СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тууранды сөздөр

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тууранды сөздөр»

Кыргыз тили \7-класс\2-чейрек\ 2-сабак___________________________________

Тема: Өзгөчө сөз түркүмдөр.Тууранды сөздөр жана анын түрлөрү

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: өзгөчө сөз түркүмдөр жана тууранды сөз жөнүндөгү билимдерди алышат.

-өзгөчө сөз түркүмдөрдү башка сөз түркүмдөрүнөн ажырата алышса;

Социо-маданий: турмушта тууранды сөздүн маани-маңызын окуп, талдашат.

-тууранды сөздөрдү турмушта пайдаланышса;

Кептик: ар бир окуучу жекече ой жүгүртөт.

-окуучулар өз алдынча сүйлөм түзүшсө.

Лингвистикалык минимундар: өзгөчө сөз түркүмдөр, тууранды сөз

Сабактын тиби: жаңы материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: жекече, жуптар менен иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: слайд, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

«Капитан-капитан» оюнун ойноо


2)Үй тапшырмасын суроо(5-мүнөт)

Чакчыл - натыйжаны билдирген негизги этишти айкындап, кошумча же жардамчы кыймыл-аракетти көрсөтүүчү этиштин өзгөчө формасы.Кыргыз тилинде чакчылды -ып (жаз+ып, оку+уп), -а(й) (бар+а, кел+е, оро+й, көнбө+й), -ганы (оку+ганы, жең+гени), -ганча, -гыча (бар+ганча, кел+гиче), -майынча (бар+ма-йынча, көр+мөйүнчө) мүчөлөрү уюштурат.

Атоочтук - этиштин кыймыл-аракетти заттын белгиси, касиети катары көрсөтүп, грамматикалык жактан этиштик да, атоочтук (зат, сын) да маанини туюнтуп, сүйлөмдө баш жана айкындооч мүчөлөрдүн милдетин аткаруучу формасы. Ал этиштик негизге -ган, -ар, -бас, -оочу/ уучу, -а, е, й + элек, -гыс ж. б. мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу жасалат (мисалы, Бийик өскөн гүл. Бирөө билгенди бирөө билбейт. Айыгар дарттын дабасы өзү табылат).

Кыймыл аракеттин ал-абалын билдирет. Алар этишке –оо, -өө, -уу, -үү, -ыш, -мак, -май мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу жасалат. М: Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Оруу-жыюу ж.б

3)Жаңы тема. (10 мүнөт)

Тууранды сөз – жандуу же жансыз нерселерден, кубулуштардан чыккан үндү, дабышты туурап, алардын кыймыл-аракетин, ал-абалын, сырткы көрүнүшүн элестетип көрсөтөт.

"Tic Tac" - италия тилинде сааттар үчүн колдонулган тууранды сөз.

Кыргыз тилинде тууранды сөздөр өтө көп. Алар оозеки кепте, көркөм адабиятта жыш колдонулат. Тууранды сөздөр морфологиялык, фонетикалык жана синтаксистик жактан да башка сөз түркүмдөрүнөн айырмаланып турат. Тууранды сөздөрдө лексикалык маани болбойт, алардын мааниси угулган добушту угулгандай, көрүнгөн элести көрүнгөндөй туурап берүүсү менен байланыштуу. Ошондуктан алар өзгөчө сөз түркүмү деп аталат.


Тууранды сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болот, маанисине карай табыш тууранды сөздөр, элес тууранды сөздөр болуп бөлүнөт.

Табыш тууранды сөздөр да, элес тууранды сөздөр да түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт.


Жөнөкөй тууранды сөздөр бир эле сөздөн (уңгудан десек да болот) турат. Алар көбүнчө табыштын жана элестин бир гана көрүнүшүн же кыска мөөнөттүүлүгүн билдирет. Мисалы: Үн чыккан тарапка «жалт» тиктей, көздөрүнөн от чагыла түштү. (М.Макенбаев) Тарс! Мылтыктын үнүнө удаа карышкыр кулап түштү. (К.Жантөшев) Акындын акын деген акыны бар..., шыңгырак, шыңгыр дабыш агымы бар. (А.Осмонов)

Татаал тууранды сөздөр эки же андан көп түгөйлөрдөн турат. Алар тууралып айтылып жаткан үндүн же элестин үзгүлтүксүздүгүн, кайталанып жатканын же бир аз созулуңку абалда болгонун билдирет. Мисалы: Эл арасы дуу-дуу, каргап- шилеген үндөр. (Т.Абдумомунов) Күлүп туруп эти гана ыйлаган, теңтушуна кыт-кыт күлгөн баладай. (А.Осмонов)


Татаал тууранды сөздөр тутумундагы түгөйлөрүнүн мүнөзүнө жараша өз ара үч топтон турат.

1). Кайталанма тууранды сөздөр: дардаң-дардаң, койкоң- койкоң, калч-калч, кыбыр-кыбыр, зыр-зыр, болк-болк, карс-карс ж.б. Мисалы: «Зуу-зуу» учкан жебелер үстүнөн өттү. (Т.Сыдыкбеков)


2). Уйкашма (уйкаш айтылма) тууранды сөздөр: така- так-така-так, шака-шак-шака-шак, кобур-собур, калдыр- салдыр ж.б. Мисалы: Эл арасы «кобур-собур», ар кандай ушактар айтылып жүрөт. (К.Жантөшев)


3). Каршылаш тууранды сөздөр: дабыр-дүбүр, карс-күрс, шалдыр-шулдур, уу-дуу, тик-так, күңк-мыңк ж.б. Мисалы: Не чегирткеби, не бир «ырчы» жандыкпы? «Чыр-чур», «ыз-быз» тынбайт. (Т.Сыдыкбеков)


Тууранды сөздөрдүн каршылаш маанилери алардын айтылышындагы тыбыштардын башка-башка топтогуларынын келгендигине негизделип, ошонун өзү грамматикалык антонимдик касиетке ээ болот.

1)Окуучулар менен иштөө (12 мүнөт)

1-кадам

Окуучулар доскдагы тууранды сөздөрдү элес жана табыш тууранды сөз деп ажыратат.

Тарс этти, шылдыр-шылдыр, арс-арс, жалт-жалт, жарк-журк, шып, лып, эрбең-сербең, зып-зып, -карс-курс ж.б

2-кадам (көнүгүү иштөө)

12-көнүгүү

Сүйлөмдөрдөн тууранды сөздөрдү гана көчүрүп жазгыла

13-көнүгүү

Төмөнкү сүйлөмдөрдү көчүрүп жазып тууранды сөздөрдун алдын сызкыла

14-көнүгүү

Тууранды сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө.

4)Бышыктоо

(5 мүнөт)


  1. Өзгөчө сөз түркүмү деген эмне?

  2. Тууранды сөздөр дегенде эмнени түшүнөсүңөр?

5) Рефлексия

(2 мүнөт)

Бүгүнкү сабактан кандай маалымат алдыңар?

Сабакта эмнеден кыйналдыңар?

Эртеңки сабакты эмнелерди күтөсүңөр?

6)Үйгө тапшырма

(3мүнөт)

15-көнүгүү(Көчүрүп жазып, тууранды сөздөрдү таап маанисине карай бөлүп жазуу)

16-көнүгүү (Көп чекиттин ордуна тиешелүү тууранды сөздөрдү улап, жандуу жансызга бөлөбүз)

7)Бааолоо

(3мүнөт)

Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»