СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ысык -Көлдүн куту жана куну

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Публицистикалык чыгарма

Просмотр содержимого документа
«Ысык -Көлдүн куту жана куну»

Кыргыз адабияты 11-класс

Сабактын темасы : Ысык –Көлдүн куту жана куну.

Сабактын максаты : Окуучулар Ысык-Көлдүн куту жана куну боюнча маалымат алышат.

Элестетүүсү,ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу,эске сактоосу калыптанат.

Ысык-Көлдү коргоого,алган билимин турмушта пайдалана билүүгө

тарбияланышат

Сабактын жабдылышы: Темага карата түстүү сүрөттөр , карта , кошумча адабияттар, слайд, видео

тасма.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу ( саламдашуу, жагымдуу маанай түзүү)

Өтүлгөн теманы кайталоо

Жаны тема

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Мугалим сабактын темасын, максатын айтат жана түшүндүрөт.

Окуучулар сабактын темасын,максатын угат жана түшүнүшөт.

Көл бермети болгон Ысык-Көлдүн тарыхы жөнүндө кандай маалыматтарды билесинер?

Ысык-Көл жөнүндө жазылган кандай ырларды жатка,көркөм айта аласынар?

Окуучулар Ысык-Көл жөнүндө билгендерин айтышат. Ысык –Көл жөнүндө жаттаган ырларын көркөм айтып беришет.

Кут жана кун деген сөздү кандай түшүнөсүнөр7

Окуучулар өз ойлорун айтышат.

Мугалим кошумчалайт.

Кут –бул адамга ,элге,жерге келген

Өтө күчтүү, кубаттуу

Жарыгын берип уюткан

Жазуусун берип куюлткан

Мээримин берип муюткан

Табын берип кубанткан

Ырысын берип байыткан

Даңаза берип кубанткан

Өтө сабырдуу,өтө күчтүү

Демди берген өзгөчө

Жарыкты берген өзгөчө

Сымаптай болуп мөлтүлдөп

Сиңиргиче көлкүлдөп турган-чоң касиет.

Куттун түрү:

Элдин куту-өнөрүндө

Жердин куту-элинде

Үйдүн куту-аял.

Кун түшүнүгү тээ байыртадан кыргыз салтында жашаган .Мисалга алсак,”Манас” эпосунунСагымбай вариантында “ Өлгөнүнө кун бер-деп ,кун алганы дагы бар” деп эскерилсе “ Эр Табылды “ баянында “ Былтыркы өткөн эрлердин , быйыл кунун куубасак” деп айтылат.Демек , кун эр сайышта ,жөө чабышта ,уруулук кагылышта,майда талаш-тартыштарда курман болгон кишинин төлөмү , башынын баасы.Кунду ошол эрди өлтүргөн киши төлөп берүүгө милдеттүү болгон.


Мугалим кут, кун жөнүндө маалыматты айтып жатканда кунт коюп угушат.Мугалимден билбегенин сурашат. Суроолоруна жооп алышат.

Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында Ысык-Көлдүн аянты , жаратылышы жөнүндө сурап алат.

Окуучулар билгендерин айтышат.

Ысык-Көл





Жайгашкан орду

түндүк-чыгыш Кыргызстан

Узундугу

182 км

Туурасы

58 км

Аянты

6236 км²

Көлөмү

1738 км³

Эң терең жери

702 м

Туздуулугу

5,8% ‰

Суу топтоо аянты

15,844 км²

Куйган дарыялар

~ 80 дарыя

Кыргыз элинин бермети – Ысык-Көл. Ал тоо арасында жайгашкан. Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз – Көл деген да аты болгон. Андан кийин Тимур – ту – Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген. Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес. Ысык-Көл деңиз денгээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Эң терең жери 700 метрден да ашыгыраак. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет.

Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот. Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу! Ал эми көз талдырган канат сермеген көк кытандарчы! Баардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Көлдө балык өстүрүүчү жана кармоочу чарбалар бар. Алар чабак, осман, маринка жана сазан сыяктуу көп балыктардын түрүн кармашат. Көл жээги жай мезгилинде өтө жандуу жана өтө кооз. Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор – Ысык-Көлдө. Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышты. Жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышты. Таланттуу акын Алыкул үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, Толкуса, толкунуна тең ортокмун. Турмушта канча жолдош күтсөм дагы, Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун

Ысык-Көл — «Манас» эпосундагы топоним«Манас» эпосунда кыргыздардын байыртадан мекендеген жерлеринин бири катары көп эскерилет. Манас Ата журтун баскынчы жоодон бошотмок болуп Алтайдан аттанып чыгып, Кошойго жолукканы келе жатып, Ысык-Көлгө туш келип, суктанат:

Береке экен, бел экен,

Пенде көрчү жер экен,

Жердегенде адамды

Кан кылуучу жер экен.

Жээк-жерге баарысы

Бай кылуучу жер экен,

Ортосу көпкөк көл экен,

Суусунда миңдей төр экен

Жердеген адам бай болчу,

Көлүндө ырыс бар экен.

Боз мойнокчо, дөбөчө

Түшүп Манас жер чукуйт

Касиеттүү жер экен,

Эки эли жерин оодарса

Түгөнгүз алтын бар экен.

Жаныбарым Ысык-Көл

Жер соорусу турбайбы,

Жердеген киши тунбайбы!

Мындай кызык жер болбос,

Мындай кызык көл болбос,

Будур-будур бел экен,

Будурмак аттуу жер экен,

Будурмак келип турулуп,

Будурдан бугу куюлуп,

Жаткан экен жаныбар

Будурдун чөбү суюлуп,

Ар коктудан жаркырап,

Миңден булак куюлуп,

Өйүз-бүйүз жери тар

Ортосунда жайнаган

Сонун көпкөк көлү бар.


Ысык-Көл – Кыргызстандагы эң чоң көл. Дүйнөдөгү 25 ири көлдүн катарында жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде 7-орунда турат. Республиканын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шань тоо кыркаларында: Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда, деңиз деңгээлинен 1609 метр бийиктикте жайгашкан. Андан суу кайра агып чыкпайт,  бирок ага салыштырмалуу анча чоң эмес, 80дей өзөн-сайдын суулары келип куюлат. Алардын чоңдору – чыгыш жактан куюлган Түп менен Жыргалаң суулары. Батыш тараптан Чу дайрасы көлгө абдан жакын агып өтөт, Балыкчынын тушунан 6 км аралыкта жазгы суу ташкындары учурунда анча-мынча кошулуп да кетет. Суунун деңгээли Ысык-Көлдө циклдер боюнча өзгөрүп турат (бирде көтөрүлөт, бирде түшөт). Цикл бир нече он жылдын ичинде алмашат. Суусу туздуу (суунун минералдашуусу – 5,90%).  

Суунун көлөмү 1738 км³ түзөт, көлдүн бети - 6236 км², жээгинин айланасы – 688 км, орточо тереңдиги – 278 м, эң терең жери дээрлик 2,5 эсе болуп, 702 метрге барабар. Ысык-Көлдүн узундугу батыштан чыгышка 182 км, ал эми түштүктөн түндүккө – 58 км. Ысык-Көл тунуктугу боюнча дүйнөдө Байкалдан кийинки экинчи орунда турат.


Мугалим окуучуларга Ысык-Көл жөнүндө кошумча маалыматтар менен тааныштырат.

Ысык-Көл облусу


Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Облус

Курамында:

3 шаар, 5 район

Акимий борбору:

Каракол

Ири шаарлары:

БалыкчыЧолпон-Ата

Түзүлгөн убакыты:

21-ноябрь 1939

расмий тили:

Кыргыз тили

Калкы (2016):

470 100

Жыштыгы:

10,31 адам/км²

Жер аянты:

43 100 км²





Мугалим окуучулардын билимин тереңдетүү максатында тема боюнча суроолорду берет.

-Ысык-Көлдүн эң терең жери канчалык экен?

Окуучулар берилген суроолорго өз ойлорун айтышат.

-660 метр

-А Чыңгыз Айтматов 700 гө жакын деп жатат го?

50-жылдардагы изилдөөлөр боюнча 1100 метр турбайбы, бул эмне деген цифралар ?

Окуучулар өз ойлорун билдиришет.

Илгери кишилер оору-сыркоо болсо ооруканага эмес,сыйынып даарат алчу, бетине, ооруган жерине дары сыяктуу суусунан сүртчү. Ушул дарылык касиет эмнеде деп ойлойсунар?

-Кумда

-Баткакта

-Минерал сууларда

-Дары өсүмдүктөрдө

Азыр көл жээгинен эмнелерди көрүүгө болот?

Видео көрсөтүлөт.( көл түбүндөгү таштандылар көрсөтүлөт)

-Таштандыны

-Шише сыныктарын

-Пластмасса идиштерин

Окуучулар көл жээгинен көргөндөрүн айтышат.

Жүз жыл мурда балыкты кылыч менен сайып алып атса,азыр тор менен кармоого балык калбады .50-жылдарда ит чабакты кантип жок кылабыз деп башка жактан балыктарды алып келдик эле,алар биздин тоо фарелин баш кылып кырып салды.Саякатчы Пржевальск “көл жээгинде эстелигим турсун”деди эле ,азыр көрүп жатасыңар ,ал эстелик көлдөн алыс-алыс калды.Жээк жылып кетти.Ким күнөөлүү деп ойлойсуңар?

Окуучулар ойлонуп жооп беришет.

Чыңгыз Айтматов козгогон маселе боюнча жээк жылына 7-10-сантиметрден жылып отурса,өзүнөн-өзү булактар тартылат,ал жээктерде ным топтоп,азык алган бадалдар өлөт,а алар өлсө ошолорду байырлаган канаттуулар,жаныбарлар жоголот.Чыңгыз агайыбыз айткан туташ реакция деген ушул!

Чыңгыз Айтматов сөз жүзүндө гана эмес иш жүзүндө да Ысык-Көлдүн табиятын сактоого салым кошкону, Сары-Жаз,Эңилчек сууларын буруу долбоору ишке ашпай калгандыгын,Көлгө жаңы суулардын кошулбагандыгы жөнүндө мугалим айтып берет.

Окуучулар кунт коюп угушат.

-Кажы-Сайдан уран деген кен чыккан, кендин чыгындыларын көөмп коюшкан,азыр адамдар ошолорду массалык түрдө казып жатышат,алардын кийиминде,күрөетөрүндө эмне бар?

-Ошол радиация көлгө барышы мүмкүнбү ?

-Көрдүнөрбү ! А эмне үчүн Кажы-Сайда ак кан , рак менен ооругандар көп?Ойлогулачы? Кажы-Сайда кичине эле жаан жааса кыян жүрүп көлгө куят эмеспи , туурабы? Мына ушундай ууланууларды табияттын өзүнүн кээ бир нерселери кайра өздөрү тартып алат.Мисалы,чийдин түбүндө сүт сыяктуу суюктук бар, ошолор радиацияны тартып алат,демек биз кайсыл өсүмдүктү көбөйтүшүбүз керек экен?

-Радиация




-Мүмкүн








-Чийди

Сабакты бышыктап,жыйынтыктоо.

Мугалим окуучуларга карточкаларды таркатат.

Көл проблемаларын чечүүнүн кандай жолдору бар?

Ысык-Көлдүн экологиялык проблемалары эмнеден улам келип чыкты?

Ысык-Көлдө Аралдын трагедиясы кайталанып калбашы үчүн Ч.Айтматов кандай иш-чаралардын комплексин сунуш кылды?



Окуучулар карточкаларга жубу менен талкуулап жооп беришет.

Баалоо:

Окуучулар бири-бирине пикирин билдирүү менен баалашат.

Үйгө тапшырма :

Географиялык ,энциклопедиялык китептерди пайдаланып Ысык-Көл ,анын табияты, суусу,байлыктары ,жайгашышы,тарыхы жөнүндө маалымат топтоо

Жолдошева Наргиза Кочумкуловна

Таш-Көмүр шаарындагы № 11 М.Темирбаев атындагы

жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору ,кыргыз

тили жана адабияты мугалими