Просмотр содержимого документа
«Эсептөө системалары жөнүндө түшүнүк»
Мугалим: Баялиева Айнур
Предмет: Информатика
Класс: 8-класс
Сабактын темасы:Экилик эсептөө системасы жана алар менен болгон амалдар. (2 саат)
Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжалар: |
Билим берүүчүлүк | |
Өнүктурүүчулүк | |
Тарбия берүүчүлүк | |
Окутуу усулу | Баалоо усулу | Сабактын тиби | Сабактын формасы | Ресурстар |
1.Салттуу 2.Интерактивдүү 3.Түшүндүрмө иллюстративдик 4.Проблемалык 5.Текшерүү усулу | 1.Диагноздоочу 2.Калыптандыруучу 3.Жыйынтыктоочу | Аралаш сабак, жаны билимдерди өздөштүрүү сабагы, бышыктоо сабагы, кайталоо, жалпылоо сабагы, проблемалуу сабагы, баалоо сабагы | Семинар, экскурсия, таймаш, диспут, конкурс, практикалык, салттуу, интерактивдүү сабак | Тех-лык каражаттар, таблица, дидактикалык материалдар |
Негизги компетенттүүлүк | Предметтик компетенттүүлүк |
НК1: Маалыматтык НК2: Социалдык коммуникациялык НК3: Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү. | ПК1: Эсептөө ПК2: Аналитикалыкфункционалдык ПК3: Көрсөтмөлүү образдуу ПК4: Статистикалык ыктымалдык |
Сабактын жүрүшү:
Кадамдар | Мугалимдин Ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Компетенттүүлүк, баалоо |
Уюштуруу Үй тапшырма текшерүү Жаңы тема Бышыктоо/ Рефлексия Тапшырманы баалоо | Класстын сабакка даярдыгы Окуучуларды тактоо. 1-тиркеме. | | | | |
1-тиркеме.
3.Жаңы теманы түшүндүрүү:
Экилик система деп аталганы себеби белгилүү болуп калды болуш керек. Негизи 2 гана цифрадан турат жана алар 0 жана 1 цифралары. Бул эсептөө системасы компьютерлердин жана информациялык тхнологиялардын негизги тили деп атап койсок жаңылган болбойбуз. Башкача айтканда компьютер 0 дегенди ток жок, 1 дегенди ток бар деп түшүнөт. Ушул 0 жана 1 коду менен компьютердин мээсинде баардык операция аткарылат. Ал эми сегиздик жана он алтылык бул экилик системанын жакшыртылган түрү болуп эсептелет.
Эми экилик эсептөө системасында эсептөөнү жүргүзүп көрөлү:
0– нөл,
1 – бир,
10 – эки,
11 – үч,
100 – төрт,
101 – беш,
110 – алты,
111 – жети жана ушинтип уланып кете берет.
Экилик эсептөө системасында арифметикалык амалдар төмөнкүчө аткарылат.
Кошуу | Кемитүү | Көбөйтүү | Бөлүү |
0 + 0 = 0 ; 0 + 1 = 1 ; 1 + 0 = 0 ; 1 + 1 = 10 ; | 0 – 0 = 0 ; 1 – 0 = 1 ; 1 – 1 = 0 ; 10 – 1 = 1 ; | 0 * 1 = 0 ; 1 * 1 = 1; | 0 / 1 = 0 ; 1 / 1 = 1 ; |
Биринчи эсептөө системасынан башка эсептөө системасына которуу
Бир эсептөө системасынан башка эсептөө системасына которуу
2 ден 10 го | 10 дон 8 ге | 8 ден 2 ге |
8 ден 10 го | 10 дон 16 га | 16 дан 2 ге |
16 дан 10 го | 2 ден 8 ге | 8 ден 16 га |
16 дан 8 ге | 10 дон 2 ге | 2 ден 16 га |
Ушундай которууларды жасоого болот экен.
Кыскача бир таблицаны көрсөтө кетсек
Ондук | Экилик | Сегиздик | Он алтылык |
1 | 001 | 1 | 1 |
2 | 010 | 2 | 2 |
3 | 011 | 3 | 3 |
4 | 100 | 4 | 4 |
5 | 101 | 5 | 5 |
6 | 110 | 6 | 6 |
7 | 111 | 7 | 7 |
8 | 1000 | 10 | 8 |
9 | 1001 | 11 | 9 |
10 | 1010 | 12 | A |
11 | 1011 | 13 | B |
12 | 1100 | 14 | C |
13 | 1101 | 15 | D |
14 | 1110 | 16 | E |
15 | 1111 | 17 | F |
16 | 10000 | 20 | 10 |
Экилик системадагы маанини ондук системага которуу үчүн, аны көп мүчө түрүндө жазып алып, анын тиешелүү разрядын экинин берилген даражасына көтөрүп арифметикалып амалдар менен таап алабыз.
Х10= Аn·2n-1 + Аn-1·2n-2 + Аn-2·2n-3 +…+А2·21 + А1·20
Сегиздик системадагы маанини ондук системага которуу үчүн, аны көп мүчө түрүндө жазып алып, анын тиешелүү разрядын сегиздинберилген даражасына көтөрүп арифметикалып амалдар менен таап алабыз:
Х10= Аn·8n-1 + Аn-1·8n-2 + Аn-2·8n-3 +…+А2·81 + А1·80
Он алтылык системадагы маанини ондук системага которуу үчүн, аны көп мүчө түрүндө жазып алып, анын тиешелүү разрядын он алтынын берилген даражасына көтөрүп арифметикалып амалдар менен таап алабыз:
Х10= Аn·16n-1 + Аn-1·16n-2 + Аn-2·16n-3 +…+А2·161 + А1·160
Ондук эсептөө системасынан экилик эсептөөсистемасына которуу
Ондук системадагы сан маанисин экилик системага которуу үчүн ал сандын калдыгы 1 ге барабар болгонго чейин 2 ге бөлүү керектелет. Жыйынтыгында бөлгөндөн ашып калган калдыктарды аягынан башына карай жазып чыгабыз.
Мисалы: 2210=101102