I тур 5-класс
1. 35 тин си канча болот? 14
2. Эң чоң үч орундуу сандан эң кичине эки орундуу санды кемитсек канча болот? 900
3. Үч жолу 40 жана 5 канча болот?
4. Бир үй бүлөөнүн эки атасы жана эки баласы бар. Бул үйдө канча адам бар? 3 адам
5. Эки жөнөкөй сандын суммасы жөнөкөй санбы? жок
6. Үйдүн 4 бурчу бар ар бир бурчта бирден мышык, ар бир мышыктын каршысында үчтөн мышык олтурат, бардыгы канча мышык бар?
7. Кайсы эң кичине бүтүн санга бардык сан так бөлүнөт?
8. Алмурут алмага караганда 2 эсе кымбат, кайсынысы кымбат 8 алмабы же 4 алмурутпу? Экөө барабар
9. Беш шам күйүп турган. Алардын экөөнү өчүрүп салышты. Канча шам калды?
10. Качан тийинди бөлүнүүчүгө барабар болот?
II тур
Эгер 670 жибек куртун багуу үчүн 19 кг 430 г тыт жалбырагы керек болсо, 1000 жибек куртуна канча тыт керек болот?
Миллиметрден километр канча эсе узун?
III тур
1кг таш оорбу же 1кг жүн оорбу? Барабар
Эки жуп сандын суммасы жуп сан деген ырастоо туурабы?
Феврал айынын эң көп толук жумасы канча болушу мүмкүн?
Жуп болуп эсептелүүчү жөнөкөй сан болобу?
1 гектарда канча м бар?
IV тур
Менин чоң энем өмүрүндө 15 жолу эле туулган күнүн белгилеген. Ал эч качан туулган күнүн белгилебей калган эмес чоң энем канча жашта?
I тур 6-класс
27 сом 81 сомдун канча бөлүгүн түзөт? ( )
бөлчөгү кандай ондук бөлчөккө барабар? (0,125)
8 дин 75% ти канча ? (6)
3 см канча метр болот? (0,03)
Жагы 85 м болон квадраттын аянты канча м ?
Квадраттын аянты 3025 м болсо жагынын узундугу канча м? (55м)
Чейрек алманын чейреги канча бөлүк? ( бөлүк)
4 санын кайсы ондук бөлчөккө көбөйтсөк, көбөйтүндү 1 ге барабар болот? (0,25)
Тик бурчтуктун жактары 5 см, 12 см болсо периметринин жарымы канча см? (17 см)
10. Тегеректин диаметрин 9 эсе чоңойтсок аянты канча эсе чоңоёт? (81 эсе)
II- тур
Пайда болгон сан 72 ге бөлүнө тургандай кылып, 10 санынын оң жагына жана сол жагына бирден цифра жазгыла.
Аскар берилген тапшырмалардын бөлүгүн чыгарып бүттү. Дагы чыгарыла элек 4 мисал калды. Тапшырмага канча мисал берилген?
III-тур
385152 саны12 ге бөлүнөбү?
Кубдун бир бетинин аянты 25 см болсо, көлөмүн тап?
суммасы кандай цифра менен аяктайт?
санын квадраты санынын квадратынан чоңбу же кичинеби?
3 литрлик идишке канча дм cуу батат?
IV-тур
Велосипедчен бир шаардан экинчи шаарга 10 км\саат ылдамдык менен бара жатат. Эгерде ал 12 км\саат ылдамдык менен өтсө 4 саат эрте жетет эле. Эки шаардын арасындагы аралык канча км?
I-тур 7- класс
Геометриянын алгачкы элементтери кайда пайда болгон? (Вовилондо жана Египетте)
«Функция» терминин 1-жолу кайсы математик киргизген? (Немец математиги Готфрид Лейбниц)
« Башталыш» китеби (жыйнагы) III-кылымда ким тарабынан негизделген? (Евклид)
«+», «-» белгилери канчанчы кылымда пайда болон? (XVI кылымда)
Алгачкы болуп геометрия окуукитебин жазган белгилүү грек медигине фамилиясы окшош окумуштууну атагыла. (Гиппократ)
Амалдарды эсептөөдө ирээтин көрсөтүүчү белги. (Кашаа)
Латын алфавитинде канча тамга бар? (26)
Кайсы фигуранын бурчтары да жактары да барабар? (квадрат)
Кайсы математикалык терминди адабият сабагынан кездештирдиңер? (Гипербола)
10. Жүздү жарымга бөлсөк канча чыгат? (200)
II-тур
Бөлчөктөрдүн суммасын тапкыла.
( )
Биринчи балыкчы 3 балык, экинчиси 5 балык кармаган. Алардын жанынан өтүп бараткан жолоочуну тамак ичүүгө чакырышты. Тамак ичип бүткөндө жолоочу 8$ берди. Балыкчылар бул акчаны кантип бөлүштүрүп алышат?
(1-балыкчы 1$, 2-балыкчы 7$)
III-тур
1. Жандаш бурчтардын суммасы канча градус? (180)
2. Далилденүүсү талап кылынган сүлөм. (теорема)
3. 1 кг эт 1 саатта бышат, 2 кг эт канча саатта бышат? (1 саатта)
4. Белгилүү грек математиги (Архимед)
5. Акиташтан там ак болобу? (ооба)
IV-тур
Теңдемени чыгаргыла.
( )