3 | Жаңы билимди калыптандыруу этабы: Жаңы теманы үйрөнүүдө окуучуларды эки-экиден жана кичи топтордо иштөө ишмердүүлүгүн уюштуруу, материалды көрсөтүү, угуу, структуралык текстти окуу, жаңы түшүнүктөрдү бышыктоо жана машыктыруу , терминдер, лексикалык бирдик, изденип окуу жана алган маалыматты анализдөө, жаңы материалга тезис жазуу, сабакта жаңы материалды уйрөнүүдө жетишкендигинин кайтарым байланышы. | Теманы китептен окуп чыгышат же таркатма материал менен таанышышат: Компьютер менен байланышкан Информатика термини францияда XX кылымдын 60-жылдарында пайда болду, бул терминди электрондук эсептөөчү машиналардын (компьютердин) жардамы менен маалыматтарды автоматтык түрдө иштетүүнү аташ үчүн киргизишкен. Термин француз тилинин informatique сөзүнөн келип чыккан жана ал informacion (маалымат) менен automatique (автоматика) сөздөрүнүн биригүүсүнөн пайда болуп маалыматтык автоматика же маалыматтарды автоматтык түрдө иштетүү дегенди билгизет. Батыш мамлекеттеринде билимдин бул багыты үчүн компьютер илими (computer science) термини колдонулат. Азыркы учурда ИНФОРМАТИКА илимдин бир багыты катары калыптанып, анда компьютердипайдаланып табияттагы, техникадагы жана коомдогу маалыматтарды илимий методдун негизинде формалдаштыруу, моделдөө, көрсөтүү, жыйноо, иштетүү, жиберүү ж.б. үйрөтөт. | НК1 | ПК1 |