Мугалим: Ыманалиева Нургул
Предмет: Сабат ачуу
Класс: Даярдоо б классы
Сабактын темасы: К к тыбышы
Сабактын тиби: Жаны материалдарды оздоштуруу
Сабактын формасы: Аралаш сабак
Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: Корсотмолуу тушундуруу, суроого-жооп, интерактивдуу суроо-жооп
Колдонулуучу каражаттар: Негизги китептер, ватман,суроттор, карточкалар, тамга кассасы, тустуу калемдер, маркер, кубик, топ, дидактикалык материалдар ж.б.
Предмет аралык байланыш: Математика, сурот, кеп остуруу
Сабактын максаты: Окуучулар К к тыбышы боюнча маалымат алышат. К к тыбышы катышкан создорду табышып айтышат, аларды муунга ажырата алышат. Тамга кассасы менен таанышышат.
Корсоткучтор: К к тыбышын таанып, К к тыбышы катышкан создорду тапса жана аларды муунга ажырата алса.
Онуктуруучулук: Тема аркылуу кабыл алуусун, конул буруусун, тапкычтыгын, эске тутуусун, жондомдуулугун чыгармачыл ой-жугуртуусун онуктурушот.
Кабыл алуусу, конул буруусу, тапкычтыгы, эске тутуу жондомдуулугу онуксо
Тарбия беруучулук: Тазалыкка, тыкандыкка, чынчылдыкка, ынтымактуулукка, достукка тарбияланышат.
Таза, тыкан, оздук гигенаны таза кармаганга тарбияланышса.
Сабактын журушу.
1. Уюштуруу: - Мугалим окуучулар менен учурашат. Сабакка позитивдуу эмоционалдык кырдаал тузуу:
2. Саламдашуу: Окуучулар мугалим менен саламдашышат.
Хор менен
Роза гулу ачылган
Жалбырагы жашылдан
Сиздерге салам айтабыз
Даярдоо б классынын атынан
-Балдар сабакка даярбызбы? Окуучулар сабакка даярданышат
3. Топко болуу:
Тустор менен окуучулар торт топко болунот
4. Жагымдуу маанай:
-Силердин маанайынар кандай?
-Ачылган кызыл гулго окшош
-Булуттан чыккан кунго окшош
-Жаркыраган айга окшош
-Сонун
-Азаматсынар! Балдар бугун биздин сабагыбызда кызыктуу тапшырмалар бар. Угабыз, кайталайбыз, ойлонобуз, эстеп калабыз. Силерге бугун чыгармачылык ийгилик каалайм.
5. Алтын эреже:
Эрте туруп уйумдон
Сабагымдан кечикпейм
Тартип бузуп себепсиз
Чуркап кирбейм эшиктен
Суроо берсе эжекем
Кол которуп жооп берем
Туз отуруп партада
Туз коемун колумду
Ар нерсеге алаксып
Бурмалабайм ойумду
Шыктандыруу:
6. “Мозаика” конугуу. Окуучулар берилген суроолорго жооп берип турушат.
Азыр кайсы мезгил?
Сыртта аба-ырайы кандай?
Бугун канчанчы кун?
Балдар кандай майрамдарды билесинер?
Жакында кандай майрам болот?
Аяз ата силерге жагабы?
7. Жаны теманы тушундуруу:
Мугалим доскадагы сурот боюнча балдарга кайрылат
-Кана айткылачы балдар эмнени коруп турасынар?
-Калпак, кополок, кар буртукчо, коен
-Азаматсынар
Мугалим К к тыбышы менен тааныштырат. К к тыбышы катышкан кандай создорду билесинер?
Калпак, кар, коз, кол, кайчы, камчы ж.б.
Муунга болушот кал-пак, кар, кол
Тамганы - козубуз менен коробуз, колубуз менен жазабыз
Тыбышты – оозубуз менен айтабыз, кулагыбыз менен угабыз
8. Китеп менен иштейбиз
-Эмнелерди коруп турасынар балдар? Коргондорун хор менен айтышат.
-Курт-кумурскалардын аттарын билесинерби? Кумурсканы боейлу анда.
Курт-кумурскаларды билишет. Алардын аттарын аташат, суротторун боешот.
9. Физкультминутка: Суроого-жооп А а тыбышы менен башталган создорду айтышат
-Сенин атын ким? – Аминат
- Кайдан келдин? –Айылдан
-Канча жаштасын? –Алты
-Айылда эмне осот? –Алма
-Досундун аты ким? –Алихан
-Кимди жакшы коросун? –Атамды ж.б.
К к тыбышы менен эжекелерибиз жооп беришсинчи
-Кайдан келдиниз?
-Кайсы айылда жашайсыз?
-Канча жаштасыз?
-Кайсы жаныбарды жакшы коросуз?
-Эмнеден коркосуз? ж.б.
10. Топ менен иштоо:
1-топ: Сабат ачуу борбору
Суйлом тузушот, касса тамгасы менен иштешет.
2-топ: Кеп остуруу борбору
Суротторду К тыбышына жана А тыбышына жараша болушот. Мисалы: калпак, койнок, курма,кумурска. Алма, арча, акча,ачкыч ж.б.
3-топ: Математика борбору
Эки кубикти кошуп канча болгонун айтышат жана кубик менен создорду муунга болушот.
4-топ: Сурот борбору
К к тыбышынан башталган каалаган темасын тартышат.
Ар бир топ берилген тапшырмага жооп беришет.
11. Жыйынтыктоо:
- Балдар бугунку сабакта биз эмнелерди билдик жана уйрондук?
Отулгон теманы суроо-жооп иретинде бышыктайм.
Коштошуу: Биздин балдар коштошушат
Отурабыз, турабыз
Кундо эле айтабыз
Сабагыбыз буткон сон
Коштошобуз, кайтабыз
Саламатта калыныздар.