СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабатка үйрөтүү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема: “Манас – кыргыз элинин баатыры”

1сабак ( декабрь айы)

              Жогорку топ(5-6 жаш)

 

Просмотр содержимого документа
«Сабатка үйрөтүү»

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы


Ленин районуна караштуу

43МЧББУ



Сабатка үйрөтүү сабагынын конспекти

Тема: “Манас – кыргыз элинин баатыры”

1сабак ( декабрь айы)

Жогорку топ(5-6 жаш)















Түзгөн:

Сыйдалиева Б.Т.

Бишкек 2020 -ж

Тема: “Манас-кыргыз элинин баатыры”

Программалык мазмуну: Тыбыштардын ырааттуулугун үйрөнүүнү улантуу. Балдардын ой жүгүртүүсүн, көңүл буруусун, кабылдоосун өстүрүү. Угуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү. Балдарды ата-бабаларыбыз менен сыймыктанууга тарбиялоо, улуу элибиздин тарыхы менен тааныштыруу. Патриоттук сезимдерин ойготуу. Досторуна, курбуларына урмат-сый менен мамиле кылууга тарбиялоо.

Усулдук ыкмалар: Уюштуруу учуру, жагымдуу маанай тартуулоо, күтүлбөгөн окуя, баалоо, сабактын жыйынтыгы.

Колдонулуучу каражаттар:сюжеттүү сүрөттөр, таблицалар.

Сөздүк иш: айкөл, балбан, күчтүү, мөлтүр кашка суу, жоо, калмак-кытай.

Сабактын жүрүшү:

Саламатсыңарбы балдар! Маанайыңар кандай? Балдар бири-бирибизге жылмайып, колубузду кармашып жагымдуу маанай тартуулайбыз.

Анда эмесе сабагыбызды баштайлы.

-Балдар Ата Мекен дегенди кандай түшүнөсүңөр?

-Туура, балдар, биз жаратылышы кооз, бийик тоолуу, таза абасы бар, түркүн жаныбарлар жашаган, мөлтүр кашка суусу бар Кыргызстан деген сонун өлкөдө жашайбыз. Жер жүзүндө көптөгөн сонун өлкөлөрдүн бар экендигин билебиз, адамдар бардык жерде жашашат, бирок Кыргызстан биз үчүн баа жеткис өзгөчө өлкө. (1-слайд)


Өткөн мезгилдерде адамдар жерин жоодон коргоп калуу үчүн баскынчылар менен чексиз күрөшүп келишкен. Биздин жердин кооздугуна, кеңдигине кызыгып кол салган калмак-кытайларды биздин баатырлар мизин кайтарып турушкан.

2-слайд


Маңдайы жазы, башы кууш.

Бар боюнда турат тууш.

Кочкор тумшук, кош кирпик

Көркү калча, көзү тик.

Жалаяк ооз, жар кабак

Эр мүнөзү көрүнөт.

3-слайд


Ушул саптарда сүрөттөлгөндөй баатырлардын бири болгон Манастын баатырдыгын, айбаттуулугун, айкөлдүгүн көрөбүз.

Курама жыйып журт кылган, кулаалы таптап куш кылган Манас чачылган кыргыз элин жыйнап, эли-жерин душмандардан коргогон.

Балдар карагылачы, бул жерде сандык турат.Силерге кызык болуп жатабы? Анда ичин ачып көрөлү.

4-слайд


Балдар, мында тапшырмалар бар экен. Келгиле, чогуу аткаралы.

1-тапшырма

“Мекен” деген сөздү муунга бөлүп, үндүү жана үнсүзгө ажыраткыла.

МЕ – КЕН деген сөз эки муундан турат.

М Е К Е Н






Балдар үнсүздөрдү көк түс менен, үндүүлөрдү кызыл түс менен белгилейбиз.

2-ташырма

Бул сөздөрдөгү кыска жана созулма үндүүлөрдү тапкыла.

БААТЫР, АЙКӨЛ, КҮЧТҮҮ, БАЛБАН

Баатыр – [аа] созулма, [ы]-кыска үндүү

Айкөл – [а] ,[ө] кыска үндүүлөр

Күчтүү – 1-[ү] кыска, [үү]-созулма үндүү

Балбан – [а] тыбыштары кыска үндүүлөр

3-тапшырма

БААТЫР деген сөзгө сүйлөм түзүп, муунга ажыраткыла.

Манас баатыр болгон деген сүйлөмдүн схемасын чиели.

\_____________ ________________ ________________.

Туура, балдар,бул сүйлөмдө канча сөз бар?

Сүйлөмдө үч сөз бар экен.

Эми балдар биз бул сүйлөмдөгү сөздөрдү муундарга ажыратабыз.

Ма-нас баа-тыр бол-гон.

Азаматсыңар, биз сандыктагы тапшырмаларды аткардык.

Балдар бүгүн биз силер менен эмне жөнүндө сүйлөштүк , кайсы тапшырмаларды аткардык? (суроо – жооп)

Силерге тапшырмаларды аткарган жактыбы? Мына, сандыктын ичинде жылдызчалар бар экен. Бул жылдызчалар тапшырмаларды аткарган балдарга берилет.

Балдар үйдөн ата-энеңер менен биргеликте “Манас” эпосунан үзүндү жаттасаңар болот.