Математиканы окутуудагы методдордун маанилери
Негизги түшүнүктөр:
окутуу методу – бул мугалим менен окуучунун бул же тигил түшүнүктү калыптандыруу үчүн биргелешүү ишмердүүлүгүнүн түрлөрү.
окутуу методикасы – жөндөмдүүлүктөрдүн, ыктардын, билимдердин системасы, процесс. Ал принциптерди, методдорду, каражаттарды, формаларды, окутуунун мазмунун камтыйт.
Дидактикада математиканы окутуу болуп мугалим үйрөтүп, ал эми окуучулар билимдерди жана жөндөмдүүлүктөрдү өздөштүрүүсү, ыктарды иштеп чыгуусу аркылуу мугалим менен окуучулардын биргелешүү ишмердүүлүгүнүн жолдорун түшүнүү кабыл алынган. Окутуу методдорун тандоо бир нече факторлорго таянылат: мектептин азыркы учурдагы шарттарда өнүгүү этабынын маселелери, окуу предмети, үйрөнүлүүчү материалдын мазмуну, өнүгүүнүн курагы жана деңгээли, ошондой эле алардын окуу материалын кабыл алууга даярдыгынын деңгээли. Окутуунун методдорун тандоого окуучулардын кандайдыр бир кесипке ээ болуусуна жана социалдык адаптациянын маселелерин чечүүгө даярдалышы таасирин тийгизет.
Окуучуларды жаңы билимдер менен тааныштырууда аңгеме методу колдонулат. Математиканын методикасында бул методду билимдерди айтып берүү методу деп атоо кабыл алынган. Бул метод менен катар баарлашуу методу эң кеңири таркаган. Мугалим баарлашууда окуучулардын алдына буга чейин белгилүү болгон билимдер боюнча суроолорду берип, аларга жооп алат.
Окуучулардын билимдерине, байкоого, мурунку тажрыйбага таянып, мугалим акырындык менен окуучулардын билимдерин тереңдетүү, жаңы билимдерди бышыктоо, жөндөмдөрүн жана ыктарын калыптандыруу сыяктуу иш аракеттеринен жаңы билимдерди өркүндөтүү – өз алдынча иштөө методуна жол берет. Кээде бул методду колдонуу менен мугалим окуучулардын ишмердүүлүгүн жаңы теориялык билимдерди өз алдынча үйрөнүүсүн уюштурууга болот.
Окутуу методдорунун түрлөрү
мугалим менен окуучунун биргелешип иштөөсүнүн уюштурулуш формасына жараша төмөнкүдөй окутуу методдорун ажыратууга болот: билимдерди айтып берүү, баарлашуу, өз алдынча иштөө.
Дидактикада окутуу методу билимдердин булактарынан көз – каранды түрдө классификацияланат. Бул классификацияга ылайык
сөз түрүндөгү методдор (аңгеме же айтып берүү, баарлашуу, китеп же басма материалдар боюнча иштөө),
көрсөтмө методдор (байкоо, предметтерди сүрөттөрдү демонстрациялоо),
практикалык методдор (ченөө, геометриялык фигураларды сызуу, аппликация, фигураларды жасоо жана башкалар)
Окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн (продуктивдик эмес, продуктивдик ишмердүүлүк) уюштуруу жолдорунан көз – каранды түрдө төмөнкүдөй методдор орун алат:
Түшүндүрмө – иллюстрациялык метод, мында мугалим билимдердин үлгүсүн берет, андан кийин окуучулардан бул үлгүгө ылайык тапшырмаларды, аракеттерди, билимдерди сүрөттөп айтып берүүсү талап кылат.
Аз – аздан изденүү методу, мында окуучулар алдына коюлган маселени чыгаруу жолдорун издөөгө катышышат. Мугалим коюлган маселени бөлүктөргө бөлүп, маселени чыгаруу кандайдыр бир бөлүгүн окуучуларга көрсөтүп берсе, калган бөлүгүн окуучулар өз алдынча иштешет.
Изилдөөчүлүк метод – бул жаңы проблемаларды чечүү үчүн окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн уюштуруу жолу.Мектепте окуу процессинде көбүнчө биз бул айтылган методдордун комбинациясын байкайбыз.
Проблемалык айтып берүү – бул мугалимдин проблеманы коюп, аны окуучулар менен бирдикте чечүүсү. Ал проблеманы окуучулар чечүүгө аракеттенишип, бирок билген билимдеринин жетишсиз экенин байкашкандан кийин мугалим чыгаруу жолдорун түшүндүрүп берет.
Математика сабагында окутуу методдорун колдонуу өзгөчөлүктөрү
Мугалим жаңы теманы түшүндүрүүнүн алдында окуучулар билген билимдер менен өз ара байланышты тактап, аны өтүлө турган тема менен байланыштыруу керек. Мындай байланышты мугалим аныктоодо мурунку тажрыйбаларга таянып окуучулардын билгендерин суроо менен алардын көңүлүн бурдура алат. Ошону менен ал көрсөтмөлүүлүктү кеңири колдонот: предметтик колдонмолор, иллюстрациялык таблицалар, дидактикалык таратылуучу материалдар, схемалар, чиймелер.Жардамчы мектептердин төмөнкү класстарында жаңы материалды түшүндүрүү узакка созулбаш керек. Жаңы материалдарды бир нече соңуна чыккан логикалык порцияларга бөлүп алуу керек. Мугалим түшүндүрүүлөрдү көрсөтмө куралдарды колдонуу менен, дидактикалык материалдарды пайдалануу менен жүргүзүү иш жүргүзүүсү эффективдүүлүктү берет. Жаңы теманы үйрөнгөндөн кийин мугалим баарлашуу жүргүзөт. Ал үчүн алдын – ала суроолордун схемасын түзүлүп, ал боюнча окуучулардын өздөштүргөн билимдеринин деңгээли гана текшерилбестен, алардын үстүнөн байкоо жүргүзүлөт. Баарлашууда түзүлгөн суроолор туура тандалыш керек. Алардын логикалык удаалаштыгы сакталышы менен так, кыска, жеткиликтүү формулировкаланган болушу керек. Окуучулар менен фронталдык ишти уюштурууда ар бир баланын индивидуалдык жөндөмдүүлүктөрүн эске алуу зарыл.
Методду тандоо окутуунун конкреттүү шарттарынан аныкталат. Бирок мугалим кайсы методду колдонбосун, окуучулардын психофизикалык өзгөчөлүктөрүн, окуу материалдарынын жеткиликтүүлүгүн, окутуунун көрсөтмө жана техникалык каражаттарын колдонууга көңүл буруусу керек.
Окутуунун интерактивдик методунун мааниси
Бүгүнкү күндүн талабына ылайык окутуу процесси окуп – үйрөнүү процессине карай багытталып, анын натыйжасында окуучулардын таанып таанып билүүсүн, ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн, активдүүлүгүн арттырууга арналган интерактивдүү метод кеңири колдонулуп келе жатат.
Эгерде сабак учурунда окуучулар ортосунда, ошондой эле окуучулар менен мугалимдин ортосунда карым – катыш жогору деңгээлде жүрсө, биз мындай окутууну интерактивдүү деп атайбыз. Интерактивдүү метод ар түрдүү көп маселелерди чечүүдө өз ара аракеттенүү методдорун ар башкача колдонууга ийкемдүү келет. Окуучу окуу процессинде төмөнкүлөр менен карым – катнашта болуп бирге аракеттенет:
Мугалим менен (башкача айтканда окуучу мугалимдин суроосуна жооп берет)
Чакырылган кишилер менен (же класс кайсы бир уюмдарга жана кишилерге барышы мүмкүн)
Башка окуучу менен (эки – экиден болуп иштөө)
Чакан топ менен (3 – 5 окуучу болуп иштөө)
Окуучулардын чоң тобу менен (көбүнчө ролдук оюндун, дебаттын, класстык талкуунун жана ушул сыяктуу)
Окуучулардын тобу жана калк менен (топ, социологиялык сурамжылоо жүргүзүлөт)
Техниканын айрым түрлөрү менен