СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 21.08.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарых 11- класс

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарых 11- класс»

Кыргыстандын тарыхы

1. Расалардын,адамдардын келип чыгышын жана өнүгүшүн изилдөөчү илим.

г)антропология

2. Урук жана уруулардын келип чыгышынын тарыхын адамдардын жана муундардын туугандык байланыштарын ..........илими изилдейт.

а) генеалогия

3. Тарыхый летопистер,грамоталар,келишимдер,күндөлүктөр,мемуарлар,арноо текстери -............булактарына кирет.

б) жазуу

4. Христос төрөлгөндөн кийинки убакыт........деп эсептелет

г)Биздин доор

5. Сактардын негизги кесипчилиги.....болгон.

г) көчмөндүү малчылык.

6. Адамдар айбандар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыккандан кийин........жашаган

а) Алгачкы жамаатык коомдо.

7. VI кылымдын ортосунда Борбордук Азияда...........пайда болгон

г) Түрк кагандыгы

8. Түргөш кагандыгы азыркы Кыргызстандын..........аймагында жайгашкан.

г) Жети-Суу жана Тянь-Шань

9. “Скифтер”деп европалыктар кимдерди аташкан?

а) Сактарды.

10. 1517-жылы Моголдор менен кыргыздардын согушу кайсы жерде болгон.

б) Барскоон

11. Сан-Таш орто кылымдагы кайсы басып алуучунун ысымы менен байланыштуу?

а) Эмир Тимур

12. XVI к.кыргыздардын жерине...................кол салып баштаган.

г) Калмактар

13. Кайсы жылы кыргыз-казактардын бириккен күчү калмактарга каршы согушкан

б) 1524-жылы

14. Тагай бийди.........................үчүн Мухаммед Кыргыз деп аташкан

г) Кыргыздарды бириктиргендиги.

15. Түрк тилинде жазылган алгачкы чыгармаларды белгиле

в) Түрк тилдеринин сөздүгү Кут алуучу билим

16. XII-XIII кылымда Монголиянын кең аймагында күчтүү көчмөндөр империясын............ жана анын жолун жолдоочулар түзгөн.

г) Чынгыз хан

17. XIV к 70-жылдарында Борбордук Азияда............күчтүү мамлекети түзүлгөн.

а) Эмир Тимурдун

18. Кокон хандыгы качан түзүлгөн.

б) XVIII к. башында

19. 1911-жылы жарыкка чыккан биринчи кыргыз алиппеси.....................деп аталган.

в) Алиппе

20. Ош шаарына 3000 миң жыл толгонунун аныктаган окумуштуу.

б) Ю.А.Заднепроводский

21. Кыргыздын тунгуч жазма акыны;

в) Молдо Кылыч Шамыркан уулу

22.Кыргыз АССРнин Конститутициясына ылайык республиканын борбору..........шаары болгон.

в) Фрунзе

23. Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн берилген эң жогорку наам;

а) Советтер Союзунун баатыры

6-класс

24. Адамдардын өнүгүүсүнүн алгачкы мезгилиндеги коомдук түзүлүшү алгачкы жамааттык деп аталышы............ байланыштуу болгон.

г) адамдардын топко жана урууга бириккенине

25. Коло доорунда (б.з.ч.II-I миң жылдыкта) Ысык-Көлдү жана Борбордук Ала-Тоону........... урууларды жердеген.

в) андрон

26. Уруулук коом-бул...........................

д) жалпы мүлкү бар,чогуу жашап жана эмгек кылган туугандар.

27.Неолит доорунун негизги айырмачылыгы кайсы?

б) Өндүрүштүк чарба пайда болду (жер иштетүү жана малчылык)

28. Кыргызстандын аймагындагы байыркы мезгилде аскага тартылган атактуу аскадагы галерея.

г) Саймалуу-Таш

29. Андронов маданиятындагы урууларда......................................... б) малчылык менен жер иштетүү

30. Азыркы Кыргызстандын аймагын жердеген урууларды хронологиялык ирээте белгиле.

1) түрктөр 2) усундар 3) сактар 4) хундар

г) 3, 2, 4, 1

31. Б.з.ч. I миң жылдыкта Фергана өрөөнүндө өнүккөн жер иштетүүчү отурукташкан маданияты бар мамлекет пайда болгон.Ал жерде..............................жашаган.

в) давандыктар

32. Кыргызстандын аймагында уруулар жанан уруу бирикмелери кайсы мезгилде пайда болгон?

г) Коло мезгилинде

33. Сактардын коргондорунан табылган буюмдардын жазалышы................өзгөчө белги менен айырмаланган.

в) жырткычтардын стилиндеги

34. Хундар доорундагы кыргыздардын көз карандысыз хандыгы качан түзүлгөн?

в) б.д.ч.56-жылы

35. Даван мамлекети...........................пайда болгон

в) Фергана өрөөнүндө

36. 542-жылы түрк этноними кайсы тарыхый булакта биринчи айтылган?

г) Кытайлык

37. Улуу Түрк кагандыгы................экиге бөлүнгөн

в) 603-ж

38. 751-жылы кытай жоокерлери арабдар менен..............салгылашууда чоң жоготуулар менен жеңилген

в) Талас өрөөнүндө

39. VIII к. ортосунда Түргөш кагандыгынын ордуна..................мамлекети түзүлдү.

д) Карлук.

40. Орто Азияда...........түрк элдеринин эң байыркысы. б) кыргыздар

41. VIII к. башында түрктөргө каршы ынтымакты.....................жетектеген а) Кыргыз кагандыгы

42. Барсбек каган бийлик жүргүзгөн мезгил; б) VII к.аягы VIII к. башы

43. Уйгур каганатынын кыйрашы.Улуу кыргыз дөөлөтүнүн түзүлүшү г) 840-ж.

44.VIII к. Борбордук Азияга кыргыздардын үстөмдүк кылууга аркети.......................аяктаган г) жеңилүү менен.

45. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доору кайсы мезгилде болгон в) IX-X кк.

46. 1893-1894-жж. Орхон-Эне-Сайдагы таштагы жазууларды биринчи жолу окуган түркологдор;

а) Б.Томсон,В.Радлов

47. Хакасияда Миң-Өзөн ойдуңунан табылган Алтын-Көлдүн таш жазуулары деп аталган эпитафия.............арналган.

в) Барсбекке жана Эрен Улукка

48. Амир Темирге каршы кыргыздар..........................жетекчилигинде согушкан.

а) Баймурат Чериктин

49. Төмөнкү берилген окуялардын кайсынысы мурда болгон?

г) Кыргыздар уйгурлардын борбору Ордо Балыкты басып алышы

50.Караханий мамлекети Батыш жана Чыгыш кагандыктарга................ бөлүнгөн.

г) 1070-ж

51. Тарыхый окуяларды болгон мезгилдери менен дал келтиргиле.

А) Караханий кагандыгынын мезгили


1) 1069-1070-жж

Б) Караханийлердин Чыгыш жана Батыш каганатына бөлүнүшү


2) X-XII кк.

В) Ж.Баласагындын түрк тилиндеги алгачкы поэмасы жазылган


3) 1070-ж

Г) М.Кашгаринин Түрк тилдеринин сөз жыйнагынын түзүлүшү


4) 1072-1077-жж

а) А-2, Б-3, В-1, Г-4

52. Чыгыш Караханид кагандыгынын урандыларында..................мамлекети түзүлгөн.

а) Каракытай

53.Пул и Чархиандын жанында салгылашуу..................... болгон

б) 1008-ж

54. Монголдордун эзүүсүнө каршы туматтар менен кыргыздардын көтөрүлүшү...........болгон

а) 1218-ж

55. Наймандардын жетекчисин белгиле

д) Күчлүк

56. Амир Темирдин бийлик жүргүзгөн мезгилин белгиле.

д) 1370-1405-жж

57. Борбордук Азия Чынгызхандын кайсы уулунун энчисине тийген

б) Чагатайга

58. 1293-ж. Ушул жылы .............................

г) Маньчжурияга монголдор кыргыздарды күч менен көчүргөн

59. Моголдорго каршы кыргыз-казак согуштук биримдиги кайсы мезгилде болгон?

д) 1524-1550-жж

60. Жуңгар хандыгы кыргыздардын жана казактардын жерине.............басып кирген.

б) 1643-жж

61 Жуңгар хандыгы Цин империясы тарабынан................талкаланган. в) 1757-1758-жж .

62.XVI кылымдын кайсы жазуу эстелигинде биринчи жолу кыргыздын баатырдык эпосу Манас эскерилет.

д) Маджму-ат-Таварих

63. Алгачкы манасчы....................болгон

а) кырк чоронун бири Ырамандын ырчы уулу

8-класс

64.XVIII к.аягында Россияга алгачкы элчилерди жөнөткөн сарыбагыш уруусунун башчысы ким?

г) Атаке бий

65. XVIII к.аягында Түштүк Кыргызстанда Кокон феодалдарына каршы активдүү күрөшкөн................... а) Ажы бий

66.Кокон хандыгы каратын алгандан кийин кыргыз дыйкандарынын жана малчыларынын абалы.......................

в) эки эзүүнүн астында калышты

67.Тайлак баатыр-бул...............................

а) Нарындагы Кокондук эзүүгө каршы көтөрүлүштүн жетекчиси

68. Кимдин жетекчилигинде көтөрүлүшкө чыккандар жек көрүмчү Курткадагы кокондук чепке чабуул койгон?

г) Тайлак

69. Байтик баатыр-.................

г) Нарындагы кокондук эзүүгө каршы көтөрүлүштүн жетекчиси

70. XIX к.биринчи жарымындагы Чыгыш Түркстандагы Цин бийлигине каршы кыймылды жетектеген мусулман мамлекетинин мураскери.

б) Жааңгер-кожо

71.Кененсары Касымовго каршы кыргыздардын күрөшүн ким жетектеген.

д) Ормон хан

72.Окуяларды ысымдары менен дал келтир

Ысымы

Окуя

А) Шералы


1) бугу уруусунун манабы

Б) Тайлак


2) казак ханы

В) Кененсары

3) кокондуктарга каршы күрөштү жетектеген

Г) Боромбай


4) Кокондун ханы

а) А-4, Б-3, В-2, Г-1,

73.Кайсы кыргыз феодалы кыска убакытка хандык жүргүзө алган?

г) Ормон

74. Кокон хандыгына баш ийген кыргыздар салык төлөөдөн тышкары кандай жумуштарды иштөөгө милдеттүү болгон?

а) Жоокердик милдет аткарган,чептерди курушкан,жолдорду салышкан .

75. Орус бийлигине кылган кызматы үчүн подполковник наамы кимге берилген?

б) Шабдан Жантай уулу

76. Эмне үчүн кыргыздар Россияга каршы күрөштө Кененсары-ханды колдобой коюшкан? в) Кыргыздар падыша бийлигинин колонизатордук тышкы саясатын өз башынан өткөрүп көргөн эмес.

77.XIX кылымдын ортосунда Түндүк Кыргызстанда кандай кырдаал түзүлгөн?. г) Кыргыз урууларынын арасында кастык чатакташуулар күчөдү.

78. 1855-жылы бугу уруусунун Россиянын курамына киришинин демилгечиси,Ысык-Көл кыргыздарынын чоң манабын белгиле.

в) Боромбай

79. Түндүк Кыргызстан Россиянын курамына толугу менен качан киргизилген?

в) 1855-1868-жж

80.XIX к. экинчи жарымында Алайлык кыргыздардын саясий турмушунда ким чоң роль ойногон?

б) Курманжан датка

81. Кыргызстанга келге кайсы орус окумуштуусу биринчи жолу Манас эпосунан үзүндүлөрдү жазып алган

г) Радлов В.В

82. Улуу манасчылардын катарын белгиле.

а) Келдибек,Калыгул ,Тыныбек,Чоюке,Сагымбай,Саякбай.

83. Заманизм-тарыхый адабий агым,ал үйрөткөн;

б) дүйнөнүн жалгандыгын,анын сөзсүз кайгылуу бүтүшүн,өткөнгө кусалануу

84. 1911-жылы Уфа шаарында кыргыз тилинде басылып чыккан биринчи биринчи Алиппенин автору; г) И.Арабаев

85. 1911-жылы кыргыз тилинде басылып чыккан биринчи китеп жана анын автору ким?

б)Зилзала Молдо Кылыч

86. XX к. башында Кыргызстандын кайсы өнөр жай тармактары чет элдик капиталды кызыктырып жана алар үчүн акционердик коомдорду жана компанияларды түзгөн?

г) Тоо-кен иштетүүчү жана нефть өндүрүү

87. 1916-жылы Кыргызстанда көтөрүлүштүн башталышына.................себеп болгон.

в) 25-июндагы падышанын указы

88. 1916-жылы көтөрүлүштө кеминдик кыргыздардын жетекчиси.....................болгон. Б) Мокуш Шабдан уулу

89. 1916-жылы Кыргызстандагы көтөрүлүштүн мүнөзү..............болгон Д) улуттук-боштондук.

90. Советтердин Бүткүл Россиялык ? съездинде Кыргызстандан....................................катышкан.

д) шахтер Д.Деканов.

91. Түштүк Кыргызстандагы бириккен мусулман армиясынын командачасы жана басмачылык кыймылдын көрүнүктүү жетекчиси.......................... болгон . б) Мадамин-бек

92. Буржуазиялык улуттук мамлекет катары Кокон автономиясы .......................... жашаган. в) 1917-ж ноябрдан 1918-ж февралына чейин

93. Кыргыз Автономиялуу республикасынын БАКин биринчи төрагасы......................болгон.в) А.Орозбеков

94. Кыргызстанда Алаш улуттук партиясынын филиалын......................уюштурган. а) А.Сыдыков,

95. 1924-жыл 14-октябрда.................................түзүлгөн. б) Кара Кыргыз Автономиялуу областы,

96. Кыргызстандын түштүгүндө жер-суу реформасы........................ жүргүзүлгөн. г) 1927-1928-жж,

97. Кыргызстандагы коллективдештирүүнүн өзгөчүлүгү. д) көчмөн жана жарым көчмөн чарбалар отурукташкан.

98. Кыргызстандын айыл чарбасына жана коомдук турмушуна зор зыян келтирип бай-манаптарды,кулактарды республикадан сыртка зордоп көчүрүү саясаты.......................башталган. в) 30-жж. башында,.

99. XX к. Башында Кыргызстанда орус-кыргыз мектептерин ачуунун башкы максаты кандай болгон? г) жергиликтүү калктан колониялык саясат жүргүзүү үчүн адистерди даярдоо.

100. 1916-жылы 25-июнда бөлөк калктын 19-43-жашка чейинки эркектерди аскердик оорук жумуштарына алуу тууралуу буйругу жарыяланбаганда улуттук боштондук көтөрүлүш болот беле же болбойт беле. б) бары бир болмок.

101. 1917-жылы февраль революциясынан кийин Кыргызстанда кандай бийлик орногон. б) үч бийлик

102. Отуз киши кол койгон Кыргызстандын жоопту кызматкерлеринин суроосу аткарылды беле б) жок

103. Кулактарды тап катары жоюу саясаты Кыргызстанда туура жүргүзүлгөнбү б)жок

104. Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы көз карандысыз саясат жүргүзө алганбы б) жок

105. 1980-жылдарынын өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүшүн түп тамырынан бери кайра куруу ийгиликке жеттиби. б)жок

106. Кыргызстанда 1930-жылдарда өнүгүүнүн альтернативдүү жолун издегендер калктын кайсы катмары эле в) интеллигенция

107. XX к. 30-жылдарындагы Кыргызстандагы коомдук кырдаалга анализ бер г) тоталитардык режимдин башкача ой жүгүрткөндөрдү массалык жазалоолору

108. 1916-ж улуттук –боштондук көтөрүлүштө кайсы уезддин калкынын 70% жок кылынган? б)Прежевальск

109. Кыргызстанда сталиндик массалык репрессиянын кандуу жылдарынын курмандыгы .................киши болгон, азыркы убакта алардын.......................реабилитацияланды. а) 40 миң / 13 миңи

110. 1922-ж.мартта........................демилгеси менен кыргыз уезддерин Түкстан АССРинен бөлүп,өз алдынча ................түзүү сунушун кайрадан көтөрүп чыгышкан.

в) Ж.Абдрахманов,И.Арабаев,А.Сыдыковдун/Тоолуу Кыргыз Автономиялуу областын

111. 1936-ж. 5- декабрда СССРдин Конститутциясына ылайык......................жарыяланды,анан 1937-ж.23-мартта Кыргыз ССРинин..................................

б) Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы/Конституциясы кабыл алынган.

112. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн катышуучулары-качкын кыргыздардын кайра эл-журтуна келишине чоң салым кошкон Кыргызстандын саясий лидерин белгиле. г) Абдыкерим Сыдыков.

113. Кыргызстандын алгачкы Эл агартуу комиссары а) Касым Тыныстанов

114. Бишкек шаары кайсы жылдары полковедец М.В.Фрунзенин наамын алып жүргөн а) 1926-1991-жж

115. Соет бийлиги жарыялаган жер жөнүндөгү декретте жер-............................ б) мамлекеттик менчик болуп жарыяланган



116. Дал келтаргиле

1) Осмонаалы Сыдык уулу


В) автор книги краткая история кыргызов историк


2) Ибраим Абдрахманов

Г) Манас эпосунун толук текстин жазган кыргыз агартуусу


3) В.Радлов

А) кыргызстандын тарыхын изилдеген окумуштуу

4) И.Арабаев

Б) алгачкы мугалим устат



А) 1-В, 2-Г 3-А, 4-В





117. Дал келтиргиле.

1) Осмонбеков

В) Жарандык согуштагы алгачкы кызыл командир


2) Т.Жукеев


Г) Алгачкы кыргыз профессионал революционери

3) Е.Д.Поливанов


Б) Тилчи окумуштуу Манас эпосун алгач которгон

4) Б.Солтоноев


А) Кызыл кыргыз тарыхы китебин жазган


в) 1-В , 2-Г, 3-Б, 4-А

118. Москваны коргоодо кыргыз жигиттеринин кимиси баатырдык менен курман болгон. д) Д.Шопоков

119. 28-баатыр панфиловчулар кайсы жерде эрдик көрсөтүшкөн г) Москванын алдында

120. У.А.М. согуш жылдарында 11600 киши Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргызстандыктардан канчасы бул наамга татыктуу болгон. а) 76

121. Советтер Союзунун Баатыры Ысмаилбек Таранчиев ким болгон? в) учкуч

122. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тылдагы эмгектеги эрдиги үчүн СССРдин орден медалдары менен кыргызстандык канча киши сыйланышкан г) 1837

123. Кыргыз ССринде 1950-ж ортосу 60-ж. Башында эл чарбасын башкаруунун негизги административдик аталышы кандай болгон б) министерство

124. Советтер Союзунун Баатыры деген наамга эки жолу татыктуу болгон Кыргызстандык жоокерди белгиле б) Т.Бегельдинов

125. Немецтик фашисттик баскынчылар менен болгон согушта көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн кыргызстандык канча жоокерге жогорку даражадагы артыкчылык ордени болгон данк орденинин үч даражасы толук берилген б) 38

126. 1946-1950-жылдардагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызстандан Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамына канча эмгек алдыңкылары татыктуу болгон? д) 47







127. Советтер Союзунун Баатырларын эрдиктери менен дал келтир.

А) Чолпонбай Түлөбердиев

2 Дондо көкүрөгү менен дзотту тоскон


Б) Исмайылбек Таранчиев

4 Эстонияда Нарва ш .душмандын техникаларын жок кылган


В Дуйшөнкул Шопоков

1) Москваны коргоого катышкан,панфиловчу


Г) Дайыр Асанов

3) Сталинград үчүн согушкан




Б) А-2, Б-4, В-1, Г-3

128. Панфиловчуларды белгилегиле. а) Дүйшөнкул Шопоков г) Никалай Ананьев д) Григорий Конкин

г) А,Г,Д,

129. Кыргызстандан ким биринчи болуп Советтер Союзунун Баатыры наамын алган? г) Н.М.Дмитриев

130. 1950-жылы буржуазиялык улутчул космополитизм деп саясий айып тагылып,репрессияланган кыргыз жазуучуларын атагыла. в) Саманчин Т.,Бектенов З.,Байджиев Т.,

131. Кыргыз адабияты жана искусствосунун Москвада экинчи декадасы................болгон? в) 1958-ж

132. XX к. 50-70-жылдарындагы белгилүү Манас айтуучу. в) Саякбай Каралаев

133. Кыргызстандын эң алгачкы көркөм фильми Салтанат.......тартылган. г) 1955-ж

134. Т.Касымбековдун XIX к тарыхый окуяларды чагылдырган чыгармалары; в) Сынган кылыч,Кел-кел

135. Кыргыз киноматографтарынын улуттук биринчи көркөм тасмасы. в ) Салтанат

136. 1970-жж дүйнөлүк рынокто сапаттык жагынан эталон болуп эсептелген Кыргызстанда казылып алынуучу кендин түрүн белгиле. в) Сурьма

137. 1990-жылы июнда Кыргызстанда кайсы окуя болду? б) Ош ш. Биринчи массалык тополоң

138.Фрунзе шаарына тарыхый аты-Бишкек ......................кайтарылып берилди. б) 1991-ж февралда

139. 1992-жылы 25-30-августта кайсы окуя болгон б) Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы

140. 1995- ж. Кыргызстанда августта .................. б) Манас эпосунун 1000 жылдыгы майрамдалган

141. Кыргыз Республикасынын Баатыры – эң жогорку ардактуу наамга алгач ........................ татыктуу болушкан. б) Сыдыкбеков Т., Сыдыков Т., Айтматов Ч.

142. БУУнун чечими жана КР Президентинин буйругу менен 2003-ж ....................... деп жарыяланган. д) Кыргыз мамлеттүүлүгүнүн жылы

143. 2001-ж. 14-15-июнда болуп өткөн маанилүү окуя? б) Шанхай бешилтигине кирген мамлекет башчыларынын кеңешмеси болгон

144. 2002-жылы октябрь-ноябрь КР болуп өткөн маанилүү окуя? б) Кыргызстанда Бүткүл Дүйнөлүк Тоолор саммити болуп өткөн

145. 1980-жж кайсы ГЭСтер иштеп баштаган? в) Токтогул,Күрпсай

146. Кыргызстанда жашаган улуттарды бириктирген Бишкек шаарындагы Достук үйү качан ачылган г) 1994-ж

147. 2000-жылы 4-5- октябрда.........болгон. б) Ош шаарынын 3000-жылдыгын майрамдоо салтанаты башчыларынын кеңешмеси болгон

148. Кыргызстанда солгундоо түшүнүгү.......................башкарып турган мезгилге байланыштуу б) Т.Усубалиев

149. Уруулардын жана муундардын келип чыккан тарыхын жана адамдардын туугандык байланыштарын изилдөөчү илим. в) генеология

150.Петроглифтер-аска бетинде тартылган сүрөттөр.Кыргызстандын аймагында эң байыркы жайгашкан жер........табылган д) бийик тоолуу Сарыжаз өрөөнүндөгү Ак-Чуңкур үңкүрүндө

151. Ахемейлердин Иран Сыр-Дарыяга, сактарга жортуулу..... болгон г)б.з.ч.VI к

152. Усун мамлекети.....мезгилинде пайда болгон. г)б.з.ч.IX к

153. Маодунь бул............................. в) хундардын ханы

154.Бийлик жүргүзгөн мезгилинде Түргөш кагандыгын күчтүү мамлекетке айланткан мыкты аскер башчы дипломат жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер....................................

б)Сулук Чабыш-Чор

155. 744-жылы экинчи Түрк кагандыгын басмылдар,карлуктар,уйгурлардын бириккен күчү талкалангандан кийин...мамлекети түзүлгөн. в) Уйгур

156. Тарыхый окуяларды болгон мезгили менен дал келтиргиле.

А) Кытай летописинде биринчи жолу түрк этнониминин эскерилиши

2) 546-ж

Б) Улуу Түрк кагандыгынын хронологиялык мезгили

3) 552-603-жж


В)Турк кагандыгынын официалдуу түрдө бөлүнүшү

4603-ж

Г) Түргөш кагандыгынын хронологиялык мезгили

1) 704-766-жж.

В) А-2, Б-3, В-4, Г-1

157. VII к .башында байыркы түрк мамлекетинин бири Он ок эли деп аталган. Бул ........................ кагандыгы болгон. б) Батыш Түрк

158. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доору ........................ кийин башталган.

б) Ордо- Балыкты кыргыздар басып алгандан

159. Ысык-Көл жана Суяб аркылуу өткөнУлуу Жибек жолунун бир бутагы .......................... бол б) Чүй

160. Бул түрк уруулары сарылар жана каралар деп экиге бөлүнүшкөн. Алар б) Түргөштөр

161. Санжыра – бул в) эл, уруу жана уруктарды, адамдын ата теги жөнүндө айтып берүү.

162. Кыргыздар жөнүндө эң алгачкы маалыматты ....................... калтырган б) Сыма Цянь

163. XIX к. Ортосунда ким түндүк кыргыз урууларын бириктирүүгө аракет кылган? в) Ормон хан Ниязбек уулу

164. Кокон хандыгы кайсы жерде түзүлгөн? г) Фергана өрөөнүндө

165. X-XII кк. Кыргызстандын аймагында жайгашкан мамлекетти белгиле. г) Караханилер кагандыгы

166. Караханилер мамлекетин кимдер басып алган? г) Кидандар

167. Караханит мамлекети кайсы жылдары жашаган? г)940-1137-жж

168. Кайсы жалпы Бүткүл Жети-Суу жана Борбордук Теңир- Тоо монголдук бийликке баш ийген?

в) 1218-ж

169. XIII к. Кыргызстандын аймагында жайгашкан мамлекетти белгиле. в) Хайду мамлекети

170. Моголистандын биринчи ханы г) Тоглук-Тимур

171. Кыргыз элинин калыптанган мезгилин белгиле. б) XV к. аягы - XVI к. башы

172. XIX к. экинчи жарымында дунгандардын көтөрүлүшү.......эзүүсүнө каршы багытталган. г) Цин империясынын

173. XIX к. башында Чыгыш Түркстанда цин-манжур бийлигине каршы көтөрүлүштүн жетекчиси

175. XVI-XVII кк. Кыргызстандын коомдук-саясий тарыхы жөнүндө баалуу маалыматтар бар Тарых-и-Рашиди фундаменталдуу эмгектин авторун белгиле. б) Мухаммед Мырза Хайдар

176.709-жылы болгон тарыхый окуяны белгиле. в) Кокон хандыгы түзүлгөн .

177. Кокон хандыгына каршы кыргыздардын алгачкы көтөрүлүшү кайсы жерде болгон г) Нарында

178. XIX кылымдын биринчи жарымында Чыгыш Түркстан элдеринин боштондук кыймылын активдүү колдогон кыргыздын баатырын белгиле. в) Тайлак

179. Кыргыздын сарыбагыш уруусунун элчилери Петербургга качан барган? д)1785-жылы декабрда

180. Кайсы кыргыз уруусу Россиянын курамына биринчи кирген д) бугу

181 XIXк. II жарымында Чүйдөгү кыргыздардын көтөрүлүшү кимге каршы багытталган? г) Кокон хандыгына

182. Кокон хандыгынын начарлашынын себебин белгиле. д) элдик көтөрүлүштөр жана хан сарайдагы келишпестиктер

183. Кыргызстанга дунгандар жана уйгурлар кайсы жылдары көчүп келишкен ? в)1877-1884-жж

184. Россияга кошулгандан кийин Кыргызстандын аймагы кайсы областтардын курамына кирген?

б) Жети-Суу , Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд

185. Россиянын курамына киргенден кийин кыргыздар жашаган аймактар кайсы генерал-губернаторлукка караган?

б) Түркстан



186. XIX кылымдын экинчи жарымында Түндүк Кыргызстанда кыргыздардын уруу бирикмесинде жогорку бийлик кимге таандык болгон. б) Манаптарга

187. XIXк. аягы –XX к.башында Кыргызстандын аймагында өнөр жайдын кайсы тармагы өнүккөн? г) тоо-кен

188. Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деген жалаа менен Сибирге айдалган кыргыздын демократ-акынын белгиле в)Токтогул Сатылганов

189. Чыгармалары (90-жж чейин) терс мүнөздөлүп келген ?к. көрүнүктүү кыргыз акындарын белгиле в)Арстанбек,Калыгул,Молдо Нияз,Молдо Кылыч

190.XIX Кылымдын аягында кыргыз элинин руханий турмушунда искусствонун кандай жанры көрүнүктүү орун ээлеген? д)Оозеки поэтикалык чыгармачылык

191. 1898-жылы болгон Анжиян көтөрүлүшүнүн тарыхый мааниси- в) Түркстандын жергиликтүү элинин падышалык колониялык саясатка каршы улуттук-боштондук күрөшүүнү алгачкы кадам болгон

192. Кыргыз элинин тарыхына арналган Кыргыздар жана алардын этногенетикалык тарыхый-маданий байланыштары деген тарыхый эмгектин авторун белгиле. в) Абрамзон С.М.

193.Кыргызстандын кайсы регионунда биринчи болуп Түркстан калкын тылдык жумушуна тартуу жөнүндөгү Россиялык падышанын 1916-ж. Указына каршы толкундоолор башталган? в) Кыргызстандын түштүгүндө

194. Пишпек шаарында жана Пишпек уъездинде Совет бийлиги качан орногон? г)1918-ж. Январда

195. Кыргызыстандагы гаждандык согуштун өзгөчөлүгү.....................болгон. а) басмачылык кыймыл жана кулактык козголоңдор

196. Совет бийлиги орногондон кийин Түндүк Кыргызстанда биринчи чыккан газетаны белгиле. г)Пишпекский листок

197. 1921-1922-жж жер-суу реформасы Кыргызстандын кайсы райондорунда жүргүзүлгөн? б) Келгин дыйкандар жашаган райондордо

198. Кыргызстанда Кыргыз Тоолуу областын түзүү боюнча уюштуруу курултай кайсы жылы болгон? г)1922-ж

199. Туран партиясынын максатын белгиле

в)Түркстанды Россиядан бөлүп,бирдиктүү Түрк мамлекетин түзүү

200. 1918-жылы 5-марттагы декрет боюнча.........мамлекеттештирилди а) Кызыл-Кыя жана Сүлүктүнүн көмүр кендери

201. Интергельпо кооперативи жөнүндө эмне билесиңер г)Өнөр жай ишканаларын курган Чехословакиялык кооператив

202. СССРдин курамында улуттук Кыргыз мамлекеттүүлүгү...........башталган. в)РСФСРдын курамында Кара-Кыргыз автономиялык областын түзүү жөнүндө Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин токтому менен

203. Кыргызстандын кайсы жаңы өнөр жай тармагы согуштун алдынкы жылдарында өлкөдөгү маанилүү тармакка айланган? в)Түстүү металлургия

204. 1938-жылы 6-8-ноябрда кандай окуя болгон? в) Чоң-Ташта 138 көрүнүктүү партиялык жана советтик кызматкерлерди массалык түрдө көмүшкөн

205. 1925-жылы ачылып 30-жылдарда Кыргызстанда улуттук интеллегенцияны даярдоодо чоң салым кошкон кайсы окуу жай болгон. а)Кыргыз агартуу институту

206.Кыргызстандагы маданий революциянын акыркы баскычы болгон; а) жашы улуулардын арсында жалпы сабатсыздыктын жоюлушу

207. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында когонуу өнөр жайы үчүн сурьма жана сымапты камдап берген Кыргызстандын өнөр жай ишканаларын белгиле а) Кадамжай жана Хайдаркен

208. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ак-Түздө..............казып алынган. д) коргошун

209. 1945-жж 16-апрелде Берлинди штурмалоо башталган ал салгылашууга катышкан Кыргызстандык саясий жетекчи б) К.Үсөнбеков

210. 1954-жылы Киргизия экинчилик совхозу.......................негизделген в) Казакстанда,Караганда областында

211. Кыргызстандын Улуттук Илимдер Академиясы кайсы жылы ачылганын белгиле г)1954-ж

212. Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын биринчи президенти;

в) Ахунбаев И.К.

213.1985-1990-жж Кыргызстан КП БК биринчи катчысы болуп.........иштеген.

в)А.Масалиев

214.1950-60-жж таланттуу советтик кыргыз балеринасын белгиле

д)М.Рыскулов

216. СССР кулаганга чейин анын бардык республикаларына өзүнүн продукцияларын жөнөтүп турган Кыргызстандагы электро-техника заводун белгиле д) Майлы-Сай электролампа заводу

217. Орто Азия республикалары жана казакстандын эл чарбасы үчүн чоң мааниге ээ 70-жылдарда курулган Кыргызстандагы ири ГЭСти белгиле.

а) Токтогул

218. 1980-жылдарда Россиянын кара топурактуу зонасын өздөштүрүү учурунда Кыргызстандык жаштар тарабынан түзүлгөн Кыргызстан совхозу кайсы жерде курулган?

в) Ярославль областында

219. Кыргызстанда демократиялык кыймыл качан пайда болду?

а) 80-жылдардын аягында

220. КМШ качан түзүлгөн жана бул шериктештикке Кыргыз Республикасы качан мүчө болгонун белгиле.

б) 1991-ж.декабрда

221. Бишкекте биринчи болуп кайсы чет өлкөлүк мамлекет элчилик ачкан? в) АКШ

222. Альтернативдүү негизде биринчи жолу Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо кайсы жылы болгон? г) 1990-ж

223. Кыргызстанда кайсы жыл Ч. Айтматовдун жылы деп жарыяланган?

г) 2008-ж

224. Дүйнөнүн 35 өлкөсүнө продукцияларын экспортко чыгарган Кыргызстандагы ири ишкана

в) Кыргызавтомаш завоту

225. Кыргызтандын белгүүлү сүрөтчүсү жана киноактёрун белгиле

в) С. Чокморов

126. 1963-жылы Мамлекеттик Ленин сыйлыгы берилген

б) Ч. Айтматовко Тоолор жана талаарлар повести жыйнагы үчүн

227. Кыргыз Республикасы 1989-ж 23-сентябрда ........................

а) мамлекетик тил жөнүндө мыйзам кабыл алган

228. К. Бакиев Кыргыз Республикасынын Президенти кийин болуп калган.

б) 2005-ж. 10-июлда жалпы элдик шайлоодон

229. Кытайда кыргыздар көп жашаган аймак- бул

а) Кызылсуу Кыргыз автономиялуу округу

230. КР жетекчилеринин башкарган мезгилдери менен дал келтиргиле .

Аты жөнү


Башкарган мезгили



А) И. Раззаков


  1. 1950-1961-жж

Б) А.Масалиев


  1. 1985-1990-жж

В) А. Акаев


  1. 1990-2005-жж


Г) Д.Усубалиев


  1. 1961-1985-жж

А) А-3, Б-1, В-4, Г-2













































Дүйнө тарых

231. Палеолит доорундагы адамды .............................. неандерталец деп аташкан. в) биринчи сөөгү табылган жердин атынан

232. Байыркы адамдардын эмгек өндүрүмдүүлүгү кескин жогорулаган качан алар ...............

д) металлдан жасалган эмгек куралдарын ойлоп тапканда

233. Адамзаттын тарыхында темир доору ..................... башталган.

в) Алдыңкы Азияда

234. Биздин доордогу жана биздин доорго чейинки жыл сынагы убакыт тилкеси боюнча ................ эсептелет.

в) 0-жылдан баштап эки жакка карай

235. Тарыхты эң биринчи ................ табы Байыркы Египетте пайда болгон.

б) кул жана кул ээлөөчү

236. Эксплуатация – бул ... ....

а) бир адамдар экинчилерди эзиши

237. Байыркы Египедтеги мамлекет башчысы:

в) Фараон

238. Египеттеги Хеопстун пирамидасы кантип кулунгандыгы жөнүндө кайсы тарыхчы жазган?

б) Гереодот

239. Индиялык белгүлүү төрт түүрдү аскер оюну – бул:

б) шахмат

240. Байыркы Кытайлар ойлоп тапкандан эмнени пайдаланабыз?

г) компас, чай, жибекти

241. Улуу Жибек жолу ....................... негизделген.

б) б.з.ч II к.

242. Сыма Цянь ................. болгон .

в) тарыхчы

243. Байыркы гректерде Солон................. болгон

г) мыйзамдын акылман автору, ал Афинада карызы үчүн кулдука сатууга тыюу салууга жетишкен

244. Эркин спарталыктардын негизги иши...................... болгон.

в) согушка даярдану жана ага катышуу

245. Vк. Экинчи жарымында Афинадагы ири саясий ишмер ................... болгон.

б) Перикл

246. Акрополь-бул ............................

а)Афинанын эң кооз борбордук бөлүгү



247. Биздин доордго чейинки V к. ири грек архитектору жана скульптору............... болгон.

г)Фидий

248. Геродртту тарыхтын атасы деп аташкан,анткени-ал

в) грек –персия согушунун тарыхын жазган

249. Рим шаары кайсы дарыянын жээгинде пайда болгон

г) Тибр

250. Пуни согуштары бул Римдин каршы күрөшү

г) Карфагенге

251. Биздин доорго чейинки 74-71-жж болгон

а) Акыркы Пуни согушу б)Спартактын көтөрүлүшү

252. Римдин биринчи императорун белгиле

в) Юлий Цезар

253. Байыркы заманда Рим Республикасы жашаган

г) б.з.ч.509-49-жж

254. Заттардын табияты жөнүндө улуу Рим поэмасынын авторун белгиле

в) Лукреций

255. Христиан дини пайда болгон

в) I к.

256. Феодалдык түзүлүштөгү Германдыктардын негизги иши болгон

д) эки талалуу жер иштетүү

257. Көз каранды дыйкандар феодалдын пайдасына бере турган башкы нерсе бул

д) борщина жана оброк

258.VIIк. Визентия империясынын курамына кирген өлкөлөр;

б)Кичи Азия,Египет, Сирия, Балкан



259. 1453-ж Евразиядагы маанилүү окуя:

г) Византия империясы кулаган

260. Византияны кимдер кулаткан. в) Түрктөр

261. Үч талаалуу дыйканчылык – бул

г) Айдоо аянтын үч бөлүккө;күздүк,жаздык,буулантмага бөлүү

262. Айыл чарбасынан кол өнөрчүлүктүн бөлүнүп чыгышынын....... жыйынтыгы болгон.

в) кол өнөрчүлөр менен дыйкандардын эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорлашы

263. Бул шаар дүйнөнүн эки бөлүгүн ортосуна жайгашкандыктан, үч улуу империянын борбору болууга жетишкен . Аны атагыла

б) Стамбул

264. Кайсыл кылымда эң биринчи “ орус”эли жөнүндү баяндалат?

в)VIк

265. Качан кайда ким орус тарыхын жазган?

г) XIIк Киевде , кечил Нестор

266. «Егордун полку жөнүндө сөз» деген чыгарманын тарыхый мааниси эмнеде?

б) Орус жерин коого үчүн князды биримдикке чакырган

267. Б.з.ч. канчанчы кылымда Урартуу скифдерден талкаланган№

б) VIк

268. XVI к биринчи жарымында Индиянын...........басып алуучу багындырган

в) Бабур

269. Грюнвальд салгылашуусунун славияндар жана литвалыктар үчүн кандай тарыхый маанисин бар?

б) Славян жана литвалыктарды бириккен күчүнүн жеңиши рыцарлардын чыгышка чабуулун токтотту

270. Төмөндөгү окуялардын кайсынысы эң алгач болгон?

б) Русту чокундуруу

271. Байыркы Орус мамлекетинин түзүлүшүнүн себеби .... болгон.

г) тышкы душмандарга сокку берүү зарылдыгы

272. Байыркы Руста мыйзам жыйнагы ....... деп аталган.

а) «Русская Правда»

273. Ислам дини....... пайда болгон.

в) VIIк

274. Индияда Улуу Моголдордун державасы кайсы кылымда орногон?

д) XVIк

275. Ганза-бул........

г) Россия менен соода жүргүзүүгө Балтика шаарларынын уюму

276. Кресттүүлөр «Ыйык жерде» басып алган эң чоң жер ...... деп аталган.

б) Иерусалим хандыгы

277. Жүз жылдык согуш......... ортосунда болгон.

г) Англия менен Франциянын

278. Китеп басып чыгарууну......... ойлоп тапкан.

г) Иоганн Гутенберг

279 . Крестүүлөрдүн жортуулу ......... башталган.

в)1095-ж

280 . Уот Тайлер деген ким?

б) Англиядагы дыйкандар көтөрүлүшүнүн жетекчиси

281. Батыш Европадагы кайра жаралуу бул;

в) XV жана XVII кылымдын башында антикалык маданиятка терең кызыгуу мезгили

282. Бул университет философия , кудай таануу мугалимдери менен даңкы чыккан;

б) Париж университети

283. Москваны ким негиздеген?

в) Ю.Долгорукий

284. Алтын Ордонун Русту эзүүсү кайсы жылы кулаган?

д)1480-ж

285. орус мамлекетинин биринчи падышасы ким болгон?

в)Иван Грозный

286. Балтика жээги үчүн Ливон Согушу канча жылга созулган

б) 25

287. Москва кайсы жылы польшалык баскынчылардан бошотулган?

А) 1612-ж

288. Россия менен Украина кайсы жылы бириккен? д) 1654-ж

289. С.Разиндин жетекчилигинде дыйкандар согушу качан болгон? д) 1667-1671-жж

290. Ыраакч Чыгышты, Амур боюн ким изилдеген? б) Хабаров

291. 1703-жыл Россиянын тарыхында эмнеси менен даңкталган

а) Санкт-Петербугдун негизделиши

292. «Россия империясы» деген аталыш кайсы кылымда пайда болгон?

г)XVIIIк

293. Германияда реформацияны ким баштаган.

б) Мартин Лютер

294. « Варфоломей түнү» деп........... аталган.

в) 1572-ж Францияда католиктер протестанттарды жалпы өлтүргөн түнү

295. Дүйнөлүк адабиятта ушул күнгө чейин атагы чыккан драматург-бул;

г) Уильяам Шекспир

296. Н.Коперник жер жөнүндө кандай жыйнтыкка келген?

г) жер өзүнүн огунда жана Күндүн тегерегинде айланат

297. Орто кылымдар тархынын мезгили

б) V-XVIIкк

298. Жаңы тарыхтын биринчи мезгили кайсы жылдары болгон?

б)1640-1870-жж

299. Жаңы тарыхтын биринчи мезгилиндеги капитализмге эмне мүнөздүү?

г) согуш жана буржуазиялык революциянын болушу

300. Тарыхый окуяларды болгон мезгил менен дал келтиргиле

А) Нидерландия буржуазиялык революциянын мезгили

4.1566-1606-ж


Б) Англияда буржуазиялык революциянын «Тынч» мезгили

2.1640-1642-ж

В) Окоромбелдин протектораттык мезгили

1. 1653-1658ж

Г) «Даңктуу революциянын»мезгили

3.1688-1689-ж

б) А-4,Б-2,В-1,Г-3

301. Англия кайсы жылы республика болуп жарыяланган

г)1649-ж

302. өнөр жай төңкөрүшү –бул;

д) өндүрүштө кол эмгегинин техника менен алмаштыруу

303. Англиялык буржуазиялык революциянын тарыхый мааниси.

в) абсалютизмди кыйратты

304. Түндүк Америкада кайсы Европа дөөлөтү биринчи колониясын түзгөн?

д) Англия

305. АКШнын биринчи президенти

в)Д.Вашингтон

306. АКШ түзүлүшүнө алып келген «Көз каранды эместик Декларациясы» качан кабыл алынган?

в)1776-ж

307. Улуу Француз революциясынын негизги себеби кайсы?

в) Феодалдык өндүрүштүк мамилелердин жана өндүргүч күчтөрдүн өсүшүнүн ортосундагы карама-каршылык

308. Бастилияны алган күн-14-июль Франция элинин улуттук майрамы. Ал кайсы жылы болгон?

г)1789-ж

309. XVIIIк революциячыл Францияга каршы согушка кайсы өлкөлөр катышкан?

б) Англия, Австрия, Испания, Пруссия

310. XIXк кайсы монарх Европалык жандармдын ролун аткарган?

б)НиколайI-орустун падышасы

311. XIXк дүйнөлүк өнөр жайга жана соодага монополиялык абалды кайсы мамлекеттин буржуазиясы ээлеген?

г) Англия

312. Петр I Россияны кайсы мезгилде башкарган? б)1682-1725-жж

313. Түндүк согушу кайсы жылдарда болгон? б)1700-1721-жж

314. Кайсы мамлекеттер Ништдат тынчтыгын түзүшкөн? г) Россия-Швеция

315. Петр Iнин тушунда кайсы негизги реформалар жүргүзүлгөн?

а) Мамлекетти башкаруу, аскер жана флот реформасы

316. Качан Россия империя, Петр I Император болуп аталган?

в)1721-ж

317. Е.Пугачевдин жетекчилиги астында көтөрүлүш кайсы мезгилде болгон?

г)1773-1775-жж

318. 1791-жылы орус аскерлери Туркияны өтө бекем деп эсепелген кайсы сепилин алган?

г) Измаил

319. ПетрI Реформасы боюнча чиркөө......

б) Мамлекетке баш ийген

320. Россияда крепостнойлук укукка жана жеке бийликке каршы чыккан биринчи революционер ким?

в) А.Радищев

321. Россия мамлекетинде биринчи илимий борбор..... болгон.

б) Илимдер Академиясы академия

322. Россияга Балтика деңизине чыгуу жолун........ жеңиш ачкан.

А) Түндүк согушундагы

323. Феодалдык түзүлүш кайсы белги менен аныкталат?

г) Дыйкандар общинасынын болушу

324. Н.Бонопарттын Англияга согуш ачуусун кайсы окуя токтоткон.

д) Трафальгар тумшугунда деңиздеги согушта Француз флотунун жеңилиши

325. «Комминисттик партиянын манифестинин» тарыхый мааниси.....

б) капитализмдин мезгилиндеги коомдун өнүгүшүнүн биринчи илимий анализдеп чыккан.

326. 1870-ж кайсы мамлекеттердин ортосунда согуш болгон?

в) Франция менен Пруссия

327. Д.йнөдөгү биринчи пролетардык революция кайда болгон? г)1871-ж Францияда

328. II Интернотциялар кайсы жылы түзүлгөн?

г)1889-ж

329. Өнөр жай төңкөрүшүндө кайсы коомдук тараптар негизги күч болду?

в) буржуазия, пролетарият

330. Топуялык социализмдин өкүлдөрүн белгиле

б)Сен-Симон, Шарль Фурье, Роберт Оуен

331. Париж тынчтык келишимин түзүүдө кайсы өлкө чакырылган эмес?

в)Россия

332. 1812-ж ылы Ата Мекендик согушта Филидеги согуштук кеңеш кандай чечим кабыл алган?

д) Москваны жаңы салгылашуусуз таштап кетүү

333.1812-ж ылдагы Ата Мекендик согуштун баатыр партизандарын атагыла.

б) Д.Давыдов, А.Фигнер, Василиса Кожина

334. Декабристтердин көтөрүлүшүн жеңилишинин негизги себеби эмнеде?

г) Декабристтер-дворяндык ревоюционерлер жалпы элди көтөрүлүшкө тарткан жок

335. Россияда боштондук кыймылынын биринчи этабы кайсы окуядан кийин башталган?

г) Декабристердин көтөрүлүшүнөн кийин

336. Крым согушунун жыйнтыгын кайсы тынчтык келишим бекитти? в) Париж

337. XIX к 30-50-жж революциялык кружоктордун жетекчилерин белгиле.

б) А.Герцен, М.Петрашевский, И.Огарев,В.Белинский

338. XIX к 60-70-жж падышачылыктын реформаларынын мааниси эмне?

б)Мамлекеттик аппаратты жаңы капиталисттик өнүүгү шартына карата ыңгайлаштыруу

339. Айгун келишимин кайсы мамлекет түзгөн?

в) Россия менен Кытай

340. Народниктер түзгөн революциялык уюм кандай аталган?

г) « Жер жана эркиндик»

341. РСДРПнын I съездинин тарыхый мааниси эмнеде?

б) «Россиянын социал демократиялык жумушчу партиясы»

342. Медицина дүйнөгө атагы чыккан орус окумуштусунун белгиле

б) Н.Пирогов

343. XIX к ылымдагы орус тарыхчыларын белгиле

в) С.Соловьев,В.Ключевский

344. 1905-ж Петербург концерваториясынын студенттеринин революциячыл кыймылын колдонгондугун үчүн профессорлордун катарынан чыгарылган

в)Н.Риминский-Корсаков

345 XIX к дүйнөнүн көрүнүктүү окумуштуларын белгиле

б)М.Лабачевский, Д.Менделеев,Г.Лейбниц

346. 1853-1856-жж Крым согушуна тиешелүү...............болот

а) Синоп салгылашуусу , Севастополду коргоо

347. 1870-1880-жж Россия империясынын курамына.... аймактары кошулган.

б) Орто Азиянын

348. XIX Кавказдагы согуш мезгилинде Россияга каршы тоолуктардын күрөшүн ....... жетектеген.

б) имам Шамиль

349 . 1801-1825-1855-1881-жылдарга..... тиешелүү

б) россия императорунун падышалыгынын башталышы

350. Окуялардын кайсынысы акыркы болгон?

в) Куликово салгылашуусу

351. Кайсы жылы кулдардын революциясы болуп Гаити Республикасы түзүлгөн?

а)1791-1804-жж

352. XIX к аягында кайсы өлкөлөр ири колониялык империя болуп калышты?

в) Англия,Франция,Германия,АКШ,Италия

353. Кытайдын «Апийим согушунда» жеңилишинин себебин белгиле.

б) Кытайдын экономикалык жана согуштук-техникалык артта калуусу

354. 1842-жылы Нанкин келишими боюнча Гонконг.... берилген

в) Улуу Британияга

355. Сунь Ятсендин «Үч улуттук принциби» бул;

а) Улутчулдук, элдик башкаруу, элдин жыргалчылыгы

356. 1867-ж 3-февралда Японияда кандай окуя болгон?

а) Муцухито император болуп калды

357. Индияда сипайлардын көтөрүлүшүнүн мезгилин белгиле б) 1857-1859-жж

358. Иран үчүн күрөштө кайсы мамлекеттер негизги атаандаш болгон?

б) Улуу Британия, Россия

359. 1850-1864-жж Цин династисына, чет элдик колонизаторлорго жана феодалдык эзүүсүнө каршы Кытайдагы дыйкандар согушу,бул...... көтөрүлүшү

в) Тапиндер

360. Африканын чыгыш жээгинде португалдык......... колониясы түзүлгөн

в) Мозамбик

361. XX к башында Кытайдын боштондугу үчүн кыймылдын жетекчиси болгон;

д) Сунь Ятсен

362. XIX к ортосунан баштап Алжрдин эли.... колонизаторлорго каршы күрөшүп келген.

д)Француздук

363.«Үчтүктөр союзуна» кайсы мамлекеттер кирген?

в) Германия , Италия,Австро-Венгрия

364. XX к башындагы Биританиянын доминиондору белгиле.

а) Канада,Жаңы Зеландия, Австрия,Түштүк-Африка союзу

365. Британ империясынын колониялык системасына кирбеген өлкө

б)Алжир

366. Индиянын Улуттук Конгресси качан түзүлгөн?

б)1885-ж

367. Мексикада кайсы жылдарда революция болгон б) 1910-1917-жж

368. Биринчи дүйнөлүк согуштун башталган жана бүткөн датасы;

б)1914-ж 28-июль 1918-ж 11-ноябрь

369. 1958-1960-жж Кытайда комминизмди курууну тездетүүгө багытталган, өнөр жайдын тез өнүгүшүнүн жана комумналарды түзүүнү камтыган Мау Сизедундун саясаты

а)«Чоң секирик»

370. «Кансыз согуш» мезгилде капиталисттик жана социалисттик дүйнөнүн бөлүнүшүн символикалуу көрсөтүүчү түшүнү кайсы?

г)«Темир күшөгө»

371. Орус-Япон согушу кайсы мезгилде болгон?

г)1904-1905-жж

372. 1905-1907-жж Россиядагы ревлюциянын башкы маселеси кайсы болгон

д) Дыйкандар маселеси

373. СССРдин алгачкы Эл Комиссарлар советинин төрагасы

г) В.И. Ленин

374. Советтик Социалисттик Республикалар Союзу качан түзүлгөн?

а) 1922-жылы 30-декабрда

375. 1917-ж октябрда Советтердин Бүткүл Россиялык II съездинде аталгандардын кайсынынсы кабыл алынган

г) Жер жөнүндө Декрет

376. I Дүйнөлүк согушта бир эле мезгилде фронтто ........ согушкан.

в) Германия

377. 1915-ж түзүлгөн «Төрттүк союзга» кайсы өлкөлөр кирген?

в) Германия,Турция , Болгория ,Австро-Венгрия

378. I Дүйнөлүк согушта душмандын позициясына биринчи жолу газ чабуулу ......колдонулган.

г)Ипрде

379. Колониялык системасынын бузулушу ........ башталган.

а) Россияда 1917-ж Октябрь революциясынын жеңишинен кийин

380. 192-жылдан 1941-ж ылга чейин фашисттик диктатура орногон мамлекеттерди белгтле

г)Италия,Германия,РУМЫНИЯ,Венгерия,Испания

381. Аталган аскердик операциялардын кайсынысы Дүйнөлүк биринчи согушта болуп өткөн

б) Брусилов чабулуу

382. 1941-ж 1-августа кайсы окуя болгон?

б) Австро-Венгрия Россияга согуш жарыялады

383. 1917-ж 27-февралда Россияда официалдуу бийлик .............. өткөн

в)Убактылуу Өкмөткө

384. Советтик Россияга каршы чет элдик согуш интервенциясы.... башталган

а) 1818-ж мартта

385. Узак талкуудан кийин жаңы экономикалык саясат (НЭП) РКП (Б) бекитилген

б)1921-жылы X съездинде

386. Октябрь реавлюциясын кабыл албай жана Совет Өкмөтү менен кызматташуудан баш тартып «Дүйнөлүк атакка» ээ болгон ким?

в) И.Бунин

387.1929-1933-жж.дүйнөлүк экономика үчүн ....... мүнөздү болгон

б)дүйнөлүк экономикалык кризис

388.1938- ж Ыраакы Чыгышта кайсы мамлекет Совет өлкөсүнө кол салган ?

г)Япония

389.1939- жылы «Риббентроп-Молотов» пактысына............. кол коюлган

в) Мосвкада

390.1938-ж Мюнхендеги макулдашууда....... каралган.

б) Германияга Чехословакиянын Судет областын кошуу

391. Окуяларды хроногиялык ырааттуулукта жайгаштыргыла.

б) Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы в) Германия менен СССР дин достук жана чек ара жөнүндөгү келишими д) Советтик-финландиялык согуштун башталышы а) Финляндия менен болгон тынчтык келишими г) Гитлердик Германия менен согушта Франциянын жеңилиши

а) Б,В,Д,А,Г

392. Экинчи дүйнөлүк согуш качан, кайсы мамлекет тарабынан башталган?

г) 1939-ж 1-сентябрда Германия Польшага кол салган

393. Экинчи Дүйнөлүк согушка..........мамлекет катышкан в) 61

394. Тарыхый окуяларды болгон мезгилдери менен дал келтиргиле.

А) Ленинград блокадасы

2)1941-ж сентябрь

Б)Сталинград салгылашуусу

3)1942-ж июль

В) Курск салгылашуусу

1)1943-ж июль-август

Г) Потсдам конференциясы

4) 1945-ж июль-август

Б) А-2,Б-3,В-1,Г-4

395. Тарыхый окуяларды болгон мезгили менен дал келтиргиле

А) Германиянын СССРге кол салышы

2)1941-ж 22-июнь


Б)Тынч океанда согуш аракеттери башталды

1)1941-ж 7-декабрь2

В)Крым конференциясы

4)1945-ж февраль


Г) Экинчи дүйнөлүк согуш башталды

3)1939-ж 1-сентябрь




а) А-2, Б-1, В-4, Г-3

396. II Дүйнөлүк согушта түп тамырынан бери өзгөрүүнү кайсы салгылашуу баштаган?

в) Сталинград салгылашуусу

397. Антифашисттик коалициянын түзүлүшүнүн кайсы окуя тездеткен?

г) Европада Каршылык Көрсөтүү кыймылынын күч алышы

398. Тегеран конференциясы качан жана кайсы мамлекеттердин катышуусу менен болду?

б)1943-ж АКШ,Англия,СССР

399.Потсдам конференциясы качан болгон? в)1945-ж июль-августта

400. Белгилүү немец аскер............ башчыларынан ким өз аскерлерин Сталинградга чейин жеткирип,ага чабуул коюуда жеңишке жетпей ал жерде таш-талканы чыккан?

в) Паулюс

401. Улуу Ата Мекендик согуш убагында Ленинград блокадада болгон мезгил?

д) 1941-жылдын сентябрдан 1944-жылдын январына чейин

402. «Оверлод» -бул в) 2-чи фронтту ачуу операциясынын жашыруун аталышы

403. Бул жылы Афганистанда монархия кулатылган б) 1973-ж

404. Аталган окуялар менен көрүнүнштөрдүн кайсынысы «кансыз согуш» түшүнүгүнө тиешелүү? б) АКШ менен СССРдин саясий конфронтациясы

405. Аталган окуялардын кайсынысы Улуу Ата Мекендик согуштун башталыш этабында болгон? в) Москва салгылашы

406.1949-ж 1-октябрда Пекинде кандай окуя болгон?

б) Кытай Эл Республикасы түзүлгөн

407. Тегеран конференциясында экинчи фронтту ачуу боюнча кандай чечим кабыл алынган?

б) Түндүк Францияда экинчи фронтту ачуу

408. Хронология боюнча алгач кайсы окуя болгон?

г) Япониянын Перл-Харбордогу Америкалык базага кол салуусу

409.Аныктамаларды маанисине дал келтиргиле

1. Национализм

В) улуттун артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү жөнүндө идея


2. Милитаризм

Г) согушка даярдануу максатында аскердик күчтөрдү өнүктүрүү


3.Прогресс

А)төмөндөн жогору карай өнүгүү,жетишерлик эместен толук мыктылыкка жетүү


4. Демократия

Б)эл-бийликтин булагы деп билүүчү мамлекеттик бийликтин формасы

в) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б

410. «Батыш» структураларынан бирөө-«Чыгыш» струтурасы. Ал;

б) Экономикалык өз ара жардам совети

411. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Кеңешменин Жыйынтыктоочу актысына.......кол коюлган

б) Хельсинкиде,1975-ж 1-августта

412. 1968-жылы Варшава Келишими өлкөлөрүнүн аскерлери........... киргизилген

г) Чехословакияга

413. XXк 70-ж башында «кансыз согуштун» күчөшүнөн абалдын жеңилдешине өтүү башталды, анткени...........

Г) согуштук-саясий эки блоктун ортосунда согуштук-стратегиялык жактан барабардыкка жетишилди

414. ОСВ-2 келишими, бул- ............. жөнүндө келишим

г) стратегиялык чабуул коючу куралдарды чектөө

415. «Баркыт» революциясы аркылуу тоталитардык режимди демократиялык режимге алмашкан өлкө кайсы?

д) Чехословакия

416. Акыркы болуп өкүм сүрүүсүн токтоткон колониялык империя;

в) Португалия

417. 1975-ж............. колониясы болгон Ангола менен Мозамбиктин эгемендүүлүгү жарыялаган.

г)Португалиянын

418.XXк 60-жылдарында ............ Н.С.Хрущев менен Ф.Кастронун ысымына байланыштуу болгон.

б)Кариб кризиси

419. ГДР менен ГФР качан бириккен? г) 1990-ж

420. Фолкленд аралдары үчүн англо-аргентиналык согуш ...... болгон в) 1982-ж

421. Тарыхый инсандарды алардын ишмердмк жылдарына дал келтиргиле

А)И.В.Джугашвили

3) 1922-1953-жж КПСС БКнин генеральный секретары


Б)Л.ПБерия

4)1938-1953-жж НКВДнын жетекчиси


В) Н.С.Хрущев

2)1953-1964-жж КПСС БКнин генеральный секретары

Г) В.М.Молотов

1)1939-1953-жж тышкы иштер Эл Комиссары

б) А-3, Б-4, В-2, Г-1

422. СССРди коллективдештирүү мезгилинде............

а) кулактарды таап катары жоюу саясаты ишке ашырылды

423. КПССтин XX съездинде Сталиндин керт башына сыйынуучулугунун бетин ачуу....... алып келди

а)Сталиндик репрециянын каармандыктарын кабылына келтирүүгө

424. Космосту өздөштүрүүнүн башталышы кимдердин ысымы менен байланыштуу

а)С.П.Королев,Ю.А.Гагариндин

425. Февраль революциясынын жыйынтыгына....... тиешелүү

а)жеке бийликтин жоюлушу

426. Тарыхый окуяларды болгон мезгилдери менен дал келтиргиле

А)50-ж СССРдин тышкы саясатында жаңы концепция-« социалисттик өлкөлөргө карата катаал мамиледен баш тартуу» иштелип чыккан

3)1956-ж КПССтин XX - съезди

Б)СССР менен капиталисттик өлкөлөрдүн ортосундагы карама-каршылык 60-жж жогорку чекке жеткен

4)1962-ж Кариб кризисинен


В)КПССтин XXII съездинде кабыл алынган программа ......

2)1961-ж СССРде коминизимиди куруу

Г)Н.С.Хрущевдин бийликтен четтелиши

1)1964-ж октябрда


В) А-3, Б-4, В-2, Г-1

427. Комитерн таркатылгандан кийин 1957-ж Москвага биринчи жолу дүйнөнүн коммунисттик жана жумушчу партияларынын өкүлдөрү чогулган маселе- бул

в)сталинизмден арылуудан КПССтин XX съездинин багытын аныктоо

428. Советтик аскерлер Афганистандан кайсы жылы чыгарылган?

д)1989-ж

429. Айкындуулук «Кайра куруунун» элементи катары качан жарыялаган?

а) КПСС БКнын 1985-ж апрель Племунда

430. 1987-ж СССР менен АКШ кол койгон ядролук куралды реалдуу кыскартуу боюнча биринчи макулдашуу......... жөнүндү келишимде жазылган

В) «орто аралыкка атуучу ракеталарды жок кылуу»

431. КПССтин акыркы съездин белгиле? д)XXVIII съезд

432. 1991-ж декбрда Алматада көз каранды эмес мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушусу эмне менен аяктады ?

в) СССР юридикалык жол болду

433. СССРде кайра куруу мезгилиндеги саясий системаны реформалоону натыйжасы болгон

б)көп партиялуулуктун пайда болушу

434. 1940-1950-жж төмөнкү аталган окуялардын кайсынысы акыркы болгон?

а) КПССтин XX съезди

435.1960-жылдардан 1980-ж биринчи жарымына чейинки СССРдин экономикасын эмне мүнөздөйт?

б) согуштук Өнөр жай Комплексин артыкса капржылоо

436 1980-жылдардын ортосунда СССРдин кайра куруу саясатына өтүшүнүн себебин көрсөткүлө

в) өлкөдөгү создуккан экономикалык жана саясий кризис

437. СССРдин тарыхында 1953-ж. 1964-ж.1985-ж............. менен байланыштуу

г) өлкөнүн жетекчилеринин алмашылышы

438. Л.И.Бережнев башкарган мезгили- бул.............. жылдары

в) «өнүккөн социализм»

439. Византия кайсы өлкөлөргө күчтүү маданий таасир тийгизген?

в) Болгорияга, Сербияга, Киев Русуна

440. Байыркы Чыгыштын тарыхындагы эң соңку окуяны белгиле

г) Персиялыктар Эки дарыя аралыгы жана Египетти багынтышы

441. Египет жана Эки дарыя аралыгында биринчи мамлекеттер пайда болду,анткени ал жерде..................

г) дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк эң тез өнүгүп,жана байлар жана кедейлер айырмаланып турган

442. Байыркы индиялыктардын илимдеги эң маанилүү салымы-бул.......

в) биз араб цифрасы деп атаган цифраны ойлоп табышкан

443. Император Цинь-Шихуандинин мезгили,бул............мезгил

д) кул ээлөөчү күч-кубаттуу хандык түзүлгөн

444. Байыркы Кытайда «кызыл каштуулар», «сары байлангандар»-булар............

г) эң ири эки көтөрүлүшүнө катышкан дыйкандардын аталышы

445. Улуу Кытай сепилин...... үчүн курушкан.

а) кытайлардын согушчан көчмөндөрдөн коргоо



446. Дүйнөдө «Жети укмуш» бар. Вавилондо анын бирөө жайгашкан. Аны атагыла.

г)Семирамиданын асма багы

447. Грецияда кул ээлөөчү мамлекеттин түзүлүшүнө .......... зор таасир тийгизген.

а) Крит аралы менен Микены шаарынын маданияты

448. Байыркы Грециядагы демократия ,бул-........

а) байлар жана кедейлердин өлкөнү башкарууга бирдей катышуусу

449. Афинанын тагдыры чечилген деңиздеги салгылашуу............ болгон.

в) Саламин аралынын жанында

450. Афина деңиз союзу-бул

б)Персия менен күрөшү үчүн грек мамлекеттеринин аскердик союзу

451. Александр Македонский өлгөндөн кийин анан державасы ыдырады,анткени;

а) жеңилген элдер гректерге каршылык көрсөткөн жана өз алдынча жашагысы келген

452. Афинанын гүлдөп өнүгүү мезгилинде сабаттуулукту жогору баалашкан жана мыкты мектептер болгон. Анткени

б) Афиналыктар билимдүү адамга жакшы гражданин боло алат деп эсептешкен

453.Төмөнкү окуялардын кайсынысы баарынан мурда болгон?

в)Олимпиада оюндарынын башталышы

454.Римдин «бөлүп алып, бийлик жүргүзө бер» деген эрежеси............... билдирген.

г) каратып алган элдерди бири-бири менен чатакташтыр жана алардын Римге каршы биригишине жол бербе

455. Бардык байыркы өлкөлөрдүн ичинен Рим мамлекетинде кулдардын өтө айыгышкан көтөрүлүштөрү болгон. Анын себеби;

в) Рим мамлекетинде кулдар өтө катуу эзүүгө алынган

456 Рим империясынын акыркы жеңиши ..............болгон

г) Трояндын учурунда-Азияда

457. «Античтик маданият» деген аталыш..............маданиятын өзүнө камтыгын.

а) Грециянын жана Римдин байыркы

458. Натуралык чарба деп.............. аталат.

б) сатуу үчүн эмес,өзүнүн жашоосу үчүн бардык зарыл нерселерди чыгарган чарба

459. Чыгыш Рим империясынын сакталып калышынын себеби;

в) кулчулук кыйрап жана жер мамлекетти колдогон

460. Ислам арабдардын турмушунда кандай роль ойногон?

б) Ислам арабдардын биригишин, аларда мамлекеттин түзүлүшүн жана жаңы жерлерди басып алууну тездеткен

461 Европа менен Азиянын кайсы аймагында (мурунку СССР)кул ээлөөчүлүк мамлекеттер түзүлгөн?

а) Кара деңиздин бою, Кавказ, Орто Азияда

462. 1240-жылы Невада кимдер салгылашкан?

б) Орустар менен шведдер

463. 4 жолу крестүүлөрдүн жортуулунун өзгөчөлүгү

б)крестүүлөр 1204-жылы Византиянын борбору Константинаполду ээлеп жана талап-тоногон

464. Жакынкы Чыгышта крестүүлөргө каршы согуш адилеттүү болгон............

г) баскынчылардан өз мекенин коргогон Сирия менен Полестинанын мусулмандары үчүн

465. Англия менен Францияда феодалдык бытырандылыктын кандай окшош себептери болгон?

а) Бир катар областтардын феодалдардынын чарбалык өз алдынчалыгы, областтардын ортосундагы соода байланыштарынын начарлыгы

466. 1265-жылы Европанын тарыхында эң белгилүү дата, анткени;

б)биринчи жолу өкүлчүлүктүү, эки палаталуу парламент иштей баштаган

467. Франциядагы (жекерия) жана Англиядагы (Уод Тайлер) дыйкандардын көтөрүлүшү кандай окшош натыйжа алып келген?

б) феодалдар баршина жана оброкту көбөйтүүнү токтотуп, дыйкандарга эркиндик бере баштаган

468. XVI кк Осмон империясы начарлай баштаган,-анткени, .....................

б)Түрктөр Европалык коңшулары жана багынган элдердин түрктөргө каршылыгы күч алган

469. Батыш Европада университеттер- бул ........................

д) XII кылымда пайда болгон Европадагы алгачка жогорку мектептер

470. Улуу географиялык ачылыштардын башкы себеби бул- .......................

в) Европалыктардын баюу жана алтын тыйындарды чыгаруу үчүн алтын жерлерди табууга умтулуусу

471. Африка менен Америкада алгачкы колонияларды ээлеп алган биричи өлкөлөр – булар ....................

г)Португалия Африкада, Испания Америкада



472. Англияда буржуазия жаңы тап болгон, алар;

г)мануфактулаларды курган жана жалданма жумушчуларды эзүүнүн эсебинен байыган

473. Германиядагы реформация- бул;

г) католик чиркөөсүнө каршы анын таасирин азайтуу үчүн күрөш жана байлыгын бөлүү

474. Европадагы протестантизм-бул;

в) рим папасын жактоочулардын көз карашы менен макул болбогон ар кандай чиркөөлөрдүн болушу

475. Реформациянын башталышындагы Германиянын өнүгүшү менен революциянын алдындагы Нидерланддардын өнүгүшүндө кандай жалпылык болгон?

в) Католик чиркөөсүнүн эзүүсү

476. Нидерландия революциянын жеңишинин башкы натыйжасы-бул;

г) феодализмдин жана испандык эзүүнүн жоюлушу, капитализмдин тез өнүгүшү үчүн шарттардын түзүлүшү

477. Жаңы тарыхтын негизги мазмуну эмнеде?

а) капитализмдин орношу жана өнүгүшү

478. Англиядагы чартисттик кыймылдын негизги себебин белгиле;

в) Саясий жана экономикалык укук үчүн жумушчулардын кыймылы

479. Польшалык баскынчыларга каршы күрөшкөн элдик баатырлдарды белгиле

г) Минин,Пажарский

480.Россияда 1773-1775-жылдар, бул

б) Е.Пугачевдин жетекчилигиастындагы дыйкандар согушу

481. 1799-ж орус армиясынын италияга жана шведцарияга жүрүшүн ким жетектеген?

в) Суворов

482.Декабристердин көтөрүлүшүнүн маанисин белгиле.

в) Декабристтер падышачылыкка ачык каршы көтөрүлүшкө чыккан биричи революционерлер болгон

483.Кайсы жылдары Түндүк Кавказда элдер Шамилдин жетекчилиги астында падышалык Россияга каршы согушкан?

г) 1834-1859-жж

484 Крым согушунда Россиянын көздөгөн максаты кандай болгон?

а) Босфор жана Дарданелл кысыктарына контролдук кылуу, Балканда өз таасирин чыңдоо



485. XIX к. өнөр жай төңкөрүшүнүн акыркы фазасын белгиле.

д) Машиналык өндүрүштүн өнүгүшү фабрикалык өндүрүш үчүн бекем техникалык базасын түзгөн

486. Француз буржуазиялык революциянын тарыхый маанисин белгиле.

б) Феодалдык-аболюттук түзүлүштү кыйратты жана капитализмдин өнүгүшүнө шарт түздү

487. Якобиндик диктатуранын кулашынын себеби;

а) ич ара бөлүүнү,элдик төмөнкү катарындагы таянычтарын жоготушу

488.1815-ж Ыйык Союзду түзгөн Европа мамлекеттери кандай максатты көздөгөн? г)Европада революциялык кыймылдарды басууга жардам берүү

489. I Интерноционалдын тарыхый мааниси эмнеде?

г) жумушчу партияларды бириктирип, алардын теориялык программасын негиздеди

490. XVIIIк Латын Америкасындаг улуттук-буржуазиялык революциянын жана согуштардын негизги максаттын белгиле

а) Испаниянын колониялык эзүүсүнөн кутулуп, эгемендүү мамлекеттерди куруу

491. XIX к орусундагы буржуазиялык революциялар капитализмдин өнүгүшнө кандай таасир берген?

а) буржуазиялык революциялар толук же жарым – жартылай феодалдык тартиптерди жок кылып, капитализмге жол ачып берди

492. Индияда 1857-1859-жж сипайлардын көтөрүлүшүнүн тарыхый мааниси эмнеде?

г) көтөрүлүш Азиянын баардык элдерине андан ары боштондук күрөшү үчүн чоң мааниге ээ болгон

493 XIX к 80-жылдарында Европалык кайсы мамлекеттердин ортосунда согуштук союз түзүлгөн ?

б) Германия-Австро-Венгрия-Италия

494 Россиядагы пролетардык революциялык кыймыл кайсы мезгилди камтыйт?

д) 1895-1917-жж

495 XIX к аягы- XX к башында илимдеги жетишкен ийгиликтери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан;

г) Павлов И.П, Мечников И.И

496. 1916-жылы май-июнда Галицияда жүогүзүлгөн I Дүйнөлүк согуштагы эң ири чабуул коюу операциясы .................. ысымына байланыштуу болгон.

в) А.А.Брусиловдун

497. Большевиктер кандай максат менен III Мамлекеттик думага катышышкан?

б) Революциялык үгүт жана массаны уюштуруу

498. 1911-ж.29-майдагы мыйзамдар дыйкандар үчүн бекитилген укукта жок болгон;

а) помещниктин жеринин эсебинен өз жеринин өлчөмүн көбөйтүүнүн талап кылуу укугу

499. Россия 1904-1905-жж.................... менен согушкан

в) Япония

500. В.И.Ленин империализмдин өзгөчөлүгөн атабаган өлкөнү белгиле

б) АКШ-илимий -техникалык империализм

501. I Дүйнөлүк согуштун чыгышына....... шылтоо болгон.

а) «Млада Басно» партиоттук уюумунун мүчөсү Г.Принцип Австор-Венгр тактысынын мураскору Франц-Фердинандды өлтүрүшү

502. I Дүйнөлүк согуш мезгилинде «Ата-Мекенди коргоо» ураанын кайсы саясий партия жактаган эмес? б)Большевиктер

503. Европада 10 жылга жетпеген мезгилде (1931-1939) монархияны демократтиялык республикага, ал эми демократтиялык республиканы фашисттик диктатурага алмаштырган өлкө кайсы?

б) Испания

504. Монголия капиталсттик эмес өнүгүү жолун эмнеден баштаган?

б) Жалпы демократтиялык кайра түзүүнү ишке ашыруудан

505. Улуттар Лигасынын башкы маселеси....... болгон

в) тынчтык жана коопсуздукту бекемдөөгө көмөк көрсөтүү

506. Мандат системасы-бул системада.............................

в) өз жолун аныктоого жөндөмсүз деп эсептелген аймактарга Улуттар Лигасынын атынан көзөмөлдүк кылуунун орнотуу тартиби кылган

507. Эң терең жана кыйраткыч дүйнөлүк экономикалык кризис жылдарын белгиле

г) 1929-1933-жж

508 Хронологиялык эң акыркы окуяны белгиле

б)Советтик аскерлер Батыш Украинага жана Батыш Белоруссияга кирди

509. 1938-жылы сентябрда Батыш Европанын алдынкы өлкөлөрү тарыхта «Мюнхен жашыруун бүтүмү» деп аталган бүтүм чыгарышкан. Өз өлкөсүнүнү улуттук суверенитетинен «Мюнхен жашуурун бүтүмү» ажыраткандан кийин биринчи болуп жазасын алган;

а)Эдуард Бенеш

510. РСФСР уюшулганда бийликтин жогорку органы ББАК түзүлгөн. Революциядан кийин партиянын көрүнүктүү ишмерлери башкарган ыраатты көрсөт;

в) Каенев Л.Б, Свердлов Я.М,Калинин М.И.

511. Сталин биринчи Совет өкмөтүндө............. Эл комиссариатын жетектеген

г) улут иштери

512. 1939-ж Халхин Гол дарыясында советтик аскерлер кайсы мамлекеттин аскерлери менен кагылышкан?

в)Япония

513. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда «шарашкалар» деп ............ аталган

в) согуштук-техникалык проблемалар жагында иштеген өлкөнүн көрүнүктүү илимпоздору же конструкторлору башында турган жумушчулардын , инженерлердин, техниктердин жашыруун жамааттары

514. УАМ согушта немец армиясынын «Тайфун» операциясынын максаты кандай болгон?

в) Москваны басып алуу г)Орто Азия жана

515. 1943-ж жайындагы советтик германдык фронттогу ири салгылашуу.......... болгон

б) Курск дугасындагы салгылашуу

516. 1945-ж 24-июнда кандай окуя болгон?

б) Москвада Жеңиш парады болуп өттү

517. Япония сөзсүз багынгандыгы жөнүндөгү актыга качан кол койгон?

в) сентябрь, 1945-ж

518. 1945-1953-жж мезгилинде СССРдин ички саясий өнүгүүсүнүн мүнөзү;

б) Сталиндин бийлиги чыңдалган

519. 1950-ж экинчи жарымында СССРдин тышкы саясатындагы маанилүү окуя.............болгон

А)советтик аскерлерди Венргияга киргизүү

520. Жаш гвардиячылардын ысымдары............ шаарына байланыштуу.

а) Краснодон

521.Улуу Ата Мекендик Согуштагы кайсы салгылашуулар « түп тамырынан бери бурулуш» деген түшүнүк менен байланыштуу? Берилген бешөөнүн ичинен эки салгылашууну ата

2) Сталинграддагы салгылашуу 4) Курск дугасындагы

а) 2,4

522. II Дүйнөлүк согуш........... башталган

в) Германия Польшаны басып киришинен

523. 1940-ж Германия кайсы өлкөлөрдү басып алган?

г) Дания, Норвегия,Нидерланды, Бельгия,Люксембург

524 II Дүйнөлүк согушта экинчи фронт........... ачылган

г) 1944-Ж 6-ИЮНДА

525, II Дүйнөлүк согуш ................ аяктады

г) Япониянын жеңилиши менен

526. Фашисттик согуш кылмышкерлерин сот жообуна тартуу үчүн Эл аралык трибунал............ өткөрүлгөн

г) Нюрнбергде

527. Бириккен Улуттар Уюмун кайсы өлкөлөр түзгөн?

а) СССР,АКШ,Франция,Улуу Британия,Кытай

528. Варшава келишими уюму кандай максатта түзүдгөн?

б) Социалисттик лагердеги өлкөлөргө согуштук жардам көрсөтүү

529. СЭВ кандай максат менен түзүлгөн?

б) Социалисттик ынтымакташтыктагы өлкөлөрдүн тышкы экономикалык ишмердигин координациялоо үчүн

530. Америкада жайгашкан социалисттик өлкө; б) Куба

531. « Темир көшөгө» жөнүндө сөз кылып «кансыз согушка» негиз салган: в) У.Черчиль

532. XX к 80-жж аягында Борбордук жана Түштүк-Чышгыш Еропа мамлекеттеринде саясий жана социалдык-экономикалык кайра түзүүлөр башталды. Алардагы жалпы нерсе............ болгон б)чарба жүргүзүүнүн көп сандаган түрлөрүн камсыз калуу жана менчиктин бардык түрлөрүн өнүктрүүгө умтулуу

533. Япониянын 1947-ж ылы 1-майдагы Конститутциясы тыюу салган; б) улуттун кызыкчылыгын коргоо үчүн согушту колдонууга

534.Эл аралык саясатта Индия кайсы саясий блокко кирет? в) Блокторго кошулбоо кыймылына

535. 1947-ж англиялык өкмөт Индияны Индиялык союзга жана .............бөлгөн б)Пакистанга

536. Түркия Республикасынын биричи президенти:

б) Мустафа Кемаль

537. 1980-жылдардын экинчи жарымындагы реформалардын жүрүшүндө Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн оппозициялык күчтөрү.............. ураанынын алдында чыгышкан б) «социализмди жаңылоо»

538. Хронология боюнча эң мурдагы окуя болуп эсептелет....................

а) Польшада «Солидарность» көз карандысыз профсоюзу түзүлгөн

539.Ушул күнгө чейин социалисттик нукта калган өлкөлөрдүн катарын белгиле

г) КЭР, КЭДР, Куба

540 Социализмдин дүйнөлүк системасынынн кризисин жыйынтыгы кандай?

б) Реформалар , «баркыт» революциялары Варшава Келишими Уюму жоюлду

541.1945-ж 17-июлда кандай окуя болгон?

а) Потсдам коференциясы өз ишин баштаган

542. Сунуш кылынган окуялардан хронологиялык акыркысын белгиле

в)СССР менен Германия 10 жылдык мөөнөткө кол салышпоо жөнүндөгү келишимге кол койгон

543.Кариб кризисин жыйынтыгы................. болгон

в)1963-жылы ядролук куралды абады, космос мейкиндигинде жана су астында сыноого тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгы

544. 1945-1953-жж СССРдин тышкы саясий курсу................ багытталган

г) социализмдин сталиндик моделин бекитүүгө

545. Союздук республикалардын экономикасынын 1950-жылдардын аягындагы кемчиликтерин белгиле

в) Борбордук жетекчилик союздук республикалардын улуттук өзгөчөлүктөрүн эске албай туруп, бүт өлкөдө экономикалык , социалдык структура бирдей болушуна умтулган

546.Боордош Чехословакияда «ревизионизмдин» бекемделишине жол бербеш үчүн 1968-ж августта кайсы өлкөлөрдүн аскерлерди киргизилген?

б) СССР,Венгрия,ГДР,Болгария,Польша

547. 1960-ж ортосуанан 1980-жж биринчи жарымына чейин СССРдин Батыш Европа өлкөлөрүндө социалисттик түзүлүштү сактап калуу максатында өткөргөн тышкы саясат курсу-бул «...............доктринасы» деп аталган

в) Брежневдин

548. СССРдин партиялык саясий жетечилиги «Интернационалдык милдетти аткаруу» үчүн Афганистанга киргизилген советтик аскерлердин чектелген контингенти.................. кармалып турган

г) 1979-ж 1989-ж чейин

549. Кайсы Советтик республика өзүнүн көз карансыздыгын биринчи жарыялаган?

а) Литва

550. СССР дин жетекчилеринин аты-жөнүн бийликте турган мезгилдери менен дал келтиргиле.

Аты-жөнү

Башкарган жылдары

А)Ю.В.Андропов

3) 1982-1984-жж


Б)Н.С.Хрущев

1)1953-1964-жж

В)М.С.Горбачев

4)1985-991-жж

Г)Л.И.Брежнев

2)1964-1982-жж



А)А-3,Б-1,В-4,Г-2,

7-КЛАСС

Агитация- массаны саясий активдүүлүгүн ойготуу максатында, алардын аң сезими менен маанайына таасир көрсөтүүчү ооз эки, басма сөз жана көрсөтмөлүү иш аракет.

Агрардык маселе- жерге болгон менчик боюнча топтордун ортосундагы мамилелер жана ага байланыштуу тап күрөшү жөнүндөгү маселе.

Алгачкы общиналык түзүлүш – адамдан тарыхындагы коомдук экономикалык 1-формация.

Анархия- айрым адамдардын же топтун жетекчиликке баш ийбөөсү жана мында пайда болгон тартипсиздик.

Антоконизм – душман, бири бирине карама каршы турган күчтөрдүн ортосундагы келишпес каршылыктар.

Аренда – жерди же мүлктү убактылуу пайдалануу үчүн келишим менен жалдоого берүү.

Аристократия – экплуатордук таптардын жогорку катмары, феодалдык коомдо уруу башчылар же бай ак сөөктөр.

Атеизм – кудайга, табигаттан тышкары турган күчтөргү жана динге ишенүүнү четке кагуучу көз караштардын системасы.

Бартердик бүтүм – түздөн-түз товар алмашуу.

Бастилия – орто кылымдагы көрүнүшү өтө суук каземат, Парижде ( 14-18-кк.) негизинен саясий кылмышкерлерди, монархиянын жана эзүүнүн душмандарын камоого болжолдонгон туюк сепил жана түрмө.

Буддизм – дүйнөлүк диндердин бири. Индияда 1 миң жылдыктын ортосунда пайда болгон. Буддизмдин негиз салуучусу – Сиддхардха, аны будда (көзү ачык) деп аташкан.

Буржуазия – өндүрүш каражаттарына ээ болгон жана жалданма эмгекти эксплуатациялоочу үстөмдүк кылуучу тап.

Валуа – Франциядагы королдор династиясы.

Валуа династиясынын белгилүү өкүлү Людовик XI Валуа өлкөнү бириктирген : Франциск І сурап турнган чакта Францияда абсолютизм өнүгө баштаган. Генрих ІІІ өлтүрүлүшү менен бул династиянын күнү бүткөн.

Вандализм – маданий жана материалдык байлыктарды максатсыз жок кылуу. «Вандализм» деген сөз 455-жылы Римди талап алган жана античный маданияттын көп эстеликтерин талап алган.

Вандалдар – І кылымда жашаган, өзүнүн агрессиялуулугун, ырайымсыздыгы менен айырмаланган байыркы герман тайпасы.

Варварлар – байыркы гректер, кийин Римдиктер өздөрү түшүнбөгөн тилде сүйлөгөн уруулар менен элдерге берген наам. Адегенде бул сөз Рим империясын басып кирип маданий байлыктарды ойрондоп, кулчулукту жоюууга жана феодалдык түзүлүштү калыптандырууга салым кошкон герман урууларына карата айтылып, бара бара гана «тили буруу» жана маданияты чоочун элдерге карата колдонула баштаган. Өтмө маанидеги варварлвр деп наадан, маданиятсыз, маданий байлыктарды кыйратуучу кишилер же элдер аталат.

Варфолемей түнү – Парижде 1572-жылы 24- августа касиетүү варфолемей майрамынын алдындагы түнү католиктердин гугенотторду массалык түрдө кырышы. Аны эне королыйга Екатерина Медичи менен католиктердин башчылары уюштурган. Булар гугеноттордун күч алып кетишинен чочулап, болочок король Генрих IV нүн үйлөнүү тойун өткөрүп жаткан түнү (ыйык варфолемей майрамына тушташ) 3 миңден ашуун гугенотторду өлтүрүшкөн. 25-августан 3-октябрга чейин Франциянын башка шаарларында да гугеноттор көп кырылган. Ошондон улам «варфолемей түнү» деген термин кыргын салуу деген маанини берет.

Варяктар – скандинавтарга (нормандарга) байыркы орустар менен византиялык гректер берген ат. 9-кылымда княздар баштаган варягдардын кошуундары Чыгыш жана Батыш Европага, ошондой эле Руска жапырып кирип, жергиликтүү калкты талап турган.IX-XI кылымда варягдар чыгыш славян княздарына жалданып кызмат кылышып, жергиликтүү элдер менен аралашып кеткен.

Вассалитет – орто кылымда бир феодалдын (вассалдын) керт башынын экинчи феодалга (сеньорго) көз карандылык мамилелеринин системасы. Бул система VIII-IX кылымда Франк мамлекетинде калыптанган. Королдор жана ири феодалдар вассалдык кызмат өтөгөндөргө жер берген. Ири феодалдар эң башкы сеньордун – королдун вссалына айланып, андан жер алып, майда феодалдарды өздөрүнө вассал кылышып, аларга өздөрү жер энчилеген. Вассалдын башкы милдети белгилүү бир мөөнөттө (бир жылда 40 күн) аскердик кызмат аткаруу эле. Борбордошкон феодалдык мамлекеттер курулган соң вассалитет бара-бара өз маанисин жоготкон.

Верден договору – (843) улуу Карлдын неберелеринин ортосунда анын империясын бөлүштүрүү жөнүндө түзүлгөн. Верден договору боюнча император титулун алган Лотарга Италия, Лотарингия, кашка баш Карлга Батыш Франк королдугу, Людовик немецскийге чыгыш Франк королдугу тийген. Договор боюнча франк мамлекетин бөлүү калыптанып келе жаткан француз, италиян жана немец элдеринин чек араларына шайкеш келген да үч ири мамлекеттин (Франция, Германия, Италия ) түзүлүшүн камсыз кылган.

Византия империясы – 4-кылымда Рим империясы ыдырап жаткан кезде анын чыгыш бөлүгүндө түзүлүп, 15-кылымдын ортосуна чейин жашаган мамлекет. Анын борбору император Константин І мурдагы Византий колониясынын ордуна негиздеген (324-330) Константинополь шаары болгон.

Витраж – орнаменттүү же сюжеттүү декоративдик компазиция. Ал ар түрдүү түстөгү айнектерден же жарык өткөргүч материалдан жасалып, терезе, эшик ж. б. бош жерлерге жана өзүнчө панно түрүндө орнотулган. Курулуш практикасында витраж деп имарат маңдайынын туташ айнектелишин айтышат. 13-14-кк. Котика соборлоруна майда жана ар түрдүү формадагы коргошун менен бири-бирине ьекитилген витраждар коюлган.

Вотчина – жерди жана көз каранды дыйкандарды феодалдык менчиктөөнүн, ошондой эле ал менчиктөөгө байланыштуу укуктардын комплекси. Вотчина европалык ар кансы элде ар кандай (сенорья, манур, поместье) аталган. Россияда 11-18-кк феодалдык жер менчигинин бир түрү. Бул термин орусча «отчина» (ата мурас) дегенден келип чыккан. Ээси вотчинаны сата да, мураска калтыруу да алган. Ири вотчиналар 15-кылымдын аягына чейин феодалдык ээлөөнүн кеңири таралган формасы болгон.Борбордошкон орус мамлекетинин мезгилинде княздык жана воярдык вотчиналар опричнинанын кысымынан кедери кеткен. 16-17-кылымда вотчина менен поместе жакындашып, Петр І нин указы менен (1714) бириктирилген.

Ватикан – Италиянын борбору Римдин батышына жайгашкан шаар мамлекет, Римдик католик чиркөөсүнүн эл аралык административдик жана идеологиялык борбору, католик чиркөөсүнүн башчысы – Рим папасынын резиденциясы.

Газневейлер – (977-1186) – түрктөрдөн таркаган династия. 962-жылы Саманийлердин аскер башчысы Алп-Тегин негиз салган. Ишенчиликтүү гвардиячы гулямдарга таянып, Алп-Тегин 962-жылы өзүн Газней шаарынын өз алдынча башкаруучусу деп жарыялаган. Газневей мамлекети Севук-Тегиндин (977-997) жана анын уулу Махмуд Газневинин (998-1030) тушунда абдан күчөгөн. Ал мамлекеттин курамына азыркы Авганстан, Иран менен Орто Азиянын кээ бир областары, Индиянын түндүгү жана түндүк батыш бөлүгү кирген. Мамлекет башчылары өз мүдөөлөрү үчүн илим жана маданиятты өнүктүрүүгө умтулган. Газневейлердин ак сарайында көрүнүктүү окумуштуулар жана акындар (Бируни, Бейхаки, Фирдоуси ж.б. ) турушуп, маанилүү эмгектерди жана чыгармаларды жаратышкан.

Ганза – немец жеринин түндүгүндөгү шаарлардын 14-16-кк. Соода союзу. Борбору Любек шаары болгон. Ага 100 дөй шаары кирген. Ганза Европанын батышы менен борборунда текстиль жана тоо-кен өндүрүшүнүн жогорулашына түрткү берген. Бирок Чыгыш Европада ушул тармактын өнүгүшүн кечеңдетип, жергиликтүү көпөстөрдүн соодасына жолтоо кылган.

Гарвард университети – АКШдагы эски университет. 1636-жылы колледж катары Кембриж шаарында уюшулган. 1639-жылдан бери Америкага эмиграцияга барган жана мүлкүнүн жарымын, китепканасын коледжке мураска калтырган Англиялык министр Ж. Гарварддын ысымында. 18-кылымдын аягына чейин университетте библия жана байыркы тилдер окутулган. 18-кылымдын акырында жаңы тилдер, математика окутула баштаган. 19-кылымдын биринчи жарымында медицина жана укук факультеттер кошулуп, коллеж университетке айланган.

Германдар байыркы – инди европа тил тобундагы уруулар. Адегенде түндүк деңиз. Рейн. Дунай менен Лава дарыяларынын аралыктарын мекендеген. Б. з. Башында Чыгыш (готтор, бургундуктар, вандалдар ж.б. ), батыш (свевдер, англдар, сакстар, херускилер ж.б. ) жана түндүк (сивиондор ж. б. ) германдар болуп үч топко бөлүнгөн. Б. з. ч. І кылымдын ортосунда отурукташып уруулук түзүлүштө жашаган жана жерге чогуу ээлик кылып, аны биргелешип иштетишкен, б. з. ч. І кылымдын аягында Германдардын социалждык жиктелүүсү башталып ак сөөктөр саясий таасирге ээ болгон. Германдар Рим империясынын батыш аймагында вестготтор, остготтор, бургундуктар, кийин ланговарттар жана франктар королдуктарын түзгөн. Аларда акырындык менен феодалдык мамилелер калыптанган.

Гетман – башчысы, аскер командачысы. Чехияда XV кылымда табориттер аскеринин крмандачысы.

Гимназия – жалпы билим берүүчү орто окуу жай. «Гимназия» термини байыркы Афиныда пайда болгон. 1-жолу 1538-жылы Страсбургда (Франция) ачылган орто мектеп гимназия деп аталат.

Готика – (герман уруусу готтордун атынан коюлган), готика стили – Чыгыш, Батыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүнүн орто кылымдагы XII-XVI) искусство өнүгүшүнүн көркөм стили. Готика стили архитехтурада (көбүнчө чиркөөдө) кеңири колдонулган. Орто кылымда Батыш Европа өлкөлөрүндө бир катар шаарлар жана чептер готика готика стилинде курулган. Соборлору скульптура жана чегилген таштар менен кооздолгон. XV-XVI кылымда готиканы Кайра жаралуу искусствосу сүрүп чыгарган.

Гравюра – графика өнөрүнүн бир түрү; тактай жана пластинага оюп түшүрүлгөн сүрөт үлгүсүнүн кагазга басып чыгарылышы. Гравюраны томпок жана оюп жазалган түрү болот. Мурда томпок гравюрага жыгач пайдаланылса, азыр линолеум, пласттмаса колдонулат. Алгачкы жыгач гравюрасы VI кылымдын аягында Кытайда, XIV кылымда Батыш Европада, XVI кылымда Россияда пайда болгон. Гравюра XV кылымда Нидерландда жана Германияда китеп басуу, XVII кылымда металлга оюп түшүрүү ж. б. иштерине колдонулган. XV-XVIII кылымда гравюра өнөрүнүн ажайып үлгүлөрүн жараткан чеберлер: А. Дюрер, Рембрандт ж.б.

Графика – сүрөт өнөрүнүн бир түрү. Буга сүрөт, гравюра, литорафия ж. б. кирет.

Гуаш – майда талкаланган пигменттерден жана ак боектордун аралашмасынан турган боёк, ошондой эле боёк менен тартылган сүрөт. Гуаш живопистин гуашь боёктору менен тартылуучу техникасы. Көпчүлүк учурда гуаш боёгу сууга эритилип, сүрөт кагаз бетине тартылат. Кургаган гуашь темперага салыштырганда ачык түстө болот.

Гугеноттор – Франциядагы кальвинчилер. Алар феодалдык жана капиталисстик эзүүгө каршы шаардыктардын, абсалюттук борборлоштурууга нааразы тектүү дворяндардын, феодал ак сөөктөрдүн, шаардык төбөлдөрдүн бир бөлүгүнөн курулган. Гугеноттор менен католиктердин күрөшү XVI кылымда диний согуштарды чыгарган.

Гупталар - IV-VI кылымда Түндүк Индияны башкарган династия. Магадхалык майда княздардан чыккан. Гуаталардын тушунда экономика, искусство, адабият кыйла гүлдөгөн.

Гуманизм – адам жана анын коомдук жогорку милдети жөнүндөгү көз караштардын жыйындысы.

Гумандуулук – адамкерчилик, адамды сүйүүчүлүк.

Дворяндар – ак сөөк жер ээлеринин мурасчылык боюнча артыкчылык берилген сословиеси: дин кызматчылары менен бирге феодалдык коомдо үстөмдүк кылуучу тап болгон. Алар жогорку жана төмөнкү дворяндар болуп бөлүнүп жогорку дворяндарга теги ак сөөк, төмөнкүсүнө корол кыфзматчылары менен жоокер вассалдар кирген. Дворяндардын түрдүү титулдары (герцог, маркс, граф, барон ж.б.) болгон. Жогорку дворяндар феодалдык бытырандылыкты, майда жана орто дворяндар королдордун өлкөнү борбордоштуруу саясатын жактаган.

Династия – мурас боюнча падышалык тактыны биринен бирине өткөрүп берүүчү же бир тукумдан чыккан монархтар. Мисалы, Россияда- Романовдор, Францияда – бургондор, Австро-Венгрияда – гапсбургдар ж.б.

Демократия – эл бийлигинин эркиндиктин жана тереңдиктин принциптерине негизделген саясий түзүлүштүн формасы.

Демократиялаштыруу – өлкөдө демократиянын принциптерин бекемдөө, демократиялык түзүлүштү уюштуруу жана өнүктүрүү пароцесси.

Деспотизм – 1 ) мамлекеттик түзүлүштүн системасын, бийликтин толук зомбулуктуулугу, букаралардын укуксуздугу менен мүнөздөлүүчү чексиз монархия. 2) Өтмө мааниси өзү бийлөөчүлүк, букараларга зордук зомбулук жасоо. Деспот – чектелбеген жана ырайымсыз башкаруучу, өз билгенин кылган адам, залим.

Диктатор – чексиз бийликке ээ болуп закондорду тебелеп тепсөөчү жана зордук зомбулуктун жардамы менен мамлекетти жеке башкарууну ишке ашыруучу башкаруучу.

Диктатура – 1) кандайдыр бир таптын саясий үстөмдүк кылышы. 2) диктатордун бийлиги.

Дин – коомдук тарыхый көрүнүш мында чындык фантастикалык иллюзиялык түшүнүктөрдү чагылдыруу бириктирилет жана адамдардын ушундай психологиясына жана жүрүш-турушуна ылайык келет. Диний көз караштардын негизги белгиси табияттан жогору турган: кудайнга тигил дүйнөдө, жандын өлбөстүгүнө жана ушул сыяктууларга ишенүү.

Доор – 1) белгилүү бир бөтөнчүлүктөрү, сыпаттык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып туруучу табияттын, коомдун, объектинин, көрүнүштүн өнүгүшүндөгү мезгил.Коомдун тарыхындагы белгилүү бир коомдук экономикалык формациялардын өнүгүшү менен, кандайдыр бир формациянын вазасы, баскычы же бир формациядан башка бир формацияга өтүүнүн мезгилдери менен байланыштуу. Ар бир Д-дун негизги мазмуну «анын негизги мазмунун, анын өнүгүшүнүн негизги багытын, ушул доордун тарыхый кырдаалын башкы өзгөчөлүктөрүн ж. б. белгилеп, ал же бул доордун борборунда кайсы тап тургандыгы» менен аныкталат.

Дружина – аскер башчыларынын туруктуу отряддары.

Дыйкандар – атайын коомдук тап катары алгачкы общиналык коомдун бузулушунун жүрүшүндө калыптанат, феодализмдин тиушунда негизги эзилүүчү тап болуп саналат.

Европа (ассириялыктарча эреб – батыш : байыркы Грецияда Эгей деңизинин батышындагы жердер аталган )-дүйнө бөлүгү, Евроазия материгинин батыш жагы.

Жакерия – ( «Байо-Жак»- дворяндардын дыйкандарга койгон жек көрүнчү аты )- Франциядагы дыйкандардын 1358-жылдагы антифеодалдык көтөрүлүшү. Жакериянын чыгышынын негизги себептери – феодалдык эзүү, экономикалык бүлгүн, жалданма солдаттардын талоончулугу, жаңы акчалай салык жана акысыз иштөө.

Живопись – кандайдыр бир тегиздиктин бетине боек менен түшүрүлүүчү көркөм сүрөт өнөрүнүн бир түрү : сүрөт өнөрүнүн байыркы түрлөрүнүн бири. Анын тарыхый айбанаттар менен мергенчилик окуялары түшүрүлгөн байыркы эстеликтерден башталат. Живопись Кайра жаралуу доорунда бийик деңгээлге көтөрүлөт. Леонардо да Винчи, Микеланджелло, Рафаэль, А. Дюрер ж. б-дын чыгармалары кеңири таанылат.

Жонглер - орто кылымдын башында Францияда кыдырып жүрүүчү шайыр музыканттар (аларды гистрион деп да аташкан) .

«Игордун кошууну жөнүндөгү сөз» - XII кылымдын акырындагы байыркы орус адабиятынын классикалык чыгармасы. Новгород князы Игор Святославичтин 1185-жылдары кыпчактарга (половецтерге) каршы чабуулу жөнүндөгү баян. «сөз»XII кылымдагы орус, украин жана белорус элдеринин орток мурасы. XVIII кылымдын 90-жылдарында граф А. И. Муссин-Пушкин тарабынан Ярослав шаарынан табылып орус тилине которулуп 1800-жылы Москвада басылып чыккан.

Индеецтер – американын эскимостор менен алеуттардан башка жергиликтүү калкынын жалпы аты. Индеецтер деп аталуу XV кылымдын аягында Х. Колумб жана Европалык 1- деңиз саякатчылары Батыш жарым шаарды Индия деген туура эмес түшүнүктөрүнө байланыштуу келип чыккан. Антропологиялык жактан индеецтер Аиерикалык рассага кирет.

Инквизиция – католик чиркөөлөрүнө каршы эреттиктердин ишин кароочу, XIII-XIX кылымда католик чиркөөсүнө жана феодалдык түзүлүшкө каршы чыккан адамдарды басуучу негизги күч. Ал өзгөчө Испанияда өкүм сүргөн. Инквизитор Торквемада 18 жылдын ичинде 1220 кишинин тирүүлөй өрттөгөн. 114 миң үй-бүлө жабыр тартткан инквизиция кесилгендин мал-мүлкүн чиркөөгө өткөрүп берип аны байытуунун булагына айланган.

Интеллегенция – акыл эмгеги, көбүнчө татаал чыгармачылык эмгек менен кылып, маданиятты өнүктүргөн жана жайылткан элдин коомдук катмары.

Искусство – адамзаттын рухий маданияты менен чыгармачылык кызматынын маанилүү элементи. Ага сүрөт өнөрү, музыка, театр, көркөм адабият, кино, архитектура кирет.

Иезуит – 1) Рим папасынын жана бүт алганда католик чиркөөсүнүн таасирин жана бийлигин чыңдоо үчүн XVI кылымда негизделген. «Исустун коому» деген өтө реакциячыл католик монархтын биринчи мүчөсү И. Накта чиркөөлүк чөйрө менен гана чектелип калбайт ал саясий жана идеялогиялык турмушка активдүү катышат. И-тин колунда ватикандын саясий жана диний багытын пропогандалоо үчүн пайдалануу үчүн көп тилде чыгуучу миңдеген газеталар менен журналдар жана ватикандын радиостанциясы бар.

Иерархия – төмөнтөн жогору карай, даражага- даражанын баш ийиши тартибинде жайгашкан кызматтардын наамдардын чиндердин системасы, И-ны катуу сактоо жеке башкаруучу мамлекеттерде жана чиркөө уюмдарында өзгөчө өнүккөн.

Илим – адамзаттын иш аракеттеринин маанилүү тармактарынын бири : коомдук аң-сезимдин формаларынын бири: табияттын жана коомдун өнүгүшүнүн закондору жөнүндөгү билимдердин системасы.

Империя – император башкарган монархиялык мамлекет. Курамына башка элдердин жерин зордоп, кошуп алган аймагы кеңири мамлекет, анын кай бирлеринде бир нече королдук империя деп аталат. Рим мамлекети кийин Византия, Франк мамлекеттери империя деп аталган.

Ислам – (мусулмандык) бир кудай-алла бар деп тобо кылуучу өтө көп таркалган диндердин бири. 7-кылымда Арабияда пайда болгон. И-дын негиз салуучусу Мухаммед (Магоммед) болуп эсептелет.

Ишеним грамотасы – мамлекеттин башчысы дипломатиялык өкүлгө аны ушул кызматка дайындаганда бере турган документ.

Кааба – (ар. Ка «б-куб, төрт чарчы») – Сауд Арабиясынын Мекке шаарындагы мечит; Мусулмандардын ыйык храмы, ажылык кылып барчу эң негизги айы. Мечиттин качан курулганы белгисиз. Ислам пайда болгуча эле жергиликтүү араб уруулары ал храмга сыйынып келген. Каабанын фундаменти мрамордон, дубалы боз таштан (узундугу 13 метр. Туурасы 12 метр, бийиктиги 15 метр). Анын күн чыгыш жаккы дубалынын сыртындагы текчеге кара таш коюлган, короосунда зам-зам суусу бар.

Каролингдер – улуу Карлдын ысымынан аталган Франк мамлекетиндеги королдор менен императорлор династиясы. 751-жылы Меровингдерди алмаштырып, X кылымга чейин бийлик кылган. Ал династияны Пипин Ланденский негиздеп, чөбөрөсү Карл Мартелл жана анын уулу Коодо Пипиндин бийлиги учурунда чыңдлган, Улуу Карлдын (768-814-ж. башкарган, 800-жылдын император) тушунда күчөгөн, 814-жылы бийлик анын уулу Людовик Благочествиге өтүп верден договору боюнча империяны улуу карлдын неберелери бөлүп алган. Империя кулагандан кийин королингдер Италияда 905-жылга, Германияда 911-жылга, 987-жылга чейин бийлик кылган.

Кириллица – эски славяндык эки алиппенин бири. Кириллица деген ат тунгуч славян алиппесин түзгөн славян агартуучусу Кирилдин ысымынан аталган.

Княз – ІX-XVI кылымда славян жана башка элдердеги феодалдык монархиялык мамлекеттердин башчысы : феодалдык ак сөөктөрдүн өкүлү : кийинчерээк дворяндык титул. Адегенде княз аскердик демократиялык органдарды башкарган улуу жол башчы, кийин алгачкы мамлекеттин башчысында айланган. Княздык мурда шайлоо аркылуу берилсе, кийин мураска өткөн. Рассия менен Литвада түзүлгөн, ири феодалдык мамлекеттердин башында турган княздар Улуу княздар деп аталган. Княздык титул 1917-жылы күчүн жоготкон.

Коммуна – орто кылымда өзүн-өзү башкарган жамаат.

Конфуций – Кун-цзы (б.з.ч, 551-479) байыркы Кытай ойчулу, конфуцийчиликтин негиздөөчүсү.

Крнфуцийчилик – Байыркы Кытайда пайда болуп, анын духовный маданиятына, саясий турмушуна, коомдук өнүгүшүнө эки миң жылдан көбүрөөк таасир тийгизген этикалык саясий окуу. Ал б.з.ч. VI кылымда түзүлүп, кийин анын шакирттери тарабынан өнүктүрүлгөн.

Коом – адамдардын материалдык турмушту өндүрүү процесинде негизделген мамилелердин жыйындысы; Коомдун пайда болушу адамдардын өндүрүштүк иш-аракеттеринин зарыл натыйжасы.

Кремель – байыркы Орус шаарынын борбордук бөлүгү. Жыл баянда 1331-жылдын белгилүү («Кремник»). XVI кылымга чейин «детинец», XVI-XVII кылымга чейин «город», «град» деп аталчу. Кремль көбүнчө дөңсөөгө дарыя же көл жээгине салынчу. Адегенде дубалы жыгачтан, тапурактан, XI кылымдан таштан, кирпичтне курула баштаган. Көп учурда айланасы тегерете аң менен курчалган. XVI-XVII кылымда Масквада, Тула, Коломна, Астрахань ж.б. шаарларда курулган. Кремль XIX кылымдын башынан согуштук-стратегиялык маанисин жоготуп, администрациялык борбор жана тарыхый көркөм ансамбль катары шаар комплекси болуп калган.

Крепостной укук – феодалдык мамлекетинин феодализм тушундагы дыйкандардын көз карандылыгын тоук жана аёсуз бекемдөөчү укук нормаларынын жыйындысы. Ал дыйкандарды бөлүп берилген жерлеринен кетишине тыюу салып, аларды тиешелүү феодалдардын административдик бийлигине укум-тукумуна чейин баш ийдирген. Крепостнойлук укук мамлекетти борборлоштурулуп, башкаруу шартында феодалдын айыл-чарба продуктуларын сатуу үчүн өндүрүүгө баытталган чарбасы менен барщинаны кеңейтүүнүн негизинде келип чыккан. Дыйкан-барщиникти жерге бекитүү. Анын качып кетишине жол бербөө максатын көздөгөн. Рассияда крепостнойлук укук XI кылымда пайда боло баштаган. Дыйкандар жер ээлерине мөөнөтсүз бекитилип, качкандарын 5-10 жыл ичинде таап, кожоюндарына кайтаруу жөнөндөгү закон колдонулган. Жер ээлерине баш ийбеген дыйкандарды уруп-сабоого жол берилип, Сибирге сүргүнгө айдоо, түрмөгө камоо тууралуу закон чыгарылган. Падыша өкмөтү дыйкан кыймылынын күчөшүнөн улам 1861-жылы крепостнойлук укук жоюлган.

Куликово салгылашуусу (1380) – Масква жана Владимир князы Дмитрий Донской баштаган орус аскерлери менен Алтын Ордонун башкаруучусу Мамайдын монгол-татар аскерлеринин Куликово талаасында болгон салгылашы.

Капитализм – өндүрүш каражатарына жеке менчик жана капиталисттер тарабынан жалданма эмгекти эксплуатациялоого негизделген кооидук-эканомикалык формация.

Капитолий – байыркы Рим жайгашкан жети дөбөнүн бири; К-де дворецтер, музейлер ж.б. бар. Римдеги эң байыркы К.храмы мына ушул жерге курулган.

Каста – мурака өтүүчү кесиптин жана укуктун абалдын биримдиги менен байланышкан адамдардын обочолонгон тобу.

Калониализм – капиталисттик державалардын баскынчылык талап-тоноочулук саясаты.

Калония – чет мамлекет тарабынан саясий жана эканомикалык өз алдынчалыгынан зордоо менен ажыратылган өлкө же аймак.

Коммуна – орто кылымдагы Батыш Европада шаардын өзүн-өзү башкаруу тиби.

Конфликт – карама-каршы таламдардын, пикирлердин, көз караштардын кагылышуусу; татаалдашууга жана күрөшкө себеп болуучу олуттуу пикир келишпестик, катуу талашуу.

Кароль – монархтын, королевствонун, феодалдык же буржуазиялык мамлекет башчысынын наамы.

Ланговарддар – (узун сакалчандар) – герман уруусу Б.з I кылымынан Эльбанын төмөнкү боюнда, IV-V кылымда Дунайдын ортоңку алабына жашап, 568-жылы Түндүк Италияга каптап кирген. Византиялыктар менен таймашып, Ломбардия, Тусцияны ээлеп, королдук орноткон. Кийинчерээк Сполето, Бенебентону каратып, өз алдынча герцогдук болгон. Ломбардия караткан эл-жерине кыргын салып, италиялык жер ээлерин кууп, мүлкүн тоногон. VI кылымдын аягы VII кылымдые орто ченинде Ломбардия уруу түзүлүшүнөн алгачкы феодалдык түзүлүшкө өтө баштаган. Ломбардиянын мамлекетинин 773-774-жылдары. Улуу Карл каратып алган.

Ливония – Лаивия менен Эстония аймагынын орто кылымдагы аты. Балтика деңизинин жээгин мекендеген лив уруусунун атынан аталган.

Ливон ордени – Тевтон орденин рыцарларынын диний жана аскердик-саясий уюму. Ливон Ордени XIII-XVI кылымда феодалдык мамлекет курап турган. Саулдагы салгылашта Кылыччандар орденин талкалагандан кийин түзүлгөн. Ливон орденинин аймагына герман рыцарлары басып алган. Чыгыш Прибалтикадагы латыш жана эстон жерлеринин 3 бөлүгү кирген. Ливон ордени XII кылымда немец феодалдары менен чыгыш Прибалтикадагы саясий гегемония үчүн ригалык архиепископторго каршы күрөш баштаган. Бирок Тевтон ордени талкаланган соң, андан кийин XVI кылымдын 20-жылдарындагы немец феодалдары менен эстон дыйкандарынын таптык жана улуттук карама-каршылыктары күчөп, Чыгыш Прибалтикада реформация ишке ашкан соң, Ливон ордени начарлаган. Ливон согушунун учурунда 1561-жылы Ливон ордени кулап, анын ордуна Курляндия герцогдугу түзүлгөн. Ливон ордени 1562-жылы 5-мартта биротоло жоюлган.

Лидер – 1) коомдук уюмдун башчысы, жетекчиси, 2) мелдеште озгон адам (мис., шахматтурниринин Л-и).

Литва улуу княздыгы – азыркы Литва менен Белларусиянын бир бөлүгүндөгү феодалдык мамлекет. IX-XII кылымда Литва жеринде Аукштайтия, Жемайтия ж.б. саясий бирикмелер түзүлгөн, аларда феод мамилелер өкүм сүргөн. Галиция-Волынь жыл баянында, орус-литва келишиминде Аукштайтия княздары башкарган литвалык-княздар союзу болгону эскерилет. Литва жери, Беларуссиянын айрым бөоүгү Миндозгдун жетекчилиги менен Литва улуу княздыгына биригип, немец крестүүлөрүнүн XIII кылымда күчөгөн агрессиясына каршы ийгиликтүү күрөшкөн. XIV кылымда ал бүт Белоруссия аймагын, Украина жана орус жерлеринин бир бөлүгүн сураган. Немец рыцарларына каршы күрөшү жана өз бийлигин чыңдоо максатында улуу князь Ягайло Польша менен Крев униясын түзгөн. Бул уния ЛИтваны Польшанын провинциясына айландыруу коркунучун туудурган, ошол себептүү Витовт башында турган литва жана айрым орус княздары Ягайлонун саясатына каршы чыгып, акыркы Витовтту Литванын улуу князы кылып көтөргөн; поляк жоокерлери жана чех отряддарынын колдоосу менен орус-литва аскерлери Грюнвальд салгылашында Тевтон орденинин рыцарларын талкалаган. XIV-XV кылымда феодалдык ири жер ээлик күчөп, үстөмдүк кылуучу тап калыптанган. Жапырт крепостной абалга түшүшү дыйкандардын көтөрүлүштөрүн чыгарган. XV кылымдын аягында пандар радасы түзүлүп, ал улуу княздын бийлигин контролдогон. Антифеодалдык чыгуулардын күчөшүнөн, таптык карама-каршылыктын ырбашынан , ошондой эле Рассияга каршы Ливон согушунда жеңилүүдөн улам Люблин униясы боюнча Ливон улуу княздыгы менен Польша речь Посполита мамлекетине бириккен.

Лицей – Батыш Европа , Латын Америкасы жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө жалпы билим берүүчү орто окуу жайынын бир түрү.

Лютерчилик – протезтантизмдин негизги агымдарынын бири. XVI кылымда Германияда Реформациянын жүрүшүндө пайда болгон. Ага М.Лютер негиз салган.

Легион – жөө аскерди жана аичан аскерди камтыган байыркы римдик аскер бирикмеси.

Лендлорд – сөзмө-сөз: жер лорду – орто кылымдагы Англияда артыкчылыгы бар аристократиянын ичинде ири феодалдык жер ээси.

Мавераннахр – Аму даррыянын оң өйүзүндөгү жерлердин орто кылымдагы жалпы аты. Бул ат менен кийинчерээк Аму дарыя жана Сыр дарыянын аралыгы атала баштаган. Мавераннахрдын байыркы ири шаарлары – Самаркан, Бухара, Хожент болгон.

Мавзолей – күмбөз – мүрзө үстүнө тургузулган монументтүү курулуш. Кария падышасы Мавсолдун бейитине курулган эстеликтен улам ушундай аталган. М.Байыркы Римде, орто кылымда Чыгышта кеңири таралган.

Маврлар – 1) байыркы заманда Мавританиянын жергиликтүү калкын римдиктердин аташы. 2) Пиреней жарым аралы менен Түн. Африканын батышындагы мусулмандардын (араб тилинин жерг. Диалектилеринде Батыш Европа орто кылымдадагы аталышы. Азыркы Мавритания калкынын бир бөлүгү да Маврлар деп аталат.

Магеллан кысыгы – Түш. Америка материги менен Оттуу Жер архипелагын ортосунда. Жээктери Чилиге карайт. Атлантика менен Тынч океанды байланыштырат. Узундугу 550 кмдей, эң кууш жери 3,3 км. Фарватердеги эң тайыз жери 31-33 м. Кысыктыгы 1520-ж. магелан ачып,м ал аркылуу өткөн.

Майорот – (майор деген сөздөн) – козголбоз мүлктү мураска калтыруу тартиби. Мында мүлккө ээлик кылуу укугу үй-бүлөдөгү же уруудагы эң улуу кишиге таандык болот. Мында укуктук салт азыр Англиядан башка жерде жоюлган.

Мамлекет – таптык коомдогу саясий бийликтин уюштурулушу.

Медиевистика – орто кылым тарыхын изилдөөчү илим .

Монархия – эксплуататордук мамлекеттерде башкаруу формасы болуп, анда жогоркн мамлекеттик бийликмамлекеттин жеке бийлөөчү башчысынын – мурастап алуучу монархтын колунда топтоштурулат. Кул ээлөөчү жана феодалдык мамлекеттерде М. Чектелбеген деспот катары чыккан.

Натуралдык чарба – алмашуу үчүн эмес, белгилүү бир чарбалык бирдиктин керектөөлөрүн канаатандыруу үчүн продукты өндүрө турган чарба.

Норманндар – VIII кылымдын аягы XI кылымдын ортосундагы кеңири эаспансия мезгилинде Скандинавия элдеринин Батыш Европага белгилүү болгон аты (Скандинавиянын өзүндө ал жортуулдарга катышуучулар викингдер, Рустав варягдар деп аталган).

Оброк – (алым) – помещиктер өзүнө күнкор дыйкандардан натуралай же акчалай жыйнай турган, феодалдык эзүүнүн негизги түрлқрүнүн бири, феодалдык жер рентасынын орусча аталышы. Кийинчерээк акча-товар мамлесинин өнүгүшүнө байланыштуу акчалай оброк басымдуу боло баштаган. Рассиядагы «дыйкандар реформасынан» кийин борщина оброк менен алмаштырылган. 1883-жылдын 1-январынан дыйкандардын жерди милдеттүү түрдө сатып алышына байланыштуу оброк жоюлган.

Обсерватория – астрономиялык, геофизикалык байкоо жана изилдөө жүргүзүүчү илимий мекеме. Алгачкы обсерватория байкоо пунктуу катары пайда болгон. Кийин асманда болуучу кубулуштарга гана байкоо жүргүзүлбөстөн, ал кубулуштарды пайда кылган процесстерди изилдей турган илимий мекемелерге айланды.

Омея династиясы – араб халифтеринин 661-750-ж. сурап турган династиясы. Мекендеги Курейши уруусунун Омейя тукумунан чыккан. Анын биринчи халифи Сириянын башкаруучусу Муавия 1-болгон.

Опричнина - опришнина - 1) падыша энчисинин 1565-72-жылдагы аты; 2) Иван IV Васильевич Грозныйдын өкмөтүнүн ошол жылдардагы ички саясатынын аталышы. Иван IV О-нын негизги максаты «заговорду» жок кылуу деп эсептеген. О. Княздык оппозиция менен күнөөсүз адамдарды ырайымсыз жазалоо аркылуу жүргүзүлгөн.

Орто кылым – бүткүл дүйнөлұк тарыхты менен жаңы тарых аралыгындагы мезгил.

Өндүргүч күчтөр – өндүрүш каражаттарынын жана аларды кыймылга келтирип жатышкан адамдардын жыйындысы.

Өндүрүш каражаттары – материалдык жыргалчылыктарды иштеп чыгаруу процессинде адамдар пайдалана турган эмгек предметтери менен VI XII-XIII VIII-XI IX II VIII VIII-XV XVI I I II VI III II I I III II IIII XVI II XIV II X-XI



























































Автаномия- ички мыйзам чыгаруу жана башкаруу иштерин өз алдынча чечүү укугу өзүн-өзү башкаруу.

Адат- жалпы көпчүлүк үчүн көндүм болуп калган каада-салт,жүрүш-туруш тартиби.

Акция- акционердик коомдо үлүшкө ээ экендигин далилдеген баалуу кагаз.Акция акционерге түшкөн пайданын бир бөлүгүн дивидент формасында алууга укук берет.

Альтернативалуу шайлоолор- бюллетение экиден ашык кишинин тизмеси киргизилген шайлоо.

Буржуазиялык улутчул- коммунисттик системанын өз элинин тилин,маданиятын,тарыхый салттарын коргогон адамдарга таккан жардыгы.

Бийликти бөлүштүрүү- мамлекеттин туура иштеш үчүн анда бири бирине көз каранды болбогон бийликтер:мыйзам чыгаруу (парламент),(аткаруу өкмөт) жана сот бийлиги болушу керек деп далилдеген концепция.Үч бийликтин бутагына көз каранды болбогон массалык маалымат каражаттарын «төртүнчү» бийлик деп аташат.

Граждандык коом- мыйзам тарабынан мамлекеттик бийлик органдарынын тике кийлигишүүсүнөн корголгон,эркин инсандардын жана граждандардын ыктыярдуу негизде түзүлгөн ассоцияциялары жана уюмдары.

Декларация-парламенттин,партиянын атынан кандайдыр бир жоболорду жана принциптерди жарыялаган билдирүү.

Диссидентчилик- кыйыр мааниде-башкача ойлоо.Тоталитардык режимдин официалдуу идеологиясына макул эместигин ачык билдирүү.

Илфляция- кагаз акчаларды ашыкча чыгаруунун натыйжасында,анын көбөйүп кетиши.Ал ошондой эле чыгарылган товарлардын азайышынан да келип чыгат.

«Келечеги жок кыштактар»-60-70-жылдардагы партиялык-мамлекеттик органдардын чечими менен белгиленген,анын эканомикалык жана социалдык өнүгүү пландарына ылайык келбеген майда кыштактар.

Конкуренция- товарды өндүрүү жана сатып өткөрүүнүн эң ыңгайлуу шарты үчүн, эң көп пайда алуу үчүн көз каранды эмес товар өндүрүүчүлөрдүн күрөшү.

Канфедерация- өзүнүн толук көз каранды эместигин сактаган жана канкреттүү белгиленген чөйрөдө бириккен,атайын органдарды түзгөн мамлекеттердин союзу.

Кансерватизм-кандайдыр бир калыптанган,эски нерселерге берилгендик.Саясатта бур термин эки түрдүү маани берет:жашап бүткөн көз караштардын, принциптерин жактоочусу же канкуренцияга көбүрөөк эркиндик берүүнү, мамлекеттин эканомикалык турмушка кийлигишүүсүн ар тараптан чектөөнү жактаган саясатчы.Ал ар түрдүү өлкөлөрдө жана ар түрдүү убакытта конкреттүү шарттарга ылайык колдонулат.

Кооперация-чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн материалдык жана акча каражаттарын бириктирген адамдардын ыктыярдуу бирикмеси.

Купон-баалу кагаздардын бөлүкчөсү.Мисалы,менчиктештирүү купону.

Коррупция- кызмат ордун жеке баюу максатында түз же кыйыр түрдө пайдаланууга байланышкан кылмыш.

Мажоритардык система-көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп жеңишке жетишкен кандидаи үчүн берилген добуштар гана эсепке алынып,жеңилип калган кандидат үчүн берилген добуштардын бардыгы керексиз болуп калган шайлоо системасы.

Манополия- малекеттин,уюмдун,фирманын жана башкалардын бир нерсе чыгарууга же сатууга чексиз укуктуулугу белгилүү тармакта үстөмдүк кылышы,бир нерсени өз карамагында бийлеп калышы.

Парламент-бийликтин жогорку өкүлчүлүк органы.Парламенттаризмдин шарттарында парламенттин алдыңкы ролун сактоо менен мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдарынын функциялары так бөлүнөт.

Плюрализм-көптүк,көп түрдүүлүк.Бул канцепцияга ылайык коомдо ар түрдүү партиялар, профсоюздук,диний,ишкер жана башка уюмдар өз ара аракеттенишет.Алар чыдамдуулуктун,өз ара сыйлашуунун демократиялык нормаларын сакташа,максатына жетүү үчүн күч колдонуудан баш тартат.

Преамбула – баш сөз.Алгачкы сөз,сөз башы,кириш сөз деген мааниде.Конституцияда жана башка маанилүү документтерде колдонулат.

Приватташтыруу же менчиктештирүү-мамлекеттик менчикти менчиктин башка формаларына ажыратуу.

Радикализм-тез чечүүчү чараларды жактоо менен мүнөздөлгөн саясий маанай.

Реабилитация- укугунан айрылган адамды укугуна кайра ээк кылуу.

Реквизиция-(талап алуу)жеке адамдын менчик байлыгын пайдалануу үчүн мамлекеттин зордук менен (бирок акысын төлөп)тартып алышы.

Репрессия- мыйсамсыз соттоо,массалык атуу, калктын айрым бөлүгүн, айрым элдерди куугунтуктоо.

Референдум – мамлекеттик маанилүү мыйзамдарды жана башка маселелерди жалпы элдик добуш берүү жолу менен кабыл алуу.

Саммит-конкреттү натыйжаларга жетишүү максатында кызыккан тараптардын ишкер жолугушуусу.

Сепаратизм-бир мамлекеттеги калктын айрым бөлүгүн өзүнчө бөлүнүүгө аракеттенүүсү.

Суверенитет-бир мамлекеттин ички жана тышкы саясатында башка мамлекетке көз каранды эместиги.

Танап-төрт тарабы 1820 чарчы метрдин айланасында болгон жер аянты.Гектардын алтыдан бир бөлүгү.

Тоталитаризм-тигил же бул максаттар үчүн коомдук турмуштун бардык чөйрөсүнө жана ар бир адамдын турмушун көзөмөлдүкө алууга умтулган система.

Унитардык мамлекет – аймакты борборлоштуруп башкаруу менен мүнөздөлгөн жана аймактык биримдиктерге(район,област) бөлүнгөн мамлекеттик башкаруунун формасы.

Федерация – мамлекеттик түзүлүштүн формасы.Анын курамына кирген конституциясы,мыйзам чыгаруу,аткаруу жана сот органдары болот.Ошону менен катар бирдиктүү федералдык бийлик органдары түзүлүп,бирдиктүү граждандык,армия,акча бирдиги,бажы кызматы жана башкалары болот.

Центризм – иш-аракеттердин консервативдүү,ошондой эле радикалдуу формаларынан баш тартуу,реформаларды,кайра курууларды акырындык менен жүргүзүүнү каалаган идеялык же саясий агым,коомдук маанай.

Шарият- мусулмандардын граждандык,үй-бүлөлүк,никелик,турмуш-тиричилик жана башка башка өз ара мамлелерин жөнгө салуучу нормаларды камтыган мусулмандык мыйзамдар жыйнагы.

Шовинизм – улутчулдуктун ашынган,агрессивдүү формасы.



Аболиционисттер- Америкадагы кулчулукту жоюу кыймылынын катышуучулары.

Абсалюттук манархия – Мамлекеттин башкаруу формасы,ага ылайык саясий бийлик бир адамдын-монархтын колуна топтолот.

Агрессия – Бир мамлекеттин же улуттун эркине жана аймактык бүтүндүгүнө,саясий көз каранды экинчи мамлекеттин куралдуу кол салуусу.

Апийим согушу-Ангилянын апийимди жана башка англиялык таварларды,өзгөчө кездемелердин алынып келишин мыйзамдаштыруу үчүн Кытай менен болгон согуш.

Аскердик-лендик система-Мамлекетте аскер аскер кысматын өтөгөнү үчүн жер алуу жана аны укумдан тукумга мураска калтырылуучу система

Африканерлер- Африканын Түштүгүндө европалыктардан негизинен галландиялык укум-тукумдан чыккан калоннистер өздөрүн ушундай атаган.

Байкот- Айрым адам, мамлекет жана башкалар менен кандайдыр бир мамлелерди токтотуп коючу күрөштүн куралы.

Бонопартизм- Тарыхый жактан таптардын ортосунда «жылмалоочу» саясий-согуштук диктатуранын формасы.

Генаралдык штат – XIV-XVII кк . Феодалдык Франциядагы сословиелик өкүлдүктүн жогорку органы.

Гомстед- Үй куруу үчүн жер,чарбак үлүш жер.

Граждандык согуш- Социалдык канфликтти чечүүнүн акыркы чегине жеткен курч формасы, бир мамлекеттин чегиндеги улуттук топтордун,социалдык топтордун,таптардын ортосундагы бийлик үчүн уюштурулган көрөш.

Доминнон – Калониялык империянын чегинде өзүн-өзү башкаруу укугун алган калония.

Диктатура- Мамлекетте бийликти ишке ашыруу системасын мүнөздөөчү түшүнүк, бийлик бир кишинин- диктатордун,же бир нече кишинин колуна топтолуп,мамлекеттик бийлик эч чектелбей куралдуу зомбулук,террор жолу менен жүргүзүлөт.

Зеамет- Ирандагы ири жер ээси.

Загавор(кутум)- Белгилүү бир саясий максатты көздөгөн,саясий күчтөргө кирген бир нече адамдардын бирөөгө же саясий бийликке каршы макулдашып уюшулушу.

Касталар- Индиядагы бири- бирине өтүүгө мүмкүн болбогон адамдардын тобуна бөлүнүүсү.

Концессия- Мамлекеттик иш кананы кимдир бирөөгө белгилүү мөөнөткө эксплуатациялоого өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим.

Коалиция- Эки же бир нече мамлекеттин жалпы душманга каршы саясий жана согуштук союзу.

Капиталистик монополия- Ири иш кана ээлери же иш канаа ээлеринин союзу тарабынан пайда табууну көбөйтүү максатында бир же көп өлкөлөрдө белгилүү бир тармактын бир кыйла же а түгүл басымдуу бөлүгүнө контролдук орноту.

Креол-Латын Америкадагы жергиликтүү болуп калган испандыктар.

Латифундия- Латын Америкасындагы ири жер ээлөөчү.

Луддизм – Жумушчулардын күрөшүнүн бир формасы машиналарды жана фабриканын имаратын талкалоо.

Мулат- Америкадагы европалыктар менен африкалыктардын никесинен туулган балдар.

Протекторат- Көз карандылыктын формасы,мында бир мамлекет коргойм деген шылтоо экинчи бир мамлекеттин тышкы саясий өз алдынчалыгынан ажыратат да өзүнүн резиденти аркылуу чындыгында анын иштерин кантролдойт.

Парламнттик манархия – Мамлекетти башкаруунун формасы;өкмөт каролдун алдында эмес,парламенттин алдында жоопту болушу.

Республика- Башкаруунун формасы мамлекеттик бийликтин жогорку органдары же шайланышат же жалпы улуттук өкүлчүлүк уюмдары тарабынан түзүлүшөт

Рассалык дискриминация- Адамдын рассалык тиешелүүлүгүнө карата укуктарын чектөө жана эзүү.

Ревалюция- Коомдун турмушундагы түп-тамырынан бери болгон буурулуш анын жүрүшүндө мамлекеттик бийликтин жана менчиктин үстөмдүк кылган түрүнүн алмашылышы ишке ашат.

Рассизм – Рассалардын жана элдердин теңсиздиги жөнүндө реакциячыл көз караш.

Сипайлар- Ост-Инд кампаниясы жергиликтүү индустардан жалданма армия түзгөн.

Саясий крисиз- Саясий бийликтин ишинин туруксуздугу, шайкеш келбестиги,эканомикалык процесстерде башкаруу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү.

Тайпиндер – Кытайдагы дыйкандар согушунун катышуучулары.Алар жалпы тең укуктуулук идеясын тараткан жана «Улуу жыргалчылыктын асман мелжиген мамлекеттин»түзүүгө аракет кылышкан.

Тең укуктуу эмес келишим – Күчтүү держава тарабынан андан алыс мамлекеттке бир жактуу түрдөө милдеттер таңуулаган келишим.

Теократия- Мамлекеттик юашкаруунун ыкмасы;мамлекетти башкаруу көбүнчө дин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.

Терроризм – Саясий күрөштүн ыкмасы;саясй жана башка каршылаштарын коркутуу максатында эч нерсе менен чектелбеген,зордук-зомбулуктун колдонулушу.

Тимары – Осмон империясында аскер кызматын өтөгөндүгү үчүн берилүүчү мураска калтыруучу жер.

Тимориат- Мураска калтырылуучу жердин ээси.

Шайлоочу мүлк цензи- Буржуазиялык мамлекеттерде шайлоо укугун алуу үчүн зарыл кирешенин же мүлктүн көлөмү.

Энциклопедия – Латын сөзүнөн келип чыккан,билимдердин,ыкмалардын чөйрөсүнө үйрөтүү азыркы учурда ар кайсы предметтер боюнча толук макалалардын сөздүгү.

Өнөр жай төңкөрүшү – Бул жумушчунун кол эмгегин алмаштырган машинанын ойлонуп чыгарылышы жана колдонулушу.

Янычарлар- Осмон империясындагы атайын даярдалган аскерлер.Алар осмондор басып алган аймактардагы христиан дининдеги балдардан түзүлгөн.



Автаритаризм – саясий бийлик жеке адамдын же бир нече ууч тайпанын колуна топтолуп,жалгыз адамга сыйынуу күч алып,анын иштери мыйзам тарабынан көзөмөлгө алынбайт.Мамлекеттик аппарат,армия, палиция өлкөнүн жетекчисинин жеке бийлигине баш ийет.Саясий партиялардын жана уюмдардын иш-аракеттерине тыюу салынат.

Аннексия- зордук-зомбулук жолу менен башка мамлекеттердин территориясын басып алуу.

Атентант-саясий кызыкчылыктардын негизинде бирөөнүн өмүрүнө кол салуу.

Базар эканомикасы – бул же тигил өлкөдөгө жалпы чарбалык комплекс.Анын өнүүгүсүнө ички жана дүйнөлүк базардын мыйзамдарына баш ийишет.

Баркыт ревалюциясы- КМШ жана Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөлөрүндө болуп өткөн тынч жана кансыз жол менен бийликтин алмашуусу.

Биржа- товарларды,баалу кагаздарды жана чет элдик валютаны дүңүнөн сатуу боюнча макулдашуу жүргөн базар.

Берлин дубалы – Германия Демократиялык Республикасынын бийлиги тарабынан СССР менен макулдашып,Батыш жана Чыгыш Берлиндин ортосуна 1961-жылы Чыгыш Германиядан Батышка жапырт кеткен(1945-1961-жж.3млн адам)элдин агымын токтотуу максатында бетондон курулган зым тикендүү дубал.

Дивиденд- акция ээлеринин акционердик коомдордун пайдасынын бир бөлүгүнөн алган кирешеси.

Диссидент – мамлекеттик саясий түзүлүшкө жана үстөмдүк кылган идеологияга каршы ой жүгүрткөн адам.

Дефицит – жетишсиздик,мисалы акча каражаттарынын же товарлардын тартышдыгы.

Демагогия – жалган убадаларды берип алдоо.

Доминион – мамлекеттин тышкы саясаты,соода жана коргонуусу метрополия тарабынан көзөмөлдөнүп,өзүн-өзү башкаруу укугун алган колония.

Дотация – ишкананын чыгашасын мамлекет тарабынан жабуу.

Иммиграция – чет мамлекеттин жарандарынын тигил же бул өлкөгө узак убакытка же биротоло жашоо өчөн көчүү процесси.

Инвестиция – акчалай жардам каражаттары.

Интеграция – кандайдыр бир өлкөлөрдүн,саясий уюмдардын же элдердин эканомикалык,саясий жана каржылык жактан биригүүсү.

Инфляция – кагаз акчаны сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөп кетиши.

Интервенция – бир же бир нече мамлкеттердин башка бир өлкөнүн ички ичтерине зордук-зомбулук жолу менен кийлигишүүсү.Ал согуштук,эканомикалык,дипломатиялык жана идеологиялык зомбулук болушу мүкүн.

Каржы капиталы – банктар менен иш каналардын биригип кетүүсүнүн натыйжасында пйда болгон капитал.

Картель- фирмалардын,компаниялардын,банктардын бирикмеси,алар өндүрүштүн көлөмү,базардагы товардын сатылышы жана баалар жөнүндө макулдашып,ошол эле учурда өндүрүштүк өз алдынчалыкты сактап калышат.

Камикадзе – (Япон тилинен которгондо –кудайдын шамалы)-1281-жылы Япон аралдарын басып алууга жөнөтүлгөн моңголдордун флотун учуруп кеткен боорор тарыхта ушдай аталып калган. Өлүмгө башын байлаган Япон учкучу.

«Көмүскө экономика»-жашап жаткан мыйзамдуулуктан сырткары жашыруун аракет кылган өндүрүш системасы.

коллаборационисттер – экинчи дүйнөлүк согуш учурунда басылып алынган өлкөлөрдө фашистик баскынчылар менен кызматташкан адамдар.

Комминтерин -1919-1943-жылдары өлүм сүргөн,каржылык жана уюштуру жагынан советтик Россиянын колдонсуна таянган, дүйнөлүк социолистик революциянын ишке ашырууну көздөгөн, ар түрдүү өлкөлөрдүн компартияларын бириктирген эл аралык саясий уюм.

Комин форм-коммунистик жана жумушчу партиялардын маалымат биоросу –Москванын Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн өстүнөн саясий жана идеялогиялык жетекчилиги.

Конвенция-эл аралык келишим ,конкреттүү маселе боюнча кол койгон мамлекеттердин ортосундагы өз ара макулдашылган укуктар жана милдеттер.

Ковергенция-жакындашуу,айрмачылыктарды жоюу ,мисалы,капитализм менен сотциолизмдин ортосундагы айырманы жоюу.

Консенсус-талаш маселелердеги макулдашуу ,бир пикирге келүү.

Контрибутция-согуш кеткен чыгымды жеңилген өлкөнү жеңген өлкөгө акчалай төлөөсү.

Конфедератция- өз алдынчалыгын сактаган,өзүнүн мамлекеттиек бийлик жана башкаруу органы болгон мамлекттердин биримдиги.

Кофрондатция-ишенимдердин ,саясий идеялык принциптердин ,сотциалдык системалалардын каршылашусу.

Концерн-мекеме бирмелеринин формалдуу түрдө өз алдынчалыгын сактап, иш жүзүндө борбордошкон каржы көзөмөлүнө жана жетекчиликке баш ийүүсү

Концентрациалдык лагерь-согуш туткундарын ,камактагыларды башкача обочо кармачу жай.

Либералдаштыруу- ар түрдү экономикалык иш аракетке,жана экономикалык категорияларга (баа,айлык-акы,валютанын курсу,пайыздык өлчөм) мамлекеттие көзөмөлүн алып салуу же басаңдашы;сыркы соода-ар кандай чектөөлөрдү алып салуу.

Лиценция-уруксатты күбөлөндүрүүчү документ

Мамлекеттик бюджет-мамлекеттин бергилүү бир убакытка (жыл,квартал,ай)акчалай кирешини жана чыгашаны бөлүштүрүүсү.

Милитаризатция-басып алуучу согушктарга даярдануу үчүн куралданунун күчөшү.

Миссионер-башка өлкөгө ,элдерге барып расмий диний иш жүргүзүүчү диний адам.

Мегаполис-индустриалык доордо пайда болгон гиганттык шаарлар.

Метрополия-көз каранды территориясы бар мамлекет

Модерндешүү-1)коомдогу реформалык жаңылануу жана сотциалдык өзгөрүү процесси;2)мамлекеттин коомдогу сапаттык өзгөрүүлөргө жетүү максатында алдынкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын баардык тармакта максаттуу пайдалануусу

Монополисттик бирикмелер-кандайдыр бир таврдын эң көп бөлүгүн өндүрүүнү жанав сатууну өз колуна топтогон ири чарбалык бирикмелер

Нобель сыйлыгы-Швед ойлоп табуучусу жана өнөр жай ээси А.Нобель тарабынан калтырылган каражаткан Швед академиясы тарабынан илим,техника жана адабият багытында алдынкы жетишкендиктер жана ойлоп табуулар үчүн жыл сайын берүүлүчү сыйлык.

Патент-ойлоп чыгаруучунун автордугун билдирүүчү күбөлүк

Патцифизттер-(латын тилинен которгондо -тынчтыкты сүйүүчүлөр )согушка жана зомбулукка каршы кыймылдын катышуучулары.

Педология-баланы психолгиялык,анатомиялык,-физиологиялык ,биологиялык жана сотциологиялык жактан изилдөөчү илимдердин жыйындысы

Постиндустрилдык-адамзат коомунун тарыхын ;индустрияга чейин (агрардык),индустриялык (өнөр жайлык)жана постиндустриалык (маалымат туулук)деп үч этабга бөлгөн сотциалждык –экономикалык жана саясий консепция.

Приватташтыруу-мамлекеттик менчиктин белгилүү бир шарттар менен бул же тигил коомго ,бирикмелерге ,тайпаларга жана жеке адамдарга өткөрүп берүү

Протекторат-көз каранды мамлекеттен саясий жана экономикалык өнүгүү маселелерин протектор - мамлекет (коргоочу)өзүнө алган колониялык көз карандылыктын формасы

Ратфикация-макулдашкан мамлкеттердин эл аралык келишимин жогорку мамлекеттик бийлик органдары тарабынан бекитүү

Реконверсия-тынчтыкка жана тынч турмушка өтүү

Репарация-согушка кеткен чыгымды жеңилген өлкөнүн жеңген мамлекетке төлөөсү

Репрессия-жабырт жазалоо түрү

Санкция-латын тилинен алынган , sanctio- эң катуу чара көрүү,уруксат алуу ,эл аралак келишимдерди бузган мамлекеттерге каршы колдонулат.

Сепаратизм- бөлүнүүгө ,обочолунууга аракеттенүү

Синдикат-капиталисттердин кандайдыр бир товарлардын сатуу максатында бириккен жөнөкөй монополисттик бирикмелери

Трест-монополиянын курасына кирген иш каналар толугу менен өндүрүштүк жана каржылык өз алдынчалыгын жоготуп ,жалгаз башкаруучуга баш ийген монополиянын эң жогорку формасы

Ультиматум-катуу чараларды эскерткен (согуш жарыялоо,дипломаттык,соода жана башка келишим мамилелерди бузуу)талаптарды коюу. Адатта ультиматумда күткөн жооптун убактысы белгиленет.

Фашизм-(терминдин теги италия –фаши-ячейка,союз дегшен маанини билдирет),-30-жылы. Европада пайда болгон чектен ашкан зордук зомбулукту,шовинизмди,расизмди,террордук бийликти,согушту даңазалап ишке ашырган саясий агым.

Фракция-парламентте кандайдыр бир партиянын саясий багытын жүргүзгөн уюмдашкан топ. Экинчи мааниде –саясий партиядагы жалпы программалык багыттан өзүнүн көз карашы жана платформасы менен бөлүнүп чыккан тайпа.

Холокост-жок кылуу , Гитлердик бийлик тарабынан 1933-1945-жылдары 16миллион адам концентратциалык өлүм лагеринде жок кылынган.(польшада –аушвиц,собибор,-блинка ,майданек,германияда –белзен,бухенвалд,дахау жана башка) геноцтук геноциддин курмандыктарынын 6 миллиону еврейлер болгон.

Хутор-дыйкан жаматтык чыккан кезде үйү жана чарабалары менен кошо бөлүнүп берилген жер тилкеси.

Экстремизм-чектен ашкан иш аракеттерге ,көз караштарга ыктоо.

Элита- коомдогу кайсы бир тармакта жогорку ,башкаруучу орунду ээлеген сотциалдык катмар.

Эмигратция-калктын өз өлкөсүнө башка өлкөгө узак убакытка же биротоло көчүп кетүүсү.



Кыргызстандын тарыхы 9-класс.

Документүү материалдар.

  1. 1916-жылдын 8-июлундагы Түркстан крайы боюнча буйруктан : Согушуп жаткан армиянын районунда Россиялык империянын аскер милдетинен бошотулган бөтөндөрдүн жана асыресе Түркстан крайынын калкын азыркы согуштун убагында коргонуу курулуштарын жана аскердик катнаштарды куруу боюнча иштерге тартуу жөнүндө Улуу Урматтуунун буйругу 25-июнда чыкты.Жакын арада негизинен 19 жаштан31 жашка чейинки жергиликтүүлөр кабыл алынууга тийиш.Чакырылгандардын баардыгы акы алып иштешет жана казына тарабынан багылат.Аскер губернаторлоруна жана Заказбий облусунун начальнигине бул жөнүндө тийиштүү көрсөтмөлөрдү берип,мен крайдын ушул убакка чейин улуу жоопту согуштун жүгү жүктөлбөгөн жана азыркы убакта Улуу Урматтуунун каалоосу менен армиянын тилинда эмгекке чакырылып жаткан жергиликтүү калк чакырыкка толук даярдык менен келишет,андан кийин анын жогорку жол башчысы таксыр император жүргүзүп жаткан жеңиштүү орус армиясынын аракеттеринин тылдагы районунда өзгөчө кубат менен иштей тургандыктарына ишенгендинһгимди билдиремин.

  2. Жусуп Абдрахмановдун «Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө» китебинен : Көтөрүлгөн массалардан Кропаткин жетишерлик чоң коркунучту көргөн,ошондуктан ал өзүнүн замбиректери жана пулеметтору бар солдаттарына гана эмес,ошондой эле Орто Азиянын биринчи жолу басып алгандардында «тажрыйбасына» таянууну зарыл деп тапкан.Ошол эле Фольбунга жиберген телеграммаларында ал:Фольбаумга карганда каруу күчү аз полковник Колпаковский мындан 52 жыл мурда Верныйга (Алматыга) таандай каптап чабуул коюп келе жаткан колду тайманбай утурлай чыгып,ал колдорду Кастек ашуусунда баш көтөргүс кылып талкалагандыгын генералдар Черняев,Романовский,Кауфман жана Скобелев Сыр-Дарыя,Самарканд,Фергана облустарын көп каруу-күчсүз басып алышкандыгын айткан жана Фольбаумга алардан өрнөк алууну сунуш кылган.Бул аскерлердин көбү көтөрүлгөн кыргыздарга каршы жиберилген,анткени,көтөрүлүш Түркстандын эч бир жеринде Ысык-Көл,Нарын аймактарындагыдай жана Чүй өрөөнүндөгүдөй айыгыша жүргөн эмес. Кыргыздардын эки уезди үчүн Крупаткиндин таш боордуктун бөтөнчө чарасын көрүүнү-кыргыздарды акыры бир таман жеринен кол жуудурууну чечиши көтөрүлүштөн мына ушул мүнөзү менен түшүндүрүлөт.

  3. 1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшү жөнүндө 1916-жылдын 3-сентябрында Г.И.Бройдонун Ташкен шаарынын Сот палатасынын тергөөсүнө берген далилдеринен: ..................көтөрүлүш-падыша өкмөтүнүн андан аркы колонизатордук иш аракеттери үчүн кыргыздарды тып тыйпыл кырып салып жерин бошотуп алууга багытталган жогорку бийлик менен бирге (Ташкен менен Жети-Суу ) бүткүл администрациянын кара ниет чагымынын натыйжасы.Акылга сыйбаскыйанаттык менен берилген буйруктар администрациянын төбөлдөрүнүн жалган түшүндүрүүлөрү келгин орустардын колтугуна суу бүркүүалардан отряд түзүү кунсуз киши өлтүрүүлөр жазасыз ээнбаштык-мына ушунун баары көтөрүлүш чыгарды демиш болуп «кыргыздарды кырып -жоюуга» багытталган.Полиция тарабынан куралдандырылып жана уюштурулган аскер отряддары менен дыйкандардан түзүлгөн кошуундардын иш аракеттеринин аркасында крайдын администрациясы улам толукталып келип жаткан аскерлердин көз алдында кыргыз калкан душман катары көргөзүү менен кырдаалды билгичтик менен улам күчөтүп курчуткан.

  4. Белек Солтоноевдин «1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшү» китебинен: ...........Чүй,Кочкор,Ысык-Көлгө түн катып жашынып түшкөн качкындарды сенде баландай акым бар,малымда айдап кеткенсиң,баланча мужукту өлтүргөнсүн деп малын төлөтүп,малсыз болсо көбүнчө өзхүн өлтүрүп,катыны сулуу болсо,Алматыдан барган казакка ,таранчы,дунганга сатып турду.Кыз келинин Токмок,Пишпек,Караколдон же орустун колуна түшкөндөй сатып алып,Алматыга алып барып,падага сатуу казак менен таранчыга кесип болду.Мужуктун өлтргөнүнө,талаганына чыдай албай Алматы дубанына,Пишпекке,Олуя-Ата,Таласка,Кетмен-Төбөгө качты.Кайтадан Кашкар,Турпанга кеткени дагы болду.Кышкы суукта үстүндө кийими,ичүүгө тамагы жок болгону үчүн көп кырылды.Жалгыз жүргөндөрүн карышкыр жеди.Келте,котур каптады.Жол үстү тоо арасы,ашуулар,жар түбүндө,таш түбүндө өлүп жаткандардын эсеби жок,буларга жардам кылган болбоду.Токмок,Пишпекте жана кыштактарда көчөдө баса албай жүргөн,ачкадан жана оорудан баса албай келе жаткан качкындарды итине талатып өлтүргөн мужуктар да болду.

Документүү материалдар:

  1. Мекенине кайтып келе жаткан кыргыздардын өтүнүчүнөн: Баардыгыбыз тоодо жашап,ачарчылыктан кырылуудабыз,эч нерсебиз жок нан беришпейт....жолго чыксак,кайтып келүүгө дарманыбыз жетпей,кырылып калчудайбыз.Эркиндик,адилеттүүлүк жана тең укуктуулуктун атынан биздин тагдырыбызга назар салууңуздарды өтүнөбөз,бизди коргоп,сактап калгыла.

  2. 1917-жылдын 5-апрелиндеги Пишпек оезундагы Шамшы болуштугунун кыргыздарынын телеграммасынан:Биздин кыргыздардын жерлерин тартып алышып,айдап салышууда,токойлорду кыйып,талааларыбызды тыйпыл кыла,кыргыздарды кырабыз деп үркүтүп-кокутууда,бул жерде бизди коргой турган бийлик да адам да жок.

  3. 1917-жылдын 15-августундагы Пержевалск оезундагы кыргыздардын телеграммасынан: Прежевалск оезундагы кыргыздарды оокаттуу орустар аеосуз кырууда.Күн сайын талап-тоноо жана өлтүрүүлөр болууда.Кыргыз эли жеринен конуш алууга укуксуз болуп калууда....эч кандай каражат жана боз үйлөр жок,өлүм,ачарчылык,дээрлик бардыгы өлүм коркунучунун алдында.Кыргыздарды сактап калууңуздарды суранабыз.

  4. Түркстан комитетинин Пишиек аткаруу комитетине жөнөткөн телеграммасынан: Убактылуу өкмөт учредителдик чогулуш өткөрмөйүнчө кыргыздардын жерин башкаларга да,өзүлөрүнө да кайтарып бербөөнү чечти.Кокус кырсыктан сырткары болдушуңар үчүн силер да жер маселелерине түп кийлигишпөөңөрдү Түркстан комитети талап кылат.

  5. 1917-жылдын 13-июнунда Пржевалск советинин Түркстан крайынын жумушчу жана солдат депутаттарынын советине жөнөткөн телеграммасынан: Ач кыргыздарда өлүм житим көбөйүүдө.Пржевальскиде 100 миң путтан ашык эгин бар.Силер Түркстан аткаруу комитетинен эгинди тез арада кыргыздарга бөлүп берүү жөнүндөгү буйрук чыгаруусун талап кылгыла.Акыбалды жакшыртуу үчүн эгин таратуу советин түзүүдөбүз.

  6. Ысык-Ата болушунун ишенимдүү адамы Акмат Каныбаевдин 1917-жылы июнда чыгып сүйлөгөн сөзүнөн: Биздин Ысык-Ата болушунда коом үчүн зыяндуу манап Исак Шайманов бар,ал такай алдамчылык кылып букараларды тынч жашатпай жатат.Ошондуктан мага ишеним көрсөткөндөр Шаймановдун кысымынан кутулуу үчүн өз алдынча болушту түзүүнү чечишти.

  7. Казак окумуштуусу Мухаммеджан Тынышбаевдин 1917-жылдын 18-декабрында «казак» гезитине жазган билдирүүсүнөн:.....жол ката кыргыз эли мал жанынан айрылган,эптеп алып качканы бирин экин кийиз,он чакты уук,казан аяк,бирин экин мал сыяктуу бирдеме,жолдон аман калган малын барган жериндеги калмактар тартып алган,үй-жайын тоногон,андан калгандарын ачкачылыктан өлбөөнүн амалында өздөрү сатып жиберген.Кулжадан (текес) косул Продянский калмактарды жана андан башка жергиликтүү реакциялык топторду кыргыздарды ээн эркин тоноого кое берсе керек.Аны далилдеп,Петрограддга дилгирем согуп,консулду ишинен алдырдык.

  8. Эл коммиссарлар советинин 1917-жылы 2 (15)-ноябрда кабыл алган «Россия элдеринин укуктарынын декларациясынан»: Эл Комиссарлар Совети улуттар жөнүндөгү маселе боюнча өзүнүн жүргүзө турган ишинин негизине төмөнкө башталыштарды коюну чечти:

  1. Россия элдеринин тең укуктуулугу жана өз алдынчалыгы.

  2. Россия элдеринин бөлүнүп чыгуу жана өз алдынча мамлекет түзүүгө чейинки өз тагдырын өзү чечүү укугу.

  3. Баардык ар кандай улуттук жана улуттук-диний артыкчылыктары менен чектөөлөрдү жоюу.

  4. Россиянын территориясында жашаган улуттук азчылыктардын жана этнографиялык топтордун эркин өнүгүшү.

  1. Эл Комиссарлар Советинин 1917-жылдын 20-ноябрындагы (3-декабрь) «Россиянын жана Чыгыштын бардык эмгекчил мусулмандарына» деген үндөөсүнөн: Мындан ары силердин диний ишенимиңер жана үрп-адатыңар,силердин улуттук жана маданий мекемелериңер эркин жана кол тийгис болуп жарыяланат.Зүңөрдүн улуттук турмуш-тиричилигиңерди эркин жана тоскоолсуз жүргүзө бергиле.Буга силердин укугуңар бар.Россиянын бардык элдеринин укуктарындай эле,силердин укугуңар революциянын жана анын органдарынын-жумушчу,солдат жана дыйкан депутаттарынын Советтердин бардык күч кубаты менен коргол турганын билип койгула.

  2. Пишпек оезунун Военно-Антоновка куыштагынын дыйкандарынын Советтеринин облустук съездине 1918-жылдагы наказынан: Биз,Военно-Антоновка кыштагынын граждандары,мусулмандары эгин эгүүчү дыйкандар менен бирдей жайлаштырууну талап кылабыз,атап айтканда,мурдагыдай,эски тартип кезиндегидей болбосун үчүн мусулман граждандарды кыштак-кыштак кылып жайлаштырууну же аларга жаңы кыштактарды курууну талап кылабыз,анткени,эски тартип кезинде кээ бирөөлөр суусу бар өтө ыңгайлуу жерлерге жайлаштырылып,ал эми экинчи бирөөлөр болсо таптакыр суусуз талааларга жайлаштырылган болчу.Ошондуктан,сугат жерлерди тең бөлүп,бардыгы бирдей пайдаланышы үчүн мусулман граждандарын бүт бойдон орустар менен катарлаш жайланыштырууну өтүнөбүз.



Документүү материалдар:

  1. Түркстан крайынын Эл Комиссарлар Советинин «Түркстанский вестник»газетасын жабуу жөнүндөгү 1917-жылдын 12(25)-декабрындагы буйругунан:Жумушчу жана дыйкан өкмөтүнүн «басма сөз жөнүндөгү декретин» бузгандыгы үчүн «Түркстанский вестник»газетасы жабылат жана мүлкү конфискациялан.

  2. Пишпек уездинин большевиктик фракциясынын эсерлердин партиясын жоюу жөнүндө большевиктик фракциянын чукул заседаниесинин протоколунан:Большевик-коммунисттердин катарына кошулбаган солчул эмес,анын душманары катаары ттаанылсын жана жоюлсун,аталган партияны Пишпекте жана Пишпек уездинде мындан ары жашоосун токтотту деп жарыялоону,чогулуштарына тыюу салууну Атомго сунуш кылат.

  3. Ж.Абдрахмановдун «1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү жөнүндө» деген китебинен: Октябрь революциясынан кийинки алкачкы мезгилде.....улуттук маселе жагынан.....алдыга койгон милдеттерди Түркстан Советтеринин 3-съездинде жолдош Таболин......төмөнкүдөй декларацияны жарыялайт: «Азыркы учурда крайлык революциялык бийликтин жогорку органдарына мусулмандарды тартуу орунсуз,анткени жергиликтүү калктан солдат,жумушчу жана дыйкан депутаттарынын Советинин бийлигине карата мамлеси калып турат,экинчиден,жергиликтүү калктын арасында таптык пролетардык уюмдар жок,крайлык жогорку бийлик органдарында алардын өкүлдөрү болсо,фракция аны куттуктамак эле».Ошондуктан,ал кездеги Түркстан большевиктеринин мыкты өкүлдөрү топтолгон Ташкенде....улуттук маселени чечүү.......ачык эле колонизатордук маанайда коюлган соң Жети-Суу жана Кыргызстандын түштүгү сыяктуу алыскы аймактарда кандай абалда турганыбызды элестетүүгө болот.......улуттук маселени большевиктик негизде чечүү маанисинде алганда радикалдуу чараларды көрүү гана эмес,ошондой эле,кыргыз элине каршы кулактардын зордук-зомбулугун токтотууга да жөндөмсүз болгондугун айтып өттүм,ал зордук-зомбулук Совет бийлигинин түзүлүшүнүн алгачкы мезгилинде да улантыла берген........контрибуция,конфискация,реквизиция деген ж.б.у.с.жаңы бийликтин актылары жергиликтүү калктын бүткүл массасына каршы багытталып калган,натыйжада.......жергиликтүү калктын эмгекчилеринин белгилүү бөлүгүнүн жакырданышына алып келген.Убактылуу өкмөтткө жана куйруктарына каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн партизандар отряддары(Муравевдин,Мамонтовдун ж.б отряддары) өзүлөрүнүн соккусун бир эле убакта жергиликтүү тургундарга да каршы багыттап калган учурлар көп эле болгон.

  4. Граждандык согуштун катышуучусу В.И.Першковдун эскерүүсүнөн: Бизге,Быстровка болуштугунун Орловка кыштагына бир киши келип жыйын өткөргөнү эсимде.Ал большевиктик үгүтчү экен(аты-жөнү жок).Коминистер партиясынын праграммасы жөнүндү сүйлөгөн сөзүнөн кийин,ал мындай деди: «Ким Комунисттер партиясы,Ленин үчүн болсо сол жакка,ким эсерлер үчүн болсо оң жакка тургула».Жыйындын көпчүлүк катышуучулары жаштар,майдандан келгендер,ошонун ичинде мен,сол жакка турдук,ондон ашык байлар жана оокатуулар оң жакка турушту.Тартиптү топ тигил топко да,бул топко да кошулбай,турган ордунда калды.Ушундай эле жол менен большевиктик топтор Быстровка болуштугунун башка кыштактарында,Быстровканын өзүндө,Акбекеттке,Атакейде,Березовкада,Михайловкада жана башкаларда да болуп өттү.









Документтүү материалдар

  1. 1920-жылы 19-25-сентябрдагы жалпы Түркстандык Советтердин IX съездинин «Жер маселеси боюнча» резолюциясынан:

12.Басып алуучулук маанайларды ооздуктоо максатында колониялаштыруу учуруна бардык орус кыштактарынын жерди жана сууну пайдалануу укугун жергиликтүү калк менен теңештирүү керек.

13.Келгиндерге эмгек нормасы боюнча жерлерди калтыруу менен баардык ашыкча жерлери алынат жана биринчи кезекте,жергиликтүү калк үчүн жерге орноштурууга берилет.

14.Көтөрүлүш үчүн падыша өкмөтү тарабынан куугунтукталган жергиликтүү калк өзүнүн мурдагы жашаган жерлерине кайтып келет жана биринчи кезекте 1916-1918-жылдадагы окуялар мезгилинде орус келгиндери тарабынан өз алдынча басылып алынган жерлерден берилет

15.Түркстандын территориясына ар кандай көчүрүп келүүлөргө,ошондой эле республиканын жерлерин өз алдынча ээлеп алууларына,сөзсүз жол берилбейт.

16.Отрукташууну каалаган көчмөн калкка жалпы негизде жерлер бөлүнүп берилет.

17.Кыштоо жерлери жана жайыттар бир чарбадагы малдын санына жараша теңдештирилип бөлүнүп берилет,бирок жерлер мал чарбачылыгынын нормалдуу керектөөлөрүнөн төмөн болбоого тийиш.

18.Республиканын көчмөн калкы малын айдап өтүү үчүн мал айдоо жолдору камсыз кылынат.

2.1927-жылдын 12-ноябрындагы Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин жер реформасын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү декретинен: жерлердин төмөндөгү категориялары толук алынып,муктаж болгон жерсиз жана жери аз дыйкандарга берүү үчүн мамлекеттик жер фондусуна өткөрүлүп берилсин: а) сугат жеринин аянты 32 гектардан ашкан чарбалардын бардык жерлери: б) дайыма айдалуучу кайрак жеринин аянты 75 гектардан ашкан чарбалардын бардык жерлери: в) вакуфтарга тиешелүү болгон жерлер: д) өз күчү менен иштебеген чарбалардын жерлери; е) чет өлкөгө качып кеткен граждандардын жерлери; ж) ушул район үчүн эмгек нормасынан ашып калган жерлер алынсын.Алынган жерлер жынысына,улутуна карабастан дыйканчылыкты кесип кылган калкка өткөрүлүп берилсин. Жер-суу реформасын өткөргөн кезде жерге жана сууга болгон жеке же уруулук менчиктин чыныгы укугунун дагы да сакталып калган калдыктары биратоло жоюлсун.

Документүү материалдар

  1. Түркстан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин чукул чакырылган ІІІ сессиясынын 1924-жылы 15-сентябрдагы улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү жөнүндөгү токтомунан: Жумушчулар менен дыйкандардын Октябрь революциясы феодалдар, дворяндар,помещиктер жана капиталиттер тарабынан эзилген элдин жана кул болгондордун бардыгын азаттыкка чыгарды. Эмгекчилерди көп кылымдар бою кулчулукка тушап турган оор чынжыр үзүллдү.Мурдагы падышалык империянын эзилген элдери толук эркиндикке ээ болушту,революциядан кийин өз алдынча болууга чейин улуттук өз тагдырын өзү чечүү укугун алды.

Жети жылдын ичиндеги революциячыл алп күрөш жана жаңы коомду куруу эмгекчилерге эң зор жеңип алууларды алып келди.Советтик Социалисттик Республикалар Союзу азыр баардык советтик республикалардын тең укуктуу элдеринин биргелешип жашаган эң кубаттуу коомдук турмушуна айланды.Азыр Советтик Социалисттик Республикалар Союзу улуттук теңсиздиктин жана кулчулуктун бардык калдыктары түп тамырынан бери жок кылынган дүйнөнүн бирден бир бөлүгү болуп саналат.Падышачылыктын тушунда укуксуз колониялык кулдардын абалында болгон Түркстандын элдери азыр эркин жана тең укуктуу, эмгекчилердин күч-аракети менен өз мамлекеттерин куруп жатышат. Улуттук азаттыкка жетишип, маданий жана экономикалык курулушту кыйшайуусуз кеңейтүү жана чыңдоо менен, жумушчу дыйкан бийлигинин негизин бекемделген Түркстандын элдери Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын бир түрдүү улуттук мамлекеттер кылып кайра түзүүгө толук мүмкүндүк бере турган шарттарга жетишти.

  1. Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшү жөнүндөгү Декларациядан ( 1927-жыл, март): Азыр Советтердин биринчи уюштуруу съездинде Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын жарыялоо менен Кыргызстандын эмгекчи массалары бардык Советтик Социалисттик Республикалардын эмгекчилеринин улуу үй-бүлөсүндө бөлүнгүс мүчө болуп кала берет жана Кыргыз АССРинин территориясында жашаган баардык улуттардын толук тең укуктуулугун экономикалык жана маданий жагынан ийгиликтүү өнүгүүнүн зарыл шарты деп эсептейт...Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республиканын эмгекчилери бардык эмгекчилер менен тыгыз бирдикте келечектеги бүткүл дүйнөлүк пролетариаттык революциянын тиреги – Советтик Социалисттик Республикалар Союзун чыңдоого жана өнүктүрүүгө бүт күчүн жумшайт.



Документүү материалдар

  1. Жусуп Абдрахмановдун Сталинге 1925-жылдын 5-майында жазган катынан:

Кара-Кыргыз коммунисттери Орто Азиядагы улуттук-мамлекеттик бөлүнүүнү бирдиктүү түрдө эмес, жаатташууларга жиктелген түрдө, б. а. Аны жактаган жана ага каршы болгон жагдайды тосуп алышкан.Бирок Кара-Кыргыз Автономиялуу облусун түзүү жөнүндө маселе айкындалып,тийиштүү партиялык инстанциялар чечим кабыл алышкандан кийин,кара-кыргыз коммунисттеринин ортосундагы күрөш башкача мүнөзгө өтөт: Кара-Кыргыз Автомомиялуу облусунун РСФСР дин курамына киришин жактаган да,каршы да пикирлер айтылат.........Кара-Кыргыз Автономиялуу облустук Уюштуруу бюросу облустук советтик жана округдук партиялык-советтик органдарды түзүү боюнча практикалык ишке өтүп,өз алдынча кызматкерлерди ишкердик сапаты боюнча тандоо милдетин коюп,РКП(б) Кара-Кыргыз уюмунун ичиндеги жаатташууларга каршы күрөшкөн............Кара-Кыргыз Автономиялуу облусту сыяктуу жаш облуста,менимче,кызматкерлерди ишке жөндөмдүүлүгүнө жана керт башынын тазалыгына карап тандоого көп нерселер байланыштуу..........

Жергиликтүү калктын коммунисттеринен чыккан кыйла даярдыгы бар кызматкерлерди жоопту кызматтардан четтетүүнү жана төмөндөдөн көтөрүү урааны азтында өз милдетин аткара албаган кээде масса алдында партияны жана Совет бийлигин жаманатты гана кыла турган тандоо-мени гана эмес,башка көптөгөн коммунист-кызматкерлерди да муну европалыктар тарабынан дартка чалдыккан усул деп ойлоого мажбурлайт.

  1. Жусуп Абдрахмановдун РКП(б) Борбордук Комитетине 1926-жылы жазган катынан:

Өзүнүн уюштуруу ишинде РКПнын Кыргыз Обкому эң коркунучтуу жолго-жергиликтүү революциячыл күчтөргө,кызматкерлердин жергиликтүү кадрларына ишенбөөчүлүк жолуна түшкөн.Обком төбөлдөр жаатчылыктарын өчөгөштүрүү жолуна жана партиялык тарбиянын методдорун этибарга албай,ушул төбөлдөр жаатчылыктарына каршы күрөшүү ишинде администрациялык-бюрократтык (хирургиялык) манипуляциялоо жолуна түшкөн.Мында өтө баёо жана партия үчүн натура натыйжаларга жык толгон абалын чыңдоо үчүн обком бардык ыкмаларды айрым жергиликтүү кызматкерлерге сыртынан жасалма камкордук көрүүдөн тартып,партиянын айрым ураандарын,массаны, советтик аппаратты батрактардан түзүү деген ураанды жаатчылык күрөшүү үчүн курал катары пайдаланууга ейинки ыкмаларды колдонду.Ал гана эмес,өзүнүн күндөлүктүү ишинде Обком Облаткому ар кандай демилгеден ажыратып,факт жүзүндө Облаткомдун ишин басып келген.Ушунун баарынын натыйжасында массалардан(партиялык жана партияда жок массалардан) ажыроо менен РКПнын Обкому чындыгында «абройго» өтө коркунучтуу,ошондуктан бекем эмес жана азыраак абройго ээ болду.

  1. «Отуздун» катынан: Орто Азиядагы улуттук бөлүштүрүү жана Кыргыз Автономиялуу облусун түзүү кыргыз элинин арасында биримдикти киргизүүгө,акырындык менен уруулук араздашууларды жана падышалык өкмөт иарабынан алыскы жет жакаларда узак жылдар бою жүргүзүлгөн колониялаштыруу саясатынын натыйжасында келип чыккан бардык топторду акырындык менен жоюуга алып келүүгө тийиш эле.........партиялык советтик аппарат топтук принцип боюнча Обкомдун жетекчи төбөлдөрүнө тигил же бул кызматкерлердин жакындыгы жана жеке байланышына жараша түзүлдүү.Ушундай иштердин натыйжасында иште бекемдик, ачыктык жана өз ара мамлелерди жакшыртуу зарылдыгы киргизилбей гана калбастан, дагы көбүрөөк ички партиялык топтук күрөш,өзгөчө массалардын арасындагы уруулук көрөштүү күчөтүп, иштин толук бузулушуна жана жакшы болгон учурда бир ордунда топтоп турууга алып келди.Ошол эле учурда жеткиликтүү тажрыйбасы бар, иштин жергиликтүү шарттарын жакшы билген жана жер-жерлерде партиянын жана Совет бийлигинин багытын жүргүзүүгө пайдасы тие турган жергиликтүү бир катар кызматкерлерди четтетүү багыты ачык көрүндү.......Мындан тышкары, Обкмдун жетекчилигинин майда-чүйдөсүнө чейин тескөөчүлүгү жана Советтик аппараттын техникалык иштерине да кийлигишүүсү көбүрөөк сезилүүдө,советтик жана партиялык аппараттын ищиндеги чек коючулук эч кандай байкалбайт,анткени обком бардык маселелер,анын ичинде,квартиралардан чыгарууга чейинки маселелер менен алектенет, бул ишти чатташтырат жана кеңири эмгекчи массалардын алдында анын кадыр-баркын төмөндөтөт.Советтик жана партиялык иштерге катуу чек коюу боюнча партиялык съезддердин жана конференциялардын чечимдери эч кандай көзөмөлгө алынбайт.Айрым адистерди Обкомго чакыруу жана бөлүм башчыларын аттап өтүп аларга тапшырма берүү орун алууда, албетте, бул жолдоштордун партияда жок кызматкерлердин алдында кадыр-баркын төмөндөтөт.Советтик иштер боюнча РКП(б) Обкомунун башаламан жана шашылыш көрсөтмөлөрү өндүрүштүн кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн иштин план ченемдүүлүгүн бузат.

  2. РКП(б) БКнын Ортозарбюрону Аткаруу Комиссиясынын 1925-жылдын 29-30-июлдагы токтомунан: а) Сыдыковдун үч жолу партиядан чыгарылгандыгы,топторго катышкандыгы жана партиялык мектепке каршы чыгарууларын токтотпогондугу,партиялык уюмдун,ошондой эле, советтик органдардын ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн текшерүү боюнча камиссиянын чыгарган чечими көңүлгө татырлык деп таанылсын-анын партиялык абалы жөнүндөгү маселе чечилди деп эсептелсин жана ошону менен бирге аны Кыргыз Автономиялуу облусунда туруусу мүмкүн эмес деп таанылсын: б) Арабаевге,мурунку молдо,топтун жигердүү уюштуруучусу, партиянын саясатын жана тактикасын билбейт жана билүүнү да каалабайт, аны советтик иште пайдаланууга мүмкүн деп эсептеп, чыгарат: в) Янгулатовго, Айдарбековго, Артыкбаевге катуу согуш жарыяланат.Алар Ортозарбюронун карамагына чакырылат.Алымбеков катуу сөгүш менен окууга жиберилди.Худайбергенов, Жумагулов, Мураталин, Дербишев, Чоңбашев, Абуканов, Зульфибаев, Кулумбаев, Орозбеков катуу сөгүш алышты.Кудайкулов уяткарылды, а Николаевге болсо топтук күрөшкө катышкандыгы үчүн партиялык иш боюнча катуу сөгүш берилип, облустук саламаттыкты сактоо бөлүмүндөгү кызматынан алынды. Ал Нарын шаарына катардагы дарыгер кылып жөнөтүлдү



Документтүү материалдар

  1. 1926-жылдын мартында Орто Азия Бюросунун Пленумунун «Орто Азия республикасындагы өнөр жайдын өнүгүшүү жөнүндө» деген токтомунан:

  1. Орто Азияны индустриялаштыруу проблемасы СССРди индустриялаштыруунун ажырагыз-органикалык бөлүгү катары коблууга тийиш.СССРдин жалпы эканомикасындагы Орто Азиянын ролу географиялык жана жаратылыштык шарттарын эске алуу менен, өнөр жайдын тиешелүү тармактары үчүн сырёлук өнөр жай базасы катары аныкталган.Бирок бул жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүүнүн зарылдыгын тапьакыр эле таанууну билдирбейт.

  2. Орто Азиянын өнөр жайын өнүктүрүүнүн негизги багыттары төмөндөгүдөй болууга тийиш: а) Орто Азиядан ташып чыгарууга багытталган техникалык сырьёлорду кайра иштетүү үчүн курулган өндүрүш тармактарын өнүктүрүү. б) Орто Азия республикаларынын жана жарым-жартылай чектеш өлкөлөрдүн керектөөлөүн камсыз кыла ала турнан,жергиликтүү сырьёлорду кайра иштетүү үчүн курулган өндүрүш тармактарын өнүктүрүү.

  3. Орто Азиянын өнөр жайынын өнүгүшүнүн негизги багыттары бир кыйла деңгээлде айыл чарбачылыгынын мүнөзү менен аныкталат, себеби бул райондордо башка райондорго караганда сатыкка чыгаруу үчүн фабрикалык кайра иштетүүнү талап кылган техникалык өсүмдүктөр жана азык-түлүктөр өстүрүлөт.Айыл чарбасынын тийиштүү тармактарынын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу менен Орто Азиядан экспортто үчүн алынган продукциялардын баалуулугун жана алардын сатып өткөрүү базарларында конкуренттик жөндөмдүүлүгүнүн жогорулатуу максатында,биринчи кезекте, айыл чарба сырьёлорун кайра иштетүүчү өнөр жай тармактарын өнүктүрүү зарыл

  1. Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин төрөгасы Ж.Абдрахмановдун 1930-ж. 15-апрелдеги ВКП(б) БКга жазган катынан:РСФСРдин курамына кирүүчү улуттук афтономиялуу республикалардын баарынан Кыргыз АССРи өзгөчө абалды ээлеп турат.Бул анын экономикасынын мүнөзүнөн да,анын географиялык абалынан да келип чыгат.Констутуцсиялык-улуттук көзкараштан алганда биз РСФСРдин курамдык бөлүгү болуп саналабыз,ошондуктан бул,айталык биздин маданий-чарбалык турмушубузга РСФСРдин өкмөтүнүн үзгүлтүксүз туура жетекчилигинин камсыз кылуу жагынан РСФСРдин адамдары менен биздин өз ара мамилелерибизди алдын ала белгилөөгө тийиш эле.Бирок Кыргыз АССРи өзүнүн эканомикасынын мүнөзү жана географиялык абалы боюнча Орто Азиянын бөлүгү болуп саналган кырдаал: практика жүзүндө биздин үчилтик «букаралыкка» үчилтик баш ийүүчүлүк: бир жагынан РСФРдин Өкмөтүнө, экинчи жагынан Орто Азиянын эканомикалык кеңешмеси,Орто Азия суу чарбасы,ССР Союзунун Соода эл Камисариатынын өкүдөрү,Почта-телеграф Эл камисариатынын өкүлдөрү жана ушул сыяктуулар),үчүнчү жагынан СССРге баш ийүүчүлүк абалга алып келген.Республиканын мындай үчилтик баш ийүүсү,тажрыйба көрсөтүп тургандай,Кыргызстандын чарбалык-маданий милдеттерин чечүүдө терс таасирин көрсөтүп жатат,демек республиканын маданий-чарбалык өсүшүнө тоскоолдук кылуучу элемент болуп саналат.Пландаштыруунун үчилтик системасы (РСФСР,Орто Азия,Союз) өзүнүн бүтүндөй жараксыздыгын көрсөтүү,анткени Кыргызстанда пландаштыруучу жана тескөөчү органдардын баары Кыргыз АССРи боюнча белгиленген чараларды ишке ашыруу баш ийүүчүлүктүн башкасы тарабынан аткарылат деп ойлошот: мисалы, Орто Азия эканомикалык кеңешмеси менен кыргызтан боюнча жылдык чарбалык планды белгилөө менен бул пландын ишке ашырылышы союз тарабынан аткарылат деп ойлойт.Союз Кыргыз Республикасынын чарбалык пландары боюнча чараларды Орто Азиянын планын кароо учурунда ошого ыкташтырат.Бул планга материалдык база түзүүнү РСФСРге таандык кылат,ал эми РСФСР Кыргызстан өзүнүн курамына кирген республика катары анын пландаштыруусун иштеп жатканда,Орто Азиянын баардык республикаларынын өндүргүч күчтөрүнүн гармониялуу өнүгүшүн алдын ала караган Орто Азиянын чарбалык планынын жалпы түзүлүшү жөнүндө кабары жок болгондуктан Кыргызстанлды РСФСРдык көз карашта пландаштырган.

Документтүү материалдар.

  1. ВКП(б) БКнын ноябрь (1929-жыл) Пленумунун резалюциясынан: Бир катар улуттук райондор калыбына келтирүү мезгилин толугу менен бүтпөстөн жана ушул убакка чейин ал тургай феодалдык-уруулук укладдын элементтерин сактап, ошону менен бирге ири социалисттик чарбанын элементтерин түзүүгө киришти.Мында коллективдештирүүнү жана совхоздорду курууну кеңири жайылтуу феодалдык-уруулук укладдын калдыктарын жоюу менен байланыштуу, бул болсо кээ бир учурларда кыштакта алиге таасирин бир кыйла сактап калган жана «улуттук кызыкчылыктарды» ж.у.с. коргойбуз деген шылтоо менен социалисттик курулушка каршы өжөрлөнүп күрөшүп жаткан кулак жана жарым феодалдык элементтердин аябай каршылык көрсөтүүсүн туудурбай койбойт.Ошондуктан, мында массалардын эканомикалык жана маданият жактан эң артта калгандыгы болуп тургандыктан,социалисттик реконструкциянын милдеттерин ишке ашыруу союздук пролетардык мамлекеттин айыл чарбасындагы пландап жөнгө салуучу ролунун өсүшүнө жана пролетардык борборлор тарабынан уюштуруу-техникалык жардамдын күчөтүлүшүнө өзгөчө байланыштуу болгон.

  2. Жусуп Абдрахмановдун «Күндөлүгүнөн»: Зеленскийдин чакыруусу боюнча Жалал-Абадка кайтып бардым.Зеленский катышкан чогулушта элден пахтаны зордоп тартып алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгышты.Бул чараларда мурдагыга караганда дыйкандарга карата аминистративдик ыкмалардын таасири так белгиленген болчу. 1.Дыкаттык менен үймө-үй кыдыруу же пахта айдаган ар бир түтүндү тинтүү.2.Келишим боюнча өзүнүн планын аткарган айрым чарбаларга пахта тапшыруу боюнча кошумча тапшырмаларды берүү.3.ГПУнун органдары тарабынан кулактык-бай чарбаларды түтүнмө-түтүн тинтүү.4.Пахта тапшыруу боюнча майда соодагерлерге катуу тапшырма берүү.5.Кантрактациялык келишимдин негизинде колхоздук бардык мүчөлөрү менен бирге жоопкер пахта планын толтурушпаган колхозчуларга доо коюу.6.Башкаруучуларын сот жообуна тартуу менен өндүрүштүк шериктерге доо коюу.7.Мурда так белгиленген тапшырмаларын орундаткан айрым кулактык-бай чарбаларга кошумча тапшырмаларды берүү.8.1-январга чейин талаада калган пахталарды чарбасыздык деп жарыялоо. 9.Пахта талааларында жайылган малды конфискациялоо жана ага жол беришкен сельсоветтерди сот жообуна тартуу.10.Пахта сатып алуу максатында өзбектердин үйлөрүн кыдыруучу көчмө соодагерлерди уюштуруу, б.а товар алмаштыруу. ж.б.у.с. Бул чаралар, албетте, айрым натыйжаларды берет, бирок ажат ачып абалдан куткарып калбайт.Кантсе да планды аткара албайбыз, бирок дыйкандар менен мамилебизди аябай эле бузуп алабыз.



Документтүү материалдар.

  1. Кыргызстан КП(б) БКнын бюросунун 1937-жылдын 15-сентябрындагы протоколунан: Кыргызстан КП(б) Борбордук Комитети ВКП(б) БКнын жана жолдош Сталиндин эл душмандарынын түп-тамырынан бери жок кылуу үчүн чечкиндүү жана аёсуз күрөш жүргүзү жөнүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарган эмес, буржуазиялык улутчулдарга каршы большевиктик күрөштү талап кылышкан партиялык автивдин жана партиялык массанын добушуна кулак салышкан эмес, натыйжада, эл душмандары республиканын париялык жана советтик органдарына чейин жетекчи кызматтарга көтөрүлүшүп (Исакеев, Орозбеков, Жээнбаев, Эсенаманов, Ю.Булатов, А.Булатов, Айылчиев жана башкалар) жана соңку мезгилге чейин а түгүл Кыргызстан КП(б) БКда азыр ашкереленишкен улутчулдар Исакеевге, Жээнбаевге, Орозбековго, Айылчиевге, Эсенамановго, Жылкыбаевге, Далбаевге жана башкаларга алардын улутчулдук контрревалюциялык иш-аракети жөнүндө жетишүү материалдар болгон, бирок БКнын бюросу аларды ашкерклөөдө жол берилгиз жай баракаттыкты көрсөткөн, аларды партиянын катарынан чыгаруу жөнүндөгү маселени чечүүнү создуктурган, бул эл душмандарын жаап-жашыруучулук эле......

  2. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин камакка алынган төрагасы Б.Исакеевдин түрмөдөн 1937-жылыдын 4-декабрында Сталинге жазган катынаня: Ушул кезге чейин кыргыздардын совхоздун жана МТСтин (алар республикада 100гө жакын) бир да директору, бир да чарба жетекчиси жок, маданий кызматкерлер, мугалимдер, адабиятчылар, котормочулар жана ушул сыяктуулар таптакыр жетишсиз.Ушул эле убакта контрревалюцьячыл улутчулдар (мурдараак камака алынган А.Сыдыков, Ж Абдрахманов, Д.Бабаханов, Р.Кудайкулов) дээрлик бардык республикалык кыргыз кызматкерлери контрревалюциячыл социал-туран партиясына катыштыңар деп айыпташууда.Бул иш боюнча жүздөн ашуун кыргыз кызматкерлери камалды, алардын көпчүлүгү таптакыр бекеринен жапа чегип жатат жана беделине шек келтирилди.Мындай массалык камакка алуу элге түшүнүксүз.

  3. Этнограф З.Л.Амитин-Шапиронун 1937-жылы Ташкенттеги түрмөдөгү окуялар жөнүндөгү эскерүүсүнөн: Бизди тергөөдө кыйнашты, суткасына бир нече саат бою тосок отуна салышты.Шпиондукту моюнга алдырып жатышты.Камералаш бир уйгур айрылган, тытылган, канаган эч жери жок тез эле кайтып келди.Биз, албетте, эмне болгондугун, аны эмне үчүн сабашкандыгын сурадык.Уйгур чала моңгол орусчалап айтып берди.Сен шпионсуңбу деди тергөөчү.Шпионмун, - дедим. Ал кол кой деди.Кол койуп бердим.Ал коё берди.Кийинки жолкусунда: сен кимдин шпионусуң? Японияныкыбы?-деп сурады.Японияныкы, деп жооп бердим.Кол кой.Кет.Бүт сурак ушул.-Келесоо,-деп ачууланышты камерадагылар.-сен өзүңө өзүң өлүм өкүмүнө кол коюп берген турбайсыңбы!-Эмне үчүн келесоомун? Силерди кыйнап жатышат, анан атып ташташат.Мени кыйнашпайт, урушпайт, анан атып ташташат.Эмне үчүн келесоомун?

  4. И.П.Лоцмановдун «Жыйырма жыл күжүрмөн кызматта» деген макаласынан: Жол.Ежовдун жетекчилиги астында эл душмадардын Кыргызстанда да талкалоо ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат.Узак мезгил бою бул жерде троцкийчтлер-белоцкийчилер, страмблерлор, чистяковдор жана башкалар, оңчул бухаринчил салпаяктар-щербаковдор, шахрайлар, прохоровдор, буржуазиялык улутчулдар, чет өлкөлүк чалгындоолордун шпиондору-аммосовдор, абдрахмановдор, исакеевдер, оросбековдор, камбаровдор тымызын кара ниет иш жүргүзүп келишкен.......Алардын күч-аракеттери текке кетти.Кыргыз эли өзүнүн бардык душмандарынын тамырын түбүнө чейин жулат жана жок кылат.Ф.Э.Дзержинский жана Н.И.Ежов тарбиялаган чекист-ички иштер эл камиссариатчыларынын коллективи элдин ишенимин актоо, бардык душмандардытыптыйпыл талкалоо үчүн өзүнүн бардык күчүн жумшайт.Эл душмандары ал канчалык терең жана кылдат жашырынбасын, НКВдын жазалоочу колунан чыга албайт»

Документтүү материалдар:

  1. Хусейин Карасай уулунун «Мен билген Касым» деген эскерүүсүнөн: Туташ калхоз уюштурулуп, тап тартышы абдан курчуп, ооздон чыккан сөздүн ар биринен кыйкым издеген адамдар көбөйгөн чак.Менин артымдан дан айрыкча Касымдын артынан сая түшкөн адамдар чыкты.Тил адабияты институтунда: Касым, К.Жантөшев, А.Шабданов, М.Шадыбаев жана Мамбетаалы дегендер иштечүбүз.Касымдын бир топтон бери чыгып келе жаткан «морфологиясына» айрым адамдар жабышты да калды.Андагы «Даның болсо ороодо, малың болот корооңдо» деген бир макалга жумурткадан кыр тапкан, арам ойлуу сынчылар жабышты.Так ошол тапта Касым: -Мен бир идеяны ойлоп жүрөм.Тап искусствону өз кызыкчылыгы үчүн кандай пайдаланган, ошону сахнага алып чыкпайлыбы, - деди –анын атын «Академия кечелери» деп коёлу.Менин оюм мындай:мен Алмамбет менен Чубактын жол талашканын пьеса кылайын.Шабдандын молдосу Сыдык уулунун «Тарых Кыргызияны» жазып отурганын, ага уулу Кемелди жана башка уулдарын кошумча киргизгенин көрсөтөлүү.Хусейин, сен Үргөнчтүн боюнда Айчүрөктүн кырк кыз менен турганын пьеса кыл.Атактуу манап Баатыркандын катындарын тирүү кезинде коштурганын, анын чий арасында жатканын көрсөтөлүү.Мыны ушулардан жогорку искусствону өзүнө пайдалангандыгын көрсөтө алабыз го.Драм театрды алалы, мен башкы режиссёр.Болочок К.Жантөшевдин бул жагынан тажрыйбасы бир топ.ал да Режиссёр болсун.Буга Шарип Көкөновду тарталы, дагы башкалар жардамга келишеер, - деген пикирди ортого салды.Макул таптык, баарыбыз пьеса жаздык.Бир айга чейин театрдын артистерин суй жыктык7Баардыгы даяр болгондо, Обкомдун Бюро мүчөлөрүн чакырдык.Касым 40 мүнөтчө сүйлөдө.Келгендер сөзүн жактырды.Пьеса коюлду, эл көп келди.Менин жазган пьесама («Кырк кызга») кийим-кече арбын керектелгендиктен, коюобай калды.Оюнду көрөбүз деп, айыл-ападан да келе баштады.«Чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эли» дегендей Касымга асылгандар ишти ырбатты.Үзүктөй болгон макалалар биринин артынан бири чыга баштады.Ал макалалардын кээ биринде «Манасты» көрөбүз деп, колхозчулар ишин таштап коюп, шаарга келип атышат. «Кан соргуч Шабдандын сүрөтү көрсөтүлдү» сыяктуу чукулаган сөздөр болду. «Правда» гезити Касымды улутчул деп айыптады.Ошентип, кыргыз тил илимин, улут маданиятын көтөрүп жаткан, аны негиздеген Касым Тыныстановдун тагдыры теңирден тескери болду.

Документтүү материалдар

  1. Армиянын командачысы генерал К.К.Рокоссовскийдин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумуна жана Кыргызстан КП (б) Борбордук Комитетине жиберген телеграммасынан: Улуу Октябрь революциясы кайра жараткан кыргыз эли Кызыл Армия менен тыгыз байланыштуу.Кыргыз ССРинин эмгекчилери фашисттик баскынчыларга каршы бүткүл совет элинин жүргүзгөн күрөшүнө жигердүү катышып жатат.Алар немецтик фашизмге каршы күрөшүүдө баатырдыктын жана душманды өлгүдөй жек көрүүнүн үлгүлөрүн көрсөтүшкөн мекендин бир далай баатыр коргоочуларын тарбиялап чыгарышты.Кыргыз элинин эң мыкты уулдарынан түзүлгөн 316-аткычтар дивизиясы Масквага кире бериш жерде германдык фашизмге каршы жүргүзүлгөн урушта өзүн согуштук даңка бөлөгөн.Кызыл Туу ордени менен сыйланган, гвардиялык аткычтар дивизиясы деген наам алган.Большевиктик партия тарабынан тарбияланган 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын камандри генерал-майор Панфиловдун ысымы, анын даңктуу иштери баатырдыктын үлгүсү, анын Ата Мекенге берилгендигин үлгүсү, биздин баардыгыбыз үчүн, армиянын жоокерлери үчүн согуштук ишти билгендиктин үлгүсү болуп саналат.Советтер Союзунун элдери өздөрүн курман кылышкан, бирок фашисттик танктарды өткөрүшпөгөн бул дивизиянын 28 баатырынын эстелиги алдында өз баштарын ийишет.

  2. Фронттогу кыргыз уулдарына Кыргызстандын эмгекчилеринин атынан жазылган каттан; Силердин душманга каршы согушуп жатып коргоп калган Волга менен Кавказдын шаарлары, Борбордук Рассия шаарлары, Ысык-көл, Соң-Көл, Ак-Сай, Талас жана Алай өрөөндөрүндө кыргыздын тилин жана маданиятын, силердин карт ата-энеңердин өмүрүн, силердин эже-карындаштарыгардын өмүрүн, силердин сүйкүмдүү балдарыңардын өмүрүн сактай тургандыгын, Кыргызстандын уулдары, эсиңерге туткула.Ошондуктан фашисттерди талыкпастан жок кылгыла, аларды Сталинград менен Ржевдин тегерегинде кар астында калтырып, Моздоктун тегерегинде аларды тебелеп-тепсегиле, бул тарптарды балыктарга жем кылып, Кара деңизге ыргытып таштагыла.........Гитлердик бетпак зулумдардан азаттыкка чыгарылган бир тууган элдербиз силерге, Кыргызстандын уулдарын да куттуктап кол чабышкан кезде, биз сыймыктанып кубанабыз.



Документтүү материалдар.

  1. СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы М.И.Калиндин 1943-жылы 5-мартта «Советская Киргизия» гезитинин редакциясына жиберген телеграммасынан; Кыргызстандын эмгекчилери, советтик башка республикалар сыяктуу эле майданга зор жардам көрсөтүп жатат........Кыргыз элинин алдында турган, асыресе, айыл сарба жаганда турган милдеттер быйылкы жылы ар намыс менен орундалат деп ишенем.Дыйканчылыктын түшүмдүүлүгүнүн көбөйтүү үчүн аялдар, комсомолдор жана жаш өспүрүмдөр, улгайып калган кишилер өздөрүнүн эмгек майданындагы күчүн дагы көбүрөөк жумшашат.Бул кутурган душманды жеңүү үчүн жүргүзүлгөн күрөш ишине эң баалуу кошумча болуп саналат.

Документтүү материалдар.

  1. 1952-жылдын июнь айындыагы конференциянын материалдарынан; а) Профессор А.К.Боровковдун дакладынан; Кыргыз эпосун реакциячыл иштеп чыгуу, оңдоо эки багытта жүрүп отурган; эпостун каармандарын дин үчүн күрөшкөн баатырларга айландыруу, ал эми эпостун башкы каарманы Манасты феодалдык көчмөн мамлекеттин ханына айландыруу жол аркылуу.......IX кылымдагы «Улуу Кыргыз империясы» менен эпосту байланыштыруу аракеттери кыргыз эпосундагы басып алуучу хандын образын элдик баатыр катары көрсөтүү үчүн жазалган аракеттери экендиги анык...........Басып алуучулук жана күчтүү мамлекет куруу идеялары эпосто реакциячыл исламдык жана пннтүрктүк идеялардын таасири таасири астында пайда болгон..........б) Профессор Болот Юнусалиевдин сөзүнөн; ........Профессор А.К.Боровков менен Л.И.Климовичтин дакладдарында тилекке каршы, эпостун оң жактары ачык көрсөтүлбөй калган.Бул эпостун бир нече вариантына обзор жазаган.А.К.Боровковдун докладынан ачык көрүндү.ал эми профессор Климовичтики боюнча мындай деп айтууга болбойт, анткени, анын обзору «Манас» үчилтигинен жарык көргөн «Чоң казатына» гана арналды.Суроо туулат.Ушул циклге таянуу менен бүтүндөй «Манас» эпосун кантип күнөлөөгө же актоого болот?Бул логикалуу эмес, демек, илимий да эмес. Илимий доклатты буга карама-каршылуу ой жоруулардан түзбөйт. Илим деген логиканы жана далилди талап кылат.Эпостун негизги өзөктүү идеясы болуп тышкы баскынчыларга каршы күрөшүү, элдин биримдигин сактоо болгон. Эпостогу бүткүл окуя мына ушул күрөштүн тегерегине топтолгон жана өнүккөн.в) жазуучу Муктар Ауезовдун сөзүнөн: мен кабыргасынан койгон биринчи суроо-бул кыргыз совет элине «Манас» эпосу керекпи? – деген суроо. Дегеле бул суроо бүгүнкү конференциянын алдына коюлуп отурат. Ошондуктан, бул суроого негизги докладчы жана кошумча доклад жазаган жолдоштор жооп берүүлөрү зарыл эле. Биз негизги докладдчы Боровковдун сөзүнөн ушул суроого асык жооп ала алдыкпы? Анын сөзүнүн 99 % ти Сагынбайдын варианты жөнүндө гана болду. Докладчынын ой жүгүртүүсүндө өңчөй терс жактары гана камтылып, эпостогу чыныгы элдик элементтер каралбай калган. Анан дагы ал «Манасты» изилдебей эле эроско жабышып жүргөн кошумча нерселерге алаксып кеткендей болду. Ал эми «Манас» эпосу чынында эле кыргыз элине керек. Демек, анын бириктирилген вариантын түзүү жагын ойлонуштуруу керек.



Документүү материалдар

  1. И.Раззаковдун 1956-жылдын 25-апрелиндеги КПССтин БКке жазган катынан:

Кыргыз ССРинин экономикасы менен маданиятынын мындан аркы тез қсүшү көн тартибине эл чарбасын жана маданий курулушту башкарууну жакшыртуу үчүн бир катар маселелерди клойуп отурат. Жалпы мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, союздук республикалардын экономика менен маданиятын өнүктүрүү маселелерин чечүү боюнча укугун мындан да кеңейтүү керек. Республиканын экономикасынын, маданиятынын жетишилген деңгээлин,тажрыйбалуу кадрлардын бар экенин эске алсак, айрым ишканаларды гана эмес, эл чарбасынын бүтүндөй тармактарында республиканын өзү башкаруусуна өткөрүүгө мүмкүндүк берет, ал республиканын өкмөтүнө чарбалык бул тармактарды оперативдүү айкын багшкарууга, аларды өнүктүрүүнүн маселелерин жалпы союздук эл чарба пландарында белгиленген алкактын чегинде өз алдынча чечүүгө өбөлгө болоор эле.

  1. К.Дыйканбаевдин « Кыргыздын чыгаан уулу эле » деген эскерүү макаласынан :

.......бизди И.Р.Раззаков менен К.Д.Дыйкамбаевди 1961-жылдын майында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин алтынчы пленумунда бүткүл өлкөгө у-дуубузду чыгарып, иштен кантип жана эмне үчүн бошоткондугун кыскача баяндап кеткем келет. Пленум И.Раззаковду Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчылыгына эл чарбасын башкаруудагы, кадрлар менен иштөөдөгү чоң жаңылыштыктарды жанан кемчиликтери үчүн. Ал эми министрлер Советинин төрагалык кызматынан К. Дыйкамбав министрлер Советинин ишине канааттандыраарлыксыз жетекчилиги, мамлекеттик тартипти бузгандыгы жана жергиликчилдик көрүнүштөрү үчүн алынган.. Бирок расмий шылтоолор алардын азабын колуна берүүгө себеп гана болгон. Булар чыныгы советти жымсалдатып гана тим болгон. Алады ошол кезде эле көбү тагыраак айтканда, саналуу гана кишилер билишкен. Алардын акыйкат экенин мезгил тастыктады.

ДОКУМЕНТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

  1. КПСС БКнын, СССР Министтрлер Советинин жана ВЦСПСтин 1983-жылдын 28-июлундагы «Социалисттик эмгек тартибин чыңдоо боюнча иштерди күчөтүү жөнүндө » токтомунан:

1 ........Ак ниет эмгекти материалдык жана моралдык сыйлоону кеңири колдонуу, ошол эле мезгилде эмгектик жана өндүрүштүк тартипти бузуучуларга карата келишүүчүлүктүн фактыларын чечкиндүү жоюу, бул үчүн коомдук таасир көрсөтүү чараларын, иштеп жаткан мыйзамдардын нормаларын натыйжалуу пайдалануу зарыл. Эмгек тартибин бузуулар СССР Конституциясында белгиленген ак ниет эмгектенүү милдетинен баш тарткандык катары карлууга тийиш.

2........өзүнө тапшырылган участокту тиешелүү эмгек тартибин камсыз кыла албаган жетекчинин иши, анын ээлеп турган кызматына дал келбегендик катары бааланууга тийиш.

ДОКУМЕНТҮҮ МАТЕРИАЛ

  1. Ч. Айтматовдун Кыргызстан Компартиясынын XIX съездинде сүйлөгөн сөзүнөн :

............Мен ушул чабан жана заман деген бир маселе көтөрөт элем.....Чабан менен заманды айкалыштырып, салыштырып көрөлүүчү. Биздин канчалык артта калганыбызды, биз канчалык кедей экенибизди мына ошондо байкайсыңар, биз дагы эле өзүбүзгө өзүбүз ыраазы болуп жүрөбүз. Кыркка жетпей чабандын тиши түшөт. Кыркка чыкпай чабандын аялы ооруга чалдыгып кемпир болот. Балдарына билим бере албайт. Балдары өсүп жетилип, шаарга качат, качып келип жанагыларга кошулат. Интеллектисин да анчалык өзгөртүп кетпейт же бир окуу жайына кире албайт. Шаррдагы заводдорго, индустриялык ишканаларга орношо албайт. Айтор, чабандар үчүн эмне деген жылчыгы жок турмуш болуп атат. Муну жетекчилерибиз эжана баарыбыз ойлонолу.

ДОКУМЕНТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

  1. Москвадан шивро телеграмма. Жашыруун союздук республикалардын компартияларынын БКсынын, партиянын райкомдорунун, крайкомдорунун , обкомдорунун биринчи катчыларына. Өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу СССР деги өзгөчө абал боюнча Мамлекеттик Коммитетке көмөк көрсөтүүгө комунизттерде катыштыруу боюнча чараларды көргүлө. Практикалык иш аракетиңерге СССР союзунун Конситутциясын жетекчиликке алгыла. БКнын Пленуму жана башка чаралар жөнүндө кошумча кабарлайбыз. Секретариат. 19 – август 1991-жыл

  2. Кыргызстан Ком Партиясынын Борбордук Коминтетинин Бюросунун билдирүүсүнөн;

Кыргызстан Ком Партиясынын Борбордук Коминтетинин бюросу өлкөнү кризистен алып чыгууга советтик жетекчиликтин багытын , ушул максатттарда көрүлүп жаткан өзгөчө чараларды колдой тургандыгын билдирет. Биз СССРдеги өзгөчө абал боюнча Мамлекеттик Комитеттин совет элине кайрылуусундагы өлкөдөгү кырдаалга берилген баага кошулабыз. Биз жумушчуларды, дыйкандарды, эмгек интелигенциясын ушул кыйын кырдаалда граждандык тынчтыктын урматына бирүүгө СССРдеги Өзгөчө абал боюнча Мамлекеттик Комитетин органдарына биздин коомубузду кризистен алып чыгуу боюнча анын өтө оор ишине колдон келишимче комок көрсөтүүгө чакырабыз.

  1. Кыргыз Республикасынын президентти А.Акаевдин билдирүүсүнөн;

....Кийинки эки күндүн окуялары 1991-жылдын 19-августунда өлкөдө антиконститутциялык төңкөрүш болгондугуна эч кандай шек туудурбайт. Эми бийликке борборго баш ийген аскердик өнөржайлык комплекске, армияга мамлекеттик коопсуздук органдарына жана ички иштер органдарына таянышкан реакциачыл саясий күчтөрдүн келишпегендиктери дана билинди.... Кыргыз Республикасынын прогрессивдүү коомдук күчтөрү аскердик –партиялык козголоңду айыптоо менен чыгышты. Республиканын Ком Партиясынын Борбордук Крмитетинин жетекчилиги мыны мында өзгөчөлөнгөн абалды ээлешти. Алар демократияга жана конститутцияга каршы чыгышты, өздөрүнүн жеке максаттар, өзүмчүлдүк, саясий амбициалары үчүн өзлөрүн өз элине кызыкчылыктарын тебелөөгө жөндөмдүү саясий конъюнгтуршиктер катарында көрсөтүштү..... биздин, суверенитетке, биздин ждемокатиялык жетишкендиктерге, адам баласынын кадимки турмушун жөнгө салуу боюнча өзүбүз жетишкендердин баардыгына өлүм коркунучу пайда болду..........Биз чакан мамлекетпиз, бизде армия жок, бирок биз өзүбүздү суверендүүлүгүбүздү, өзүбүбүздүн эркиндиги бизди коргойбуз......мен силердин колдоонуздарга ишенем, Республиканын жарандарынын: кыргыздардын жана орустардын, өзбектердин жана украиндердин, бардык башка улуттардын адамдарынын ынтымагы жана биримдүүлүгү гана бизге апат кырсыкты болтурбоого мүмкүнчүлүк берет.

  1. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө Декларациясынан:

Кыргыз Республикасынын жогорку совети 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган «Кыргыз республикасынын Мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндө Деклараңияга » нешгизденип жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын (Негизги законун) жетекчиликке алып:

1 Кыргыз Республикасынын- көз карандысыз, суверендүү демократиялык мамлекет деп жарыялайт.

2 Кыргыз Республикасынын аймагы бир бүтүн жана бөлүнгүс, анда Кыргыз Республикасыны Конституциясы колдонулат.

  1. Кыргыз Респуликасы өзүнүн эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин колдой тургандыгын баса белгилейт.

  2. Союздук республикалардын жана дүйнөлүк коомчулуктагы өлкөлөрдүн парламенттерин Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын таанууга чакырат....Кыргыз Республикасынын жогорку совети Кыргыз Республикасынын элин ушул Декларациянын негизинде биздин мамлекетти чыныгы суверендүү жана укуктук мамлекетке айландыруу үчүн баш кошууга чакырат.









ДОКУМЕНТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

  1. «Кыргызстандын элин тарыхый жана маданий мурастарын окуп үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентти Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдын 27-январындагы Жарлыгынан; Кыргызстанды прогрессивдүү демократиялык өнүктүрүү максатында жарандык бирдейликтин, өлкөнүн жана маданий көп түрдүүлүгүн сактоо үчүн жарандардын биргелешкен жоопкерчилигинин негизинде коомду баш коштуруу зарыл. Бул милдетти чечүү кыргызстандыктарда тарыхты урматтоо, өткөнүү менен сыймыктануу, элди руханий жана маданий дөөлөттөрүн билүү жана аздектөө сезимин тарбиялоосуз мүмкүн эмес.Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эки миң жылдан ашык тарыхы дүйнөлүк цивилизациянын кенчи болуп саналган, азыркы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга татыктуу жоопту калыптандыруу үчүн таалим болоорлук мисалдардан турган барактарды камтыйт.Эң оболу бул орто кылымдарда Улуу кыргыз каганаты түзүлгөн жана кыргыз мамлекетүүлүгү гүлдөп-өнүккөн мезгил.Аны сыпатоо үчүн академик В.В.Бартольд жана башка илимпоздордун эмгектеринде «Улуу кыргыз мамлекети» деген термин колдонулган.Тарыхый булактарга ылайык 842-жылга карата Улуу кыргыз каганатынын башкы институттары түптөлгөн, негизги чек аралары аныкталган, саясий түзүлүш системасы курулган.Кыргыздар дипломатия өнөрүн жана аскердик кубаттуу күчтү колдону менен катуу атаандаштык шартында чалкыган аймакты ээлеп жаткан уруулар менен элдерди бирдиктүү мамлекетке бириктире алган.Орто кылымдарда кыргыз мамлекеттинин кубатуулугунун артышы тарыхтагы маанилүү учур гана болбостон, ошондой эле башка канатташ элдер менен уруулардын андан аркы тагдырына да таасир тийгизген.Уруулар ортосундагы согуштар жана талаш-тартыштар көпкө токтоп, жергиликтүү урууулар дайыма болуп турган кол салуулардан арылган, бул биргелешип өнүгүү үчүн жагымдуу кырдаалды түзгөн.Ушундай шартта кыргыз этносунун баш кошуусу жанан чыңдалышы, анын эканомикалык жана маданий жактан өнүгүшүү жүргөн.Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү башка тарыхый мезгилдердин бүтүндөй катмарлары да ишенимдүү булактардын базасында терең изилдөөнү талап кылат.Тилеке каршы, кылымдар жана оңдогон жылдар бою Кыргызстандын тарыхын даңазалуу барактары этибарга алынбай жана саясий конъюктурадан улам бурмаланып келген.

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

  1. 1987-жылы 4-5-декабрдагы республикалык илимий-практикалык конференциянын материалдарынан;

а)Кыргзстан Компартиясынын БКсынын биринчи катчысы А.Масалиевдин докладынан

Өткөндөгү тарыхка жана маданий мурастарга баа берүүдө адабият жана искусство ишмерлерине, илимпоздор менен журналисттер өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт.Дал ошолордун арасынан кээде туруп тарыхый окуяларга жана маданий байлыктарга таптык пазициядан баа берүүдөн тайсалдоо байкалууда.Молдо Кылыч жана Касым Тыныстанов сыяктуу өткөндөгү ишмерлердин чыгармачылыгы туурасында мурда берилген бааны кайра кароо жөнүндөгү айрым адабиятчылардын негизсиз пикирлери мунун күбөсү болуп саналат.Ооба, биз тарыхты «ак таксыз» калыбына келтирүүнү, өткөндөгүнүн жаңылыштыктарын жана өксүктөрүн ашкерелөөнү жактайбыз, бирок бул иш таптык, партиялык позициядан таюнун, дүйнөгө көз караштан тайсалдоонун эсебинен жасалбоого тийиш.Маданят жана маданий мурастардын праблемаларын талкуулоодо көп учурда керексиз жааташууга жол берилүүдө.Бүгүнкү күндө, мисалы, жалпы адамзат масштабындагы чыныгы баа жеткиз шедевр болгон «Манас» эпосунун айланасында идеологиялык талаш чыгарып, кызаңдашуунун кереги бар эле?

б) Ч.Айтматовдун сүйлөгөн сөзүнөн.

Биздин улуттук маданиятыбыздын муктаждыктары жөнүндө сөз болгондо биерде силерден башка дагы улуттар жашайт деген мотифтерди каршы койгон адамдар да кездешет. Рас биз алар менен жүз жылдан ашуун убаккыттардан бери ынтымакта эч кандай ыйкы тыйкысыз досторчо сыйлашып келе жатабыз. Бирок алардын тилдери сакталып өнүккөн кубаттуу негизги маданият борборлору бар. Немистердин аркасында бир эмес эки Германия турат өзбектердин болсо бала бакча жана мектептер менен толук камсыз болгон коңшгулаш Өзбекстаны бар дунгандардыкы – бүткүл Кытай Корейлердин да эки Кореясы бар. А эгер Кыргыз маданияты Ушул өз жеринде өнүгө албаса башка эч жерде өнүгө албайт. Мына ушул жагдайды дайыма эске тутуу зарыл. А биз болсо республикабыздын борборунда жөнөкөй эч кимге зыяны жок бала бакча менен мектептерди ача албай отурабыз. Болгондо да бул маселе Советтик -жылында конституциянын республикасы болгон Кыргызстанда Октябр революциясынын жетимишинчи жылында, бүткүл дүйнө адамдын укугу үчүн күрөшүп жаткан учурда коюлуп турат.А.Масалиевдин докладында «Манас» эпосунун тегерегинде идеологиялык талаш жүргүзүүнүн кереги жок экендиги айкындалды.Мурда деле айтылган.Бул туура сөз.Ынанышыбыз керек.Бирок бул талаш бизге эң демагогиялык түрдө эмне үчүндүр Кыргызстан КП Борбордук Комитетин Пленумун трибунасын пайдалануу менен таңуулаган.Бул абройсуз жана жалаалуу талашты биз баштаганыбыз жок.Бирок биз «Манасты» акыркы демибиз калганча коргойбуз!

в) Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы В.А.Рябокондун сүйлөгөн сөзүнөн.

Бизде бекемделе баштаган маалымдуулук жана демократиянын жагдайы өз кезегинде бардыгыбыздан жогорулатылган жоопкерчиликти талап кылат. Биздин айрым адабиятчыларыбыздын кээ бир жарыялоолорунда жана сүйлөгөн сөздөрүндө элдин жана баарыдан мурда жаштардын арасында, жолдош Масалиевдин докладында белгиленгендей, алардын чыгармаларында улуттук турмуш-тиричиликтин көрүнүшү астында реакциячыл, улутчул жана диний калдыктарды идеализациялаган өткөндүн кээ бир жазуучуларын актоого аракеттенген коомдук пикирди тезкери маалымдоо жана ошонун өзү аркылуу туура эмес көз караштар калыптандырылып келген учурлар да белгилүү.Ал жазуучулардын чыгармачылыгы боюнча 1933-жылдан баштап, андан кийинчерээк атайын партиялык чечимдер кабыл алынган болчу.......КПСС Борбордук Комитетинин белгилүү токтомунда, ошондой эле 1987-жылдын февралындагы республиканын партиялык активинде кээ бир адабиятчылар өздөрүнүн чыгармаларында Кыргызстандагы 1916-жылдагы жагдайды туура эмес көрсөтүшкөнү, айрым конфликтүү эпизоддорду ашкере натуралисттик сүрөттөгөнү, мунун өзү туура эмес түшүнүүдөн башка эч нерсеге алып бара турганы белгиленген.Өзүлөрүнүн улут аралык кагылышууларын апыртууга умтулуулары үчүн практивде адилеттүү сынга алынган жазуучу М,Мураталиев жалгыз эмес. Элдик көтөрүлүштүн окуяларын ушундай эле түшүндүрүү К.Акматовдун «Мезгил», О.Султановдун «Адамдын өмүрү», О.Айтымбетовдун «Мекендин үнү» деген чыгармаларында жол берилип, аларда орус солдаттары менен жергиликтүү калктын ортосундагы айрым жаңжалдуу эпизоддор натуралисттик түрдө жана тенденциялуу сүрөттөлгөн.



  1. Кыргызстан КП БКнын катчысы А.Масалиевдин Кыргызстан КП БКнын 1990-жылдын 13-январындагы Пленумунда жасаган докладынан;

.......Улут саясаты жаатындагыи проблемаларды чечүүдө тарыхтын «ак тактары» деп аталгандарды четтетүү, татыксыз түрдө унутулгандардын аттарын же өткөндүн негизсиз түрдө күнөөлөгөн ишмерлерин кайра кайтаруу маагилүү болуп саналат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Борбордук Комитеттин бюросунун чечими менен кыргыз ойчулу жазма акын Молдо Кылычтын жана жеке адамга сыйынуу мезгилинде репрессияланган көрүнүктүү окумуштуу-тилчи, жазуучу Касым Тыныстановдун ысымдары калыбына келтирилди. Арстанбек, Калыгул, Жеңижок сыяктуу өткөндөгү ойчулдар менен төкмө акындардын, жазма акын Молдо Нияз, биринчилерден болгон кыргыз агартуучулары жана илимпоздору Белек Солтононв, Ишенаалы Арабаев жана башкалардын чыгармачылыгы да көңүл бурууга татыктуу. Алардын кээ бир чыгармаларында дүйнөгө көз караш жагынан жаңылыштыктар, адашуулар да кездешери белгилүү.Ошондуктан эстетикалык жана гумандуу наркы бар, адамдын рухий дүйнөсүн байыта ала тургандардын баарын кылдаттык менен ылгап алуу керек.





Соңку тарых 9-класс

ДОКЕНТТИК МАТЕРИАЛДАР.

Вильсондун праграммасы Советтик Россиянын Тынчтык жөнүндөгү декретине жооп болгон. Ал большевиктердин империяисттик согушту жарандык согушка айландыруу чакырыгына каршы багытталган.Ал праграммада; тынчтык жөнүндө келишимдерди түзүү, деңиздеги суудагы эркиндик, куралданууну кыскартуу, Германия басып алган баардык аймактарды бошотуу, тынчтыкты колдогон эларалык уюм-Улуттар Лигасын түзүүнү сунуш кылган.

ДОКУМЕНТҮҮ МАТЕРИАЛДАР.

Апрель тезистери;

«Убактылуу өкмөт жүргүзүп жаткан согуш империалисттик, талоончулук согуш, ал өкмөттүү кулатмайынча согушту тынчтык жол менен токтотууга мүмкүн эмес. Азыркы учурдун өзгөчөлүгү буржуазияга бийлик берген ревалюциянын биринчи этабынан экинчи этапка өтүү, ал этап бийликти пролетариат менен дыйкандардын колуна өткөрүп бериш керек. Убактылуу өкмөткө эч кандай колдоо көрсөтүү болбоого тийиш, анын бардык убадалары толугу менен жалган экендигин түшүндүрүү зарыл. Жумушчу депутаттарынын советтери – ревалюциялык өкмөттүн мүмкүн болгон жападан жалгыз формасы. Парламенттик республика эмес, советтердин респбликасы.Бардык банктарды жалпы улуттук банкка бириктирүү»

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР.

«Тынчтык жөнүндө» декрет;

«24-25-октябрдагы ревалюцияда түзүгөн жана Жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын советине таянган жумушчулардын жана дыйкандардын өкмөтү бардык согушуп жаткан элдерге жана алардын мамлекеттерине тез арада адилеттүү демократиялык тынчтык жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылат.Өкмөт аннексиясыз (башкалардын жерин зордук менен кошуп албоо, басып албоо) жана кантрибуциясыз тынчтыкты орнотууну каалайт»

«Жер жөнүндөгү» декрет;

«Жерге болгон помещиктик жеке менчик тез арада, эч кандай сатуусуз алынат. Помещиктик ээликтер, бардык жеке ээликтер, монастырлык, чиркөөлүк жер ээликтери, алардын буюмдары, мүлктөрү, чарба курулуштары жана бардык эмеректери Дыйкан депутаттарынын уезддик советтерине жана жер боюнча комитеттерге, тандан кийин Уюштуруу жыйынынын карамагына өткөрүлүп берилет».

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР.

Кронштадлттык маряктардын кайрылуусу.

«Бардык бийлик дыйкандарга, жумушчуларга, моряктарга жана кызыл аскерлерге!

1921-ж 2-мартта кронштадттык моряктардын жана кызыл аскерлердин кеңири массасы тарабынан бийлик коммунистерден Убактылуу ревалюциялык комитеттин колуна өттү. Жашыруун шайлоонун негизинде Советтерге шайлоо жүргүзүү зарыл. Өлкөнү бүлгүндөн жана кыйроодон силер, моряктар, кызыл аскерлер менен биргеликте гана алып чыга аласыңар. Коммунистик партия биздин адилет талаптарыбызга кереңдик кылды. Жумушчулар, моряктар, кызыл аскерлер бири-бириңер менен бекем, тыгыз байланыш түзгүлө. Силер далайдан бери жаңы турмушту күттүңөр. Коммунисттик партия аны силерге берген жок. Ошондуктан аны өзүңөр түзгүлө.Бийлик партияга эмес, Советтерге берилиши керек. Коммунисттердин 6 жылдык бийлигинде партиялык диктатура эмнеге алып келерин биз оор тажрыйбадан кийин түшүндүк. Бийликте кандай партия турбасын, ал диктатордун ролунан алыс кете албайт, ал канчалык социалисттик болбосун, баари бир анын праграммасы жана тактикасы турмушта эмес, кабинетте иштелет. Ошондуктан элди башкарууга бир дагы партиянын моралдык да, юридикалык да укугу жок. Эгерде бийликте бир эмес бир нече партия турса, абал андан да жаман болот, анткени алар башкарууну биринен экинчиси талашып жатып, эмгекчилер жөнүндө ойлогонго убактылары да болбойт. Ошондуктан биз, Кронштадттын көтөрүлүшчүлөрү, желегибизге «Баардык бийлик партияларга эмес, Советтерге!» деген ураан жаздык.

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

1937-1938-жж. Армиянын эң жогорку бийлигинде гана;

  1. маршалдын – үчөө;

I рангадагы 5 командармдын – үчөө;

II рангадагы 10 командармдын – бардыгы;

Корпустун 57 командаринин - бири;

186 комдивдердин – жүз элүү төртү;

Армиянын I жана II рангадагы 16 комиссарынын – бардыгы;

26 корпустук комиссарлардын – жыйырма беши;

Дивизиянын 64 комиссарынын – элүү сегизи;

Полктун 456 командиринин – төрт жүз бири жок кылынган.

Бардыгы болуп Кызыл Армиянын 40 миң офицери репрессияланган.

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

1939-ж. 23-августагы Советтер менен Германиянын ортосундагы кол салышпоо жөнүндөгү пакты;

Макулдашкан тараптар ар кандай, зордук-зомбулуктан, агрессиядан жана бири-бирине жеке өзү же башка дөөлөттөр менен биргеликте колсалуудан баш тартат......Эгерде макулдашкан тараптын бирөөсү үчүнчү дөөлөт тарабынан согуштук аракеттердин коркунучунда калса, макулдашкан экинчи тарап ал дөөлөттү эч кандай көрүнүштө колдобойт....Макулдашкан тараптарга кандайдыр бир бириккен дөөлөттөрдүн кыйыр же түздөн-түз каршылыгы багытталса макулдашкан экинчи тарап эч кимисине кошулбайт......Аталган келишим 10 жылдык мөөнөткө түзүлдү.

Советтер Союзу менен Германиянын ортосундагы кошумча жашыруун протокол:

СССР менен Германиянын ортосундагы кол салышпоо жөнүндөгү келишимге кол коюда эки тараптан ыйгарым укукка ээ болгон өкүлдөр Чыгыш Европадагы кызыкчылыктарды өтө жашыруун кырдаалда талкуулап, төмөндөгү жыйынтыкка келишти:

  1. Балтикалык мамлекеттердин курамына кирген мамлекеттердин (Финляндия, Эстония, Литва) облустарынын аймактык-саясий кайра бөлүнүшүндө, Литванын түндүк чегарасы бир эле учурда Германия менен СССРдин таасир этүү кызыкчылыгындагы чегара болуп саналат.Ошол эле учурда Литванын Вилен облусуна болгон кызыкчылыгын эки тарап тең таныйт.

  2. Польша мамлекетинин курамына кирген облустарынын аймактык-саясий кайра бөлүнүшүнө Германия менен СССРдин таасир этүү кызыкчылыгындагы болжолду чегарасы Нисса, Нарева, Висла жана Сана дарыяларынын чеги аркылуу өтөт.

  3. Европанын түштүк-чыгышына караган советтик тарабында СССРдин Бесарабияга болгон кызыкчылыгы баса көрсөтүлөт. Германия тарабынан бул облустарга саясий жактан таптакыр кызыкпай тургандыгы билдирилет.

  4. Бул протокол эки тараптан тең өтө жашыруун сакталат.



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Бириккен Улуттар Уюмунун Жобосунан (1945-ж. 26-июнда кабыл алынган)

1-статья. Бириккен Улуттар Уюму төмөндөгү максаттарды көздөйт;

  1. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо, ошол максатта тынчтыкка коркунучту четке кагуу, согуш коркунучун алдыналуу агрессиялык актыларга, ошондой эле башка тартипсиздиктерге жол бербөө үчүн тынчтык каражаттар менен биргеликте жигердүү чара көрүп, тынчтыккты бузууга алып келүүчү талаш-тартыштарды эларалык укуктун жана адилеттүүлүктүн принциптеринин макулдашуусунун негизинде;

  2. Улуттар ортосундагы достук мамилелерди тең укуктуулуктун жана элдердин өзүн-өзү башкаруу принциптерин сыйлоонун негизинде өнүктүрүү;

  3. Эларалык эканомикалык, социалдык, маданий жана гуманитардык мүнөздөгү түйүндүү маселелерди эларалык кызматташуунун негизинде чечүү;



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

1946-ж 5-мартта Фултон шаарында (АКШ) У.Черчилдин сүйлөгөн сөзү.

Балтикадагы Штеттинден тартып Адриатиканын Триестасына чейинки континентке «темир көшөгө» түшүрүлдү. Бул чекте Борбордук жана Чыгыш Европанын байыркы мамлекеттеринин казынасы сакталган эле. Берлин, Прага, Будапешт, Белград, Бухарест, София – ушул атактуу шаарлар жана алардын калкы советтик таасир этүү чөйрөсүндө бул же тигил формада советтик таасирге гана эмес, белгилүү деңгээлде кеңип бараткан Москванын көзөмөлүнө баш ийип калды. Коммунизм түйүлдүк абалында болгон АКШ менен Британиянын Улуттук ынтымакташтыгын кошпогондо компартиялар....христиандык

Цивилизацияга коркунучтуу жана тынчсыздануу туудурууда....күчтөрдүн тең салмактуулугу жөнүндөгү биздин эски доктринабыз учурда күчүн жоготту.....

Эгерде англис тилинде сүйлөгөн улуттардын Ынтымакташтыгын калкына АКШны кошсок жана мындай кызматташтык деңизде, абада, илим менен өнөр жай тармагында болушун эске алсак, анда күчтөрдүн катышында эч кандай теңселүү жана коркунуч болбойт.



8-класс Жаңы тарых.

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР.

1645-ж.жайында Нейзби кыштагындагы салгылашуу.

Парламенттин армиясында 14 миңге жакын жоокер бар эле, алардын ичинен 6 миңден ашыгы атчан аскер болгон, атчандарга Кромвель колбашчылык кылган. Карл Iнин 8 миң аскери бар эле, алардын 4 миңи атчан аскерлер болгон. Адегенде каролдун атчандары парламенттин аскерлерине күчтүү сокку урган. Парламенттин аскерлери талкаланганы калган, бирок Кромвель жана анын аскерлери абалды оңдоп кетишти. Алар катуу чабуул коюп, каролдун атчандарын талкалап, андан кийин душмандын жөө аскерлеринин ташталканын чыгарды. Бул салгылашууда парламенттин армиясы 5 миңдей кишини туткундап, каролдук артиллерияны бүт бойдон колго түшүрдү. Жеңгендер Карл Iнин жазган каттарын да колго түшүрүп алышты, бул каттардан ал чыккынчылык кылып, француз каролун жардамга чакыргандыгы билинди.

ДОКУМЕНТҮҮ МАТЕРИАЛДАР.

Түндүк Американын англиялык колонияларыын элдеринин өкүлдөрү 1640-ж индейлердин бүткүл жерин тартып алмакчы болушат.

Алар төмөндөгүдөй токтом кабыл алышкан;

  1. Жер жана ага таандык болгондордун баары – кудайдыкы. (Кабыл алынды)

  2. Кудай жерди жана анын ар кандай бөлүгүн өзү тандаган элге бере алат. (Кабыл алынды)

  3. Биз анын тандамал эли болуп салалабыз. (Кабыл алынды)

«Көз каранды эместик үчүн декларациядан»

(1776-жылы 4-июлда Континенталдык конгресс тарабынан кабыл алынган)

Эгерде окуялардын жүрүшү кайсы бир элди башка эл менен болгон саясий байланышын үзүүгө жана калган державалар менен бирдей көз каранды эмес абалды ээлөөгө аргасыз кылса.....анда адамзаттын пикирине карата болгон кадимки урмат анын бөлүнүп чыгышына түрткү болон себептерди баяндоого аны милдеттендирет. Биз төмөндөгү чындыктарды талашсыз деп эсептейбиз; баардык адам бирдей болуп жаралган жана алардын бардыгына Жараткандын тартып алгыз укуктарынын айрымдары энчиленип берилген, аларга өмүр, эркиндик жана бактылуу болууга умтулуу кирет. Бул укуктарды камсыз кылуу үчүн адамдардын арасынан башкаруучулардын макулдугу менен адилеттүү бийлик түрүндөгү өкмөт түзүлгөн. Эгерде башкаруунун бул формасы алардын максаттары үчүн өлүмгү алып бара турган болсо, анда элдин аны өзгөртүүгө же жоюуга жана жаңы өкмөттүү түзүүгө акысы бар....... Бул колониялар..... узак мезгил бою чыдамдуулук менен ар кандай кызымчылыктарды баштарынан өткөрүштү, ошентип эми зарылчылык гана башкаруунун азыркы формасын өзгөртүүгө аларды мажбур кылып отурат. Бул штаттарда түздөн-төз зомбулукту орнотуу максатын көздөгөн Улуу Британиянын азыркы каролунун тарыхы чексиз адилетсиздиктерге толгон.....

Далилдөө үчүн адилеттүү дүйнөнүн пикирине төмөндөгүдөй фактыларды коёбуз;

Ал, Англиянын каролу, жалпынын жыргалчылыгы үчүн жогоркуу деңгээлдеги пайдалуу жана зарыл мыйзамдарды бекитүүдөн баш тарткан..... Ал бул штаттарга элдин отурукташуусуна тоскоолдук кылган. Ал.... бул жакка элди жакырдатткан жана алардын канын соргон өз чиновниктеринин топ-тобу менен жөнөткөн.

Ал..... төмөнкү актыларды бекиткен; Дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрү менен болгон биздин сооданы токтотуу. Биздин макулдугубузсуз эле бизге салыктарды салуу....

Бизди өзүнүн колдоосунан ажырытты жана бизге согуш жарыялап, бизди башкаруудан баш тартты. Ал бизди деңизде тоноду, биздин жээктерди бүлгүнгө учуратты, биздин шаарларды өрттөдү жана биздин элди өлтүрдү....... Ошондуктан биз Америка Кошмо Штаттарынын конгресске чогулган өкүлдөрү..... бул бириктирилген колониялар чындыгында жана укук боюнча эркин жана көз каранды штаттар болууга тийиштигин, алар британдык бийликтин ар кандай жарандарынан бошотулаарын жана алар менен Улуу Британия мамлекетинин ортосундагы ар кандай байланыш таптакыр үзүлөөрүн ушул колониялардын элинин атынан өкүлдүк укугубуз боюнча жарыялайбыз......



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР.

«Адамдын жана жарандардын укуктарынын декларациясы»

Улуттук чогулуш жошоркулардын алдында жана алардын колдоосу менен адамдын жана жарандардын төмөнкү укуктарын тааныйт жана жарыялайт:

  1. Адамдар эркин жана тең, укуктуу болуп туулат. Коомдук айырмачылыктар жалпы кызыкчылыктарга гана негизделиши керек.

  2. Адамдын табигый жана ажырагыз укуктарын сактоо бардык саясий максаты болуп эсептелет. Бул укуктар: эркиндик, жеке менчик, коопсуздук жана эзүүгө каршылык көрсөтүү.

  3. Бүткүл жогорку бийликтин булагы ар дайым улуттун колунда. Түздөн-түз улуттан чыкпаган эч бир мекеме, эч бир адам бийликти иш жүзүнө ашыра албайт.

  4. Эркиндик деген башка бирөөгө зыян келтирбей, бардыгын жасоо укугунда турат.....

  5. Мыйзам жалпы эркти билдиргендик. Мыйзам бардыгы үчүн бирдей болууга тийиш.

  1. Өзүнүн көз караштары үчүн, эгерде алардын көрүнүштөрү мыйзам тарабынан белгиленген коомдук тартиптерди бузбаса, ал түгүл диндик көз караштар болсун, эч кимдин тынчын албоого тийиш......

17. Менчик деген бузулбас жана ыйык укук болот, мыйзам тарабынан ырасталган жана адилеттүү, алдын ала иштелген акы төлөөнүн шартында коомдук зарылчылык ачык талап кылган учурлардан тышкары андан эч ким ажыратылбаш керек.

1793-ж. 17-июлдагы феодалдык укуктарды толук жана акы төлөөсүз жоюу тууралу декретиненү.

  1. Укуктар менен байланыштуу болгон сеньордук мурдагы бардык алык-салыктар, оброктор, туруктуусу да, ошондой эле кокусунан киргизилгени да, акы төлөөсүз жок кылынат.

  1. Мурдагы сеньорлор ушул декрет боюнча же мурда болуп өткөн чогулуштарда бекитилген декреттер боюнча өз укуктарын белгилеген же аныктаган докуентердин ээлери, ушул декрет жарыяланганга чейинки ээлери, үч айлык мөөтөттүн ичинде документтерин көрсөтүүгө милдеттүү.... 10-августка чейинки көрсөтүлгөн документтер ошол күнү өрттөлүүгө тийиш..... калган бардык документтер 3 ай өткөндөн кийин өрттөлөт.

  2. Өрттөлүүгө тийиш болгон документтердин нак өзүн же көчүрмөсүн катып алгандыгы, жашырып койгондугу үчүн бети ачылган адам мурдагы статьяга ылайык 5 жылдык сүргүнгө жазаланат.



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

«1807-жылкы Тильзит келишиминен»

Жалпы тынчтык жана элдердин бактысы үчүн эки империя бир туугандык менен дүйнөнү бөлүп алыш керек.

Наполеондун Жозефинага жазган катынан.

Аустерлиц алдындагы салгылаш – менин салгылашуумдагы эң сонун салгылаш; анда душмандардын 45 туусу, 150 жакын замбиреги колго түшүрүлүп, 20 генерал, 30 миң аскерлер туткундалды жана 20 миң адам каза болду.

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Тайпиндердин көргөн иш чаралары (1853-ж.мыйзамы)

  1. «Эркек аял дебестен, бардык жер жан башына бөлүнөт»

  2. «Асман астындагы бардык талааларды Асман астында туруучулардын бардыгы иштетишет» (башкача айтканда, жер алууга ар ким укуктуу деп айтылган)

  3. «Эгер жер болсо, ал биргелешип иштетилет; эгер тамак болсо, биргелешип ичип желет; суу болсо, биргелешип ичилет; акча болсо, биргелешип чыгымдалат. Бардык жерде тең бөлүү керек, ар кимдин курсагы ток, кайгызы жок болууга тийиш».







Кыргызстандын тарыхы 11-класс

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Атаке баатырдын Екатерина Iiге жазган катынан. 1785-ж.

«.....Кептин акырында, улуу урматтуу ханышам, мээрман айым, жогоруда айткан ата-тегимдин күч-кубаты азыркы менин, Тынай бий уулу Атакнеикиндей эле болгондугун эскерип, Рассия Ташкен көпөстөрүнүн кербенин өткөрүп жана узатып туруу кызматын кабылдооңузду көптөн-көп суранам. Улуу урматтуум, мен кербен менен кошо бир арапты, үч илбирстин, беш сүлөөсүндүн терисин, ошондой эле өз кишилерим Абдрахман менен Шергазыга кошуп, эки жөөкөрүмдү жөнөттүм. Алар аркылуу, улуу урматтуу ханышам, сиздин саламатыгыңызды тилегенимди билдирем».

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыздардын желдең уруусунун бийлери: Япалак (Жапалак – Авт.), Кутлин, Байтели (Байтөлө – Авт.), Манчин, Карга Мендогулов, Шарук Туйбин, Куккуз (Көккөз – Авт.), Куйкин, Байгожо Жантелин, Калыжан Тимуров жана Ураза (Орозо – Авт.) Бектемировдун Омск областынын начальниги гвардия палковниги С.Б.Броневскийге 1824-ж. 6-декабрда жазган катынан:

Омскийдин төрөсү улуу урматтуу Семен Богдановичке (Броневскийге). Сизди терең урматтаганыбызды билдиребиз. Өткөн жылдары соодагерлердин чакыруусу боюнча Сизге өзүбүздүн депутаттарыбызды жөнөтө алган жокпуз, анткени сиз менен байланышыбыз жок эле. Үч жыл мурда Кашкарга кербен менен бара жаткан көпөс Файзулла Сейфуллинден Сиздин катыңызды алганбыз. Бирок Сизге депутаттарды жөнөттүүгө шартыбыз болгон жок. Быйыл бизге келген султан Галия Адылев, Уйсунбай Шүкүров, мурда келген Файзулла Сейфуллин жана Петр Андреевич менен кошуп өзүбүздүн депутаттарыбызды жөнөттүк. Алардын Улуу Падыша менен жолугушуусуна шарт түзүп берет деп беккем ишенебиз. Биз силердин кербендерди Кашкарга жана Ак-Сууга чейин коштоп жүрүүнү каалайбыз. Бирок биздин ордодо да чектен чыккан кыргыздар бар. Аларды жөнгө салуу үчүн биздин мүмкүнчүлүгүбүз жетишпейт. Ошондуктан биз силердин бийлигиңерге таянгыбыз келет.

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Батыш Сибирь генерал-губернатору Дюгамнедин вице-канцлерге жазган каты (1863-ж. 23-апрели):

«Рассия букаралыгына черик уруусун кабыл алуу..... биз үчүн өтө пайдалуу, анткени аларга биздин таасирибизди жайылтуу аркылуу Рассия бийлигиндеги кыргыз уруусу бугулардын бейкапар бейпилдиги үчүн дагы, Кашкарга ошол кыргыздар (чериктер) мекендеген аймактарды аралап өтүүчү соода жолдорун камсыз кылуу үчүн дагы эң эле оңтойлуу натыйжаларды күтүүгө болот. Рассия букаралыгына чериктердин өтүшү бөлөк кыргыз уруулары дагы, айрыкча сарыбагыштар, алардын жолун жолдошу үчүн үлгү болушу мүмкүн, арийне, анда Рассиянын чечкиндүү таасири Кашкар чегине чейинки урууларга биротоло таралаары анык. Эгерде чериктерди Рассия букаралыгына кабыл алуу жөнүндө маселе оң чечилсе, анда бугулар менен чериктерди башкаруу үчүн келерки жылы Ысык-Көлдө чеп куруу керек».



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

1873-ж. Башталган көтөрүлүш жөнүндө Түркстан крайынын аскердик-администрациясынын началнигинин Аскер министрине жазган рапортунан:.

«Толкундоолор Кокон хандыгы кулчулукка айланткан түштүктө, тоолордо башталды. Хан кыргыздардан өтүп жыл үчүн зекет чогултууга өзүнүн зекетчилерин жөнөтөт. Зекеттин өлчөмү адаттагыдан бир кыйла жогору болгон..... Зекетти чогултуу учурунда элдин нааразылыгы күчөгүн..... Алар зекет төлөөдөн такыр баш тартышкан. Зекет члгултуга келгендерди токмоктошуп, алардын чогултууга үлгүргөн мал-мүлктү талап алышкан. Бул хандын кыжырын кайнатып, моюн сунбагандарды токтоосуз жазалоого буйрук кылган. Жаңы куугунтуктоо жана жазалоо башталган. Ушундан кийин 20 миңдей түтүн кыргыз, 10 миңдей түтүн кыпчак бийик тоолорго көчүп кетишкен, акырындык менен ханга нааразы болгондор дагы кошулушкан».

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Мамыр Мерген уулу жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн Түркстан генерал-губернаторунун жакын адамы Жоробекке жазган катынан:

«....Сиз билгендей Коконго караган кыргыздардын баары Кудаяр ханга баш иет. Кысымга алуу, куугунтуктоо, казыкка отургузу өңдүү өтө коркунучтуу жазалоонун күчөшү бизди хандан бөлүнүүгө, ага каршы күрөшүүгө түрттү. Кыргыздардын мундуз, кутчу, отуз уул, төөлөс, найман кызыл аяк, нойгут, кыргыз-кыпчак, адыгине, бөрү жана баргы..... бардагы 200 миң түтүнчө (адам саны болсо керек – Авт.). Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, Сизге кыйынчылыкка турбаса, жогоруда айткандарыбыз жөнүндө генерал-губернаторго билдирсеңиз. Ал улуу урматтуу макул болсо, кокондун бактысыз күнкорлору, Кудаяр хандын тирандыгынан кутулуп, тынч жашоо табар элек».

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Түркстан генерал-губернатору К.П.Кауфмандын жазганынан:

«Кокондогу согуш биздин катарыбыздан төмөнкү наамдагы офицерлерди 1873-ж. Хива экспедициясына салыштырганда алда канча көп чыгарды. 1875-ж. Согуш хандар менен эмирлерге каршы болбостон, элдик кыймылга каршы жүргүзүлдү. Орто Азияда орустар мындай узакка созулган жана айыгышкан күрөштү эч качан баштарынан өткөргөн эмес. Биз мындай күжүрмөн жоокерлер менен биринчи жолу беттешип отурабыз жана калайык-калк менен күрөшү жергиликтүү хандыктар менен күрөшкөнгө караганда алда канча оор экенин билдик».



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

  1. М.Д.Скобелеевдин 1876-ж. 23-октябрда Алайга жазаган «Илимий-согуштук экспедициясынын» жыйынтыгы жөнүндө билдирүүсүнөн:

«... Анын отрукташкан эли көчмөндөрдүн бир бөлүгү орус куралынын алдында өздөрүнүн алсыздыгына көзү жетип, биздин бийликке биротоло баш ийишти. Мурдагы хандыктагы көптөгөн кара кыргыз калкын тынчтандыруу маселеси саясий жана тарыхый жагдайлардан улам чечилбей калды.

Алай жүрүшүндө төмөндөгүдөй жыйынтыктарга жетиштик:

  1. Тоо тилкесин мекендеген, кара кыргыздар баш ийдирилип, алардын ортосуна орус башкармасы дайындалды, аларга зекет чегерилип, Гүлчө-Алай алай жолун куруу милдеттендирилди. Эч кимдин бийлигин тоотпогон бул көчмөндөр эми орустардын букарасы......

  2. Биздин Кашкардагы чек арабыздын абалы такталды....

  3. Мурдагы Европа таптакыр билбеген өлкөлөр ачылды, болгондо да картага 25 миң чарчы чакырымга жакын жер түшүрүлдү......

  4. Табигый-тарыхый изилдөөлөр жүргүзүлүп, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнөн үлгүлөр чогултулду....»

  1. Курманжан датканын фергана аскер губернатору М.Ионовго жазган катынан:

«.....ферганадагы мусулман мамлекети (Кокон хандыгы – Авт.) Рассияга баш ийбей турган кезде мен Сиздер менен күрөшүп жана талашып-тартышып жүрдүм. Ошол кезде бир генерал (М.Д.Скобелев – Авт.) Алайга келди. Генерал мени жылуу кабыл алып, сылык мамиле жасады. Мен ыраазы болуп калдым...... Мына эми азыркы тынч мезгилде мындай деп айткым келет: Менин бүт элим, өзүм да жанан туугандарым да эч качан Силерге каршы чыкпайбыз. Биз тараптан эч кандай жамандык кылынбайт. Эгерде менин элим жаман иш кыла турган болсо жана чыккынчылык кылса, анда мен күнөөлүүнү барып турган оор жаза менен жазалаймын, ал эми өзүм болсом өмүрүм өткөнчө азап тартып жүрүп өтөмүн. Маматбай кызы Курманжан датка»

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз АССРинин Советтеринин уюштуруу съездинин чечиминен (1927-ж. марты:

«Бай-манап элементтери Кыргызстандын калкынын караңгылыгынан жана өздөрүнүн эканомикалык жактан бай жашагандыгынан пайдаланып, эмгекчилерди эзүүнү улантууда. Алар Кыргызстандын элинин Совет бийлигине болгон ишенимин үзгүлтүкө учуратып, Совет бийлигинин органдарынын нормалдуу иштешине тоскоолдук кылууда. Муну съезддеги делегаттардын сүйлөгөн сөздөрү, жер-жерлерден келген арыздар айгинелеп турат. Кыргызстандын эмгекчи калкын бай-манап элементтердин эзүүсүнөн куткаруу жана жергиликтүү советтик органдардын тынч иштешин камсыз кылуу үчүн Советтердин 1-уюштуруу съезди токтом кылат: Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетине эмгкечилерди бай-манап элементтердин эзүүсүнөн куткаруунун чараларын иштеп чыгуу, чектен чыккан социалдык зыяндуу байларды, манаптарды жана кулактарды четтетүүдө администрациялык бардык чараларды колдонуу иши тапшырылсын».







ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР



РКП(б) нин Кыргыз областтык биринчи протконференциясын өнөр жайы боюнча кабыл алган чечиминен (1925-ж. марты):

«1. Пролетардык базанын аздыгы, өзгөчө улуттук пролетариаттын жоктугу, улуттук өнөр жайды өнүктүрүүнүн, бул жактагы чийки заттарды жана табигый байлыктарды пайдалануунун маанисин жогорулатат.

  1. Областта улуттук өнөр жайды түзүүдө биринчи кезекте: тамак-аш өнөр жайын (кант, консерва заводун), Ош жана Жалал-абад округдарында пахта заводдорун, жаңгауты иштетүүчү ишкана куруу керек.

  2. Чүй гидроэлектрстанциясын курууга каражат табуу зарыл. Анын курулушу элдин маданий жактан өнүгүшүнө, өнөр жайды көтөрүүгө жакшы түрткү болор эле.

  3. Чарба органдарынын алдына областтын суу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу милдетин коюу керек. Биринчи кезекте Ощ электр станциясынын мүмкүнчүлүгү кеңири пайдаланылсын.

  1. Кызыл-Кыя кенине жергиликтүү калктан жумушчуларды кеңири тартуу зарыл»





ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин экинчи беш жылдыктын жыйынтыгы боюнча материалынан:

«Өнөр жай тармагы боюнча беш жылдыктарда төмөнкү ийгиликер камсыз болду. Кыргызстан Орто Азияны көмүр менен жабдуучу ири база болуп калды. Нефтинин, сурьманын, сымаптын, мышьяктын ири кендери изилденип, эксплуатацияга берилди. Коргошундун эң ири кенин өндүрүшкө киргизүү даярдыгы жүрүүдө. Кыргызстанда түстүү жана сейрек кездешүүчү кендер изилденди. Жеңил өнөр жайы боюнча – жибек фабриксы, пахта тазалоочу завод ж.б. курулду. 1937-ж жеңил өнөр жайы чыгарган продукцичнын көлөмү 1932-ж. салыштырмалуу 2,3 эсеге өстү».

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин жана Эл Комиссарлар Советинин биргелешкен кеңешмесинин токтомунан (1930-ж.):

«1. Кыргыз АССРинин Нарын, Каракол, Талас контондорунда жана Ош округунда жарым феодалдык жана уруулук мамлелерди сактоо, өздөрүнүн байлыгы жана коомдук абалы менен айылдарды советтештирүүгө тоскоолдук кылган жергиликтүү үч ири мал ээлери көчүрүлсүн.

2 Ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык көчүрүлө турган адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү Кыргыз АССРинин территориясында жашоо жана чарба жүргүзүү укуктарынан ажыратылсын...

5 Мурда өзүнүн социалдык абалы боюнча жогорку катмарга тиешелүү адамдар: укум-тукумунан бери манап болуп, азыркыга чейин уруу башчысынын укугун алып жүргөндөр, өзгөчө кызматы үчүн падышадан сыйлык алган, антисоветтик иштерди жүргүзүшкөн мурдагы болуштар менен бийлер да жашаган жерлерин көчүрүлүп, үй-мүлктөрү конфискациялансын....

  1. Белгиленген убакта көчпөй калгандарга ОГПУ же милиция күч колдонот».



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз АССР Советтеринин III cъездинин «Колхоз курулушу жөнүндөгү» резалюциясынан (1931-ж. февралы):

«Акыркы эки жыл Кыргызстандын айыл чарбасын социалисттик негизде кайра курууда бурулуш мезгил болду....

Колхоз курулушундагы негизги жетишкендик катары Советтердин III съезди төмөндөгүлөрдү белгилейт:

а) дколхоздордун саны 1928-ж. 287ден 1929-ж. 534кө, ал эми 1931-ж. 910го жетти. 1931-ж. 1-февралга карата дыйкан чарбалардын 29 проценти колхоздорго биригишти. Бул көсөткүч 1929-ж. 2,9 гана проценти т.згөн.

б) колхоздордун айдоо аянттары 1928-ж 11020 гектардан, 1929-ж. 51290 гектарга, 1930-ж. 207290 гектарга көбөйдү. Бул республиканын жаопы айдоо аянттынын 28,4 процентин түзөт.

ж) съезд орто дыйкан чарбаларынын колхоздорго жетишсиз тартылып жаткандыгын белгилейт. Алардын колхоздорго тартылышы дыйкан массаларынын колхоз тарабына өтүшүндөгү бурулушту билдирет....»

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин 1931-ж. 3-апрелдеги «Республиканын көчмөн жана жарым көчмөн калкын отрукташтыруу жөнүндөгү» токтомунан:

«1. Республика боюнча: Сталин, Нарын, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Каракол, Алай, Кетмен-Төбө, Өзгөн, Ноокат жана Кызыл-Жар райондору боюнча 8 миң көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларын отрукташтыруунун планы бекитилсин.

2 Отрукташтыруу төмөнкү линия боюнча жүргүзүлсүн:

а) отрукташып жаткан чарбаларга кыштактарды куруу үчүн жерлер бөлүнүп, чарбалар жерге жайгаштырылсын, суу менен камсыз болскн жана мал чарбасы үчүн туруктуу тоют базасы түзүлсүн;

б) көчмөн жана жарым көчмөн райондорунун эмгекчилнри совхоздорго туруктуу жумушчу адистери катары тартылсын;

в) көчмөн жана жарым көчмөн райондорунун эмгекчилери жумушчу катары өнөр жайга жана жол курулушуна кеңири тартылсын;

3. ..... Суусамыр жана Алай өрөөндөрүн Көчмөн советтери кедей жана орто көчмөн чарбалардын ичинде отурукташтыруунун иааниси жөнүндө кеңирищ үгүт иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилсин.

4. Отрукташтырууга байланыштуу бардык иш чараларды пландуу жетектөө жана жөнгө салуу үчүн Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин алдында Отурукташтыруу боюнча республикалык комитет түзүлсүн....».



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кара – Кыргыз Автономиялуу областынын Советтеринин I уюштуруу съездинин резалюциясынан (1925-ж. марты)

  1. Кара – Кыргыз Автономиялуу областынын Советеринин областтык съезди областык ревкомдун областтын эканомикалык – чарбалык курулушу жөнүндүгү отчетун угуп, анын ишин канааттандырарлык деп эсептейт.

  2. Съезд жаңы шайланган Аткаруу Комитетине РСФСРдин Бүткүл Рассиялык Борбордук Аткаруу Комитетинен Кара – Кыргыз Автономиялуу областын РСФСРдин курамында Кара – Кыргыз Автономиялуу Республикасы кылып кайра түзүү өтүнүчү менен кайрылууну тапшырат.

  3. «Кара» («кара-кыргыз») деген сөздөр падыша өкмөтүнүн тушунда элди кемсинтүү катарында пайдалангандыгын эске алып, жаңы шайланган Аткаруу Комитети Бүткүл Рассиялык Борбордук Аткаруу Комитетине улуттун жана областын аталышындагы «кара-кыргыз» деген сөздү «кыргыз» менен алмаштыруу сунушун койсун.

  4. Орто Азия элдерин улуттук мамлекеттерге бөлүштүрүүдө областын улуттук, экономикалык жана территориялык белгилери боюнча чек аралары так бөлүнбөй калган. Ушуга байланыштуу жаңы шайланган Аткаруу Комитети Орто Азияда чек араларды кайра так тоо маселесин чечүүгө жетишсин..... съезд Өзбекстандын Кожент уездинин областтарына кирип калган кыргыз болуштуктарын Кара – Кыргыз областына кайтарылып берилишине өзгөчө көңүл бурат».



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз АССРинин Советтеринин биринчи уюштуруу съездинин декларациясынан (1927-ж. марты):

«... XII чаырылган Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиуму кыргыз элинин эмгекчилеринин эркине ылайык 1926-ж. 1-февралында Кыргыз Автономиялуу областын Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикага айлантуу жөнүндө чечим кабыл алды. Советтердин биринчи уюштуруу съездинде Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын жарыялап жатып, Кыргызстандын эмгекчилеринин улуу үй – бүлөсүнүн бөлүнгүс мүчөсү болуп каларын жана Кыргыз АССРинде жашаган бардык улуттардын эканомикалык жана маданий өнүгүшүндө толук тең укуктуулугун камсыз кылапын билдирет. Улуттук тынчтыктын камсыз болушу Кыргызстандын эмгекчилеринин тап душмандары – кулактарга, байларга, манаптарга жана башка өзүүчүлөргө каршы күрөшүн жеңилдетет. Республиканын түзүлүшү менен социалисттик курулуштун жаңы баскычына өткөн Кыргызстандын эмгекчи массасы айыл чарбасын, мал чарбасын, жергиликтүү өнөр жайды уюштурууну, калктын маданий жана саясий деңгээлин көтөрүүнү өздөрүнүн милдети деп эсептейт. Кыргызстандын эмгекчилери аялдарды азаттыка чыгаруу, турмуш тиричилик маданиятын жакшыртуу ишине социалисттик курулуштун ийгилигинин негизги шарты катары өзгөчө мани берет..... Кыргызстандын эмгекчи массасы чыгармачыл, тынч эмгектенүү жана чек араларды империалисттердин жана алардын жан-жөөкөрлөрүнүн кол салуусунан сактоо үчүн куралдуу күчтөрдүн адистерин даярдоо зарыл деп эсептейт. Экономиканын жана маданияттын бул милдеттерин жүзөгө ашырууда, али артта калган Кыргызстандын эмгекчилери, СССРдин экономикалык жана маданий жактан өнүккөн алдыңкы элдердин бир туугангандык жардамына таянат. Кыргыз АССРинин эмгекчи массасы бардык эмгекчилер менен тыкыс байланышта болуп, келечектеги дүйнөлүк пролетардык революциянын таянычы болгон – Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун чыңдалышы жана өнүгүшү үчүн бардык күчүн жумшайт. Жашасын Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы!»

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

1941-ж. 2-августта «Советская Киргизия» газетине жарыяланган Ысык-Көл областынын «Кереге-Таш» айыл чарба артелинин мүчөсү Токтосун Сатыбалдиевдин катынан:

«Биздин Ата мекенге жек көрүмчү душман кол салды. Анык фашисттер орустарды, кыргыздарды, украиндерди, беларустарды, өзбектерди, казактарды – биздин өлкөнүн бардык элдерин өздөрүнүн кулдарына айлантууну көздөшүүдө. Эч убакта андай болбойт! Совет эли эмне үчүн согушуп жатышкандыктарын билишпейт. Мурун кедей болгом. Жалгыз атым дагы жок эле. Азыр өзүмдүн 200 койум бар. Колхоздо чабан болуп эмгектенем, коомдук малды кайтарам. Бакубат турмушта жашайм. Өзүмдүн өздүк чарбамдан Ата мекенди коргоо фондуна 50 коюмду бермин».

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз ССРинин Ош областынын Жалал-Абад шаарында жашаган КПССтин мүчөлөрүнүн,Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгек ардагерлеринин тобунун 1990-ж. 2-мартта СССР Жогорку Советинин төрагасы Р.Нишановго, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары А.Масалиевге, « Известия ЦК КПСС» журналынын жана «Советская редакцияларына жазган арызынан:

«..... Биздин терең ишеничибиз боюнча улуттардын реалдуу тең укуктуулугунун жана теңчилдигинин маселесин чечүү үчүн Кыргыз ССРинин чегинде Ош чөлкөмүнө өзүнчө автономия берүү керек. Кыргыз ССРинин алкагында Ош автономиялык областын түзүү улут аралык маселелерди чечүүнүн эң туура жолу экенин көрүп турабыз. Муну менен И.В.Сталиндин улут маселеси боюнча эл комиссарлары болуп турган кезде улуттук маселелерди админицтрациялык-командалык ыкма менен чечүүдө кетирилген кемчиликтерди оңдоого болот. Мындай мамлекеттик түзүлүш биздин республикада улуттук тең укуктуулукту демократиялуу чечүүгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн республикада бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Жогоруда айтылгандарга таянып, Сизден СССРдин Жогорку Советинин Улуттар Советтинин күн тартибинде Кыргыз ССРинин курамына Ош автономиялуу советтик социалисттик областын түзүү жана СССРдин жана Кыргыз ССРинин Конституцияларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин коюшуңузду өтүнөбүз.

Биздин бул пикирибизди областын калкы, өзгөчө Ош, Кызыл-Кыя шаарларынын , Сузак, Базар-Коргон, Ленин, Араван, Ала-Бука, Кара-Суу, Өзгөн ж.б райондорунун калкы колдойт. Биз бул маселенин төмөнтөн жарылуусун күтпөстөн жогортодон чечүүнү акылга сыярлык иш деп эсептейбиз.....»





ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

  1. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук кмитетинин төрагасы Ж.Асанкуловдун Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары А.Масалиевге «Ош шаарындагы массалык тартип бузуулар жөнүндө» 1990-ж. 6-июнда жазган катынан:

«.... 1990-ж. 4-июнда эртен мененки саат 6дан 20 мүнөт өткөндөн баштап Ленин атындагы колхоздун сугат жерлерине кыргыз жана өзбек улутундагы тургундар чогула баштаган. Алардын 1,5 миңдейи кыргыз, ал эми 10 миңдейи өзбек улутундагылар түзгөн. Саат 18де адамдардын саны дагы көбөйгөн. Чогулгандар түшүндүрүү иштерине көңүл бурушпай, топтолгон социалдык маселени чечүүнү, айрым жетекчилерди кызматан четтетүүнү талап кылышкан. Саат 17де өзбектерди колдоо максатында Өзбек ССРинин Наманган, Фергана жана Анжиян областтарынын өзбектер келе баштаганы жөнүндө маалымат түшө баштады. Саат 19да топтолгон эл башкаруудан чыгып, ызырынган эл массасы шаарга бет алып, алдынан туш келген милициянын машиналарын талкалап, өрттөшкөн....».

  1. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Ж.Асанкуловдун Кыргызстан Компартиясынын Юорюордук Комитетине «Өзгөн шаарындагы окуялар жөнүндө» 1990-ж. 14-июнда жазган катынан:

«Массалык татипсиздиктин чыгышына 5-июнда саат 11де Өзгөн базарынын жана автобекеттин аймагындагы өзбек жана кыргыз улутундагы адамдардын ортосундагы кагылышуу түрткү болгон. Болжол менен саат 12ден 30 мүнөт өткөн ченде Өзгөнгө автомашиналар менен мылтык, бычак, арматуранын кесиндилери, таш ж.б. менен курулдан кыргыздар келе баштаган. Алар өзгөчөлөнүш үчүн баштарын кызыл чүпүрөк менен байлап алышкан. Алардын атайын жетекчилери болгон. Өзгөн шаарына 70-80дей кыргыздар ат менен келгендиги жөнүндө маалыматтар бар.... Ушандан кийин шаардын бардык райондорунда, шаарга жакын кыштактарда мушташ чыгып, өзбек улутундагыларды талкалоо жана талап-тоно башталат. Маалыматтар боюнча Мырзаке кыштагынын өзбектери өзгөчө жапа чеккен. Бул айылдын тургундарынын көпчүлүгүн кыргыздар түзгөн. Ушул эле кыштактагы совхоздун конторунда талкалоочулардын штабы түзүлгөн. Базардагы массалык мушташуудан кийин шаардагы окуя өтө тездик менен өнүгүп, аны токтотууга милициянын күчү жетпей калган».



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Пишпек уездинин жумушчу, дыйкан жана мусулман Советтеринин съездинин секциясынын 1918-ж. 11-сентябрындагы протоколунан:

«Крайлык элге билим берүү советинин № 145-буйругу «Улутуна, диний ишенимине жана жынысына карабай жалпыга милдеттүү билим берүү жөнүндө» деп аталат. Секция комиссардан бардык кыргыз болуштарына, айылдагы үй-ээлерин жана алардын 7 жаштан жогорку уулдарын жана кыздарын тактоону таоап кылса деген сунуш киргизет. Маалыматтарды алгандан кийин дагы канча мектеп ачыш керек экендигин аныктап, ал үчүн керек болгон акча каражатын токтоосуз түрдө сураш керек».



ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

ВКП(б) нин Кыргыз обкомунун бюросунун токтомунан (1930-ж.25-июну):

«1. Мамлекеттик, чарбалык жана коомдук уюмдардын маданий курулуш иштерине көңүлүн буруу үчүн июль айынан баштап Кыргызстанда маданий жүрүш уюштурулсун.

2 Маданий жүрүштө жайында 3400 сабатсыздар жана 16000 чала сабаттуулар мектептерге тартылсын; Бул жүрүштө массаны китепке, гезит-журналдарга тартуу, радио жана кинону жаылтуу, диний ишенимдерге каршы күрөшүү, маданий-агартуу мекемелерин ишин жакшыртуу, аларды адистер менен камсыз кылуу, турмуш-тиричиликтин маданиятын жакшыртуу иштери жүргүзүлсүн; «Сабатсыздык жоюлсун» коомунун иши жөнгө салынсын, коомдук тамак-аштары кеңейтилсин, көчөлөр, аянтчалар, турак-жайлар тазалансын. Райондорду, совхоздорду, колхоздорду жана айыл кыштактарды маданияттуу тейлөө бирдиктүү план менен жүргүзүлсүн; Жайлоолорду ревалюциялык, таптык, маданий тейлөө жакшыртылсын....».

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Коиитетинин жана Эл Комиссарлар Советинин «Жалпыга милдеттүү башталгыч билим жөнүндөгү» токтомунан (1930-ж. 19-сентябры):

«1. 1930-1931-окуу жылынан баштап Кыргыз АССРинде 8,9 жана 10 жаштагы балдарга, 11,12 жана 13 жаштагы өспүрүмдөргө жалпы башталгыч билим берүү иши эки жылда бүткүдөй болуп пландуу жүргүзүлсүн.

2 1930-1931-окуу жылында, 8,9 жана 10 жаштагы балдарды 11, 12, 13 жана 14 жаштагы өспүрүмдөрдү жалпы милдеттүү башталгыч билимге өткөрүү Кыргыз АССРинин Фрунзе, Беловодск, Аламүдүн, Чүй, Калинин, Жети-Өгүз, Араван-Буура жана Жалал-Абад райондорунун борборлорунда жүргүзүлсүн. Өспүрүмдөр үчүн бир жылдык мөөнөттөгү өзгөчө мектептер жана топтор уюштурулсун.

3 Кыргыз АССРинин калган территориясында мектептердин саны 8, 9 жана 10 жаштагы балдардын кеминде 75 процентин камтыгыдай болуп көбөйтүлсүн. 11, 12, 13 жана 14 жаштагы өспүрүмдөрдү, алыскы жана көчмөн райондорду батрактарды, кедейлердин жана колхозчулардын балдарын окутууга өзгөчө көңүл бурулсун».

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын өткөрүү жөнүндөгү» Указынан. 2002-ж. 1-август.

Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин илимий жана коомдук-саясий чөйрөдө, республиканын граждандарынын арасында ата-мекендик тарыхка, кыргыз элинин даңктуу өткөн дооруна кызыгуу кыйла өстү....

1..... коомчулугубуздун ата-мекендик тарыхтын актуалдуу маселелерине зор кызыгуусун эске алуу менен 2003-жыл кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы деп жарыялансын.....

4. Кыргыз Рспубликасынын Билим жана маданият минстрлиги кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн торолушунун жана өнүгүшүнүн тарыхын окуу прагрммаларына жана окуу куралдарына кароо менен жогорку окуу жайларда, мектептерде жана башка окуу жайларында Кыргызстан тарыхын кыйла тереңдетип окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн. Өсүп келе жаткан муунду өз өлкөсүнүн жана анын эркиндикти сүйгөн элинин көп кылымдык даңктуу тарыхы үчүн сыймыктануу сезиммнде тарбиялоо ишине өзгөчө көңүл бурулсун.

5. Кыргыз Улуттук илимдер академиясына улуттук университеттер менен кызматашып Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн торолушунун жана өнүгүшүнүн тарыхын изилдөө боюнча ишти активдештирүүсү сунуш кылынсын. Рассиянын, Орто-Азиянын боордош өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин илимпоздорун, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кеңири тартуу менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы боюнча илимий форумдар, конференциялар, «тегерек столдор» белгилесин жана өткөрсүн.

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 57-сессиясынын Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы боюнча кабыл алган резолюциясынан. 2200-ж. 20-декабрь.

«... Генералдык Ассамблея кыргыз маданиятынын байлыгын, анын улуттук, регионалдык жана эл аралык маанисин белгилөө менен:

  1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын жарыялоого жана аны белгилөөгө жумшаган аракетин колдойт;

  2. Бириккен Улуттар Уюму мүчө-мамлекеттерине, адистешкен жана өкмөт аралык уюмдарга, ощондой эле региондук, өкмөттүк эмес уюмдарга жана фондуларга 2003-жылдагы Кыргыз Республикасы уюштурган салтанаттарга катышууну сунуш кылат».














































































































































































































































































































































































































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!