СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Геометриялык прогрессиянын касиеттери

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

9-класстын алгебра сабагындагы "Геометриялык прогрессиянын касиеттери" деген темадагы сабактын планы

Просмотр содержимого документа
«Геометриялык прогрессиянын касиеттери»

5


Сабактын планы


Алгебра 9-класс


Сабактын темасы: Геометриялык прогрессиянын

касиеттери


Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү

Колдонулуучу усулдар: Жеке иштөө, жупта иштөө

Колдонулган баалоо усулдары: өзүн-өзү баалоо, бири-бирин баалоо

Жабдылышы/каражаттар: тапшырмалардын даярдалган тексттери

Сабактын максаты: окуучулардын ой-жүгүртүүлөрүн өстүрүү

үчүн төмөндүдөй шарттарды түзүү

  • Окуу материалынын мазмуну аркылуу интеллектуалдык маданиятын өстүрүү б.а. эсептерди чыгарууда ык-навыктарды, билимдерди жана билгичтиктерди колдонуу

  • Сабакта иштөө мезгилинде өзүн-өзү баалоо жана контролдой алуу маданиятына ээ болуу.

  • Коммуникативдик маданиятына б.а. математикалык сүйлөө речин өстүрүү, бири-бири менен мамиле түзүү, өз оюн айта билүү жана бирөөнүкүн уга билүү, ишти анализдөө жана жыйынтык чыгара билүүгө ээ болуу.


САБАКТЫН ЖΥРΥШΥ:


Балдар! Төмөндөгү сүйлөмдү аягына чыгаргыла:

« Жолду баскан арбытат (жеңет), ал эми математиканы ой жүгүртө алган адам

« Дорогу осилит идущий, а математику …мыслящий

Суроо: Прогрессия деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?

Мугалим: прогрессия деген сөз латын тилинен которгондо алдыга жылуу дегенди тγшγндγрөт.

Силердин ой-жүгүртүүңөрдү белгилөө үчүн өзүн-өзү баалоо баракчасын толтурасыңар, мында ар-бир тапшырма үчүн өзүңөргө балл коёсуңар.

  1. Билимдерди актуалдаштыруу .

Көңүл бургула!

1-тапшырма( 5 балл). Доскада сан удаалаштыктары жазылган:

  1. 2, 4, 6, 8, …;

  2. 1, 2, 4, 8, 16,….;

  3. 2, 22, 23, 24,…;

  4. 2, 2, 2, 2, …;

6)

7) 2, 2,

Аларды группаларга бөлгүлө. Жоопторду таблица көрүнүшүндө көрсөткүлө:


1-группа

2-группа

3-группа

Арифметикалык прогрессия

Геометриялык прогрессия

Арифметикалык да, геометриялык да прогрессия эмес





Жоопторду анализдөө аркылуу балдар арифметикалык жана геометриялык прогрессиялардын аныктамаларын кайталашат.


Жооп:

1-группа

2-группа

3-группа

Арифметикалык прогрессия

Геометриялык прогрессия

Арифметикалык да, геометриялык да прогрессия эмес

1), 4), 5);

2), 3), 4), 6);

7)



2. Жаңы билимди өздөштүрүү

1-теорема. Геометриялык прогрессиянын биринчи мүчөсүнөн башка ар бир мүчөсүнүн квадраты аны менен коңшулаш эки мүчөсүнүн көбөйтүндүсүнө барабар, б.а.


мында (1)


(2)


1-маселе. Эгер болсо, анда геометриялык прогрессиянын оң мааниге ээ болгон бешинчи мүчөсүн тапкыла.

1-теорема боюнча


3. Теманы бышыктоо мисалдарын иштөө

Окуу китебинин 78-бетиндеги 70-көнүгүү.

Эгер а)

Болсо, анда геометриялык прогрессиянын оң мааниге ээ болгон алгачкы беш мүчөсүн жазгыла.

Чыгаруу:

а) ГПнын экинчи мүчөсүн таап, андан кийин бөлүмүн аныктайбыз. Кийин төртүнчү жана бешинчи мүчөлөрүн таап алабыз.

(1) формула боюнча:

же (2) формула боюнча

Геометриялык прогрессиянын бөлүмү экендиги келип чыгат.

Эми прогрессиянын мүчөлөрүн тизе турган болсок, ал мындайча болот.

3

27

243

2187

Жогорудагы мисалды иштөөдө бөлүмүн таап алгандан кийин, геометриялык прогрессиянын n-мүчөсүнүн формуласын колдонсок да ыңгайлуу болот.


Ушул мисалдын б) бөлүгүн туура иштегендерге 5 балл.


1-теорема боюнча 2-формуланы колдонсок,

Эми ГПнын бөлүмүн тапсак:

Жооп:


71-көнүгүү. а) б)

болсо, анда мүчөлөрү оң мааниге ээ болгон геометриялык прогрессиянын жетинчи мүчөсүн жана бөлүмүн жазгыла.

Жогорудагыдай эле иштейбиз. (5балл)

а)

Жообу:

б)

Жообу:



73-көнүгүү: (5 балл)

а)

, жообу:

б)

, жообу:

в) -7, х, -28

жообу:

г) -6, х, -54

, жообу:

д) 2, х, 16

, жообу:

е) -1, х, -1


жообу:


4. Жооптордун анализи.


5. Сабакты жыйынтыктайбыз. Баалоо баркчасына баллдарды коебуз.

  • Эгер силер 20 балл топтосоңор «5» деген бааны коёсуңар.

  • Эгер 15 баллдын тегерегинде балл топтосоңор «4» деген бааны коесуңар

  • 10 дун тегергинде балл алсаңар, «3» деген бааны коёсуңар.

6. Υй тапшырмасын дайындоо.

1) Окуу китебинин 78-бетиндеги 72, 74-көнүгүүлөр

2) Арифметикалык прогрессия темаын бүт бойдон, геометриялык прогрессия темасын касиеттерин кошуп кайталоо.

3) «Прогрессия» деген сөзгө кроссворд түзүп келүү