СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Самообразования.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Читайте полезно.

Просмотр содержимого документа
«Самообразования.»

[03.04, 6:01] Madinka: Самообразование учителя английского языка — темы и план



Приветствую моих дорогих читателей, завсегдатаев блога и новичков, которые тоже, надеюсь, станут здесь постоянными гостями. Поскольку мой блог уже читают не только воспитатели, то я стараюсь охватывать разносторонние темы, которые были бы интересны специалистам конкретного направления. Сегодня мы рассмотрим самообразование учителя английского языка.



Не секрет, что учитель, как и представитесь любой другой профессии, должен заниматься самообразованием. Ведь новые знания еще никому не помешали. Более того, человек, который постоянно учиться и знакомится с чем-то новым, чувствует себя всегда уверенно, его интересно слушать и у него интересно учиться. Если вы хотите быть именно таким учителем, тогда самообразование не должно быть для вас чем-то напряжным и обязывающим. Это не прихоть руководства, а ваша необходимость!



Содержание статьи:



1 Какую выбрать тему?

2 План работы на темой

3 Пособия для учителей английского

3.1 Также рекомендую прочитать:

[03.04, 6:31] Madinka: Мугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?

Башка тилде окуу



Watch this page

Оңдоо

Адылбек КАСЫМОВ, п.и.к., Түйүндүү түшүнүктөр: компетенция, компетенттүүлүк, кесиптик компетенттүүлү, адистик компетенттүүлүк, педагогикалык ишмердүүлүк, окутуу процесси, окуу предмети, класстык коллектив, коммуникабелдүүлүк, окуучулардын үйрөнүү денгээли, психологиялык компетенттүүлүк, ишмердүүлүк, улуттук баалуулук, адамзаттык баалуулук, мугалимдик көндүмдөр.

Мугалимдердин компетентүүлүгү же ишбилгилиги деген эмне? Кандай мугалимди ишбилги дей алабыз? Алардын мугалимдик кесипке компетенттүүлүгү кантип аныкталат? Так аныктоого негиз боло турган стандарт барбы? Жогорку окуу жайларда мугалимдин ишбилгилик сапаттары тууралуу студенттерге маалымат берилеби же бул өңүттө даярдалабы? Мугалимдик кесиптин кайсы адистиги боюнча? Бала бакча тарбиячысыбы, кенже окуучулар мугалимиби?, орто мектептин же жогорку окуу жайдын окутуучусубу? Адистердин кайсысынын компетенттүүлүгү кандай болуш керек? Жөнөкөй мугалим менен жетекчинин ишбилгилик деңгээли кандай аныкталат? Мугалимдин ишбилгилигин текшерип жатып, ал иштеген окуу жайдын абалы, мугалимдин ишинин ийгиликтүү болушуна таасири тууралуу эмнелерди эске алышыбыз керек? ж.б.у.с. суроолорго жооп издейли.

Жалпысынан алганда, мугалимдердин ишбилгилиги кайсы багыттар боюнча бааланышы керек?

Ал багыттар деп төмөнкүлөрдү эсептөөгө болот:

1. Педагогикалык кесиптик ишбилгилик

2. Окутуу-үйрөтүү процессин уюштура билгичтик

3. Инсандык психологияга аяр мамиле жасай билгичтик

4. Билим деңгээлинин жетиштүүлүгү, тармактык билимдин бекемдиги

5. Мугалимдик кесипке берилгендик, педагогдук ишмердүүлүктү аркалоо

6. Окуу программалары боюнча түшүнүк, кабардарлык деңгээли

7. Коммуникабелдүүлүк

8. Билимди, билгичтикти жана көндүмдү баалай алуу, баалоо критерийлерди билүү

9. Башка өзгөчөлүктөр (квалификацияны жогорулатуу, мыйзамдуулукту билүү ж.б.)

Мында мугалим адистерди даярдаган окуу жайларда үйрөтүү керек болгон компетенттүүлүк өзгөчөлүктөр тууралуу сөз болот. Мисалы, жогорку окуу жайдын мугалиминин болочок мугалимдерге үйрөткөн окутуу методдору тууралуу программадагы маалыматтардын тандалышы. Бул мугалимдердин тажрыйбасы, сапаты жана каалоосу, практика өткөрүлө турган мектептин сыпаты, факультеттеги (институттагы) шарттар, колдо болгон материалдар, аларды колдоно билүү, жетекчилик сапат, классты жетектөө, окуучулар менен болгон мамиле кандай болушу керектигин карап көрөлү.



1. Кесиптик-педагогикалык ишбилгилик

А. Кесиптик ишбилгилик

 Темага жана тиешелүү билим тармакка байланыштуу белгилүү бир даражада маалыматы бар экендигин көрсөтүү. Предметти, түшүнүктөрдү, аткара турган иштерди так билүү. Окуу материалына төп келген методду жана окутуу технологиясын, кошумча материалды жана ыкманы колдоно билүү.

 Өзү окуткан окуу предметке байланыштуу эреже, теория, аныктама, принцип, түшүнүктөрдү жатык тилде, төп келтире үйрөтө ала турганын көрсөтүү.





Б. Педагогикалык ишмердүүлүккө даярдык

 Окуучулардын түшүнүктөрдү туура же туура эмес кабыл алгандыгын аныктап, зарыл болгон учурда түзөлтүү.

 Окуучулардын каралган темага байланыштуу суроолоруна жеткиликтүү жооп бере алуу.

 Окуучулардын билимине, үйрөнүүсүнө алардын физиологиялык, психологиялык, сезимталдык жана социалдык жактан өнүгүүсү таасир бере турганын билүү.

 Предметтин окуу планга ылайык үйрөтүлүп жатканын билүү.

 Предметтин өзгөчөлүгүнө, сабакта өтүлө турган материалга шайкеш келген методдорду жана технологияларды тандай билүү.

 Окуу предметке, сабакка шайкеш келген маалыматтык технологияларды пайдалана билүү.

 Сабактын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу коопсуздук эрежелерин билүү.

 Окуу предметке, сабак өтүүгө байланыштуу квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып туруу.





2. Окутуу процессин уюштурууга карата ишбилгилик

а) Пландаштыруу

 Сабактын максатын жана анын аягында окуучуларда күтүлүүчү билим, мамиле өзгөчөлүктөрүн так билдирүү.

 Сабактын аягында окуучулардан күткөн өзгөчөлүктөрдү кантип үйрөтөөрүн пландаштыруу, бышыктоочу суроолорду тактоо.

 Өтүлө турган темага кошумча материалдарды тандоо жана даярдоо.

 Окуучулардын жекече, психологиялык, этикалык, социалдык-коомдук жана маданий жактан (кругозорунун) өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү иш-аракеттерди (оюн, кроссворд, роль, жекече же топтордо иштөө, көнүгүү ж.б.) пландаштаруу; теманы окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүү, аны так калыптандыруу үчүн зарыл кошумча материалдарды колдонуу.

 Пландаштырууда окуучулардын инсандык жекече өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу.

 Сабактын соңунда окуучулардын кандай өзгөргөндүгүнө, эмнени көрө билгендигине жараша баалоо.





б) Окутуу процесси

 Окуучулардын социалдык, психологиялык, тил, сезим, туюм, маданий жактан өнүгүү өзгөчөлүктөрүн көрө билүү.

 Ар бир окуучунун эмнеге кызыгаарын, ага эмне керек экендигин билүү.

 Окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып, анын жөндөмүн, кызыгуусун, үйрөнүү өзгөчөлүгүн билип, урмат менен мамиле кылуу.

 Окуучуларды багыттап, кеп-кеңеш бере билүү.

 Жаңы теманы мурда өтүлгөн жана кезектеги сабакта өтүлө турган темаларга байланыштыруу.

 Окуучулардын кызыгууларына, ишмердүүлүктөрүнө жана даярдыктарына жараша теманы түшүндүрүү.

 Окуучулардын жаш курактарына, буга чейинки билимдерине, жөндөмдүүлүктөрүнө жараша метод жана технология колдонуу.

 Сабактын планында уланмалуулук жана баскычтуулук принциптерине ылайык, темаларды өз ара байланыштыруу.

 Түрдүү методдорду ийкемдүү колдоно билүү.

 Убакытты бөлүштүрүп, туура пайдалана билүү.

 Сабактын темасына (максатына) ылайык, кошумча материалдарды пайдалана билүү.

 Сабактардын мазмунун окуучулардын күнүмдүк турмушу менен байланыштыра билүү.

 Ар бир окуучу менен иштөө, алардын ишмердүүлүктөрүн багыттоо.

 Тиешелүү окуу материалдарын жана көрсөтмө куралдарды колдоно билүү.

 Бир да окуучуну көз жаздымдан чыгарбай, аларга багыт берүү.

 Окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн түрдүү иш аракеттер (жеке, түгөй, топтук тапшырма берүү, көрсөтмөлүүлүк, практикалык иштер - экскурсия, эксперимент, байкоо, ж.б.), тиешелүү окутуу технологияларын колдоно билүү.

 Окуучулар сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү.

 Окуучулардын жаш курактарына ылайык, алардын көңүлүн бурган, ойлонууга, изденүүгө түрткү берген суроолорду тандай билүү.

 Окуучулардын өз алдынча үйрөнүү өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларга түрдүү тапшырмаларды берүү.

 Өтүлө турган материалдагы терминдерди иреттүү үйрөтүү үчүн мисалдарды туура тандай билүү.

 Сабактын соңунда окуучулардын алган билимин жана эмгегин объективдүү баалоо.

 Окуучулардын жоопторуна талдоонун гана негизинде пикир билдирүү.

 Окуучулардын эмгегин баалоодо колдонула турган ыкмаларды, тесттерди, суроолорду мурдатан тактоо.

 Баалоодон кийинки натыйжага карап, окуу-тарбиялоону мындан ары натыйжалуу улантуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу.





в) Өз предметин жана тиешелүү окуу программаларды билүү

 Өлкөнүн билим берүү мыйзамында аныкталган максатты, милдеттерди, принциптерди билүү жана аларды ишке ашыруу үчүн аракет жасоо.

 Өз предмети боюнча окуу программаны, окутуу методдорун, технологиясын, принциптерин, колдонулуучу материалдарды жана кошумча булактарды пайдалануу жана окуучуларга багыт берүү.

 Программаны өздөштүрүү деңгээлине жана билим берүү боюнча мамлекеттик стандартта коюлган талаптарга жараша окуучулардын билиминин деңгээлин аныктоо жана баалоо.





г) Классты башкаруу

 Ар бир окуучуга класста өз оюн так, толук айта ала турган мүмкүнчүлүк түзүү.

 Сабакты максатына ылайык өтүү.

 Сабакта тоскоол боло турган нерселерди азайтуу.

 Окуучулардын сабактагы көңүл буруусунун туруктуулугуна жетишүү.

 Окуучулардын позитивдүү мамилелерин, жүрүм-турумдарын колдоого алуу, мактоо.

 Мактоону, сыйлыктарды туура жана таасирдүү колдонуу.

 Сабактын жана теманын өзгөчөлүгүнө жараша жеке же топтук иштерди аткартуу, ар бир окуучуга өз билимин өркүндөтүүгө көмөк бере турган демократиялык шарт түзүү.





д) Коммуникабелдүүлүк

 Бир нерсени так, туура, түшүнүктүү жатык тилде айтып берүү, багыттоо.

 Класстын ичинде таасирдүү байланыш түзүү (окуучу-мугалим, окуучу-окуучу, мугалим-окуучу мамилелери).

 Мектеп жетекчилери, кесиптештери, башка кызматкерлер, ата-энелер жана кызматташ окуу жайлар, мектептер, мектептен тышкаркы уюмдар менен өнөктөштүк.

 Үндү таасирдүү пайдалануу.

 Суроону өз убагында, туура койо билүү, суроо берүүдө үндүн тонун окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө карап өзгөртүү

 Оозеки пикир алмашууда үндү жана жесттерди таасирдүү колдонуу (келбет, көз караш, колдор, мимика ж.б.)





е) Окуучулардын үйрөнүү даражаларын байкоо, жазуу, баалоо

 Окуучулардын маалыматтарды, жаңылыктарды бат үйрөнүп, жасаган нерселерин, тапшырмаларын, эмгектерин баалап, натыйжада аларды өнүктүрө турган кеңеш берүү менен бирге, бааларды жарыя угузуу, андан ары үйрөнүүгө түрткү берүү.

 Жасалган иштерди (сынак, тапшырма, байкоо) жана ийгиликти жазуу, жыйынтыктарды окуучуга үзгүлтүксүз билдирип туруу.

 Окуучулардын үйрөнгөндөрүн баалоодо дайыма уланмалуулуктун маанилүүлүгүн билүү.  Ийгиликсиз окуучунун проблемаларын чечүүдө тажрыйбалуу мугалимдердин кеңештерин пайдалануу, психолог менен кызматташуу.

 Окуучунун академиялык ийгилигин улуттук баалоо стандарттарына таянып баалоо.





Инсандык психология боюнча компетенттүүлүк

Мугалимдин инсандын психологиялык багыты боюнча кесипке даярдыгы келечек муундарды тарбиялоодо өтө маанилүү экени талашсыз. Мугалим окуучуну инсан катары көрүп, ага ошондой мамиле кылат. Окуучулардын социалдык, маданий, жеке өзгөчөлүктөрүн эске алып, эң жогорку денггээлде ага багыт жана жардам берүүгө аракеттенет. Окуучуларга өз мамилеси, жүрүш-турушу аркылуу үлгү болот. Башка мугалимдердин, жетекчилердин алгылыктуу тажрыйбаларын үйрөнөт, өзүн-өзү аңдап, дайыма өнүгүп туруу үчүн аракет жасайт. Жаңыны билгиси келет, өзү иштеген жердин да алдыда болушуна салым кошот. Кесибине тиешелүү нормативдүү документтерди изилдеп, эч кимдин укугуна зыян келтирбей тургандай мамиле кылат.

Мугалимдин предметтик адистиги кандай болсо да анын компотенттүүлүгүнүн негизин төмөнкүлөр түзөт.



А. окуучулардын ойлоруна маани берип, аларга урмат менен мамиле кылуу.

Бул эмнени түшүндүрөт:

- окуучуларга теориялык, практикалык жактан керек болгон билим, маалымат жана тажрыйбаларды көрсөтөт;

- окуучулардын бири-бири менен сый мамиледе болушуна маани берип, тапшырма бергенде алардын жеке өзгөчөлүктөрүнө жана жөндөмдөрүнө да карайт;

- окуучулар берген жооптордо камтылган ой-пикирлерге маани берет;

- класстык же класстан тышкаркы иштерде балдардын жекече каалоосуна, керектөөсүнө, мүмкүнчүлүгүнө жана жөндөмүнө карайт;

- окуучулардын үй-бүлөлүк социалдык-экономикалык абалына карабастан бирдей мамиле кылат.





Б. Окуучулардын үйрөнө алаарына ишенүү

Бул эмнени билдирет:

- мугалим окуучулардын дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп туруусуна жардам берип, өзү ар дайым изденүү үстүндө болуусу, окуучуларга өздөрүнө, үйрөнө алаарына ишенгенди үйрөтүүсү керек;

- үйрөнүүгө тоскоол болгон нерсе же абалды изилдеп, окуучуларга ал тоскоолдуктарды жеңүүгө түрткү берүү;

- үйрөнүү, билим алуу, ийгиликке жетүүнүн түрдүү жолдору бар экенин айтуу;

- ар кандай деңгээлдеги окуучуларды окууга, үйрөнүүгө, изилдөөгө мотивациялоо;

- окуучулардын ийгиликтерин дайыма айтып, аларга көмөк көрсөтүү.





В. улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга маани берүү

Мугалим балдардын адамдык укугу, инсандык укугу, өлкөнүн негизги мыйзамы жана демократия принциптерин өздөштүрүп, ар бир коомдун өзүнө тиешелүү маданий структурасы, баалуулуктары болооруна түшүнүү менен мамиле кылуу, жалпы адамзаттын жана элдин баалуулуктарына маани берип, эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө таасир этээрин билүү, ортоктошуп иштөөгө, эл аралык биримдикти, достукту чыңдоого өз салымын кошуу менен бирге, окуучулардын да буларды үйрөнүшүнө шарт түзүү.





Г. Өзүн-өзү баалоо, сындоо.

Мугалим класстын ичинде жана класстан тышкаркы иштеринде сын көз караш менен карап, анализдөө, жаңы билим, маалымат жана ойлорго ачык болуу.





Д. Жеке билим денгээлин үзгүлтүксүз көтөрүү.

Мугалимдик кесипке байланыштуу жана башка милдеттерди өз каалоосу менен кабыл алышы, сабырдуулугу, кубаттуулугу, тырышчаактыгы, аракетчилдиги, чыгармачылык менен мамиле кылууусу маанилүү. Ар кандай окуяларга жана процесстерге сын көз менен карап, проблеманы чечүү жана коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу үчүн аракеттенүүсү зарыл.





Е. Кесипке байланыштуу жаңылыктардан артта калбай, ага кошумча киргизүү.

Өз кесибинде жетишпеген жактарын байкап, кесибин өркүндөтүү үчүн курстарга, чогулуштарга, семинарларга, тренингдерге катышып, кесипке байланыштуу мезгилдик басма сөз каражаттарын, китептерди окуу, өз тажрыйбасын башкаларга жайылтуу зарыл.





Ж. Мектептин өнүгүшүнө салым кошуу.

Мугалим билим берүүдө мектепти, окуучуларды, мугалимдерди бирдиктүү бир бүтүндүк катары карап, мектептин өнүгүшү үчүн башка тараптар менен мамиле түзө алышы маанилүү.

Мектептин өнүгүшүндө ар түрдү ийрим же башка иштерге катышып, активдүү позицияны ээлеши керек.





З. Мугалимдик кесиптин өзгөчөлүгүн жана жоопкерчилигин толук түшүнүп, башкаларга жардамдашуу.

Мугалимдин укугу жана жоопкерчилиги тууралуу нормативдик документтерди окуу жана ага карата мамиле кылуу.





И. Мектеп, үй-бүлө жана коомдун байланышы.

Мектеп жайгашкан чөйрөнүн социалдык-экономикалык өзгөчөлүгүн билүү, анын айланасында жайгашкан ар түрдүү мекеме, ишкана, кафе-бар, фабрика, ж.б. өндүрүштүк ишканалардын балдардын өнүгүшүнө таасир тийгизерин билип, ага жараша камкордук көрүү.

Ал үчүн:

- чөйрөнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, жамааттын ар мүчөсүн мектептин өнүгүшүнө салым кошууга чакыруу;

- мектептин айлана-чөйрөдөгү ишканалардан, мекемелерден ишмердүүлүгү боюнча өзгөчөлүгүн, т.а. мектептин иши - билим берүү экендигин, ал адамды тарбиялоо боюнча маанилүү жер экенин белгилөө;

- үй-бүлөнү таануу, ага тишелүү түрдүү иш аракеттерди уюштуруп, балдардын өнүгүүсүнө жана ийгилигине салым кошуу үчүн бирдикте иштөөгө чакыруу, пландар түзүү;

- мектепте уюшулган түрдүү тарбиялык иштерге ата-энелерди да тартуу.





К. Дидактикалык материалдарды даярдоо.

Мугалим бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, сабагына керектүү кошумча материал даярдоодо сабактын темасына байланышын билип, окуучулардын билиминин өнүгүшүнө таасир тийгизээрин эске алуусу зарыл.



Ошондуктан ал:

- карточкаларды, суроо кагаздарын даярдоодо окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алат;

- материал колдонууда компьтердик технологияны колдонот;

- материалдардын даярдалуусунда окуучулардын ой пикирин эске алат;

- материалдын теманы түшүндүрүүдө жардам бере турганына жана кайрадан колдонууга ыңгайлуулугуна карайт.





Л. Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу.

Ал үчүн мугалим:

- билим берүү, тарбиялоо иш аркеттеринин пайдалуулугун жогорулатуу жана бүтүндүгү үчүн класстан тышкаркы иштерди активдүү түрдө уюштурат. Музейлерге, театрга, парктарга, экскурсияга, фабрикаларга, өндүрүшкө баруу, айлана- чөйрө менен байланыш түзүү, ар түрдүү жарыш, мелдеш, конкурс, майрам аземдерин өткөрүү, окуучуларды жөндөмү жана каалоосуна жараша катыштырууга аракеттенет.

- ал иштерге керектүү материал, техникаларды даярдайт.





М. Убакытты туура колдонуу.

Мугалим өзүнө бөлүнгөн убакытты рационалдуу пайдалануу үчүн аны так бөлүштүрүп алат. Мисалы, убактысын сабакты түшүндүрүү, кайталоо, көнүгүү жасатуу, жаңы нерсени үйрөнүү ж.б. үчүн бөлүштүрөт.





Н. Кесиптик компетенттүүлүккө байланыштуу башка нерселер.

Алар:

- мугалимдик кесипке тиешелүү буйрук, жардык жана көрсөтмөлөрдөгү өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп туруу;

- сын-пикир, түзөтүү жана сунуштарга көңүл буруп, өзүн кесиптик жактан өнүктүүдө пайдалануу;

- өзүн-өзү өнүктүрүү аракетинде болуу;

- мектептин чогулуштарына, коомдук иштерине, ж.б. иш аракеттерине жигердүү катышуу;

- өз иш жана укугун жакшы билүү;

- кесибиндеги кээ бир маселелерди чече билүү;

- кесиптештери менен жакын мамиледе болуу, урмат менен мамиле кылуу;

- өз кесиби боюнча чеберчилигин жогорулатуу үчүн курстарга катышуу;

- иштеринде, кесиптештери, башка кызматкерлер жана окуучуларга ар дайым үлгү болуу;

- жакшы байкоочу болуу, ишинде колдонуу;

- мугалимдик кесиби менен сыймыктануу, окуучуларды билим алууга үйрөнүүгө салым кошууга багыт берет;

- билим берүү жана тарбиялоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзөт, материалды колдонууда коргонуу коопсуздук (безопасность) шарттарын эске алат;

- класстын тазалыгы, жарыктыгы, жылуулук, кенендик ж.б. өзгөчөлүгүнө көңүл бурат;

- технологияны колдонууда башкаларга үлгү болот.

Жогоруда айтылгандарга кошумча иретинде мугалимдин иш билгилиги же жеткиликтүүлүгү туурасында баяндалган критерийлерге кошумча буларды айтууга болот.

Мугалимдин когнитивдик иш билгилигин анын дидактикалык-методикалык иш билгилигинен айырмалап жатып, мугалимдин өз ишин окутуу-тарбиялоо процессин ийгиликтүү жүзөгө ашуруу үчүн керек болгон кесиптик билим системасын тактоо, аныктоо зарылчылыгы туулат. Дидактикалык-методикалык иш билгилиги анын окутуу–тарбиялоо процессинде оперативдик жана мазмундук, теория жана практиканы бирдей алып кетүүсүн түшүндүрөт.

Кесиптик, дидактикалык-методикалык жеткиликтүүлүк, педагогикалык технология мугалимдин негизги иш билгилик сапатын аныктайт. Мугалимдин иш билгилиги анын бир теманын мазмуну талап кылган өзгөчөлүгүнө, максатына, принциптерине ылайык педагогикалык технологияны тандап, колдоно билүү көндүмү, машыккандыгы аркылуу аныкталат.

Мугалимдин дидактикалык-методикалык компетенттүүлүгү анын ишти так аткаруучулук кесипкөйлүгүнө байланыштуу аныкталат. Профессионализм - иш билгиликтин негизин түзөт.

Студенттердин пикирине караганда, мугалимдин иш билгилиги анын педагогикалык ишмердүүлүгүнө тиешелүү баалуулуктарды, анын ичинде педагогикалык баалуулуктарды “Мен- профессионалмын” түшүнүгүн, кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңылануу компоненттерин өнүктүрүүгө аракеттенүүсү, кесиптик идеалга умтулуусу зарыл. Бул аныктама аркылуу, мугалимдин окутуу тарбиялоо ишин жүргүзүүдө билим берүүнүн кандай максат, принцип, баалуулук, идеалдарга карап иштетилгенин байкоого болот. Ага жараша иштин өзгөчөлүгү, ийгилиги, мугалимдин кайсы педагогикалык технологияны колдоно алуусу анын дидактикалык-методикалык компоненттүүлүгүн аныктайт. Мугалимдин дидактаклык-методикалык жактан ишбилгилиги кээ бир педагогикалык маселелерди чече билүсүнө байланыштуу бааланышы ыктымал.

Негизинен мугалимдин иш билгилиги тууралуу төмөнкүлөрдү айтууга болот:

- окутуп жаткан предмети тууралуу терең билимге ээ болуусу, анын тигил же бул окутуу технологиясында камтылган принциптерин, концептуалдык идеясын билиши;

- мектепте окутуу-тарбиялоо иштерин уюштуруу болюнча жана предметти окутууда түрдүү методдорду, үйрөтүү жолдорун билип, долбоорлордо колдоно билүү;

- окутуу методдорун сабактын темасына карап тандоодо, логикалык ырааттуулуктун сакталышын билүү, ар бир окуучунун жеке мүнөзүнө, айырмачылыгына карап педагогикалык технологияларды тандай алышы;

- тигил же бул педтехнологияны колдонууда ага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киригизе алышы.

Өлкөбүздө мугалимдин компетенттүүлүгү тууралуу кеңири изилдөө жүргүзүлбөгөнүнөн бул изилдөөнүн зарылдыгын айтууга толук негиз бар. Мугалимдин кесиптик ишбилгилигин жогорулатууда билим өркүндөтүүчү курстардын мааниси өтө зор. Мугалимдин кесиптик иш билгилиги азыр өтө курч маселе болуп жаш муундарды базар экономикасы шарттарында коомго даярдоодо өтө маанилүү, анткени балдардын жашоосунда өзгөрүшү татаал болгон кээ бир сапаттар орун алат. Ошону менен катар педагогикалык иш билгликти мугалим өзү өнүктүрүүсү, билим берүү ишмердигин жогорулатуусу деп айтууга болот. Ал аркылуу мугалим кесиптик денгээлин жогорулата алат

[03.04, 6:37] Madinka: САБАКТЫН ЗАМАНБАП ПЛАНДАРЫ

Курс:Материктердин жана океандардын географиясы.

Класс:7-класс.

Сабактын туру:жалпылоо,жыйынтык,анализ сабагы.

Темасы:Дуйнолук океан,жаратылыштагы,адамдардын чарбачылыгындагы мааниси,океандардын экологиялык проблемалары.

Билим беруучулук максаттары:

Океандардын жаратылыштагы маанилери

а)Климатты тузуучу маанилери.

б)Суунун дуйнолук айланууларынын башкы обьектиси катары.

в)Жердин тиричилик учун мааниси,океандагы тиричилик.Чарбалык экономикалык маанилери.

г)Транспорттук байланыштар учун негизги суу жолдору

д)Океандагы жаратылыш ресурстары,аларды адамдардын пайдалануусу.

е)Океандардагы ото курч глобалдуу проблемалары.Океандар боюнча кызыктуу тарыхый,экономикалык,илимий маалыматтар.

Онуктуруучулук максаттары:

Окуучулардын таанып-билуу активдулугун жогорулатуу учун кызыктыруучу оюндар стратегияларын мумкунчулук шартка жараша пайдалануу.Кошумча кызыктуу материалдарды пайдалануу.

Тарбиялык максаттары:

Темага ылайык экономикалык багыттагы ишкердуулукко,кесипке,уном-сарамжалдуулукка,экономикалык багыттагы жаратылышты суйо билууго,коргоого,экологиялык маданияттарга,кайрымдуулукка тарбиялоо.

Сабакты отуудогу эн пайдалуу усулдар,ыкмалар:

Интерактивдуу стратегиялык оюндарды колдонуу, "Ийри-буйру" (зиг-заг) ыкмасы,маалыматтарды чогултуу,тактоо кошумчалоо учун натыйжалуу. "Венно"диаграммасын группалар менен толтуруу.Оз алдынча иштоолору учун тапшырмаларды беруудо дифференциалдык усулдук ыкмаларды колдонуу,начар окуган окуучуларга бир аз жеилдетилген тапшырма корсотмо-тушунук беруу менен берилет.Окутуу чойросундогу ошол учурдагы абал-натыйжалар.айрым проблемалар эске алынат,ошого жараша иштер багытталат.

Сабактын жабдылышы:

Дуйнонун физикалык,зоогеографиялык картасы,атластар,таблицалар,альбомдор,дуйно жаныбарларынын атласы,илимий жанылыктар,тарыхый маалыматтар,табышмактар,кыскача баяндар(мелдеш,жарыш,викторина иретинде),класстерлер,диаграмма,тест-карточкалар ж.б.

Сабак аралык байланыштар:

Суунун дуйнолук айлануу себептери-физика.

Океандагы мамлекеттер,алардын онугуулору-тарых.

Океандагы тиричилик-ботаника,зоология.

Океандар жонундо чыгармалар-адабият. Ж.Верн,Э.Хемингуей,Ч.Айтматов.

Сурот сабагы- Айвазовский (моренист) "Тогузунчу вал", "Дениздеги кеч" ж.б.

2004-жылы 26.12 саат 8.30 кылым кырсыгы-цунами.Суматра аралы,220 000 адам апааты.

Турмуштук байланыштар:

Адамдын чарбасына,ден-соолугуна ,жашоо жагдайын чечуудо океандардын маанилери.Келечектеги океандардын экономикалык кызматтары,экологиялык проблемалары.Океандардын Кыргызстан учун таасирлери.физикалык-географиялык,экономикалык-социалдык.Океан проблемалары бизде кандай пайдаланылат?



Практикалык мааниси:

Жаратылышка болгон экологиялык кайрымдуулуктун,маданияттардын,билим тушунугунун калыптанышы.Ажайып корком сулуулукту,табигаттагы баалуулукту сезуу жана тушунуу,андан ырахат алуу.Ишкердуулукко жана уном сарамжалдуулукка уйронуу.

"Б"-- "Б" "БК"

Отулгон оздоштурулгон билим тушунуктор. Кошумчалануучу,кенейтилуучу билим тушунуктор.

Дуйнолук океан,жер бетинде орун алышы,аянты,суусунун колому,туздуулугу,минералдык ресурстары.Географиялык абалдарына жараша Тынч,Атлантика,Инди,Тундук Муз океандарына физикалык-географиялык муноздомо беруу,Океандардын чарбалык экономикалык проблемалары,океандардагы кубулуштар,агымдар,тайфун,цунами,торнада, айсберг.

Географиялык абалына жараша жаратылыш шарттардын тузулушу.Океандардын туздуу болуу себептери.Дениз капустасы ото мол азыкпы?Океан агымдарынын климатты тузуусу,тиричиликти кармап туруусу, энергетикалык транспорттук маанилери. "Вермуд уч бурчтугу"деген эмне?Материк дуйно болуктору учун дениз жолунун мааниси.Эн акыркы курч экологиялык проблемалар.Океандагы табигый кырсыктар.алардан сактануу.



"Ийри-буйру"(Зиг-заг)стратегиялык

[03.04, 6:41] Madinka: Окутуу ыкмасы – окуучуларга билим, билгичтик, көндүмдөрдү берүүгө, аларды тарбиялоого жана өстүрүп өнүктүрүп чыгармачыл инсандыкка даярдоого багытталган мугалим менен окуучулардын арасындагы өз ара максаттуу биргелешип аракеттенүүлөрүнүн ыкмасы. Демек, окутуу методу үч нерседен: окутуунун максатынан, окуучунун окуп үйрөнүү ыкмаларынан жана окутуучунун (мугалимдин) окутуу ыкмаларынан турат. Эгерде бул үчөөнүн ар бирин өз-өзүнчө айрым алып карай турган болсок, анда биз Окутуу методдору жөнүндөгү суроого даана жооп ала албайбыз.



Мисалы, окуп үйрөнүүнүн ыкмаларын эсепке албай туруп Окутуу ыкмаларынын анын жалаң максаттары боюнча гана аныктагыбыз келсе, анда ал максаттарга жетишүү үчүн жасалуучу аракеттерге туура келүүчү метод кандай боло турганын аныктоо мүмкүн эмес. Эгерде биз окуп үйрөнүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү менен гана чектеле турган болсок, анда өздөштүрүп кабылдоо кандай максаттарга багытталгандыгы жана эмнени өздөштүрүп кабыл алуу зарыл экендиги түшүнүксүз болуп калат. Ал эми окуп үйрөнүүнүн максаттарын жана мыйзам ченемдүүлүгүн билбей туруп, мугалимдин окутуунун максаттарына жетишүүнү камсыз кылуучу иш аракеттеринин натыйжалуу ыкмаларын табууга болбойт. Ошондуктан окутуу ыкмаларын жана окуп үйрөнүү ыкмаларын өз ара бир-бирине жана окутуунун максаттарына туура келтирбей айрым-айрым аныктоо мүмкүн эмес. Окутуунун максаттары билим берүүнүн мазмуну менен аныкталат, ал эми билим берүүнүн мазмуну болсо төмөнкү төрт элементтен турат:



Билим берүүнүн мазмунунун элементтери.

Кудайбергенов Марлис изилдеп чыкан.Бул терминди



1) Жаратылыш, техника, коом, адам жөнүндөгү жана ишмердүүлүктүн (эмгектенүүчүлүктүн) ыкмалары жөнүндөгү билимдердин чыгуусунан;



2) Ишмердүүлүктүн буга чейин белгилүү болгон ыкмаларын ишке ашыруунун тажрыйбалары (билгичтиктер жана көндүмдөр);



3) Чыгармачылык ишмердүүлүктүн (эмгектенүүнүн) тажрыйбасы (чыгармачылык менен эмгектенүү атайын интеллектуалдуу иштерде кездешет, аны күн мурунтан алдын ала жөнгө салынуучу аракеттердин системасы катарында көрсөтүү мүмкүн эмес);

4) Айлана-чөйрөдөгү реалдуу чындыкка, анын ар кандай көрүнүштөрүнө жана сфераларына, башка адамдарга эмоциялуулук менен мамиле кылуунун тажрыйбасы.



Окутуунун максатын, демек, үйрөнүлүүчү мазмундун жогоруда көрсөтүлгөн элементтерин (түрлөрүн), ошондой эле аларды өздөштүрүүнүн ыкмаларын билүү менен биз окутуунун ар кандай методундагы мугалимдин да жана окуучунун да эмгектенүүсүнүн спецификалык бөтөнчөлүгүн аныктай алабыз. Билим берүүнүн мазмунунун жогорку элементтеринин ар бири өз өзүнчө ыкма боюнча өздөштүрүлөт. Мисалы, дүйнө жөнүндөгү билимди өздөштүрүү адегендеги сезип (угуу, көрүү, даамын, жытын сезүү, тери сезүү жана башкалар) кабыл алуудан башталат. Окуучу предметтерди же окуяларды сезет, сезилгендердин бардыгы анын сезиминде белгиленет. Сезүү тажрыйбасы өнүккөн сайын ал жаңы сезилгендерди мурункулар менен салыштырат да аларды белгилүү системага келтирет, алардын арасындагы байланышты баамдап билет, бул билимдердин бардыгы акырындык менен окуучунун эсинде бекемделип калат. Мына ошентип, билимдер адам тарабынан ар түрдүү кабыл алуулар аркылуу өздөштүрүлөт: дүйнө жөнүндөгү билимдерди баамдап, сезимдүү түшүнүү жана бул билимдерди эстеп калуу аркылуу калыптандырылат. Эстеп калуусуз бир нерсени (айлана-чөйрөдөгү объектилердин арасындагы байланыштарды) түшүнүп билүү мүмкүн эмес. Демек, билим берүүнүн биринчи элементи – жаратылыш, коом, техника, адам жөнүндөгү жана эмгектенүүнүн буга чейин белгилүү болгон ыкмалары жөнүндөгү маалыматтарды окуучулар даяр түрдө (мугалим түшүндүрүп баяндашынан, окуу куралдардан жана китептерден) кабыл алышат.



Бирок билимди алганы менен аны пайдалана билбөө мүмкүн, эмгектенүүнүн буга чейин белгилүү болгон ыкмасын үйрөнүү үчүн ал ыкманы бир нече ирет кайталап аткаруу керек. Ошондо гана ишмердүүлүктүн коомго буга чейин белгилүү болгон жана окуучуга да белгилүү болуп жаткан ыкмалары окуучунун көндүмүнө, анын өздүк ыкмасына айланат. Мугалим окуучуларга эмгектүүнүн белгилүү ыкмасын түшүндүрөт, зарыл болгон учурда аны кандайча аткаруу керек экендигин иштеп көрсөтөт, андан кийин ал ыкманы окуучу практика жүзүндө кайталап аткарышын камсыз кылат. Ошентип, билим берүүнүн экинчи элементи – эмгектенүүнүн (ишмердүүлүктүн) ыкмаларын ишке ашыруунун тажрыйбасы аны бир нече ирет кайталап иштөө менен өздөштүрүлөт, башкача айтканда, окуучуларда биринчи иретте өздөштүрүлгөн билимдерди иш жүзүндө пайдалана билүүнүн көндүмдөрүн жана ыкмаларын калыптандыруу үчүн мугалим окуучулардын репродукциялоочу иш-аракеттерин (көнүгүүлөрдү аткаруу, окулган текстти кайталап айтып берүү, материалды баяндап айтуу, практикалык иштерди аткаруу ж. у. с.) уюштуруп өткөрөт. Натыйжада окуучулар ишмердүүлүктүн ыкмаларын мугалимдин көрсөткөн үлгүсү боюнча гана өздөштүрүшөт. Даяр түрдө кабыл алынып өздөштүрүлгөн маалыматтар да, мугалимдин көрсөткөн үлгүсү боюнча калыптанган көндүмдөр жана практикалык ыкмалар да чыгармачылык эмгектенүүнүн тажрыйбасын үйрөнүп өздөштүрүүнү камсыз кыла албайт. Анткени чыгармачылык эмгектенүүгө мүнөздүү болгон ар бир белгини (жаңы көйгөйдү көрө) билүү, белгилүү эле объектинин жаңыча колдонулушун – жаңы функциясын көрө билүү, ар бир проблеманы чечүүнүн альтернативдерин көрө билүү ж. б.) мугалим кандай гана жол менен дааналап түшүндүрбөсүн, баары бир окуучу дал ошол белгилер менен мүнөздөлүүчү психикалык сапаттарга ээ боло албайт. Мындай сапаттарга ээ болуу үчүн окуучу өзүнө жеткиликтүү бир катар тапшырмаларды аткаруу процессинде чыгармачылык ыкмаларды көрсөтүү зарыл түрдө талап кылынуучу ситуацияга дуушар болуусу керек. Чыг-лык эмгектенүүнүн сапаттарын калыптандыруу процесси ар бир жолу улам жаңы шарттарда, кырдаалдарда эмгектенип иштөөнү талап кылат, б. а. чыгармачылык менен эмгектенүүдө алдын ала түзүлүп коюлгудай белгилүү тартипте аткарылуучу аракеттердин системасы болбойт.



Чыгармачылык эмгектенүү жөнүндөгү, аны ишке ашыруунун оңтойлуу шарттары жана ага үйрөнүүнүн ыкмалары жөнүндөгү түшүндүрүп айтуулар, албетте, чыг-лык эмгектенүүнүн тажрыйбасын үйрөнүүнү жеңилдетет, бирок анын өзүн толук өздөштүрүүнү камсыз кыла албайт. Мис., окуучуларга далилдөөнү кандайча түзүү керектигин, ал кандай элементтерден турганын түшүндүрүп айтууга болот, бирок, далилдөөнүн өзүнүн жолун табуу милдети баары бир далилдөөнү издөөчүнүн мойнунда калат.Ошондуктан чыгармачылык эмгектенүүнүн сапаттарын жана аларды көрсөтө билүүнү өздөштүрүүнүн бирден бир жолу окуучу үчүн жаңылыктуу проблемаларды окуучунун өз бетинче изденип чыгарышы болуп эсептелет Мындай проблемаларды чыгаруу процессинде окуучу чыгармачылык эмгектенүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн сапаттарын көрсөтө алат, демек, анда чыгармачылык эмгектенүүнүн негизин түзүүчү психикалык касиеттер калыптанып өркүндөйт. Мына ошентип, билимдерден жана билгичтиктерден айырмалуу чыгармачылык эмгектенүүнүн тажрыйбасын окуучу өзү үчүн жаңылык болгон проблемаларды чечүү жолу менен гана өздөштүрө алат. Муну уюштуруп ишке ашыруу үчүн мугалим окуучуларга жеткиликтүү, бирок, аларды жетишерлик даражада тырышып ойлонтуучу проблемаларды түзүп алып, аларды үйрөнүлүүчү билимдердин контекстине киргизип, кыйын маселелерди майда маселелерге ажыратып, алардын чыгарылышына жалпы жетекчилик кылып багыттап турат.



Билим берүүнүн эң акыркы, төртүнчү, элементинде биз – окуучунун дүйнөгө – анын ар кандай област-тарында, эмгектенүүгө, башка адамдарга, жеке өзүнө болгон мамилесин калыптандырууну түшүнөбүз. Мындай мамилени калыптандыруунун эң маанилүү шарты адамдын сезимине таасир этүү болуп эсептелет Мындай эмоциялык сезим кандайча калыптандырылат? Эмне үчүн айрым балдар эрте жашынан эле эч айныбай, мис., окууга, билим алууга өтө кызыгат, башкаларында болсо, мындай кызыгуучулукту тарбиялоонун конкреттүү жолдору түрдүүчө болушу ыктымал. Билим берүүнүн мазмунун - өздөштүрүү деңгээлдери. Билим берүүнүн мазмунунун биринчи үч элементинин ар бири ар башка деңгээлде өздөштүрүлүшү мүмкүн. Биринчи элементи, б. а. дүйнө жана ишмердүүлүктүн ыкмалары жөнүндөгү билимдер төмөнкү деңгээлдерде өздөштүрүлөт:



а) Билимдерди кабыл алуу, аларды түшүнүп баамдоо жана эстеп калуу; б) Билимдерди тааныш ситуацияда колдонуу;



в) Билимдерди жаңы ситуацияда (тааныш эмес жагдайда) колдонуу.



Экинчи элементи, башкача айтканда ишмердүүлүктүн буга чейин белгилүү болгон ыкмаларын ишке ашыруунун тажрыйбасы ( билгичтер жана көндүмдөр) төмөнкү эки деңгээлде өздөштүрүлөт: а)Ишмердүүлүктүн ыкмаларын окутуучунун көрсөткөн үлгүсү боюнча ишке ашыруу; б)Ишмердүүлүктүн ыкмаларын тааныш эмес жаңы жагдайда колдонуу; Үчүнчү элементи, башкача айтканда чыгармачылык менен эмгектенүүчүлүктүн тажрыйбасы жалгыз бир гана деңгээлде – чыгармачылык менен изденип эмгектенүүнүн деңгээлинде өздөштүрүлөт. Бул схемадан биринчи элементтин үчүнчү деңгээлде (в)Же экинчи элементтин экинчи деңгээлинде



(б)Өздөштүрүлүшү үчүнчү элементтин өздөштүрүлүшү боло турганын байкоого болот. Ошондой эле биринчи элементтин экинчи деңгээлде



(б), өздөштүрүлүшү экинчи элементтин биринчи



(а) деңгээлде өздөштүрүлүшүн камсыз кыла турганын көрөбүз.



Жыйынтыктап айтканда, биз окутуу ыкмасын мүнөздөөчү негизги үч компоненттин биринчисин (окутуунун максатын) толук карап өттүк. Окутуунун кандай методунан пайдалануу керек экендиги анын максатына ылайык аныкталат. Сабакта мугалим окутуунун кандай максатын ишке ашыргысы келсе, ал өзүнүн бүткүл күч аракетин окуучулардын да дал ошол максатка жетишкендей багытта эмгектенүүлөрүн камсыз кылууга жумшайт. Окутуу ыкмаларынын классификациясы окумуштуу педагогдордун көбү акыркы жылдарга чейин окутуу методдорун анын мына ушул үч компоненти боюнча класстарга бөлүштүрүшпөстөн аларды классификациялоонун негизи катары ар кандай башка компоненттерди алышкан. Мисалы, алардын кээ бирөөлөрү окутуу ыкмаларын классификациялоонун негизи катары билимдердин булактарын эсептешет, башкалары болсо окутуу методдорун дидактикалык максаттар боюнча, үчүнчүлөрү – окуучулардын ойлоолорунун логикалык формалары боюнчача ж. б. классификациялашкан. Мис., билимдердин булактары б-ча окутуу методдорун төмөнкү үч класска бөлүштүрүшкөн: сүйлөмө метод (айтып берүү, түшүндүрүү, лекция, аңгеме ж. б.) көрсөтмөлүү метод (демонстрация, байкоолор ж. б.); практикалык метод (лабораториялык иштер, практикалык жумуштар, китеп менен иштөө, тажрыйбаларды жүргүзүү, маселелерди чыгаруу, көнүгүүлөр, графикалык иштер ж. б.). Албетте, окутуу ыкмаларын мындайча классификациялоо окуучунун же мугалимдин иш аракеттеринин сырткы белгилери б-ча жүргүзүлгөндүгү көрүнүп турат. Экинчиден, мындай классификациялоодо окутуунун бир методун анын экинчи методунан ачык айкын ажыратып көрсөтүү кыйын, мис, маселелерди чыгарууну алсак, мында сөзсүз сөз да, практикалык иш да, көрсөтмөлүүлүк да орун алат. Ошондуктан окутуунун методдорун классификациялоону окуучулардын туюнуп билүү ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзү б-ча жүргүзүү максатка ылайыктуураак, анткени, мында конкреттүү максатка жетишүү үчүн мугалимдин уюштуруу иш–аракеттеринин натыйжасында окуучулардын ойлонуп эмгектенүүлөрү, демек, алардын ички психикасы кандайча болууга тийиш экендиги ачык көрүнөт. Ошентип, окуучулардын туюнуп билүү ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзү боюнча окутуу методдору төмөнкүдөй беш түрдүү классификациялана тургандыгы белгилүү:



а) иллюстрациялап түшүндүрүү методу – бул метод билимдерди окуучуларга даяр түрдө түшүндүрүп берүүдө колдонулат;



б) репродуктивдүү метод – биринчи иретте жаңы өздөштүрүлгөн билимдерди колдоно билүүнүн практикалык ыкмаларын, көндүмдөрүн калыптандырууда колдонулат;



в) проблемалык баяндоо методу – илимий фактыларды далилдүү кылып негиздеп баяндоонун, проблемаларды чечүүнүн үлгүсүн окуучуларга көрсөтүүдө колдонулат;



г) изденүү аңгемеси – бүтүн проблеманы толук чыгаруунун айрым этаптарына окуучуларды активдүү катыштырууда колдонулат;



д) изилдөө методу – окуучулардан бүтүн проблеманы баштан аяк толук чыгаруунун бардык этаптарын өз алдынча аткаруу талап кылынган учурда колдонулат.



Бул ыкмалардын ар биринде окутуу методунун негизги үч компоненти эмнеден тура тургандыгын оңой эле аныктоого болот. Мис., репродуктивдүү ыкмада: окутуунун максаты – окуучуларда алынган билимдерди колдоно билүүнүн практикалык ыкмаларын, көндүмдөрүн калыптандырууну камсыз кылуудан турат; мында мугалимдин ишмердүүлүгү – окуучуларды көндүмдөргө, ыкмаларга машыктырууга керектүү көнүгүүлөрдү, тапшырмаларды улам татаалдашкан тартипте тандап алып, ал тапшырмалардын окуучулар тарабынан сөзсүз аткарылышын камсыз кылууда турат; Окуучулардын ишмердүүлүгү – мугалимдин үлгү катары аткарып көрсөткөн тапшырмасынын негизинде сунуш кылынуучу тапшырмалардын системасын белгилүү санда кайталап (репродуцирлеп) аткаруу аркылуу зарыл болгон көндүмдөргө, ыкмаларга, машыгууларга ээ болуудан турат