СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алгебра 8-класс

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

квадраттык тендемелерди график жолу чыгаруунуну уйронуу

Просмотр содержимого документа
«Алгебра 8-класс»

8-класс алгебра.

Тема: Теңдемени графиктик ыкма менен чыгаруу.

Билим берүүчүлүк: Функциялардын графиктерин чийүүнү пайдаланып, теңдеменин оң жагындагы жана сол жагындагы функциялардын графиктерин бир эле системага жайгаштырып, ошол эки график кесилишкен чекиттердин абциссаларын аныктайбыз. Ушул абциссалар теңдеменин тамырлары болушат.


Өнүктүрүүчүлүк: Функциялардын графиктеринин турмушта, техникада колдонулушунун өтө маанилүү экендигин түшүнүшү.


Тарбия берүүчүлүк: Графиктерди чийүү менен окуучулар кооздукту, тактыкты баалоого үйрөнүшөт.


1.

Уюштуруу

Мугалимдин аткарган иш аракети

Окуучуларды азыркы сабакка даярдашат.

Окуучунун иш аракети.

Окуучулар сабакка көңүл бурушат.

пк

нк

2.

Үй-тапшырма суроо:

1. у=кх+в сызыктуу функциялардын, у=х”-квадраттык функцияларынын графиктерин билишет.

 Мисалы: у=2х+1, у=х” функцияларынын графиктерин чийүү үчүн кандай кадамдарды жасоо керек?

Суроолорго жооп беришет. Алгоритмин айтып беришет

+


3.

Жаңы тема:

Бул теманы түшүндүрүүдө мисалды пайдаланып иштөө ыңгайлуу болот. Мисалы: х”=х+2 теңдемесин алабыз. Бул теңдеме эки функциянын барабардыгы экендиги көрүнүп турат. Биз сол жактагы жана оң жактагы функцияларды у=х” жана у=х+2 деп белгилеп алабыз да, ар бирине өзүнчө таблица түзүп, ошол таблицалары толтурабыз.


х

-3

-2

-1

0

1

2

3

у

9

4

1

0

1

4

9

жана 

х

-2

0

2

у

0

2

4

деп толтурабыз.

Эми, координаталар системасын сызып, ошол системага таблицаларды Х жана У тин маанилери мененн чекиттерди белгилейбиз. Анан, чекиттерди сыйда сызык менен туташтырбыз. Ошондо, у=х” функциясынын графиги парабола, ал эми у=х+2 функциясынын графиги түз сызыкты пайда кылат. Эки графиктин чиймесин карап көрүп, алар А(-1;1) жана В(2;4) чекиттеринде кесилишет, башкача айтканда жалпы чекитке ээ болушат. Демек, х”=х+2 теңдемесинин абциссалары болуп эсептелет. Толуктап айтканда х,= -1 жана х,,= 2 сандары берилген теңдеменин тамырлары болушат. Ушул сандарды теңдемедеги х-тердин ордуна коюп амалдарды атасак теңдеменин эки жагы барабар болуп чыгат башкача айтканда теңдемени канааттандырат.

Түшүнүшөт, чиймелерди чийишет.

+

+

4.

Бышыктоо: 

Мисалдар менен бышыктайбыз. №673, 675, 676-мисалдар.

Жооп беришет, чиймелерди чийишет.

+


5.

Үй тапшырма:

№674-мисал.

Аткарышат 



6.

баалоо:

Мисалдарды чыгарышы, суроого жооп беришиши боюнча бааланат.

Топ башчылары баалашат.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!