СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кызматтык милдеттер. Окуу бөлүмү

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

  • Окуу иштери боюнча жогору турган уюмдардын жана Окумуштуу кеңештин директиваларынын, нускамаларынын, көрсөтмөлөрүнүн, буйруктарынын, чечимдеринин аткарылышын уюштурууну жүргүзөт жана көзөмөлдөйт;
  • Профессордук-окутуучулук курамдын оптималдуу штаттарынын түзүлүүсү үчүн окуу жүктөмдөрүнүн бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөйт;
  • Окуу процессиндеги бузуулар боюнча профессордук-окутуучулук курамдын жана окуу-жардамчы персоналдын мүчөлөрүнөн түшүндүрмө талап кылат, аларды жоюу боюнча чараларды көрөт;

Просмотр содержимого документа
«Кызматтык милдеттер. Окуу бөлүмү»

Бекитем

директор, ф.и.к., профессор

_________ Акматалиев А.Т.

________________________

Кызматтык милдеттер

ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун окуу бөлүмү

1. Окуу бөлүмүнүн башчысы

  • Окуу иштери боюнча жогору турган уюмдардын жана Окумуштуу кеңештин директиваларынын, нускамаларынын, көрсөтмөлөрүнүн, буйруктарынын, чечимдеринин аткарылышын уюштурууну жүргүзөт жана көзөмөлдөйт;

  • Профессордук-окутуучулук курамдын оптималдуу штаттарынын түзүлүүсү үчүн окуу жүктөмдөрүнүн бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөйт;

  • Окуу процессиндеги бузуулар боюнча профессордук-окутуучулук курамдын жана окуу-жардамчы персоналдын мүчөлөрүнөн түшүндүрмө талап кылат, аларды жоюу боюнча чараларды көрөт;

  • Сааттык форма фондунун түзүлүшүн камсыздайт жана анын рационалдуу пайдаланылышын көзөмөлдөйт;

  • Кафедралардагы окутуучулардын окуу жүктөмдөрүнүн аткарылышын талдайт жана талдоонун жыйынтыгын окуу иштери боюнча директордун орун басарына берет;

  • Даярдайт:

- мамлекеттик аттестациялык жана сынак комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндөгү буйруктарды;

- студенттердин кезектеги жана жыйынтыктоочу жетишүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча дирекциянын чечимдеринин долбоорлорун;

- окуу иштери боюнча институттун кеңештеринин отурумдарынын токтомдорунун долбоорлорун.

  • Окуу иштери боюнча отчеттордун жана башка статистикалык маалыматтардын өз убагында берилишин камсыздайт;

  • Окуу процессин камсыздоочу жана жөнгө салуучу буйруктардын, нускамалардын, көрсөтмөлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгат;

  • Окуу бөлүмүнүн кызматкерлерин жетектейт.

2. Башкы адис

  • Билим берүү программаларындагы окутуунун бардык формалары боюнча болжолдуу (примерных) окуу пландарын иштеп чыгууга жана бекиттирүүгө, кесиптик билим берүү боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга катышат жана көзөмөл жүргүзөт;

  • Окутуунун бардык формалары боюнча базалык окуу пландарын иштеп чыгууну жана бекиттирүүнү жана аларды бекитилген болжолдуу (примерный) окуу пландарына шайкеш келтирүүнү көзөмөлдөйт;

  • Жаңы багыттарга жана адистиктерге болжолдуу, базалык, жумушчу окуу пландарын иштеп чыгууга жана бекиттирүүгө көзөмөлдү ишке ашырат;

  • Окутуунун бардык формалары үчүн жаңы окуу жылына жумушчу окуу пландарын иштеп чыгууга жана бекиттирүүгө көзөмөл жүргүзөт, мурдагы бекитилген окуу пландарынын окуу предметтери бөлүгүнө (вариативдик) оңдоо киргизүүнү ишке ашырат;

  • Окутуунун бардык формалары үчүн жаңы окуу жылына окуу процессинин графигин иштеп чыгат, бекиттирет жана аны бардык структуралык бөлүмдөргө жеткирет;

  • Окуу пландарына жана окуу процессинин графигине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жүргүзөт жана Окумуштуу кеңештин бекитүүсүнө даярдайт.

3. Жетектөөчү адис

  • Мамлекеттик сынактарды, дипломдук иштерди коргоону уюштуруу жана өткөрүү;

  • Бүтүрүүчү кафедралардан МАКтын курамы тууралуу билдирмелерди жыйноо жана МАКтын курамын КРнын ББИМине бекиттирүүгө даярдоо;

  • Окуу процессинин графигине ылайык МАКтын иштөө графигин түзүү жана бекиттирүү;

  • Кышкы жана жазгы сынактык сессиялардын жүрүшүн көзөмөлдөө жана сынактык сессиялардын жыйынтыгын чыгаруу;

  • МАКтын отчетун даярдоо үчүн кафедралардагы адистик боюнча сынактардын, дипломдук иштерди коргоонун жыйынтыктары жөнүндө МАКтардын отчетторун жыйноо;

  • Окуу процессин уюштуруу боюнча иштерди деканаттар жана кафедралар менен кеңешүү;

  • Окуу иштери боюнча отчеттордун ж.б.статистикалык маалыматтардын окуу бөлүмүнүн башчысына өз убагында тапшырылышын камсыздайт;

  • КРнын ББИМине билими тууралуу документтерди даярдоо боюнча билдирме (заявка) берүү;

  • Бардык адистиктер боюнча сабактардын жадыбалын түзүү.

  • Билими жөнүндө документтерди даярдоого маалыматтарды чогултуу, анын ичинде билими жөнүндө документтерди кайра басып чыгаруу, дубликат даярдоо жана аларды КРнын ББИМине жеткирүү.

Эскертүү. Бул кызматтык милдеттер И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу бөлүмүндөгү кызматтык милдеттердин үлгүсүндө даярдалды.

Макулдашылды:

Институттун юристи _______________________

________ _____________ 20____ -ж.

Кызматтык милдеттер менен тааныштым:

ОБ башчысы _______________________________________________

ОБнын башкы адиси _______________________________________________

ОБнын жетектөөчү адиси _______________________________________________

________ _____________ 20_____ -ж.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!