Зат атооч –заттын атын билдирип ким? эмне? кимдер?эмнелер? деген суроолого жооп берет. Жалпы зат атоочтор: М: адам, бала, кыз, чака,көл, дарак, китеп, ата, эне, идиш, шаар, мектеп, китеп Энчилүү зат атоочтор: М: Манас, Чыңгыз, Ош, Ысык- Көл, Кара- Балта, Бишкек,Актөш,Рекс | Этиш-заттын кыймыл- аракеттин,ал абалын билдирген сөз түркүмү эмне кылып жатат? эмне кылат?эмне кылды? 1)Учур чак-эмне кылып жатат?-уктап жатат 2)келер чак-эмне кылат?- уктайт 3)өткөн чак- эмне кылды? уктады |
Сын атооч-заттын өңү түсүн, сынын,сапатын,даамын, формасын билдирип: кандай? Деген суроого жооп берет. Түрлөрү- 1)сапаттык сын атооч: ичке, сулуу, ак, шайыр,түнт, кооз, сонун, жоон 2)катыштык сын атооч: тоодой, тумакчан,жаанчыл,токойлуу,темирдей,даамдуу. Сын атоочтун даражалары: Жай даража-кызыл,ачуу,кең,тар,сүйрү Күчөтмө-эң,өтө,абдан,чымкый,чылк,аябай Салыштырма-кызылыраак, жумшагыраак, пайдалуу Басаңдатма-агыш, көгүш,киргил,бозомук, кызгылт | Сан атооч-заттын санын, иретин,эсебин,болжолун,тобун,катарын билдирип, канча?нече?канчанчы? неченчи?канчоо?нечөө?канчалык?канчаларда?деген суроолорго жооп берет. Сан атоочтун түрлөрү –жөнөкөй-он, беш, жыйырма, сексен,миң Татаал- он сегиз, алтымыш беш,бир миң эки жүз. Сан атоочтун бөлүнүшү: 1)эсептик –заттын эсебин билдирет.канча? нече? Бир, беш, миң , беш жүз 2) иреттик –заттын иретин, тартибин көрсөтөт.биринчи,алтынчы, отузунчу,токсон тогузунчу 3)жамдама сан-сан менен заттык түшүнүктү жамдап көрсөтөт, канчоо?,нечөө? Бирөө,бешөө,алтоо, жетөө 4)чамалама-заттын санын чамалап, болжолдоп көрсөтөт,канчалык?канчалаган?канчаларда?-алты-жети,отуздай,кырктай, алтымышча,жүз чакты 5)топ сан-заттын санын тобу менен көрсөтөт,канчадан? нечеден?-төрттөн, бештен, үчтөн 6)бөлчөк сан-заттын санын майдалап,бүтүн сан менен бөлүктүн өз ара катышын билдирет,канчачы? канча?-экиден бир, ондун теңи, жүздөн он беш |
Ат атооч-башка сөз түркүмдөрүнүн ордуна колдонулуп, заттарды,түшүнүктөрдү жалпылап көрсөтөт. Ат атооч жактарга бөлүнөт- мен, сен(сиз),ал биз,силер(сиздер)алар бул, тигил,ушуга,мында,тигинде,ар бир, ар ким,баары,бардык,бирдеме,бир нерсе,бүт,бүткүл ,эч нерсе,бирөөлөр,эч ким,эч кайдан,эч качан ж.б | Тактооч-кыймыл аракеттин ар түрдүү кырдаалын көрсөткөн сөз түркүмү Мезгил тактооч-качан? качантан бери? качанга чейин?-бүгүн,жайында,азыр,былтыр,жакында, жана Орун тактооч- кайда? кайдан? каякка?каяктан?-жогору,өйдө,төмөн,алыс,жакын, кийин,алга,артка, ары- бери |
Тууранды сөздөр-адамдардын, жаныбарлардын, кубулуштардын үндөрүн тууроо үчүн колдонулат Адамдар:кобур-собур,күбүр-шыбыр,кажы-кужу Жаныбарлар:арс-арс,чыйт-чуйт,така-так Жаратылыш:калдыр-кулдур,шатыр-шатыр,качыр-кучур,кайч-куйч,күр-күр | Сырдык сөздөр-адамдын ички сезимдерин билдирген жана айбанатты башкаруу үчүн айтылган сөздөр.Эч кандай суроого жооп бербейт. Эх,аттиң,ох,ой,пай-пай,бали,аттиң ай, кокуй,ий Айбанаттарга карата айтылуучу сөздөр:чү-чу,тү-тү-тү,өш-өш,тек-тек,түшө-түшө,чек-чек,күш Турмушта колдонулуучу сөздөр: ассалоому алейкум,саламатсыздарбы,кош,кайыр, ыракмат,арыбаңыз,жашы турасызбы,бар болуңуз |