерди комплекстүү колдонуу сабагы – лабораториялык иш, семинар, тренинг; Билимдерди системалаштыруу жана жалпылоо сабагы – конференция, тегерек стол, семинар; Билимдерди текшерүү жана баалоо сабагы – текшерүү иши, зачет ж.б

Сабактын типтери

Максаттарына жараша сабактардын төмөнкүдөй типтери болуусу мүмкүн:

  • Жаныны үйрөнүү сабагы (комбинацияланган) – лекция, экскурсия, изилдөөчүлүк иш, окуу жана эмгек практикуму;
  • Билимдерди бышыктоо сабагы - практикум, лабораториялык иш, ангемелешүү, консультация;
  • Билимдерди комплекстүү колдонуу сабагы – лабораториялык иш, семинар, тренинг;
  • Билимдерди системалаштыруу жана жалпылоо сабагы – конференция, тегерек стол, семинар;
  • Билимдерди текшерүү жана баалоо сабагы – текшерүү иши, зачет ж.б
 Күндөлүк салттуу сабак канча этаптан турат?

Күндөлүк салттуу сабак канча этаптан турат?

Сабактын этаптары  Сабакты уюштуруу Үй тапшырманы текшерүү Билимдерди ар тараптуу текшерүү Жаны материалды өздөштүрүүгө өбөлгө түзүү Жаны билимдерди түшүндүрүү Жаны материалды түшүнүүнүн биринчи текшерилиши (бышыктоо) Сабакты жыйынтыктоо Үйгө тапшырма берүү жана аны аткарууга түшүндүрмө (инструкция) берүү

Сабактын этаптары

  • Сабакты уюштуруу
  • Үй тапшырманы текшерүү
  • Билимдерди ар тараптуу текшерүү
  • Жаны материалды өздөштүрүүгө өбөлгө түзүү
  • Жаны билимдерди түшүндүрүү
  • Жаны материалды түшүнүүнүн биринчи текшерилиши (бышыктоо)
  • Сабакты жыйынтыктоо
  • Үйгө тапшырма берүү жана аны аткарууга түшүндүрмө (инструкция) берүү
 Сабактын негизги компоненттерин атаңыз.

Сабактын негизги компоненттерин атаңыз.

Сабактын негизги компоненттери Уюштуруу – окуучуларды сабакка даярдоо; Максаттуу – окуучулардын сабактын этаптарындагы тапшырмаларды өздөштүрүүсүнө ылайыктуу максат коюу; Чакыруу (мотивация) – берилүүчү материалды өздөштүрүүгө ылайыктуу кызыктуу материалды даярдоо; Коммуникативдик – мугалимдин окуучулар менен мамилелешүү денгээли; Мазмундуу – окуучулардын өз алдынча иштөөсү, окуп-үйрөнүүсү үчүн материалдын мазмунуна көңүл буруу; Технологиялык – сабактын формасын, усулун предметке ылайыктуу тандоо; Текшерщщ-баалоо – окуучунун активдүүлүгүнө, таанып-билүүсүнө түрткү берүү менен кызыктыруу

Сабактын негизги компоненттери

  • Уюштуруу – окуучуларды сабакка даярдоо;
  • Максаттуу – окуучулардын сабактын этаптарындагы тапшырмаларды өздөштүрүүсүнө ылайыктуу максат коюу;
  • Чакыруу (мотивация) – берилүүчү материалды өздөштүрүүгө ылайыктуу кызыктуу материалды даярдоо;
  • Коммуникативдик – мугалимдин окуучулар менен мамилелешүү денгээли;
  • Мазмундуу – окуучулардын өз алдынча иштөөсү, окуп-үйрөнүүсү үчүн материалдын мазмунуна көңүл буруу;
  • Технологиялык – сабактын формасын, усулун предметке ылайыктуу тандоо;
  • Текшерщщ-баалоо – окуучунун активдүүлүгүнө, таанып-билүүсүнө түрткү берүү менен кызыктыруу
Сабакты уюштуруунун формалары

Сабакты уюштуруунун формалары

 Сабакты уюштуруунун канча формасы бар жана ал сабакты өтүүнүн формаларынан эмнеси менен айырмаланат?

Сабакты уюштуруунун канча формасы бар жана ал сабакты өтүүнүн формаларынан эмнеси менен айырмаланат?

Сабактын уюштуруунун формалары  Практикада окутууну уюштуруунун негизинен 3 формасы бар: Фронталдык (жалпы класстык) Жекече Топтук (группалык)

Сабактын уюштуруунун формалары

Практикада окутууну уюштуруунун негизинен 3 формасы бар:

  • Фронталдык (жалпы класстык)
  • Жекече
  • Топтук (группалык)
Фронталдык форма  Бул формада класстагы бардык окуучулар бир эле мезгилде тапшырмаларды жалпы аткарышат. Мунун жакшы жагы мугалим бир убакта окуучулардын иштерине жетекчилик кылып, маалыматтын кабыл алынышын, билимдердин системалуу кайталанышын жана бышыкталышын көзөмөлдөйт. Начар жагы: жеке өзгөчөлүктөр, ишмердүүлүктүн темпи эске алынбайт.

Фронталдык форма

Бул формада класстагы бардык окуучулар бир эле мезгилде тапшырмаларды жалпы аткарышат. Мунун жакшы жагы мугалим бир убакта окуучулардын иштерине жетекчилик кылып, маалыматтын кабыл алынышын, билимдердин системалуу кайталанышын жана бышыкталышын көзөмөлдөйт. Начар жагы: жеке өзгөчөлүктөр, ишмердүүлүктүн темпи эске алынбайт.

Жекече форма  Бул формада класстагы ар бир окуучу берилген тапшырманы башка окуучулар менен байланышпастан өзүнүн окуу денгээлинде өз алдынча аткарат. Жекече окуу ишинин маанилүүлүгү мында ар бир окуучунун иштөө темпинин өзгөчөлүктөрү, даярдыгы эске алынат. Бирок бул форманы уюштуруу мугалимдин көп убактысын алат. Ошондой эле жекече форма окуучунун жамаат менен иштөөсү, мамиле куруусу, жакшы сапаттардын калыптанышына терс таасирин тийгизиши да мүмкүн.

Жекече форма

Бул формада класстагы ар бир окуучу берилген тапшырманы башка окуучулар менен байланышпастан өзүнүн окуу денгээлинде өз алдынча аткарат. Жекече окуу ишинин маанилүүлүгү мында ар бир окуучунун иштөө темпинин өзгөчөлүктөрү, даярдыгы эске алынат. Бирок бул форманы уюштуруу мугалимдин көп убактысын алат. Ошондой эле жекече форма окуучунун жамаат менен иштөөсү, мамиле куруусу, жакшы сапаттардын калыптанышына терс таасирин тийгизиши да мүмкүн.

Топтук (группалык) форма  Бул формада окуучулар берилген тапшырманы чакан же чон топтун мүчөлөрүнүн күч аракеттерин бириктирүү менен аткарышат. Бул форманы уюштуруунун жакшы жагы окуучулар тапшырмаларды биргелешип иштөө менен маселени чечишет жана жамаат менен иш алып баруудагы жакшы сапаттардын калыптанышына өбөлгө түзүлөт. Бирок мында педагогикалык жетекчилик жакшы болбосо айрым окуучулар пассивдүү отура беришип жакшы окуган окуучулардын эмгегин плагиаттык менен пайдаланышы мүмкүн.

Топтук (группалык) форма

Бул формада окуучулар берилген тапшырманы чакан же чон топтун мүчөлөрүнүн күч аракеттерин бириктирүү менен аткарышат. Бул форманы уюштуруунун жакшы жагы окуучулар тапшырмаларды биргелешип иштөө менен маселени чечишет жана жамаат менен иш алып баруудагы жакшы сапаттардын калыптанышына өбөлгө түзүлөт. Бирок мында педагогикалык жетекчилик жакшы болбосо айрым окуучулар пассивдүү отура беришип жакшы окуган окуучулардын эмгегин плагиаттык менен пайдаланышы мүмкүн.

Сабакты өтүүнүн формалары жана усулдары

Сабакты өтүүнүн формалары жана усулдары

 Сиз өзүңүз күндөлүк сабакта колдонуп жүргөн сабактын формаларын атап бериъиз.

Сиз өзүңүз күндөлүк сабакта колдонуп жүргөн сабактын формаларын атап бериъиз.

Сабактын түрдүү формалары Айтып берүү – тийиштүү маалыматты мугалим же маалымдоочу тарабынан оозеки айтылып түшүндүрүлөт. Ангемелешүү – сабактын бул формасында мугалим менен окуучулардын ортосунда пикир алышуу, ой бөлүшүү суроо-жооп түрүндө өткөрүлөт. Лекция – билим берүүгө арналган маалымат (аз же көп) мугалим же маалымдоочу тарабынан теориялык негизде берилет. Окуучулар берилген материалдын конспектисин даярдашат. Бул окуучуларды өз алдынча эмгектенүүгө калыптандырат. Семинар – теориялык жана практикалык билимдер системалаштырылат. Семинар 10-15 мүнөттүк иштерден турат да, окуучулардын жалпы катышуусу менен материалдын жыйынтыктары белгиленет (презентацияланат).

Сабактын түрдүү формалары

  • Айтып берүү – тийиштүү маалыматты мугалим же маалымдоочу тарабынан оозеки айтылып түшүндүрүлөт.
  • Ангемелешүү – сабактын бул формасында мугалим менен окуучулардын ортосунда пикир алышуу, ой бөлүшүү суроо-жооп түрүндө өткөрүлөт.
  • Лекция – билим берүүгө арналган маалымат (аз же көп) мугалим же маалымдоочу тарабынан теориялык негизде берилет. Окуучулар берилген материалдын конспектисин даярдашат. Бул окуучуларды өз алдынча эмгектенүүгө калыптандырат.
  • Семинар – теориялык жана практикалык билимдер системалаштырылат. Семинар 10-15 мүнөттүк иштерден турат да, окуучулардын жалпы катышуусу менен материалдын жыйынтыктары белгиленет (презентацияланат).
Практикалык иш – сабактын бул формасында маселелерди, мисалдарды чыгарууга бир нече саат бөлүнөт. Убакытты үнөмдөө керек болсо даяр материалдарды пайдаланууга болот. Лабораториялык иш – окуучулар мугалим тарабынан берилген тапшырманы бир эле убакта мугалимдин көрсөтмөсү менен жалпы аткарышат. Сабактын бул формасы окуу предметинде берилген тапшырманын көлөмүнө, татаалдык даражасына жараша болот. Экскурсия – бул кандайдыр бир обьектиге байкоо жүргүзүү же таанышуу иретинде өткөрүлүүчү сабактын формасы. Жыйынтыгында байкалган обьект жөнүндө окуучулар өз алдыларынча жыйынтык маалымат даярдашат. Өз алдынча иштөө – бул формада мугалим тарабынан берилген тапшырманы окуучулар өз алдынча сабак учурунда же сабактан тышкаркы мезгилде аткарышат.
  • Практикалык иш – сабактын бул формасында маселелерди, мисалдарды чыгарууга бир нече саат бөлүнөт. Убакытты үнөмдөө керек болсо даяр материалдарды пайдаланууга болот.
  • Лабораториялык иш – окуучулар мугалим тарабынан берилген тапшырманы бир эле убакта мугалимдин көрсөтмөсү менен жалпы аткарышат. Сабактын бул формасы окуу предметинде берилген тапшырманын көлөмүнө, татаалдык даражасына жараша болот.
  • Экскурсия – бул кандайдыр бир обьектиге байкоо жүргүзүү же таанышуу иретинде өткөрүлүүчү сабактын формасы. Жыйынтыгында байкалган обьект жөнүндө окуучулар өз алдыларынча жыйынтык маалымат даярдашат.
  • Өз алдынча иштөө – бул формада мугалим тарабынан берилген тапшырманы окуучулар өз алдынча сабак учурунда же сабактан тышкаркы мезгилде аткарышат.
Тренинг – сабактын мындай формасы мугалим же машыктыруучу (тренер) тарабынан өткөрүлүп, жаны материалды башкаларга берүү же жайылтуу үчүн фасилитаторлорду даярдоо. Бул форма көбүнчө чондорду окутууда колдонулат. Зачет – мурдатан даярдалган суроолор (карточкалар, тесттер) боюнча өткөрүлөт. Кээде мурдатан берилген тапшырмалардын жыйынтык маалыматтары да тапшырылат. Тематикалык текшерүү – текшерүүгө берилген тапшырмалар татаалдык даражасы эске алынып, көп вариаттуу болуп берилет. Окуучу кайсы вариант канча баага ылайыктуу экендигин билип, ылайыктуу бир вариантты тандап алууга укуктуу. Тапшырманы аткарууга берилген мөөнөттө окуучунун убактысы жетпесе, сабактан кийинки учурда мугалимге далилдеп көрсөтүшү мүмкүн.
  • Тренинг – сабактын мындай формасы мугалим же машыктыруучу (тренер) тарабынан өткөрүлүп, жаны материалды башкаларга берүү же жайылтуу үчүн фасилитаторлорду даярдоо. Бул форма көбүнчө чондорду окутууда колдонулат.
  • Зачет – мурдатан даярдалган суроолор (карточкалар, тесттер) боюнча өткөрүлөт. Кээде мурдатан берилген тапшырмалардын жыйынтык маалыматтары да тапшырылат.
  • Тематикалык текшерүү – текшерүүгө берилген тапшырмалар татаалдык даражасы эске алынып, көп вариаттуу болуп берилет. Окуучу кайсы вариант канча баага ылайыктуу экендигин билип, ылайыктуу бир вариантты тандап алууга укуктуу. Тапшырманы аткарууга берилген мөөнөттө окуучунун убактысы жетпесе, сабактан кийинки учурда мугалимге далилдеп көрсөтүшү мүмкүн.
 Сабактын усулдарынын классификациясын атаңыз же сабактын негизги усулдары кайсылар?

Сабактын усулдарынын классификациясын атаңыз же сабактын негизги усулдары кайсылар?

Сабактын усулдарынын классификациясы  Сабактын усулдарынын классификациясы В.В.Гузеева (1996) жана В.А.Оганесян тарабынан «окутуунун жөнөкөй модели» аркылуу төмөнкүдөй белгиленген:» Иллюстрациялык-түшүндүрүү Программалык Эвристикалык Проблемалык Моделдик

Сабактын усулдарынын классификациясы

Сабактын усулдарынын классификациясы В.В.Гузеева (1996) жана В.А.Оганесян тарабынан «окутуунун жөнөкөй модели» аркылуу төмөнкүдөй белгиленген:»

  • Иллюстрациялык-түшүндүрүү
  • Программалык
  • Эвристикалык
  • Проблемалык
  • Моделдик
Сабактын түрдүү формаларынын жана усулдарынын матрицасы Форма / Усул Иллюстрациялык-түшүндүрүү Айтып берүү + Программалык Ангемелешүү Эвристикалык + Лекция + + Семинар Проблемалык Практикалык иш + + Модулдук + Лабораториялык иш + Экскурсия + Өз алдынча иштөө + Трениг + + + + + Зачет Тематикалык текшерүү + + + + + + + + + +

Сабактын түрдүү формаларынын жана усулдарынын матрицасы

Форма / Усул

Иллюстрациялык-түшүндүрүү

Айтып берүү

+

Программалык

Ангемелешүү

Эвристикалык

+

Лекция

+

+

Семинар

Проблемалык

Практикалык иш

+

+

Модулдук

+

Лабораториялык иш

+

Экскурсия

+

Өз алдынча иштөө

+

Трениг

+

+

+

+

+

Зачет

Тематикалык текшерүү

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

Активдүү окутуу технологиясы  Көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган ыкмаларды колдонууда активдүү окутуу технологиясына артыкчылык берилет.  Активдүү окутуу технологиясы – пассивдүү, активдүү жана интерактивдүү усулдарды колдонуудагы катыштын өзгөрүүсүнө негизделет. Мында окуучулардын таанып-билүү ишмердигине түрткү берүүчү усулдарга артыкчылык берилет.

Активдүү окутуу технологиясы

Көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган ыкмаларды колдонууда активдүү окутуу технологиясына артыкчылык берилет.

Активдүү окутуу технологиясы – пассивдүү, активдүү жана интерактивдүү усулдарды колдонуудагы катыштын өзгөрүүсүнө негизделет. Мында окуучулардын таанып-билүү ишмердигине түрткү берүүчү усулдарга артыкчылык берилет.

Окутуунун пассивдүү усулдары  Мындай усулдарды колдонууда маалымат берип туруучу кандайдыр бир борбордун болушу эске алынат. Мындай борбордун ролун мугалим, китеп, окуу фильми, атайын магнитафондогу жазуу аткарышы мүмкүн. Бул учурда окуучунун милдети – өздөрүнүн репродуктивдүү жөндөмүн көрсөтүү б.а алынган маалыматтарды кайра айтып берүү.

Окутуунун пассивдүү усулдары

Мындай усулдарды колдонууда маалымат берип туруучу кандайдыр бир борбордун болушу эске алынат. Мындай борбордун ролун мугалим, китеп, окуу фильми, атайын магнитафондогу жазуу аткарышы мүмкүн. Бул учурда окуучунун милдети – өздөрүнүн репродуктивдүү жөндөмүн көрсөтүү б.а алынган маалыматтарды кайра айтып берүү.

Окутуунун активдүү усулдары  Мындай усулдары колдонууда деле маалымат таратуу борбору болот, бирок баарлашуу бир багытта эмес, көп багытта жүрөт. Класстагы окуучулардын суроо бериши, шектенгендигин билдириши, талашып-тартышуусу, башкалардын оюн толуктоосу мүмкүн. Башкача айтканда баштапкы маалыматтар бир топ оңдоп-түзөтүлүп, кайтарым байланыш ишке ашат. Мында маалыматтын маанисин аңдап билүү, талкуулоо, ой жүгүртүү, салыштыруу үчүн суроолор берилип окуучулардын ой жүгүртүү билгичтиктерин өнүктүрүүгө басым жасалат. Монологдун ордуна диалог усулу колдонулат.

Окутуунун активдүү усулдары

Мындай усулдары колдонууда деле маалымат таратуу борбору болот, бирок баарлашуу бир багытта эмес, көп багытта жүрөт. Класстагы окуучулардын суроо бериши, шектенгендигин билдириши, талашып-тартышуусу, башкалардын оюн толуктоосу мүмкүн. Башкача айтканда баштапкы маалыматтар бир топ оңдоп-түзөтүлүп, кайтарым байланыш ишке ашат. Мында маалыматтын маанисин аңдап билүү, талкуулоо, ой жүгүртүү, салыштыруу үчүн суроолор берилип окуучулардын ой жүгүртүү билгичтиктерин өнүктүрүүгө басым жасалат. Монологдун ордуна диалог усулу колдонулат.

Окутуунун интерактивдүү усулдары  Окутуунун мындай усулдарын колдонууда «борбор-аудитория» схемасы олутуу түрдө өзгөрүлөт. Борбор иш жүзүндө жок болот. Мугалим окуу процессинин уюштуруучусу жана кеңешчиси гана болот. Окуучулардын өз ара карым-катыш жүргүзүүсү жана кызматташуусу биринчи орунга чыгат.  Окутуунун активдүү жана интерактивдүү усулдарын колдонууда маалымат булактары жалпыга бирдей жеткиликтүү болот да, өз алдынча окууга мүмкүнчүлүк кеңейет.  Мугалимдин ролу жетекчилик эмес, жардамчылык мааниге ээ болот. Ал өзү баарлаша билүүгө максат коюп, аларга жетишүүгө окуучуларды кызыктыра билүүгө тийиш.

Окутуунун интерактивдүү усулдары

Окутуунун мындай усулдарын колдонууда «борбор-аудитория» схемасы олутуу түрдө өзгөрүлөт. Борбор иш жүзүндө жок болот. Мугалим окуу процессинин уюштуруучусу жана кеңешчиси гана болот. Окуучулардын өз ара карым-катыш жүргүзүүсү жана кызматташуусу биринчи орунга чыгат.

Окутуунун активдүү жана интерактивдүү усулдарын колдонууда маалымат булактары жалпыга бирдей жеткиликтүү болот да, өз алдынча окууга мүмкүнчүлүк кеңейет.

Мугалимдин ролу жетекчилик эмес, жардамчылык мааниге ээ болот. Ал өзү баарлаша билүүгө максат коюп, аларга жетишүүгө окуучуларды кызыктыра билүүгө тийиш.

 Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!