СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: Нан болсо, ыр да болот

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема: Нан болсо, ыр да болот

С.максаты: 1.Нандын улуктугу тууралуу, кайдан жана кандай жол менен алынары жөнүндө түшүнүк          

                      алышат.

                     2.Байланыштуу кеби, ой жүгүртүүсү өсөт. Өз оюн толук айтканга көнүгүшөт.

                     3.Нанга жумшалган эмгекти баалоого, нанга аяр мамиле жасоого тарбияланышат.

С.жабдылышы: Сүрөттөр,текст, уламыш,

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

                                Негизги болүк

                                Жыйынтыктоо

Уюштуруу. Жагымдуу маанай түзүү.Алтын эрежени эске салуу.

Негизги бөлүк.Тема менен таанышуу учун табышмак катылат:

1.Мейли оку оңунан,

Мейли оку соңунан.

Тынбай желчү кайсы даам,

Тамактардын баарынан.  (Нан)

2.Бозоруп кирип, кызарып чыгат. (нан)

Азаматсыңар! Бүгүнкү темабыз: Нан болсо, ыр да болот

Маектешүү үчүн суроолор:

1.Нансыз жашоого болобу?

2.Нан эмнеден алынат?

3.Нан болуп дасторконго келгенче кандай эмгек талап кылынат?

4. Нандын кандай түрлөрүн билесиңер?

БАБА ДЫЙКАН

Сары талаа түзүндө,

Буудай бышат күзүндө.

Жер ширеси данында,

Күн иреңи жүзүндө.

Ал буудайга эгедер,

Баба дыйкан дегендер.

Ардакташат аларды

Ак нанынан жегендер.

Бул дүйнөдө Жер улук,

Жерди иштеткен эл улук.

Элин баккан нан менен

Баба дыйкан эр улук.

К. Жуманазаровдун ырын жалпы айтышат.

1-топ: НАН

Нан дасторкондон орун алганча кыйла жолду басып өттү, эчен түйшүктүү эмгекти талап кылды. Адамдар, адегенде,трактор менен жерди айдашып, үрөн себишти, малалашты. Жердин нымынан, суунун күчүнөн улам үрөн көйкөлүп өсүп чыкты. Жашыл сабактар бара-бара бой керип, баш алды. Буудайдан мол түшүм алуу үчүн дыйкандар убагында жер семирткичтер менен азыктандырып, сугарып турушту. Андан соң бышып жетилди. Ошентип, аларды адам ак эмгеги, маңдай тери менен өстүрдү.Жаз жарышын күз күрөшү улантты. Саргара бышкан буудайдын бир да данын коромжуга учуратпай жыйнап алуу мезгили келип, нан жыттанган талааларга комбайндар, машиналар жыйым-теримге чыгышты. Көз жоосун алып ыргалган буудайларды комбайндар күнү-түнү чаап-оруп, жыйнап, данын бастырды. Басылган дан машиналар менен кырманга жеткирилди. Тегирменге түшүп, ун тартылды. Ундан жыты буркураган ар кандай нандар жасалып, дасторконго коюлду.Ошентип, нан дасторконго келип жеткиче адамдын бир топ эмгегинен улам кыйла жолду басып өттү.Ошондуктан, адамдын күч эмгегинен, маңдай теринен жасалган асыл нанды урматтоо, ыгы жок ысырап кылбоо,сарамжалдуу пайдалануу ‒ ар бир адамдын ыйык парзы,анткени нан ‒ баарынан улук. Ансыз жашоо кыйын.Бардык эле тамак-аш ‒ жашоо булагы. Бирок анын ичинде нан өзгөчө орунду ээлейт. Нандын бир күн жок болушун көз алдыга элестетип көргүлөчү. Ошондуктан эл: «Нан ‒ баарынан улук», ‒ деп бекеринен айткан эмес.

2-топ:

Нан жөнүндө уламыш

     Илгери-илгери эгин баккан бир да дыйкан болбоптур. Ал кезде адамдар тегирменди да билишпептир. Нан өзүнөн-өзү бышып калчу экен. Бекерге көнгөн балдар нандан кээде топ жасап ойношчу болушат. Кай бирде нанды чалчык сууга ыргытып да салышчу экен.

     Тентек балдардын мындай жоругу дан аттуунун баарын аябай таарынтыптыр. Күндөрдүн биринде буудай аларды чогултуп:

   - Мындан көрөкчө, көз көрбөгөн бир жакка кетели!  Ызаланган немелер баары буудайдын пикирин жакташат. Нан да тигилердин пикирине кошулат.

     Убада боюнча бардык дандар, андан жасалган таттуу нандар көк деңизди көздөй жол тартышат. Эптеп ага жетсе, анын түбүнө бекинип алышмак. Жолду баарынан улуусу - арпа баштайт.

     Нанды тебелеп ойногон тентектер ошол кырсыктуу түндө бейкапар укташат. Кадимкидей чак түштө ойгонушуп, беттерин жуубастан нан салган чыгданга чуркашат. Мына кызык! Тентектин баары нан таппайт. Бадырак жейли десе, дан жок.

     Ошондо нан издегендерге чоң эне мындай дейт:

- Дандардын, нандардын бизден качып кетишине өзүңөр күнөөлүүсүңөр, балдарым. Силер кесир кылып, аларды кордобосоңор, баары тең мурдагыдай ушул жерде болушмак. Эми эр болсоңор нан таап көргүлө. Тезинен жетип, Акыл чоң атаңардан эмне кылуу керектигин сурагыла.

     Акыл атага баруучу жол өтө татаал эле. Арга канча зор кыйынчылык менен аны таап барышат. Балдардын келген себебин ата айттырбай билет. Тентектерге өтө нааразы экендигин айтат. Ачуусуна чыдабай тиштерин кычыратат. Ошондо балдардын коркконун айта көрбө!

Буулуккан чоң ата бир оокумда мындай дейт:

- Болор иш болду. Күнөө өзүңөрдө. Бирок жакшылыктан үмүт үзбөйлү. Баарыбыздын тагдырыбыз көк дөбөттүн колунда.

     Балдар уккандарына түшүнбөй, бири-бирин карашат. Чоң ата балдарга иттин жайын түшүндүрөт.

     Дан жана андан жасалган нандын баары качкан түнү Акыл чоң ата менен көк дөбөт гана ойгоо болчу. Кырсыкты дароо түшүнгөн чоң ата көк дөбөттү куугунга жөнөткөн.

    Көк дөбөт качкандардын артынан сая кууйт. Таманын таш тилет. Жетип-жетпей кыйналып барат. Акыры алдыларынан тозоордо, качкандар көк деңизге жетип үлгүрүшөт. Болгону бир ууч гана дан ишенимин актап, сыйга татыктуу болот.

   Эстүү балдар жаңылыштыгын моюндарына алышат. Эси жоктору баары бир түшүнүшпөйт.

    - Эми, - деди чоң ата, - ким эмгектенбесе, ага дан жок. Дан жок болгон соң, нан да жок. Ошол күндөн баштап, адамдар дыйканчылыкты кесип кылып алышыптыр. Ун тартып, нан жасаганды үйрөнүшүптүр.

    «Нанды кордобогула, кесир болот», - деген накыл сөз ошондон калган тура.

Текстти окушат, текст боюнча сүрөт тартып,же ролдоштуруп аткарышат. Окуучулардын тандоосу.

Макал чечмелөө:

1.Нанды жерден сура,

  Аккан терден сура.

  Малды эрден сура.

2.Нан-баарынан улук.

3.Кулактай нан жесең,

   Улактай күч толот.

4 Даны жоктун наны жок,

   Наны жоктун жаны жок.

5.Нансыз убакыт ачуу өтөт.

6. Нан болсо, ыр да болот деп эмне үчүн айтылган?

Ойлорун айтып макалдарды чечмелешет.

Жыйынтыктоо:

Синквейн түзүшөт 1-топ.

         Нан

Таттуу, тоголок

Бышат,желинет, жасалат

Биз нансыз жашай албайбыз.

         Токоч

2-топ. кластер  түзүү          

                                Каттама            кыйма

            боорсок                Нандын түрү           чабаты

                   мөшкө нан             токоч             жупка

Туура ,азаматсыңар балдар!

Нан болсо токчулук болот, токчулук болсо ыр болот, жакшы жашоо болот! Ал эми ушунун баары эмгекти талапкылат. Биз эмгекчил, эмгекти барктаган, нандын ар бир күкүмүн барктаган болсок, бизде ар дайым токчулук жана молчулук болот.

Просмотр содержимого документа
«Тема: Нан болсо, ыр да болот»

Р.Айдаралиев атындагы орто мектеби

Тарбиялык саат

Тема: Нан болсо,

ыр да болот

Медетова М.

2-топ: Нан жөнүндө уламыш

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!