СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 15.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Алиппе" майрам

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Алиппе" майрам»

Алиппе майрамынын сценарийи

  1. Гимн ырдалат

  2. Соз мектеп директору жана ОББга берилет.

  3. Саламдашуу

  4. Окуучуларды тааныштыруу(чакыруу)

  5. Алиппе жонундо ырлар

  6. Алиппени чакыруу

  7. Тамгалар жонундо ырлар

  8. Макалдар

  9. Жанылмачтар (апалары кайталайт)

  10. Китептеги ырлар

  11. Манас айттыруу



Концерт

  1. Мугалим жонундо ырлар

  2. Жеке номер

  3. Бий

  4. Ата-энелер оюну (1-а, 1-б класс)

  5. Жомок. (Комоч нан, Чамгыр жомогу)

  6. Ата-энелерге ырлар

  7. Жеке номер

  8. Хор (Мугалим алтын чырагым)

  9. Жеке номер

  10. Бий

  11. Ата-энелер оюну (1-а, 1-б класс)

  12. Хор. (Кун нур чачкан. 1-а, 1-б класс)

  13. Жыйынтыктоо ( ОББ на соз беруу, окуучуларга

грамота тапшыруу)







Алиппе майрамы

ГИМН ЫРДАЛАТ

Соз мектептин директору, ОББ башчысына берилет.

  1. Мугалим:

Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер, кымбаттуу мугалимдер, ардактуу окуучулар жана бугунку майрамдын катышуучулары.

Эмесе, ушул кичинекей аруу журок, таза тилек наристелердин кучу менен даярдалган алиппе майрамын баштоого уруксат этиниздер.

Мугалим :

Конгуроонун кумуш уну чачырап

Биринчи ирээт классына чакырат,

Талпынагой темир канат бобоктай

Таалай жолун ушу бугун ачылат-демекчи, конур куздун конгуроо уну менен кече эле алгачкы билим сабагына келген 1-класстын окуучулары мына бугун жыл айланып бир ашууну ашып отурат. Алгач ирет колдоруна китеп кармап, тамга тааныган окуучулардын «Ырахмат сага Алиппе» аттуу коштошууга арналган майрамына кош келипсиздер. Анда эмесе майрамдык кечени баштоо алдында турушкан окуучуларды чакырып алсак.

Мугалим: Кечиктим деп тез басып,

Уйунон келет ал шашып.

Убакыт болсо дайыма,

Жетишсем дейт баарына.

Абдыкадырова Амина


Жоош, момун сабырдуу,

Нурел деген балабыз.

Мындай балдар коп болсо.

Биз алдыга чыгабыз

Абдималиков Нурел


Сабакта да кочодо,

Адепти дайым сактаган.

Башкалардан кеп угам,

Мадина жакшы деп угам.

Айтибаева Мадина.


Бул класста айымдар коп,

Анын бири Даткайым.

Эл журтунду урматтап,

Кызматын кыл ар дайым

Артыкбаева Даткайым


Узун бойлуу сулуу кыз,

Анын аты Арууке.

Уйдо билбейм кандайын,

Мектепте созулат ар дайым.

Асанова Арууке.


Атына заты жарашкан,

Боюна келсе талашкан.

Кулуп турат коздору,

Ыр бийлерди тараткан.

Атабаева Амира


Уй булонун эркеси,

Бетинен дайым нур тамат.

Нурман аттуу балабыз.

Нурдуу болуп шаттанат.

Исманов Нурман.


Озун таза кармаган

Класста жакшы окуган.

Тартипти да сактаган.

Билим алганга умтулган,

Кенешбекова Нурайым


Кичинекей бою бар,

Копту билген жагы бар.

Кичинекей баракка,

Коп нерсени батыраар.

Куваталиев Кайратбек.

Жарашыктуу бою бар.

Жакшы окусам деген ою бар.

Энесинин колунда,

Эркелеген жагы бар.

Кушбакова Жасмина


М тамагасы кошулат,

Мухаммеддин атына.

Окусам деп дайыма,

Мектепке келет шашыла.

Орозбеков Мухаммед.


Добушу бар ип ичке,

Уйронуптур бул ишке.

Уйуно жетпей калганда,

Калып калат тайнеде.

Миталипова Айсана.


Уй булонун кенжеси,

Нурмухамед балабыз.

Балдарды кээде коркутат,

Биринчиде олтурат.

Султанов Нурмухамед


Атына заты жарашкан,

Алтынбек биздин балабыз.

Сабакка дайым кечикпей, Бирге окуп барабыз.Хакимжанов Алтынбек.


Гулдой назик пейли бар,

Гулду суйор жагы бар.

Гул жыттанып мектепке,

Кулуп келер жагы бар.

Шахабидинова Гулниза.


1-А класстын,

8 уул, 10 кызы бар.

Алардын эн кенжеси,

Эркайым деген кызы бар.

Эргешова Эркайым.

Мугалим: Окуу жайын тушундук,

Алиппени бутурдук,

Алиппенин майрамын,

Ар кун сайын кутундук, анда эмесе биз чыдамсыздык менен куткон кечебиздин катышуучулары 1-б классынын окуучуларын тосуп алабыз.

Эрте ашыгат мектепке

Келтире албайсын эч кепке,

Уялчактык жагы бар,

Гулдой назик аты бар.Абдикеримова Гулзина.


Адептуу да тартиптуу,

Улгу болот баарына,

Эч бир сабак калтырбай,

Оозуп чыгат алдыга. Абдикааров Нурислам.


Озу дилгир шамдагай,

Аракетчил балакай,

Эркелик да жагы бар.

Абдуллаев Тойчу.


Озу тыкан таптаза,

Эжекенин баласы,

Айтып берет бут баарын,

Эмнелерди жаттаса. Абдулбакиев Нурислам.


Бою узун шамдагай,

Суроо берет байма-бай,

Олкобуздо белгилуу

Болсом дейтго аалымдай. Асланов Абдышукур.


Кичинекей бою бар,

Таза тунук оюу бар,

Себепсиз сабак калтырбайт,

Нур жуздуу бул кызыбыз. Байтейитова Нурайым.


Билимге дайым умтулган,

Жардамга да кол сунган,

Сабактарда кунт коюп,

Конул буруп олтурган. Бегалиева Аксанам.


Мугалим : Кана, балдар бугун бизде кандай майрам?

Окуучулар: Тыбыштардын салтанаттуу майрамы.

Мугалим: Дагы?

Окуучулар: Алиппе майрамы.

Мугалим: Анда эмесе бугунку майрамга келген ата-энелерди, ага-эжелерди.

Окуучулар: Алиппе майрамына кош келиниздер.

Мугалим: Кымбатту окуучулар, бугун биз учун кубанычтуу кундордун бири болгон АЛИППЕ МАЙРАМЫН тосуп олтурабыз. Бул куну, бул кубанычтуу майрамды биз эле эмес, бизге окшогон миндеген

1-класстын окуучулары суйуктуу Алиппеси менен коштошоор алдында турат. Силер Алиппе китеби менен билимдин биринчи эшигин ачтынар. Алдыда дагы биз биле элек, биз уга элек коп нерселер кутуп турат.

Мугалим:

Адабий окууну окуйсунар. Андан силер шар, корком окууга жетишуу менен бирге суйуктуу Ата Мекенди, кыргыз эли, жери, эмгек каарамандарын, шаар жана айыл кыштактарын, жаратылыш кубулуштары, уй жана жапайы айбанаттардын тиричиликтери жонундо окуп , ырларды, табышмактарды, макал-лакаптарды, жомокторду уйроносунор. Эми балдар бугунку кунго чейин алиппе силерге эмнелерди уйротту озунор айтып бергилечи.

ХОР:

Тамгаларды, тыбыштарды, ырларды, макалдарды, жомокторду

Окуучу: Арыбаныздар, энелер,

Барсынарбы бобоктор.

Созумо кулак салыныз.

Бир серпилип калыныз.

Алиппеге арналат.

Бугунку ыр кечебиз.

Окуучу: Бугун биздин мектепте,

Алиппенин майрамы.

Окуп калдым бут таанып,

Отуз алты тамганы.

Окуучу: Алгач журсок апкаарып.

Анан коно баштадык.

Жанылмачка тил конуп,

Жакшы ырларын жаттадык.

Окуучу: Копту билдик, коп окуп,

Алиппе менен достошуп.

Сезимдерди ойготту,

Оюбузга ой кошуп.

Окуучу: Суйуктуу ушул алиппе,

Китептердин тол башы.

Жолуктурган доолорго,

Жомогу бар коп жакшы.


Окуучу: Быйтын-быйтын басамын,

Мектепти коздой шашамын.

Сабагымдан беш алып.

Конулумду ачамын.

Окуучу: Отуз алты тамганы,

Оной эле уйрондум.

Созун окуп алиппенин.

Эжейимдей суйлодум.

Окуучу: Жакшы окуп билим алдык,

Болсун бизге калайык,

Эмне уйронуп, эмне билдик.

Кана, ортого салайык.

Окуучу: Отту бизде сан сабак,

Бугун бизде салтанат.

Башка окуу менен достоштук,

Алиппе менен коштоштук.

Окуучу: Алиппе менен кош айтышып калабыз

Эми колго башка китеп алабыз.

Ата-эне кубанычка орток бол.

Сабаттуу болуп чыкты эми баланыз.

Мугалим: Балдар уккулачы.

Ичи толгон арипке,

Билим берген бул бизге,

Биринчи колго кармаган.

Кайсы китеп ал сенде?

Хор: Келечекке жол ачкан, ак суйукту алиппе.

Мугалим: Андай болсо баарыбызга кымбат болгон дос алиппени

ортого чакырып алалы.

Хор: Балдар хор менен окуучулар чакырат. Алиппе.

Алиппе: Арбаныздар жаш достор,

Келечекке жол ачар.

Алиппен келди ортого,

Билим деген баланын.

Алиппесин мен берген,

Тамгаларды билсенер,

Мени урматтап журсонор.

Айткылачы угайын.

Ар бириндин ырларын.

Окуучу: Ооба алиппе биз бугун.

Даярданып келгенбиз.

Тамгалардын ырларын,

Баарын айтып беребиз.

Окуучу: Ынтымактуу баарыбыз,

36 тамгабыз.

Ундуу, унсуз тамга деп,

Топторго болуп алганбыз.

Окуучу: Бугун бизде чон майрам,

Алиппенин майрамы.

Тыбыш менен тамгалар,

Бизди алга кадамдар.

Окуучу: Кана эмесе бир бирден,

Тыбыштарды козгойлу.

Тамгаларды кезектеп,

Ролу менен ойнойлу.

Окуучу: Майрамы деп алиппенин,

Ыр жаттап келдик баарыбыз.

Кайсы тамга экенин,

- Ырларынан тааныныз.

Мугалим: Урматтуу алиппе. Балдар алиппеден алган

билимдерин ырларын айтып беришсин анда.

Тамгалардын ырлары.

Окуучу: Алфавиттин башаты,

А тамгадан башталат.

Ата, апа ыйык соз .

А тамгада айтылат.

Окуучу: Билек туруп баатырларча,

Б тамгасы боломун.

Жакшы окуп келечекте,

Билим алуу тилегим.


Венера кут деп досуна,

Воронежге барам деп.

Билбеймин канча кун отту,

Ватсаптан кабар жонотту.


Гул бакчамды карадым,

Гулдорумду санадым,

Гулдотуп туулган кананы,

Гений болуу талабым.


Д деген тамга мен болом,

Достукту бекем колдогон.

Душманды чектен откозбой,

Эр болом мекен коргогон.


Жаа сыяктуу ийилген,

Ж тамгасын билип ал.

Жыргалдуу кен заманда,

Жакшы окуп билим ал.


З тамгадан башталат.

Зулфия акын эжем бар.

Ыр жазууну ойлосон,

З тамганы билип ал.

Илимпоз оссун кыргызда,

Издегин кыргыз кыймылда.

Изилдеп аалам сырларын.

Из калтыргын жылдызга.


Й тамгадан башталган,

Соз жок экен кыргызда.

Ай дегенде бар экен,

Й жок экен жылдызда.


Коншулаш кытай кыр ашкан,

Кыргызды даалай сынашкан.

Кайратын коруп баалашып,

Калыс дос деп аташкан.


Лента байлап чачына,

Лола келди кашына.

Лабиринт оюн кайда деп,

Лимон кошом чайга деп.


Мыкты окуп мектепте,

Медаль менен бутуром.

Министр болуп бишкекте,

Мен апамды суйунтом.


Нандын ыйык экенин,

Нуржан эстейт кезинде,

Нан болсо ыр болоору,

Наристе балдар эсинде.


Андан отсо чон атам,

Чапаны чан болуптур,

Танда чыгып кечинде,

Айылга барып конуптур.


Ондогон улут жашаган,

Ошумда тынчтык тараган,

Орус, озбек кыргыздын,

Ойлору бийик самаган.



Ожорлонуп бек туруп,

Онор жайды коп куруп.

Ондурууго киришсек,

Онугот олком кулпуруп.



Пайдасы учун мекендин,

Пайдубал болуп турайын.

Пальма менен чекендин,

Пайдасын кимден сурайын.



Региондорду онуктуруп,

Райондорду остуруп.

Рахмат алып улгулуу окуп журушум,

Олкомо кошкон улушум.



Суу менен омур уланат,

Суу менен гулдойт туш тарап.

Суудан тушум мол алып,

Сурахмат абам кубанат.



Турк атанын балдары,

Туугандай болуп журолу.

Таарынышты билбестен,

Тынчтыкта омур суролу.


Урмат кылып Чынгызды,

Улуу эл деп кыргызды.

Угуп келсе достору,

Утурлап сунат кымызды.


Утук, улул, уйго,

У келет деп билемин.

Уйубуздун тынчтыгын, Умут менен тиледим.


Ф тамгадан башталат,

Форма, фартук такталат.

Формалар турго болунду,

Номер 7 сонун корунду.


Халваны жакшы коромун,

Халаты уйдо киемин.

Хан боломун мен дагы,

Созун уккан улуунун.


Ценьзяндан Кытайлар келишти,

Цемент завод курушту.

Цехтерге конул бурушту,

Центрлеп ченеп турушту.


Чон энемдин колунда,

Чоноюп жаткан бир кызмын,

Чынара, Чолпон эжемдей,

Чыгааны болом кыргыздын.


Шаарды кесип отуптур,

Шаркырап аккан дарыя.

Шашылып айтты Шарипа,

Ак Буура -деп жарыя.


Щ деген тамга бар,

Щетка созго келет ал.

Тазалыкты суйгун деп,

Жардамын сага берет ал.


Шаарларды карадым,

Подьезддерди санадым.

Жумшартуучу белгини, Досторумдан сурадым.


Ыйласан соороткон,

Ырдатып ойноткон.

Ырыстуу эжекем,

Ыймандуу энекем.


Эшик, элек элине,

Э келет деп билемин.

Элик эмне экенин,

Эжекемден билемин.


Юрий агам сыяктуу,

Шарипов учкан космоско.

Юлия учкуч болом дейт,

Юпитерге коном дейт.


Я тамгасын 36 деп,

Шатырата кол чаптык.

Я дан кийин тамга жок,

Шар окууга жол таптык

Мугалим: Айткылачы тезирээк,

Алиппеден окуган ырлардан,

Макалдардан ким билет.

Жанылмачты жанылбай.

Бат айтканды ким билет.

Макалдар:

Эне сыйлаган,элине жагат

Ар бир кесип ардактуу.

Онорун болсо орго чап.

Эр эмгегин жер жебейт.

Билим кенч, эмгек анын ачкычы.

Улууну урматта, кичууну ызатта.

Аш атасы-нан, нан атасы-дан.

Ат адамдын канаты.

Сен деген сенек соз,

Сиз деген сылык соз.

Дары -чоптон, акыл- коптон.

Карысы бардын ырысы бар.

Жакшы эл камын ойлойт,

Жаман оз камын ойлойт.

Мугалим: Жанылмач айтуу(Ата-энелер кайталайт.)

Ак кептер ,

Кок дептер.

Толтура.

Кок кептер.

Топ дептер.


Бир туп тыт,

Бир туп турп,

Турп тытты туртот,

Тыт турпту туртот.


Шарак шурак, шатым урап,

Шашма улак, карап турат.


Апам алмадан учту узду,

Алмуруттан учту узду.

Жетпегенин кубусо,

Жерге баары туз тушту.


Мугалим: Китептеги жаттаган ырлардан да айтып береличи балдар.

Окуучу: Эй адамзат пендеси,

Аккан суну булгаба!

Суу чыйлаган зор болор,

Суу кордогон кор болор.


Кыргыз тили-эне тилим,Орус тилин билемин.

Эми болсо англисче, Билсем деген тилегим.


Жайы-кышы кетпеген,

Монгусу бар Ала-Тоо,

Асман менен тирешкен,

Белгиси бар Ала-Тоо


Балдан ширин туптунук,

Булагы бар Ала-Тоо,

Тукабадай кулпурган,

Туланы бар Ала-Тоо.


Кыш кеткенде жаз чыгат,

Жаз алдында ким турат,

Байчечекей биринчи,

Баш чыгарып кымпыят.


Кыш кеткенде жаз чыгат,

Жазды тосуп ким турат.

Калын кара чыйырчык,

Учуп келет чыркырап.


Турун баркыт онундой,

Каралыгын комурдой,

Кайда журдун чыйырчык,

Куздон бери корунбой.


Келсе экен деп айылга,

Сени кутум айылда,

Ала шалбырт жаз менен,

Уя салдым бутакка.


Китепти суй, баркын бил,

Китептин коп акылы,

Ким китепке дос болсо, Ал ошонун жакыны.


Суттой таза тилеги,

Дениздей кен талабы,

Коктой тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.


Ырыскынды бекерге,

Токпогуло балдар ай.

Акарат кылып бироону,

Сокпогуло балдар ай.


Атка минсен сыланып,

Токтогула балдар ай,

Илим-билим пайдалуу,

Окугула балдар ай.



Математика: Бул сандыктын ичинде,

Бирдик, ондук сандар бар.

Бут бардыгын салууга,

Батпай калды калгандар.

Мен деген нолмун,

О тамгасына окшотуп коргун.


Менин атым бир,

Санаттын башы экенин бил.


Бирге кошулган бирмин,

Эки эмей анан киммин.


Экиге бирди кошкун,

Сабакты орто билгендерге досмун.


Улактын канча буту бар. Билбеген мени утулар.


Менин атым беш,

Кээде эн жакшы дешет.


Мен алтымын, алтымын,

Бир нолу бар жалкымын.


Жалгыз буттуу жетимин,

Беш кошулган экимин.


Мен сегизмин, сегизмин,

Эки нолдуу эгизмин.


Бир орундуу сандардын, Мен он деген чондукмун,

Чону болуп калганмын. Кенжесимин ондуктун.

Мугалим: Калайманды баштады.

Эки жуз экен балбаны.

Эсил Манас кабылан.

Баарын жайлап таштады.

«Манас- кыргыз рухунун туу чокусу»-дегендей кезекте манас эпосунан узунду айтуу.


АЛИППЕ: Азаматсынар балдар, копту уйронупсунор. Мындан ары адабий окуу китебин окугула.

Адабий окуу: Уруксатпы? Саламатсыздарбы?

Хор: Саламатсызбы?

АЛИППЕ: Мына адабий окуу да келип калды. Жалпы урматтап

Окугула. Барактарын кирдетпей, таза кармагыла. Эми балдар кош болгул.

Хор: КОШ АЛИППЕ!

АДАБИЙ ОКУУ:

Таанышып алалы балдар,

Мына мен адабий окуу.

Кир кылбай окуп билим ал.

Баарына тиет керегим.


КОНЦЕРТ.

Мугалим:

Мугалим жаркын омур эн бир кымбат,

Адамга ак жол тилейт чебер кылдат.

Билимдин акыл эстин саяпкери.

Мугалимге мин мертебе алкыш урмат-демекчи бизге билим тарбия берип жаткан агай-эжелерибизге да ырларыбызды тартуулап келсек.

Окуучу: Билимим алып ар убак.

Алдыга карай умтулам.

Келечекте мен дагы

Фатима эжеме окшойм деп турам.


Эжеке турат шаттанып,

Ар бир ишти колго алып,

Балдарды коргоп ар убак.

Келип турат баш багып.

Уч жыл журдук бакчада,

Билим алдык ал жакта.

Окуп, жазып, ыр ырдап,

Бий бийледик шаттана.


Жаштыгына карабай.

Билимин берет аябай.

Жазгулуну дилгири,

Эжекебиз Гулмира.


Мектепке кадам таштадык.

Колго калем кармадык,

А тамгадан баштадык.

Жазгулу балдар бакчасын.

Инилерге таштадык.


Мектепте чон озгоруш.

Болуп калды акыры.

Директор жолдош Жороев,

Бизди турат жетектей.


Тилчи болуп дайыма,

Балдарды бирге окутат.

Мектептеги эн мыкты,

Эжекебиз Рахима.


Тарбиялык иштерди,

Алып барат дайыма.

Концерттерди жетектеп.

Алга суройт Анапияева.


Окуу билим тарбия,

Бизге келет комиссия.

Аны бирге ээрчиткен,

Болум башчы Мурзакматова.

Мугалимди ар убак,

Ардактаймын данктаймын.

Орус тили сабагын.

Мунара эжемдей барктаймын.


Мугалим момолуу дарак дешет.

Мээрими ай аламга жетет дешет

Ыраазыбыз бизди окуткан мугалимге,

Убакыт болуп карап тендеп келсе.

Жеке номер. Мугалим алтын чырагым.

БИЙ:

АТА-ЭНЕЛЕР ОЮНУ.

Мугалим: Кана балдар, бизди багып чонойтуп, ушул даражага жеткирген ата-энелерибизге да арналган ырларыбызды айтып отсок.

Окуучу:

Эненин акылдыгын барктай билгин,

Даназалап дуйного данктай билгин.

Жэтишээр деп даназалап койбостон,

Кулча иштен ак сутун актай билгин.


Айым кунум ата-энем.

Айланайын апакем.

Ак сутунду актайм мен,

Кичинемден бактын сен.


Ардагым менин апакем,

Тугонгус байлык берекем.

Алпештеп журуп остургон.

Алтындай менин апакем.


Ата-энем ардактуу.

Бар болгула ар дайым

Ата-энемдин айтканын.

Дайым кылам заматта.


Мээримин тогуп остургон,

Ардагым менин апакем.

Тендеши жок дуйнодо.

Алтындан кымбат берекем.


Жеке номер. Апакем

АТА-ЭНЕЛЕР ОЮНУ.

ЖОМОК: Комоч нан, Чамгыр жомогу.

ЖЕКЕ НОМЕР. БИЙ. ХОР. ЖЫЙЫНТЫКТОО: Грамота тапшыруу. Соз ОББ га, ата-энелерге берилет.







Таблица «Тамга (тыбыш) жана тамга, ырлар, бийлер, макал-лакап, дидактикалык материалдар, топтор.

Максаты



Негизги компотенттүүлүк

Билим берүүчүлүк

Көрсөткүчтөр

Маалымат:а)жөнөкөйб)чыгармачыл

в)жемиштүү кабыл алышат

Окуучулар «Тыбыштардын салтанаттуу майрамында» жыл боюнча алган билими боюнча айтышат, ж.о.э. сөз байлыгын өстүрүү.

Окуучулар жыл боюнча алган билимдерин оозеки ыр, макал-лакап инсценировкалап, аркылуу бышыктайт.


Өнүктүрүүчү


Социалдык-коммуникативдик компотенттүүлүк

Окуучулардын жыл боюнча алган билимин дидактикалык материалдарды колдонуу менен билимин бышыктоо инсценировкаларды аткарууда… актерлук жөндөмдүүлүгүн өстүрүү.

Окуучулар топторго бөлүнүү менен диалог, ролдорду 1-1ин сыйлоо менен аткарышат.Тамгалардын ырларын так, туура айта алышат. 


Тарбия берүүчү


Өзүн-өзү уюштуруу көйгөйлөрдү чечүү.

Адептүү, эмгекчил, билимдүү болууга тарбиялоо

Өз алдынчалуулугу артат

Кеченин жүрүшү

1. Уюштуруу:

а) Залды жасоо, шар, ж.б.)

б) Балдарды тизүү



2. Мугалим:

— Кымбаттуу балдар! Жүзүӊөрдөн кубанычтын  белгиси көрүнүп турат. Бүгүн кандай майрам?

О.Хор – Тыбыштардын  салтанаттуу майрамы: Мугалим – дагы!

Окуучулар: — Алиппе майрамы:

Мугалим: — Анда биз, ата-энелерибизди, агай-эжейлерибизди меймандарды.

Окуучулар – Алиппе майрамына, кош келиӊиздер!

Саламдашуу. (Жаркылдашып, жылмаюу менен тамгалар саламдашат)

«А» — Саламатсыздарбы? Апалар, аталар, меймандар!

«У» -Ушул майрамыбыз

«Б» — Баарыбызга бакыт-таалай алып келсин!

«З» — Заманыбыз тынч болуп,

«Ы» — Ыйман ынтымак берсин!

Жалпы: — Асманыбыз дайыма ачык болсун!

Мугалим: билим, илим башаты

«А» тамгадан башталат.

«Алиппе» билим булагы

«Алиппе илим ачкычы

Демекчи, «А тамгадан баштап, үндүүүнсүз бөлүштөрүн үйрөнүп, муундарды шар окууга жетиштик.

Азыр «Тамга (тыбыш) жана муундар» таблица боюнча окуучулар өздөрүнүн ата-апаларынын аттарына сөз баркка түзүшөт, аларга беришет.

М:  Ай-Айдай

НУ – Нургүл

РА – Рахат

Ай – айнек

ЗА – закон

ДА – Данияр

Жалпы:

Тамга, муунду колдонуп

Шар окууга көнүктүк

Сөз сүйлөмдү жаратып

Сабаттуулукка үйрөндүк.

Мугалим: — Азыр  «Алиппе» китебине кезек берсек.

«Алиппе» — Саламтсыздарбы?

Жалпы – Саламатсызбы?

«Алиппе» — Тамгаларды билсеӊер Мени урматтап жүрсөӊөр. Айткылачы угайын

Ар биринин сырларын

Окуучулар: — Ынтымактуу баарыбыз 36 тамгабыз

Үндүү, үнсүз тамга деп

Топторго бөлүнүп алганбыз.

 

Мугалим:

Бүгүн бизде чоӊ майрам

Алиппенин майрамы

Тыбыш менен тамгалар

Ушул бүгүн даанакер.

 

Кана эмесе бир бирден

Тыбыштарды козгойлу

Тамгаларды кезектеп

Ролу менен ойнойлу.

 

Жалпы: Майрамы деп «Алиппенин»

Ыр жаттап келдик баарыбыз

Кайсы тамга экенин

Ырларынан  тааныӊыз.

 

Алиппе: Кана анда угайлы

Бир үйрөнүп калайлы

8 үндүү тамгага

Кезекти берип калайын

8 үндүү тамгалар:

Үндүүлөр:

Сегиз үндүү тамгабыз

Бийик шаӊдуу ырдаган

Турпатыбыз кайрык да

Тулку бою ыр жалаӊ.

 

«А» деген үндүү тамгамын

Апам тарбия берет

Атам тапшырма текшерет.

Аларды уят кылбай

Адептүү бала боломун.

 

«О» деген үндүү тамгамын

Ормон оромпой ойноду

Ормон ойноп чарчады

Оозун ачып, ойлонуп

«О»го ыр чыгарды.

 

«У» деген үндүү тамганын

Уларбек ууга чыкты.

Уудан улар көрдү

Улар чоочуп учту

Уларга жетпей, ыр жазды.

 

«Ы» деген үндүү тамгамын

Ыр жазганга кириштим.

Жыпар жытын буркуратып

 

Ысырык салды, Ырыс эже

Үйдүн ичине кирип

Ынтымак – ырыс тиледи эне.

 

«И» деген үндүү тамгамын

Ийик ийилип, чимирилип

Ишенгүл эне иштеп жатат

Ийне көзүн таба албай

Ишенгүл эне кыжаалат

Ийиктей чимирилип

Ишенгүл энеге жетип бардым.

 

«Ө» деген үндүү тамгамын

Өмүр өрүк терди

Өрүктүөгүзгө берди

Өйүздү көздөй, өгүз кетти

Өмүр өгүздү кууп жетти

Өмүрүӊ узун болсун деп

Өзүм эле ыр жаздым.

 

«Ү» деген үндүү тамгамын

Үпөл сиӊдим, асманды карады

Үркөр жылдыз жылт этти.

Үпөл үшүп турду эле

Үркөр жылдыз жылытты.

Үтүрөӊдөп мен аны

Үйгө кир, — деп уруштум.

 

«Э» деген үндүү тамгамын

Эдил, Эсенди чакырып

Энеме бар – деди

Эсен энесине энтигип

Энекелеп жөнөдү

Эркелеген Эсенди

«Эстүү бол! – деп

Эсиме жазып, койдум.

 

АЛИППЕ – 2

Үнүӊ бийик чыгарган 6 созулма үндүүлөр

2-топ Эки окшош тамга биригип

Бир тыбышты билдирер.

Созулма ырдашат (обону менен)

Эки окшош тамга биригип

Бир тыбышты билдиребиз

Аска зоодон жаӊырыктап

Күүдө ойноп дилдирейбиз.

(аа,оо) ээ өө) уу, үү) аа,оо)

 

Ааламда да оолакта да

Ээн жерде өрөөн бойлойт

Ууга чыксак кооглашакан

Биздин тилек, тирөөч болмок.

(аа, оо) ээ,оо) уу,үү) ээ, өө)

 

Үндү бийик создурган

Алты созулма үндүүбүз

Айрым – айрым ырларды

Созуп-созуп ырдайбыз

(аа, оо)  ээ,өө)  уу,үү)  аа, оо)

 

АЛИППЕ – 1 Алиппенин майрамына

Кезектешип таанышып

Үнсүз тамгалар келе жатат

Бир нерсени талашып.

Үнсүз тамгалардын таанышканы

(Инсценировка)

Автор: Бир күнү үнсүз тыбыштар алыс жактан келишип тааныша башташты.

Каткалаӊүнсүздөр: — Саламатсыӊарбы?

Жумшак  үнсүздөр: — Саламатчылык.

Каткалаӊүнсүздөр: — Силер кандай тамга болосуӊар?

Жумшак үнсүздөр: — Биз жумшак үнсүз болобуз.

А силерчи?

Каткалаӊүнсүздөр: — Биз каткалаӊүнсүз болобуз.

Автор: Ошол кезде үнсүз эне келет.

Үнсүз эне: — Эки команда теӊ үнсүз тамга болосуӊар. Өзүӊөрдү ыр түрүндө тааныштыра кете аласыӊарбы?

Жалпы: — Ооба, ооба. Тааныштыра кете алабыз.

Үнсүз эне: — Анда кезек Жумшак үнсүздөрдө.

Жумшак үнсүздөр: — 12, б, в, г, д, ж, з, й, л, м, н, ӊ, р

Өзүбүз он экенбиз

Жарым үн менен чыгабыз

Сөздөрдү так айткан кезде

Жумшак болуп угулабыз.

 

Үнсүз эне: Каткалаӊүнсүздөр өзүӊөр жөнүндө  айтсаӊар

Каткалаӊүнсүздөр – 10.  к, п, т, с, ф, ц, х, ч, ш, щ

Каткалаӊүнсүз 10 болот

Тыбыш үн менен айтылат

Тамгаларды айткан кезде

Катуу шыбыш угулат.

Үнсүз эне:

— Азаматсыӊар, 1-1ӊер менен таанышып алдыӊар. Эми майрамга даярдап келген ырларыӊарды угайлычы.

Жумшак үнсүздөр менен каткалаӊүнсүз тамгалар менен ырлар айтышат.

Үнсүз эне – Азаматсыӊар (кол чабуулар)

Бири-бириӊер менен дос болгуӊар келеби?

Жалпы:  — Ооба, дос болгубуз келет.

Үнсүз эне – Мен сөз айтам, кайсы уйкаш сөздөр башында, тыбыш угулса, ошол тамгалар чыгасыӊар.

Бил – пил, так — дак

Вера –Федя  шаш – жаш

Гүл – күл   зор – сор

Үнсүз эне – Бардык эле алдамдар дос күтө беришпейт. Ошол сыяктуу тамгалардын арасында да досу жок жалгыз тамгалар да кезигет.

Бул бир-бирине уйкаш келген сөздөрдө кезиккен үнсүз тамгалар

Б-п, д-т, з-с, г-к, ж-ш, в-ф – 12

Түгөйлүүүнсүздөр болосуӊар

Ал эми калган үнсүздөр

М, н, ӊ, р, л, ч, щ, й, ф – 10

Түгөйлүүүнсүз болосуӊар.

Азыр түгөйлүүүнсүздөр – б-п, д-т, з-с, г-к, ж-ш, в-ф бийлейсиздер. (бийлешет)

Ал эми түгөйсүз үнсүздөр табышмак, макал-лакап айтасыӊар.

Табышмактар:

Лл – кереги тиет кышында… (лыжа)

Мм – Апамдын жүрөт бутунда (маасы)

Нн – Баарыбыз сүйгөн тамак ал (нан)

Рр – Космоско караб атылат. (ракета)

Ӊӊ – Жарга түшсөӊ оӊбойсуӊ… (аӊ)

Макал-лакаптар

Хх – Миӊ сөз айткыча – бир ишти кыл.

Цц – Мекендин бактысы, өмүрдөн кымбат.

Чч – Калем курчу – изденүү менен акылда.

Щщ – Кеп билген адам – көп билген адам.

Үнсүз эне – биздин түгөйсүз үнсүздөр эӊ сонун табышмак, макал-лакап айттыӊар.

— Кыргыз тилинде бардыгы канча үнсүз бар экен? – 22.

— Канча үндүү тыбыш бар экен. – 8+6-14

Музыкалык тыныгуу

5-топ: Инсценировка

 

Ичкертүү жана ажыратуу белгилеринин капа болушу.

Автор: Бир күнү. Ичкертүү белгиси менен ажыратуу белги капа болуп келишет.

Тамга эне – Келгиле ь белгиси жана ъ белги.

Ь жана ъ белгилери: — Биз… биз… (алар үн берейин дешсе үн чыкпайт капа болуп калышат)

Тамга эне  -Эмне капа болуп жатасыӊар? ь жана ъ белгилери:

— Биз кандай тамгабыз? Б, В, О, Г, П сыяктуу үн берейли десек үнүбүз жок да. Тамга эне – Жок тамгалар силер эч капа болбогула. Анткени силер керек болосуӊар. Азыр ьтуруп тургулачы (деп даярдап койгон с ъ е з д, п а л ь т о өзүнчө сөздөрдү окутуп ъ жана ь белгилерин тамгалардын ортосуна коюп окутат).

Тамга эне  — Ичкертүү белгиси сен болсо сөздөрдү түзүп жатканда сөздөгү  тыбыштарды назик, сылык угузуп турасыӊ (карточканы же балдарды пайдаланса болот, лагер, пальто.

— Ал эми ажыратуу белгиси сен болсоӊ сөздөгү тыбыштарды ажыратып турасыӊ. Көбүнчө силер орусча сөздөрдө кезигесиӊер, с ъезд, под ъезд – (этаж үйлөр)

— Ажыратуу белгиси жана ь белгиси силер сөз түзгөндө керек болуп, тамга болуп көрүнөсүӊөр. Ал эми оозеки айтканда тыбыш болбойсуӊар, эми капа болбойсуӊар?

Ъ л ь белгилери – ооба.

— Тамга эне биз ырдап берели.

— Макул ырдагылачы.

Ь жана ъ белгилери:

Жалпы:

Назик, сылык сөздөрдү

Угузууга  жаралганбыз

Айрым гана сөздөрдү

Ажыратып турабыз.

Тамга эне:

Дагы дагы айткылачы

Ыр даярдап жайкалсаӊар

Айткылачы шаӊданалы

Көӊүл кирин чайкасаӊар.

 

Ь белгиси:

Белги менмин ичкертүүчү

Айрым гана сөздөрдүн

Келе калып ортосуна

Же жабышып аягына

Өзүм тыбыш болбосом да

Көбү муктаж жардамыма.

 

Ъ белгиси:

Ажыратуу билгисимин

Зарыл менин өмүрүм

Эл, эл менен достошкондо

Тилдери ачат илимдин

С ъезддерде сүйлөшүп

Под ъезддерде жөө жүрөмүн.

Автор: — Ошентип ичкертүү белгиси менен ажыратуу белгилеринин көӊүлдөрү ачылыптыр.

(Эскертүү: 2-класска өткөндө кыргыз тили сабагында колдонсо болот).

Тыныгуу: Ата-энелер оюн уюштурат.

6-топ: Инсценировка

«Йоттошкон тамгалардын жаралышы»

Автор: Бир маалда бир нерседен чоочугансып й тамгасы келет.

Й тамгасы – Ой тамгалар билесиӊерби?

Мен эки тамганы бириктирип бир тамга болом дагы, жок болуп кетем.

Тамгалар – Кантип жок болосуӊ?

Автор: — Й тамга А, О, У, Э үндүү тыбыштарды чакырат. Ар бир тамганын жанына туруп окутат.

Й тамгасы –А+Й-АЙ  У+Й-УЙ

О+Й-ОЙ  Э+Й-ЭЙ

Тамгалар – Ай, ой, уй, эй (деп окушуп)

Эй, й тамга  мактанба, сен жок болгон жоксуӊ го?

Й тамга – Мен мында маани берген, муундарды түздүм, жоголгон жокмун.

Эми карагылачы, окугула.

ЙА, ЙО, ЙЕ, ЙУ

ЙА – окутуп Яны чыгарат да окутат

ЙУ – окутуп Юну чыгарат.

ЙЭ – окутуп Еени чыгарат

Йо – окутуп ЕЕ тамгасын чыгарат

Дагы й тамгасы кетип калат.

Тамгалар – И и й тамгасы чын эле жоголуп кетти. Я, Ю, Е, Ё деп окушат

Й тамгасы келип:

— Мына көрдүӊөрбү. Оозеки айтканда, окуганда эки тыбыштан турабыз. Ал эми жазганда бир тамга болот. Ошентип мен дагы үндүү тамгалар жок болуп, йоттошкон тамгалар жаралат.

Йоттошкон тамгалар: (ыр айтышат)

Эки тыбыш биригип

Бир тамга жаралдык

Айтып берип ырыбызды

Бир моокумдан каналы.

 

Уя, ую, коён, чие

Тамгалар көзгө көрүнөт

Оозеки айткан кезде

Тыбыштар көбөйүп угулат.

Автор: — Ошентип йоттошкон тамгалар пайдаӊ болушкан экен.

(Адабий окуу менен таанышышат).

2-бөлүк. Концерттик программа…






















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!