СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Windows жумушчу столу

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

виндовс жумушчу столунун кызматтары 

Просмотр содержимого документа
«Windows жумушчу столу»

КыргызРеспубликасынынбилим берүү жанаилим министрлиги

СатыТоктороватындагыортомектеби



Тема:Windowsаракеттер системасынын жумушчу столу жана анын элементтери.







Информатика мугалими: Байматова Аксана





Сабактын темасы: Windowsаракеттер системасынын жумушчу столу жана элементтери.

Сабактын максаты:

а)Билим берүүчүлүк:

Windowsаракеттер системасынын жумушчу столужанаэлементтерименентаанышасыңар

б)Өнүктүрүүчүлүк:

Windowsаракеттер системасынын жумушчу столунун ар кандайэлементтерининпараметрлеринсалыштырасыңар

в)Тарбия берүүчүлүк :

Windows аракеттер системасынын жумушчу столу жана элементтери менен иштөөдөгү практикалык көндүмдөргө калыптанасыңар.

Сабактын жабдылышы:Компьютер, ватман, проектор, сүрөт, чаптамалар, топ, гүл, доска,

маркер , таратмалар, ж.б.


Сабактын жүрүшү: а) уюштуруу(жагымдуу жагдай) 5мин

б) үй тапшырмасын суроо (5 мин) в) крассворд (5 мин)

г)жаңы тема видео 5 мин, озу тушундуруу (5 мин)

д) практика жузундо аткаруу (10 мин)

е) Бышыктоо(3 мин)

ё) үйгө тапшырма берүү (2 мин)

ж) Баалоо(5 мин)


  1. Саламдашуу:

Эки миң он жетинчи жылында,

Февраль айынын экинчи числосунда.

Орто мектеп тайлакбай Темиралиевде

Келдик мына жыл мугалим сынагына

Анда эмесе, баарыңар арбагыла.


Балдар: бар болуңуз эжеке!

Мугалим: Анда эмесе балдар 2017-жыл кандай жыл деп жарыяланды:

Окуучулар: 2017-жыл Кыргыз Республикасында “ыйман, адеп жана маданият жылы”

Ыйман деген эмне? Адеп деген эмне? Маданият деген эмне?

Саты Токторов орто мектебинде: “Жаны технологиялардыпайдаланып, сапаттуубилимберүүжылы»

Мугалим: Жакшы балдар бүгүнкү число канчасы?

Окуучулар: 2- февраль, бейшемби

Мугалим: Бул күн кандай күн?

Окуучулар:

Мугалим: Анда эмесе балдар, биз сабагыбыз жакшы маанайда жүрүш үчүн бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алайлы.

  • Санжар сага ден-соолук каалайм

  • Ийгилик каалайм

  • Узун өмүр, жашоондо ийгиликтердин жарала беришине тилектешмин.

  • Көздөрүң сага абдан жарашат

  • Сабакка активдүү катышууңду каалайм

  • Чачыңдын жасалгасы абдан сонун жарашыптыр

  • Бүгүнкү сабакта жакшы баа алышыңды каалайм

  • Келечекте элдин керегине жараган инсан болушуңду каалайм

  • Адилеттүүсүң, чечкиндүүсүң, сабырдуусуң.

Балдар бири бири менен саламдашып бири бирине жагымдуу маанай тартуулап гүл беришет.

Мугалим : балдар силерге берилген гүлдөрдүн желекчелеринде интернет жана вай-фай деп жазылган таркатмалар бар, ошол боюнча 2 топко бөлүнгүлө, отуруп алдыкпы балдар силердин тобуңардын аты Wi-FI силердин атыңар internet

Интернет дегенэмне? Бүткүл дүйнөлүк байланыш, мында чексиз көп компьютерлер бири-бири менен байланышкан

Wi-FI деген эмне? Бул деле байланыш, бирок байланышкан компьютерлер чектелген.

Силердин сабактагы активдүүлүгүңөрдү баалоо үчүн баалоо каражаттары жөнүндө маалымат айта кетейин.

Калпак-“5”

Комуз-“4”

Оймо-“3”

Ар бир жооп берген окуучуларга баалоо каражаттарын беремөзүнөрдүн алдыңардагы баракчага жабыштырып барасыңар. Окуучулар досканын жанында күтүү дарагы, жана таркатмалар бар. Күлүп турган таркатмабыз сабак жакшы өттү дегенди, ал эми кабагы начар болуп турган таркатмабыз сабак жакпады дегенди түшүндүрөт. Сабагыбыздын аягында өзүнөргө жаккан таркатмаларды бирден алып күтүү дарагына илип койсоңор болот.

Сабагыбыз төрт бөлүмдөн турат,компьютердин негизги түзүлүшү да төрт бөлүктөн турат. Ар бир бөлүмдө командалар тапшырмаларды аткарып компьютердин негизгитүзүлүштөрүн астыбыздагы доскага толуктап аласыңар. Монитор, процессор, клавиатура, чычканча.

“Кайталоо билим алуунун энеси” демекчи балдар үйгө берилген тапшырманы кайталайлы, ал үчүн колубуздагы интернет жана вай-фай деп жазылган таркатмаларыбыздын артында суроолор бар, ошолорго жооп берейли. Кана ким даяр?

II. Үй тапшырмасы: Таратмалар 1-бөлүм.

  1. Системалыкпрограммалыккамсыздоодегенэмне? Компьютердин ажырагыс бөлүгү, ансыз эч нерсе кыла албайбыз.

  2. Колдонмопрограммалыккамсыздоодегенэмне? Колдонуучуга ыңгайлуу программалардын жыйындысы, аны прграммисттер түзөт.

  3. Программалооинструменттеридегенэмне? Программалоо тилдери жана компьютердин апараттары

  4. Аракеттерсистемаларыдегенэмне? Компьютерде болуп жаткан процесстерди башкаруучу жана колдонуучу менен баарлашуну уюштурган программа

  5. Кандайаракеттерсистемаларынбилесинер?MS-DOS, NORTON, WINDOWS аракеттер системасы ж.б.

  6. MS-DOS аракеттер системасы деген эмне? Компьютер жанганда көрүнгөн кара экрандуу бир эле терезеден турган аракет системасы. Мында программисттер гана иштей алат.

  7. NC- аракеттер системасы деген эмне? Көк экрандуу эки терезе менен иштеген аракет системасы. Америкалык программист Питер Нортон негиздеген.

  8. Windows аракеттер системасы деген эмне? 1985-жылы Билл Гейтс тарабынан түзүлгөн.WINDOWS-бизче терезелер дегенди түшүндүрөт. Көптөгөн терезелер менен иштей алабыз.

  9. Маалымат деген эмне?

  10. Программа деген эмне?

  11. Программалык камсыздалыш деген эмне? Компьютердин узак убакытка сактоочу эсинде сакталган программалардын жыйындысы.

  12. Колдонуучунун интерфейси деген эмне? Программа менен колдонуучунун баарлашуу ыкмасы


Өтүлгөн тема боюнча кыскача бышыктайт.

III. Крассворд. Балдар мен силергеой-жүгүртүүңөрдү текшерүү үчүн суроолорду берем, суроолордун жоопторун билгендер болсо кол көтөрөбүз, дене-тарбия сабагы менен байланыштырып силерге топ ойноо оюнун ойноп кроссвортубузду түзүп алабыз.

  1. Жүз сомуң болгончо ,... (жуз досун болсун)

  2. Саат эмнени корсотот? (убакытты)

  3. Хоккей аянтчасы эмне менен капталган? (муз)

  4. Чай кайнайт, айран ... (уюйт)

  5. Төөнун сүтү эмне деп аталат? (шубат)

  6. Дүйнөгө Кыргызстанды тааныткан жазуучу ким? (Чынгыз Айтматов)

  7. Шайлоо челеги (урна)

  8. Курманжан Датка кинотасмасынын кино режисеру? (Садык Шернияз)

  9. Адам баласынын басып өткөн жолун окутуучу илим? (тарых)

  10. Жамгырдан кийинки жыт (озон)

  11. Өчүргүчтүн орусча аталышы (ластик)


Мына балдар кроссвордду да түзүп алдык. Жумушчу стол деген сөз пайда болду. Балдар дептер, ручкабызды алып жазабызбиздин бүгүнкү өтө турган темабыз

Windows аракеттер системасынын жумушчу столу жана анын элементтери.

Аракеттер системасы орнотулушу менен жумушчу стол даярдалат. Анда негизинен Мой компьютер (менин компьютерим) жана корзина, мои документы (менин документтерим) папкаларынан турат.

  1. Жумушчу столдогу элементтердин көрүнүшүн өзгөртөбүз.

  2. Жумушчу столдогу элементтерди иреттейбиз.

  3. Жумушчу столду жаңылоо.

  4. Жумушчу столго сааты жана календарды кой.

  5. Жумушчу столдун сүрөтүн өзгөрт.

  6. Жумушчу столго папка түзөбүз.

  7. Жумушчу столдогу тилдерди өзгөртөбүз.

  8. Жумушчу столдогу убакытты өзгөртөбүз.

  9. Терезенин түсүн өзгөртүп алабыз.

  10. Пуск менюсуна кирип игранын ярлыгын түзүп алабыз.

  11. Жумушчу столдогу элементтерди тез иштөөчү панелге алып келип орнотобуз.

  12. Жумушчу столдогу Bluetooth кызматын көрсөтүп. Сүрөттү жумушчу столго кой жана кагазга чыгар.


Анда балдар көргөн жумуштарыбызды компьютерде аткарып көрөбүз, ал үчүн көрсөтүлгөн компьютердин түзүлүштөрүн табасыңар. Ким тапса компьютерге олтурат.

Ар бир окуучу компьютердин түзүлүштөрүн таап, компьютерден тапшырмаларды көрсөтүп берет. 3-бөлүм.

  1. Жумушчу столдогу элементтердин көрүнүшүн өзгөрт.

  2. Жумушчу столдогу элементтерди иретте.

  3. Жумушчу столду жаңыла.

  4. Жумушчу столго сааты жана календарды кой.

  5. Жумушчу столдун сүрөтүн өзгөрт.

  6. Жумушчу столго папка түз.

  7. Жумушчу столдогу тилдерди өзгөрт.

  8. Жумушчу столдогу убакытты өзгөрт.

  9. Терезенин түсүн кызыл түскө өзгөрт.

  10. Пуск менюсуна кирип игранын ярлыгын түз.

  11. Жумушчу столдогу элементтерди тез иштөөчү панелге алыпкел.

  12. Жумушчу столдогу Bluetooth кызматын көрсөт. Сүрөттү жумушчу столго кой жана кагазга чыгар.

Сүйломдүн кубаттуулугун тап.

“Билим алуу ийне менен кудук казгандай”, “Китеп көктөгү асман, окуп чыксаң чоң дастан”

V.Бышыктоо

“Билим-кайталоо менен тастыктоонун мөмөсү” дегендей кана эмесе балдар бүгүнкү өтүлгөн сабактан силер эмнелерди билдиңер?

Окуучулар 2 сап ыр аркылуу түшүнүктөрүн айтышат. 4-бөлүм.

VI. Баалоо

Ар бир окуучу алган карточкаларын топтоп жыйынтык чыгарышат. Ар топтон бирден окуучу өзүнүн тобун баалайт.

Топтордун кандай баалангандыгы доскадагы сүрөттөн көрүнүп турат.

VII. Үй тапшырмасы

Бүгүнкү сабакты кайталап, дагы жумушчу столдун кандай элементтери бар экендигин таап келесиңер.

Өзүңөр үй бүлөңөр менен сүрөткө түшүп ватсап аркылуу мага жибергиле . Кийинки сабакта жөнөткөн сурөтүңөрдү жумушчу столго коёбуз.

Менин номерим:0778-82-28 -52




































  1. Жумушчу столдогу элементтердин көрүнүшүн өзгөрт.



  1. Жумушчу столдогу элементтерди иретте.





  1. Жумушчу столду жаңыла.



  1. Жумушчу столго сааты жана календарды кой.





  1. Жумушчу столдун сүрөтүн өзгөрт.



  1. Жумушчу столго папка түз.





  1. Жумушчу столдогу тилдерди өзгөрт.



  1. Жумушчу столдогу убакытты өзгөрт.





  1. Терезенин түсүн кызыл түскө өзгөрт.



  1. Пуск менюсуна кирип игранын ярлыгын түз.





  1. Жумушчу столдогу элементтерди тез иштөөчү панелге алып кел.



  1. Жумушчу столдогу Bluetooth кызматын көрсөт. Сүрөттү жумушчу столго кой жана кагазга чыгар.












Скачать

© 2019, 1588 3

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!