Просмотр содержимого документа
«Биология 6-класс»
Тема:Чанактуулар тукуму 6- «А» класс
Сабактын Максаты:
- Чанактуу өсүмдүктөрдүн түрлөрүн билишет.
- Чанактуу өсүмдүктөрдүн башка өсүмдүктөрдөн өзгөчөлүгүн үйрөнүшөт.
- Чанактуу өсүмдүктөрдүн жаратылыштагы жана адамдын жашоосундагы мааниси тууралуу окуп үйрөнүшөт.
Эки Үлүштүүлөр классы
Чанактуулар 300 уруудан туруп , 12 миң түрдү камтыйт. Кыргызстанда 50 урууга бириккен 350 түрү өсөт. Чанактуулар бир жылдык , көп жылдык , чөп жана бадал өсүмдүктөр болуп саналат.
Жапайы өкүлдөрү – көп жылдык чөп өсүмдүктөрү. Тамыры үзүк жана Кыргызстандын көп аймактарында кездешет.
Маданий өкүлдөрү Буурчак – байыркы маданий өсүмдүк.Анда эттин белогунан кем калышпаган белок бар.Чыккан теги Жер Ортолук деңиздин жээги. Сибирде да өсөт.Нымды көп талап кылат , ошондуктан эрте жазда себишет.Тамыры өтө узун келет.
Тамырынын түзүлүшү Тамыр системасынын каптал түкчөлөрүнө бактериялар кирип түймөкчөлөрдү пайда кылат. Абадагы эркин азотту сиңирип алып , тамырда бүртүкчөлөрдү пайда кылат.Натыйжада тамырында органикалык жер семирткичтер топтолот.
Сабагы жана жалбырагынын түзүлүшү Канат сыяктуу жалбырагынын учу мурутча менен бүтүп , сабагынын башка таянычтарга жармашып өсүшүнө жардам берет.
Гүлүнүн түзүлүшү Гүлү 5 желекчеден , 5 жалбыракчасы бар чөйчөкчөдөн , 10 аталыктан , 1 энеликтен турат. Гүлдүн үстү жагын жаап орношкон желекченин кеме желеги (парус) деп аташат. Эки капталындагы желекчелерди – калакча, биригип турган желекчелерди – кайык дейт.
Чанактуулар чарбада кеңири колдонулат. Мисалы : төө буурчак тамак-аш катары колдонулат.
Соя , жер жаңгак , буурчак , нокот , маш ж.б өсүмдүктөрдө организмге өтө зарыл белок көп болот. Мисалы , беде , эспарцет.
Эмнеге чанактуу деп аталып калган?
Негизги терминдер