Просмотр содержимого документа
«Жыйынтыктоо сабак»
Фразеологизмдер
Жыйынтыктоо сабагы
С өз жарышына чыгып алган билимдерди эске салабыз...
Фразеологизм
Кепте даяр материал катары колдонулат
Фразеологизмдердин образдуулугу
Компоненттүүлүгү
Маани жактан ширелишип,бир тутүндүгү
Тилибизге ачыктык, тактык берет
Чачылган сөздөр менен таанышып,фразеолгизмдердин өз ара бөлүнүшү боюнча бөлүп чыккыла
- Котур ташы койнунда, үрүп чыгаар ити жок, аскар тоо ,камырдан кыл сууругандай, ала жипти аттабаган , чала жан, жоон моюн, бөйрөктөн шыйрак чыгаруу , эки жүздүү , кымча бел , колтугуна суу бүркүү, кабагын карыш салуу;ж.б
Фразеологиялык бирдик- компонененттердин тике мааниси менен аздыр көптүр жакындыгы бардай,жалпы маани ошол компоненттер аркылуу келип чыккандай сезилген туютмалар фразеологиялык бирдик деп аталат.
Кабагын карыш салуу-капалануу
Үрүп чыгаар ити жок- колунда эч нерсе жок
Камырдан кыл сууругандай-кылдаттык,эптүүлүк
Эки жүздүү-өң карама
- Фразеологиялык ширешме- мааниси тутумундагы компоненттердин алгачкы лексикалык маанилери менен таптакыр байланышы жоктой сезилген фразеологиздерди фразеологиялык ширешме дейбиз.
Котур ташы койнунда-ичи арам,жаман ойлуу
Ала жипти аттабаган-жамандык ишке барбаган
Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу-эч негизсиз чыр чыгаруу
Колтугуна суу бүркүү-бирөөгө каршы тукуруу
Аскар тоо- таянуу. ишенүү
- Фразеологиялык айкаш(тизмек )-кепте эркин мааниде ,өз маанисинде кеңири пайданылбай белгилүү бир сөздөр менен гана айкашып колдонулган туруктуу сөз айкаштары.
Чала жан- араң жаны бар
Жоон моюн-тоготпогон, кенебеген
Кымча бел-ипичке, бир карыш
Тили буудай кууруйт
Мурдунан байлап алуу
Мурду балта кеспеген
Жылдызы түшүү
Башына таш тийүү
Беш өрдөгүн учуруу
Ортосунан кара мышык өтүү
Колунан кокон тыйын келбеген
Ф РАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН КЕПТЕ...
ӨЗГӨРҮҮСҮЗ КОЛДОНУЛУШУ-жазма же оозеки кепте компоненттери сакталып ,өзгөрбөй колдонулса;
ӨЗГӨРТҮЛҮП КОЛДОНУЛУШУ-жазма же оозеки фразеологизмдердидин компоненттери кемип же алардын арасына бир нече сөз кыскартылып , орду алмаштырылып колдонулса;
Төмөнкү фразеологизмдерди кепте өзгөртүлүп берилген фразеологизмдерге айлантып, маанисин айтып бергиле:
Жердин жети түбүндө; жылдызы жерге түшүү;
кабыргам жаман кайышты;эки көз төрт; тили буудай кууруйт;жүрөгүндө кымындай
кири жок; ичине жарты таруу айланбайт; кабыргам кайышты;
Фразеологизмдердин жарыш колдонулушу
ЭКИ ЖЕ АНДАН АШЫК ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН ЖЕ ФРАЗЕОЛОГИЗМ МЕНЕН АГА МААНИЛЕШ СӨЗДҮН УДАА КОЛДОНУЛУШУН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН ЖАРЫШ КОЛДОНУЛУШУ ;
- Өчкөн отун тамызган,
- Өлгөн жанды тиргизген.
- Чачылганды жыйнаган,
- Үзүлгөндү улаган.
- Кайран жеңем Каныкей .(Манас)
Фразеологизм менен сөздүн синонимдик катышы
- Тишинин кирин соруу
- Тишинин кирин соруу
- Ана-мына дегиче
- Ана-мына дегиче
- Кекиртегин талга асуу Бармагын тиштөө Таш боор
- Кекиртегин талга асуу
- Бармагын тиштөө
- Таш боор
- Көз ачып жумгуча
- Көз ачып жумгуча
- Көлүл бурганыңыздарга ырахмат!