№ | Интерактивдүү усулдун аталышы | максаты | өткөрүү тартиби | өткөрүү убакыты |
1 | “КЫЯЛ МЕНЕН СЕЙИЛДӨӨ” бул методика биздин күндөлүк турмушубузда кезигүүчү,мыйзам менен тыгыз байланышкан көптөгөн ыкмаларды айкындоо менен көп эрежелерди билдирип,алардын маанилүүлүгун көрсөтөт. | 1)мыйзамдардын күндөлүк турмушка тийгизген таасирин түшүнүү. 2)мыйзамдар адамдардын коомдогу жүрүм-турумун тескөө үчүн эле эмес,жарандарды коргоо үчүн да кабыл алынгандыгын түшүнүү. | 1.Катышуучуларга бир окуяны айтып бергени жатканыңарды жана алар окуяда мыйзам чөйрөсүнө тийиштүү бир нерсени угушканда,аңгемени токтотууга тийиш экендиктерин айткыла. 2.Аңгемени өзүңөрдүн күндөлүк ишиңерден баштагыла. 3.Катышуучулар аңгемедеги төмөндөгүдөй жерлерди көрсөтүш үчүн сизди көп жолу токтотууга тийиш. 4.Катышуучулардан алардын турмушунда керек болгон бардык юридикалык документтердин тизмесин түзүүнү сурай аласыздар. | 10-15 мүнөт |
2 | “МЭЭГЕ ЧАБУУЛ” | кеңири пайдаланылуучу,бир топ белгилүү интерактивдүү метод.Ал катышуучуларга өзүнүн кыял чабытын жана чыгармачылыгын пайдаланууга түрткү берип,кандайдыр бир айкын проблеманын бир нече чечилишин табууга жардам берет. | 1.Катышуучулардан өздөрүн ээн-эркин сезгендей отурууну сурангыла. 2.Флипчарт(ватман) же сунуштарды жазуу үчүн доска даярдагыла. 3.Сөзсүз чечиле турган маселени катышуучуларга айткыла. 4.Негизги эрежелерди аныктагыла. 5.Катышуучулардан ой-пикирин айтууну сурангыла жана аларды келип түшкөнүнө жараша жазгыла. 6.Ватманды пайдаланууда аны дубалга бекиткиле. 7.Катышуучуларга жаңы идеяларды көтөрүп чыгууга түрткү берип,өзүңөрдүн идеяларыңарды да кошумчалагыла. 8.Кайсы бир идеяларды мыскылдоонун,аларга түшүнүктөр берүүнүн жана аларды шылдыңдоонун алдын алууга аракет кылгыла. 9.Жаңы идеялар сунуш кылынып бүтмөйүнчө угууну уланткыла. 10.Аягында сунуш кылынган идеяларды талкуулап,аларга баа бергиле. | 7мүнөттөн өйдө |
| | | | |
3 | “ЧАКАН ТОПТОР МЕНЕН ИШТӨӨ” | Чакан топтор менен иштөө окуучуларга өз ара кызматташуу тажрыйбасына жана адамдар ортосундагы башка маанилүү жүрүм-турум тажрыйбасына ээ болууга мүмкүндүк берет.Бул методду пайдалануу окуучуларга өз ара келип чыккан кайчы пикирлерди да чече билүүнү үйрөнүүгө жардам берет. | 1.Топтогу ишти шашылбай баштагыла. 2.Чакан топтун бир бөлүгүн түзгөн эки окуучуну бөлүп чыгаргыла. 3.Каалаган учурда топко штаттык кызматчылардан же ыктыярдуулардан жардамга киргизүүгө болот. 4.Топтун ар бир мүчөсү топтогу иштин чегинде атайын тапшырма алат,жардамчы топтун мүчөлөрүнүн эриш-аркак аракетине көмөк көрсөтөт,бирок анын ишине багыт бере албайт. 5.Мугалим топтогу ишке көз салууга милдетүү. Окуучулар чакан топтун курамында башкалардан тышкары: Ортомчунун Катточунун Баяндамачынын Дискуссиялык суроолорду берүүчүнүн Сөздү буруучунун ролдорун аткара алышат. | |
4 | “КАРУСЕЛЬ” | Бул метод өткөн материалдарды кайталоо же эгерде ал өткөрүлсө,класстагы ролдуу оюнунан чыгаруу үчүн көмөкчү метод пайдаланылат. | Класс “биринчи жана экинчи”деген эсеп принциби менен эки топко бөлүнөт.”Биринчи”номердегилер ички,”экинчи”номердегилер сырткы тегеректи түзөт.Биринчи жана экинчи тегеректегилер бири-бирине карап маңдайлаш турушат. Бардыгына бир суроо берилет,мисалы,бүгүн сен кандай жаңылык билдиң?Биринчи номердеги-экинчиге,экинчиси-биринчиге айтат.Ошентип,биринчи номердегилер солго жылышат,экинчилер орундарында калышат.Кийинки суроо берилет.Экинчилер оңго жылып,биринчилер өз орундарында калышат.Мындай суроолорду канча бериши мүмкүн. | 5-8 мүнөт |
5 | “АЧЫК СУРООЛОР”-макул же жок деп бир беткей жооп берүүгө болбой турган суроолор. | Бул метод жасалган иштин жыйынтыгын чыгарууга көмөкчү метод катары пайдаланылат. | Мугалим бири-бирине логикалуу түрдө келип чыккан ачык суроолорду ирети менен берет.Мисалы,мугалим төмөнкудөй суроолорду бериши мүмкүн: Азыр биз эмне жасадык? Эмнени аткара алдык? Эмнени аткара албадык? Эмне татаал болду? Себеби эмнеде? Окуучулардын жообун угат. Эгерде көптөгөн окуучулар сүйлөгүсү келип,методдун,регламенттин бузулушунун ыктымалдуулугу пайда болсо,мугалим ар бир суроого жооп берүүчүлөрдүн санын алдын ала чектей алат.Окуучулардын ой-пикирин ортого салуусуна мүмкүндүк берет.Жооптор талкууга алынбайт жана сынга алынбайт. Өткөрүү эрежелери: регламент катуу сакталат суроолор ачык логикалык жактан байланыштуу жөнөкөй жана түшүнүктүү болууга тийиш көтөрүлгөн кол эрежеси колдонулат ар биринин ой-пикири урматталат дискуссиялардан качуу зарыл | 5-мүнөт |
6 | “КЛАССТЕР” Класстерге бөлүү-бул кылдат стратегия.Ал жеке же топтордо жүргүзүлөт,топтук ишмердүүлүктө ал топтун идеясына каркас сыяктуу касиетке ээ болот.Бул окуучуларга ассоциация жана өз ара байланышты ар кимиси жекече өздөштүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. | Бул метод сабактын башында же аягында өтүлгөн теманы же конкреттүү суроо боюнча окуучулардын билимин аныктоо же пикирин бышыктоо үчүн колдонулат. | -Чоң кагаздын,же класстык досканын же башка түздүктүн ортосуна өзөктүү сөздү же сүйлөмдү жазып аны тегеректеп койгула; -өзөктүү сөз жазылган тегерекченин жанына тегерекчеге алып өзөктүү сөзгө тиешелүү сөздөрдү,сүйлөмдөрдү жазгыла; -идеялар пайда болгон учурда аларды жазгыла,идея жана өзөктүү сөздөрдү сызык менен байланыштырып койгула; -бири-бирине окшош болгон идеяларды өз ара бириктиргиле,а бирөөсүн өзөктүү сөз менен бириктирип койгула; -убакыт бүтмөйүнчү же силердин идеяңар аягына чыкмайынча оюңарга канча идея келсе ошонун баарын жазгыла. -балдардын жооптору талкууланбайт жана сыноого алынбайт. | 5-7-мүнөт |
| | | | |