Мугалим: Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжейлер, ата-энелер, окуучулар!
Бугун бизде кубанычтуу кун. Анткени алдыныздарга чыга турган бобоктордун сабаттары ачылып,билим менен тарбия жолуна жаны канат серпип,кубанычтары койнуна батпай турган кун.
Анда эмесе «Кош бол,Алиппем» атуу майрамдык сабагыбызды баштоого уруксаат этиниздер.
Азыр сиздердин уруксаатыныздар менен кечээ эле мектеп босогосун аттаган 21-кылымдын жаш жеткинчектерин,биздин,сиздердин келечегиниздер,кубанычыныздар болгон суйуктуу,мотурайган уул-кыздарыбызды чакырып алалы.
(Музыканын коштоосунда окуучулар тизилип келишет).
Мугалим: Майрамды жакшы маанайда баштап алалы
Хор «Мугалим»
Жаркылдатып кабагын
Агай берет сабагын
Ар кун окуп талыкпай
Терен билим аламын
Суйкумдонтуп жамалын
Эжей берет сабагын
Кундо барып мектепке
Жанылыкка канамын.
Саламдашуу:(Алдыга 1 бала,1кыз чыгышат)
Алина: А дегенде саламдаш
Ачык конул амандаш
Адам катар бирдейбиз
Айланайын замандаш
Амансыздарбы!
Сыргак: Алиппени бутуруп
Сабак отуп жатабыз
Ата эне,эже агайлар
Сиздерге салам айтабыз
Амина: Кулку менен шат менен
Сабагыбызды баштайлы
Чогулгандар тынчтансын
Кое турчу шашылбай
Сыргак: Кана балдар баштайлыбы сабакты
Бугун ырдын кезеги
Ырдасак деп турушат
Бул бардардын нечени
Экоо биргип: Ачып берип балдарга
Келечектин эшигин
Мээрим тогуп остургон
Мектеп алтын бешигим
(Окуучулар колдорун кокурогуно коюп,саламдашат)
Жалпы: Чын журоктон айтабыз биз сиздерге
Жалындуу жалбырттаган ысык салам!
Саламатсыздарбы
Мугалим: Мына бугун биз билимдин алтын ачкычы болгон «Алиппе» китеби менен коштошкону турабыз
Биз алиппеден эмнелерди уйрондук
Окуучулар: Алфавитти жаттадык,тамгаларды тааныдык,жазганды,окуганды,создордон суйлом тузгонду,ырларды,жомокторду,макалдарды,ангемелерди ж.б.
Мугалим: Азаматсынар,эми биз ар кандай жомокторду,ангемелерди окуй алабыз.
-Кыргыз адабий тилинде канча тамга бар,канча тыбыш бар.
-36тамга бар. 39тыбыш бар.
-Тыбыштар канчага болунот.
-2ге болунот
ундуу тыбыштар жана унсуз тыбыштар.
-Ундуу тыбыштарды кандай тус менен белгилейбиз.
-кызыл.
-Унсуз тыбыштар кандай болуп болунот
жумшак жана каткалан.
-Жумшак унсуздорду кандай тус менен белгилейбиз.
-жашыл.
-Каткалан унсуздорду кандай тус менен белгилейбиз.
-кок.
Бекжан: А биз болсо ундуулор
Муун тузгон турдуулор
Бизсиз кылар иши жок
Мактанбагын унсуздор
Бексултан: Биз унсузбуз унсузбуз
Ундуулордон эн коппуз
Эгер чыкса таймашка
Тен келе албайт бизге кучунуз.
Сагира: Ит менен мышыктай ырылдап
Ынтымагын коротпо
Деген созу энемдин
Окшойт сынбас болотко.
Кайрат: Ынтымакты мин чыдап
Ырыс колун кургун дейт
Бейпил отуп омурун
Берекеге тунгун дейт.
Алинур: Эне созу оюмда
Жылдыз болуп орногон
Ынтымакка бириккен
Досторум бар ойногон.
Хадиже: Келчи балдар биз дагы
Сыйлашып сый журолу
Ырыс алды ынтымак
Ынтымакты суйолу.
(Бул учурда 7окуучу «Ынтымак»деген созду жазышат).
Биз Алиппеден: Ы-ынтымакты
Н-намыскойлукту
Т-тазалыкты
Ы-ырайымдуулукту
М-мээримдуулукту
А-акылдуулукту
К-кечиримдуулукту уйрондук.
Жалпы: Ырыс алды – ынтымак
Ынтымактан ырыс тап.
Мугалим: Азаматсынар балдар,биз тамгалардын баарын Алиппеден уйрондук ээ.
Анда эмесе Алиппеден уйронгон ырларга кезек берели.
Нурел: Алиппебиз суйуктуу
Ачып берди ак жолду
Жаркыраган заманда
Корсотту бизге так жолду
Азмар: Мен сабатыз эмесмин
Сабаттууга тенештим
Эми баардык китепти
Окуп берчи дебесмин
Жумай: Отуз алты тамганы
Жазып окуй алабыз
Жанылбастан шар окуп
«5» деген баа алабыз.
Айткен: Мин ырахмат «Алиппем»
Сен билимге кандырдын
Жаш балапан журокко
Максат отун жандырдыны
1.Короо толо ……… -тооктор
Алар кандай? -ак,кара
1.Ким ооруп калды? -Калык
Калыкка ким даары алды? -Кадыр ата
Кадыр ата даарыны кайдан алды? -дарыканадан
3.Балдар эмнени корушту? -Кирпини
Ыр айтат
4.Айдай кутудан эмне алды? -йод
Ал йодду эмне кылды? -Айбектин колуна койду
Айбек ага эмне деди? -Рахмат айтты
Айдай ким? -дарыгер
Эмне менен балык кармайт? -кайырмак
6.Асманга эмнени учуруп ойнойт? -Батпирек
Батпиректи кимдер учурчу эле? -Болот,Пери
7.Кимдин туулган куну? -Тайнемдин
Таене кайда жашайт? -Чаекте
8.Андай эмес ,ал мени озгочо жакшы корот -
кайсы жомок ? -Ырыс алды ынтымак
9.Анда атасы Силердин келечегинерди ойлодум
Капа болдум -Ырыс алды ынтымак
10.Бул кимдин суроту ? -А.Осмонов
А бул эмненин суроту? -Китептин
Биз А.Осмоновдун кайсыл ырын жаттадык? -Китепти суй
11.Кичинекей чынысы -Тоо жумуртка келатса
12.Илгери бир хан богон экен.Хан элине эки суроо берет?
Кайсы жомок? -Акылдуу кыз.
Балдар,биз ушул окуган 8ай ичинде Алиппеден башка дагы Математика сабагын окудук.
Математикадан эмнелерди уйрондук.
-кошконду,кемиткенди,салыштырганды,маселе чыгарганды уйрондук.
Анда математикалык сандарга кезек берели.
Нурел 1саны: Мен болмун бир деген
Онкой сабак билбеген
Тентек балдар жолдошум
Бирин-бири тилдеген.
Нуртилек 2саны: Ким деп мени сурасан
«2» деген боломун
Сабак билбес жалкоонун
Дептерине кономун.
Анарбек 3саны: Утуройуп дайыма
Кабагымды ачпаймын
Тын окуган балдарга
Жолдош болуп баспаймын.
Рамис 4саны: 4 Саны менен дос болсон
Китеп менен дос болот
Билгендери кобойуп
Билбегени жок болот
Амирхан 5саны: Мен боломун «5» деген
Жолум дайым кепкенен
Мени ээрчиген балага
Бийиктик жок жетпеген.
Раяна 6саны: Мына бул сан алты
Мыктар таанып алгын
Чаташтырбай алдыга
Эске сактап калгын.
Амангелди 7саны: Жети деген сан ушул
Жолугасын сан учур
Айкын кылып танып ал
Сурай бербей сен утур.
Айша 8саны: Чиркешкен эки тегерек кандай сан
Буйдала туштук болуп тан
Билбесенер эгер бул-сегиз
Туткула эске бут тегиз.
Арлен 9саны: Тогуз деген бул сан
Токтоп конул бурсан
Уят болот билбей
Тарткынчыктап турсан
Ариет 0саны: Нол саны-жок сан билсен
Жок сан деп мени таштаба
Коп жерден керегим тийет
Мени жакшылап белсен
Физмунутка
4топко макал берем жест менен корсотушот
Аганы коруп ини осот
Эжени коруп синди осот
Жети олчоп,бир кес
Таза жургонун дени сак
Дени сактын омуру узак
Улууну урматта,кичини ызатта.
Мугалим: Биз дагы «мен жана менин дуйном»деген китепти окудук.
Андан биз эмнелерди уйрондук.
Жаратылыштагы ундор,тустор,озгоруулор жонундо,жыл мезгилдери жонундо,майрамдар жонундо ж.б.
-Биз жашаган айыл. - Каныш-Кыя
-районубуз. - Чаткал
-областыбыз. - Жалал-Абад
-борбор шаарыбыз. - Бишкек
-Мекенибиз. - Кыргызстан
-Биз окуп аткан мактептин аты.- С.Байдоолотов орто мектеби
-Мектеп директору. - М.Надырбеков
-Класс жетекчи. - А.Нышанова
Азаматсынар балдар,мекенибиз жонундо баяндап оттук.Эми балдар айткылачы,силерге тамганы уйротуп, сулуу жазганга,китепти окуганга тартиптуу болууга ким уйротот.
Жалпы:-Мугалим. (Мугалим жонундо ыр айтышат).
Элдан: -Мугалим момолуу дарак
Журогу таза актай барак
Кокулумду тарап
Дайыма жакшылап берет сабак.
Туголбай: -Чынарга окшош гулдогон
Биз бучурбуз бурдогон
Бут баардыгын уйротуп
Балдай ширин суйлогон
Ал асы ладам-мугалим.
Мугалим: Бизди жарык дуйного алып келип остургон ким.
Жалпы: ата-эне
Алинур: Аталардын узун болсун омуру
Кирдебесин наристенин конулу
Периштеси толгон айдай жаркыган
Маанайында болуп мээрим тогулуу
Нурсултан: Эне жакшы дуйум момо дарагым
Энсеп туулуп,оскон жерге барамын
Эркелетип саамайындан жыттачу
Балалыктын балдуу элесин татамын.
Хор. Ай чыкты карачы
Бул кичинекей бобоктор кечээ эле мектеп босогосун жаныдан аттап тамга тааный элек,колуна калемсапты туз кармай албаган балдар эле.Чарчашып,ыйлашып,бизди да,сиздерди да кыйнаган учурлары болгон. Ошол кыйынчылыктарды женип,биздин балдардын баары ыр айтып,макал айтып,ырдап,эсеп чыгарып турдуу жетишкендиктерге жетишип калганына кубо болунуздар.
Келип,катышып бергениниздерге чоон ырахмат.