| Жактары 4 см болгон тең жактуу үч бурчтукту карайлы. Чокулары берилген үч бурчтуктун жактарынын ортолору болгон үч бурчтукту түзөбүз (33-сүрөт). Үч бурчтуктун орто сызыгынын касиеттери боюнча экинчи үч бурчтуктун жактары 2 см ге барабар. Ушундай түзүүнү кайталай берсек жактары 1, см ж.б. болгон кийинки үч бурчтуктарды алабыз. Ушул үч бурчтуктардын жактарынын узундуктарынын удаалаштыгын жазып чыгалы: 4,2,1, Бул удаалаштыкта экинчисинен баштап анын ар бир кийинкиси мурункусун бир эле санына көбөйткөндөгүсүнө барабар. Мындай удаалаштык геометриялык прогрессия деп аталат. Мисалдар: 2, 8, 32, 128, .....- бул бөлүмү q=4 болгон геометриялык прогрессия. 1, бул бөлүмү q= болгон геометриялык прогрессия; бул бөлүмү q=-12 болгон геометриялык прогрессия; ...- бул бөлүмү q=4 болгон геометриялык прогрессия; Теорема: Эгер b1, b2, b3, …., bn,…. бөлүмү q болгон геометриялык прогрессия болсо, анда анын n –мүчөсү bn=b1qn-1 (1) 1-маселе. Эгер b1=81 жана q= болсо, анда геометриялык прогрессиянын жетинчи мүчөсүн тапкыла. Бул геометриялык прогрессиянын бөлүмүн тапсак: q= n – мүчөсүнүн формуласын жазып алалы: bn=b1qn-1 b1=3, q=2 болгондуктан bn=3 2n-1 Жообу: bn=3 2n-1 2-маселе. Геометриялык прогрессияда b6=96 жана b8 =384. Ошол прогрессиянын биринчи мүчөсүн жана n – мүчөсүнүн формуласын тапкыла. bn=b1qn-1 формуласы боюнча: b6=b1q5, b8=b1q7. b6 жана b8 дин маанилерин койсок: 96=b1q5, 384=b1q7 болот. Бул барабардыктардын экинчисин биринчисине бөлсөк: 4= q же q=4. Акыркы барабардыктан: а) q1=2, б) q2=-2 болорун табабыз. Прогрессиянын биринчи мүчөсүн табыш үчүн 96=b1q5 барабардыгын пайдаланабыз. q1=2, болгондо: 96=b125 96=b132 b1=3 болорун табабыз. Эгер b1=3 жана q=2, болсо, анда n – мүчөсүнүн формуласы bn=3 2n-1 түрүндө болорун табабыз. q2=-2 болгондо: 96=b1(-2)5 96=b1(-32) b1=-3 болорун табабыз. Эгер b1=-3 жана q=-2 болсо, анда n – мүчөсүнүн формуласы bn=3 (-2)n-1 түрүндө болот. |