Астрономия предметинен үчүнчү чейрекке карата тесттик суроолор:
Окуучунун аты-жөнү _________________________________________
Классы _____________ Мөөнөтү ________________
Күндүн бетиндеги эркин түшүүнүн ылдамдануусу канчага барабар?
А) 9,8м/с2 б) 300м/с2 в) 273,98 м/с2 г) 5 м/с2
2. Күндү телескоп менен эң алгач байкап,анын бетиндеги тактарды ачкан окумуштуу?
А) Г. Галилей б) Аристотель в) И. Кеплер г) Николай Коперник
3. Күн дискинин четине жакын аймактан көп сандаган тилкелерден, ачык жарык чекиттерден жана түйүндөрдөн турган жарык түзүлүштөрдү байкоого болот. Бул болсо тактардын турактуу жандоочулары болуп саналат. Алар эмне деп аталышат?
А) Гранулдар б) факеледер в) гелий г) суутек
4. Күндөгү химиялык элементтердин ичинен эң эле көбүрөөгү кайсы зат басымдуулук кылат?
А) гелий б) литий в) суутек г) инерттүү газдар
5. Күндүн борборундагы температура канча градуска чейин жетет?
А) 10-15млн б) 6 млн в) 9 млн в) 6000К
6. Күн атмосферасы канча катмардан турат?
А) 4 б) 2 в) 5 г) 3
7. Күндүн атмосферасынын эң сырткы жана өтө эле суютулган газ түрүндөгү бөлүгү эмне деп аталат?
А) күн активдүүлүгү Б) күн таажысы в) фотосфера г) хромосфера
8. Күндүн бетиндеги жана анын атмосферасындагы ар кандай стационардуу эмес процесстердин (тактар, факелдер, хромосфералык жарк этүүлөр ж.б.) жыйындысы эмне деп аталат?
А) күн активдүүлүгү Б) күн таажысы в) фотосфера г) хромосфера
9. Өзүнүн жаркырашын тез эле эбегейсиз зор өлчөмгө көбөйтүп жиберүүчү жылдыздар кандайча аталат?
А) кош жылдыздар б) өзгөрүүчү жылдыздар в) топ жылдыздар г) жаңы жылдыздар
10. Жерди күндү айлануусунун негизинде байкоочунун мейкиндикте орун которуусуна байланыштуу жарык чыгаруучунун асман сферасындагы жылышуусу эмне деп аталат?
А) жылдык параллакс б) суткалык параллакс в) кылымдык параллакс г) тригонометриялык параллакс
11. 1 астрономиялык бирдик (1.а.б.) канча км ге барабар?
А) 1 млн км б) 150 млн км в) 320 млн км г) 100 млн км
12. Жаңы пайда болуучу жылдыздардын кадимки жылдыздардан болгон негизги айырмачылыктарынын бири эмне эсептелет?
А) температуранын төмөн болушу б) физикалык жаратылышынан в) көлөмүнөн
г) термоядролук реакциялар жүрбөйт
13. Жылдыздардын тышкы бетиндеги температура менен ички температуралары кандай?
А) бирдей б) бирдей эмес в) өзгөрбөйт г) туура жооп жок
14. Биздин күн кандай түстөгү жылдыздын түрүнө кирет?
А) сары б) кызыл в) ак г) туура жообу жок
15. Лира топ жылдызындагы Вега, Бүркүт топ жылдызындагы Альтаир, асмандагы жаркырак жылдыз Сириус кайсы түстөгү жылдыздарга кирет?
А) сары жылдыздар б) кызыл жылдыздар в) ак жылдыздар г) топ жылдыздар
16. Күндүн хромосферасындагы эң кызыктуу кубулуштардын бири эмне болуп эсептелет?
А) жарк этип жарылуулар б) күн активдүүлүгү в) термоядролук реакция г) жаркыроолор
17. Күн атмосферасынын биринчи катмары болгон фотосферанын болжолдуу калыңдыгы канчага барабар?
А) 10-20км б) 100-300 км в) 100-200 км г) 10-30 км
18. Күндүн көрүнгөн бети эмне деп аталат? А) атмосфера б) хромосфера в) тропосфера г) фотосфера
19. Тактардын жашоо убактысы канча убакытка чейин созулат?
А) бир нече сааттан бир нече жылга чейин б) бир нече сааттан бир нече айга чейин
В) он кунго чейин г) бир жылга чейин
20. Астрономиялык эсептөөлөр боюнча Галактикада болжол менен жылдыздардын канча пайызы “кара туюкка” (черная дыра) айланууга жетиштүү массага ээ экендиги аныкталган?
А) 50% б) 40% в) 30% г) 20%