Математика сабагында окутуунун бардык негизги принциптери өз ара байланышта иш жүзүнө ашырылат: аң – сезимдүүлүк, көрсөтмөлүүлүк, системалуулук, бекемдүүлүк, курактык өзгөчөлүгүн эске алуу, жекече мамиле жасоо ж.б. математиканы окутууда көрсөтмөлүүлүк принциби негизги өзгөчө роль ойнойт.
Көрсөтмөлүү окутуу – бул окуучулардын тиешелүү байкоолоруна таянылуучу окутуу болуп саналат. Бирок көрсөтмөлүү окутууну көрсөтмө колдонмолорду пайдаланып окутуу гана деп түшүнбөш керек.
Математика илими жаратылыштагы, бизди курчап турган чөйрөдөгү объектилердин өздөрүн жана кубулуштарды үйрөтпөстөн, алардын мейкиндикте кандай формага ээ болушун, сандык катыштарын окуткандыктан, биз математика илимин курчап турган чөйрөдөгү чоңдуктардын же объектилердин ар биринин өзүнө гана тиешелүү болгон касиеттерин (узундук, масса, аянт, убакыт, көлөм, нарк) изилдөөчү абстракттуу илим катары кабыл алабыз.
Ошол себептен терең жана аң – сезимдүү билим берүү үчүн көрсөтмөлүүлүктүн мааниси чоң роль ойнойт.
Көрсөтмөлүүлүктүн негизинде төмөнкүлөр ишке ашат:
Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүлөрү жана сүйлөө речи өнүгөт
Математика илимин турмуш жана практика менен байланыштырат
Түшүнүктөрдүн мазмунун жана касиеттерин өздөштүрүү жеңилдетилет
Конкреттүү объектилерди жана кубулуштарды байкоо жана жалпылоонун негизинде алардын практикалык колдонулуштарын үйрөтөт.
Көрсөтмө куралдардын түрлөрүн так билүү мугалимге аларды туура тандоого жана эффективдүү пайдаланууга, окуучулар өздөрүнүн мүмкүнчүлүгү менен даярдоого жардам берет.
Көрсөтмө куралдардын түрлөрү:
Натуралдык (курчап турган чөйрөдөгү нерселер: китеп, дептер, карандаш, таякчалар, кубиктер ж.б.)
Сүрөттөөчү
Образдуулар: буюмдардын сүрөттөрү, кагаздан жасалган буюмдардын же фигуралардын элестөөлөрү, таблицалар
Шарттуу түрдөгү (символдук) куралдар: математикалык символдор жазылган карточкалар, схемалар, чиймелер
Экрандык көрсөтмө куралдар: окуу фильмдери, слайддар, диафильмдер
Фабрикада же басмаканада жасалган
Жасалмалар (мугалим же окуучулар тарабынан)
Жалпы класстык (демонстрациялык)
Жекече (ар бир окуучу үчүн)
Окуу процессинде көрсөтмө куралдарды түрдүү максаттарда колдонобуз: жаңы материал менен таанышууда, билимдерди, жөндөмдүүлүктөрдү, ыктарды бышыктоодо, алардын өздөштүрүлүшүн текшерүү үчүн. Көрсөтмө курал билимдин булагы катары ошол түшүнүктүн эң маанилүү жагын белгилеш керек, анын негизинде жалпылоо жүргүзүлөт, ал эми эң маанилүү эмес жагы кошумча мааниси экендиги да түшүндүрүлөт.
Көрсөтмө куралдарды колдонуунун эффективдүүлүгүнүн негизги шарты болуп аларды зарыл жана жетиштүү өлчөмдө колдонуу эсептелет (ашыкча өлчөмдө болбош керек).
Кээде көрсөтмө куралдарды окуучулардын билимдерин жана жөндөмдүүлүктөрүн текшерүү үчүн колдонулат. Таратылуучу дидактикалык материалдарды (кесинди, көп бурчтук ж.б. тартылган карточкаларды) таратуу менен мугалим окуучулардын кесиндинин узундугун өлчөй алабы, көп бурчтуктун периметрин эсептей алабы деген сыяктуу билимдерин текшерет.
Көрсөтмө куралдарга коюлуучу талаптар:
Материалдын мазмунуна жана максатка ылайыкташтырылган
Илимий – техникалык жактан сабаттуу даярдалган
Чындыкка жакындатылган
Өлчөмдөрү боюнча жетиштүү
Окуучулар үчүн жеткиликтүү жана эстетикалык талаптарга жооп берген
Пайдаланууга ыңгайлуу
Балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкташкан болуш керек