СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тесттер топтому

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тесттер топтому»

11-класстар үчүн тест

Кыргыз тили жана адабияты

вариант А

1.“Суроолуу” деген сөздө канча тыбыш бар?

А) 9 Б) 6 В)8 Г)7

2.Текстин жалпыланган мазмунунун аталышын белгиле.

а) идеялык мазмуну б) аталышы в) темасы г)проблемасы

3. Грамматикалык түзүлүшү боюнча сүйлөмдүн бөлүнүшү.

А) эки тутумдуу , бир тутумдуу б) жалаң, жайылма

В) жөнөкөй, татаал г) ээсиз, ээлүү

4. Текстин бөлүктөрү кандай аталат?

а) абзац, тема, идея Б) ойдун башталышы, өнүгүшү, аякташы

В)текстин планы, аты, темасы г)микротема, аты, темасы

5. Маалыматтарынын тактыгы менен кайсы стилдер бири-бирине окшош?

а) илимий жана көркөм Б) публицистикалык жана илимий

в) иш кагаз стили менен публицистика Г) илимий жана иш кагаз стили

6. Т. Сыдыкбековдун “Көк асаба” романы кайсы мезгилди сүрөттөйт?

а) 6-8-кылымдагы кыргыздардын турмушун

б) Кыргызстанга совет бийлигинин орношун

В) Кыргызстандагы колхоздоштуруу мезгилин

Г) 19-кылымдагы Кыргызстандагы окуялар

7. Эпилог деген сюжеттин кандай элементи болуп эсептелет?

а) окуянын өнугуп жеткен чеги б) окуянын чиеленишип өнүгө баштаган учуру

В) Негизги окуя баяндалып бүткөн соң, каармандардын кийинки тагдыры жөнундө же ошол окуянын кийинки айрым жыйынтыктары жөнундө автордун баяндоосу

г) окуянын ортосунда берилүүчү автордук чегинүү

8. “ Биринчи жолу тилмеч болгонумда 5 жашта элем. ал кызматым үчүн бир жилик эттин ээси да болгом...”-кимдин эскерүүсүнөн?

а) Т.Сыдыкбеков б) А. Токомбаев в) У. Абдукаимов г) Ч. Айтматов

9. Алдын ала даярдыксыз ар кандай көрүнүштөр жөнүндө оозеки ырдоо өнөрү кыргыздарда эмне деп аталат?

а) жамакчы Б) жомокчу В) төкмөлүк Г) манасчы

10. Чыңгыз Айтматовдун бугүнкү турмуш менен байланышы бар романы кандай аталат?

А) “ Тоолор кулаганда” Б) “Ак кеме” В) “Жамийла” Г) “ Кылым карытар бир кун”

10-класстар үчүн тест

Кыргыз тили жана адабияты

Вариант А

1.Көп маанилүү сөздү белгиле.

А) кызыл сыр, ак сыр б) эл башы, иштин башы

в) кара козу, кара суу г) чаканы кой, китепти кой

2.Сингармонизмге ылайык туура жазылган сөздөрдү белгиле

а) иман, кария б) шарыят, саясый В)дарыя, мыйзам г) дария, жария

3. Сүрөттөгө мисалды белгиле

а) Наркы өйузгө суу кечип өткөн эки кишини көрдүм.

Б) Жалаңдаган ак жал аргымак минген алп киши алдыда.

в) Затты сүрөттөдө, анын белгилери саналып берилет.

Г) Тексте адам сурөттөлдү.

4.Сүйлөмдөгү айтылып жаткан ойго карата айтуучунун ар кандай мамилесин билдирүүчү сөздөр же сөз тизмектери эмне деп аталат?

А) Сырдык сөздөр Б) Каратма сөздөр В) Киринди сөздөр Г) Тууранды сөздөр

5. Кайсы сүйлөмдөгү асты сызылган сөз айтылуучу ойго бекемдөө, ырастоо маанисин берип турат?

а) Кыскасы, өкүнбөй тургандай жашаш керек. б) Менимче, сен баарын тушүнүп турасың.

в) Айтор, мунун кылганын эч тушунбөйм. Г) Ырас, бул жердин эли меймандос келет.

6. Толук эмес ундөштүк мыйзамына мисал боло алган сөздөрдү белгиле.

а) балалуу, тектүү Б) базарга, жолдун В) тарбия, мамиле Г)сыноо, жолубузда

7.Калыгул Бай уулунун чыгармасы кайсы?

А) “ Тар заман” Б) “Акыр заман” В) “ Зар заман” г) “Замана”

8. Кыргыз элинин легендага айланган акындары?

а) Жеңижок, Асан Кайгы, Жайсаң ырчы Б) Асан Кайгы, Жайсаң ырчы, Токтогул

в) Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч г) Токтогул, Барпы, Жеңижок

9. Уламышка айланган Асан кайгынын негизги философиялык идеясы кайсы?

а) баатырдык б) боорукердик В) эмгекчилдик г) ыкчамдык

10.Алдын ала даярдыксыз ар кандай көрүнуштөр жөнүндө оозеки ырдоо өнөрү кыргыздарда эмне деп аталат?

А) жамакчы Б) жомокчу в) манасчы Г) төкмөлүк

10-класстар үчүн тест

Кыргыз тили жана адабияты

Вариант Б

1.Үндүүлөрдүн эрин күүсүнө карай үндөшүп өзгөрүүсүнө мисал боло алган сөздөрдү тап.

А)базарга, ырларды б) сүрөтчү, алтынбы В) бирок, байге Г) гүлзар, шакирт

2.Каратма сөздүү суйлөмдү белгиле.

А) Кечээ туулган жериме, Көк-Талаа айылына бардым.

Б) Көрсө, Майсалбегим аны мага таштап кеткен турбайбы!

В) Гүлдөй бер, Кыргызстаным, Күнөстүү тоонун боорунда.

Г) Балким, ал келечекти ойлоп жүргөндүр.

3. Турмуш-тиричиликке карата айтылган сырдык сөздөрдү белгиле.

А)ай-ий, түшөй-түшөй б) бах, баракелде

В) апей, капырай Г) кош, кайыр

4. Оозеки сүйлөө учурундагы тыбыштардын аталышы

а) пауза б) интонация в)үн узундугу в) логикалык басым

5.Сүйлөмгө мүнөздүү иш кагазынын түрүн белгиле.

Асанов Бектур аталган мектептин 10-классында окуп жаткандыгы чындык.

а) мүнөздөмө б) маалымдама в) азыр Г) буйрук

6. Буйрук ыңгай этишти белгиле.

а) тарттык б) тарткын в) тартса г) тартат

7. Белгилүү “ Тар заман” чыгармасынын автору ким?

а)Барпы Б) Токтогул В) Асан Кайгы Г) Арстанбек

8. “Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерге көмулгөнүңдү да билбеймин...”-бул сөздөр кимдин калемине таандык?

а) Ж. Турусбеков Б) Ч. Айтматов В) Т. Сатылганов Г) Калыгул Бай уулу

9. Адабий чыгармада эки кишинин же бир нече кишинин бири-бири менен сүйлөшкөнү кандай аталат?

а)монолог б) реплика В) конфликт Г)диалог

10. Т. Сатылганов “Кош, апаке” ырын качан чыгарган?

А)Сүргүндө жургөндө Б) сүргүнгө айдалып жатып

В) сүргүндөн келгенден кийин Г) Октябрь революциясынан кийин



7-класстар үчүн тест

Кыргыз тили жана адабияты

Вариант А

1.-ыш мүчөсү уюштурган этиштин мамилесин белгилеңиз.

А)өздүк б) негизги В)кош

2. Өткөн чакта турган этиштин өздүк мамилеси.

А)келет б) өтүндүм В) берди

3. Кыргыз тили дүйнө жүзүндөгү... тилдеринин тобуна кирет?

А)иран Б)монгол В)түрк

4. Тыбыш менен тамганын саны дал келбеген сөздөр?

А) керемет б) алча в) боёк

5.Кыргыз элинин улуттук оюну

А)тогуз коргоол б)шахмат В) нарда

6. “Кожожаш” эпосунда эмне чагылдырылган?

А) баатырдык менен акылдын төп келиши

Б) байлык менен мансап

В)адам менен жаратылыштын карым-катышы

7. “Курманбек” кандай эпос?

А) баатырдык эпос б) турмуш-тиричиликтик эпос в)улуу эпос

8. Курманбек баатырдын энеси ким?

А) Шакан Б) Зулайка В) Каныкей

9. Жеңижоктун өз аты ким?

А) Өтө Көкө уулу б) Абдырахман Байымбет уулу ) Калык Акы уулу

10. Жеңижок кандай акын?

А)жалган акын Б) жазма акын В)төкмө акын











7-класстар үчүн тест

Кыргыз тили жана адабияты

Вариант Б

1. Этиштин өзгөчө формаларына мисал белгиле

А) ырдады б) оңдо в) жаркылдап сүйлөдү

2. Текстин бөлүгүн белгиле. Ошентип үч бир тууган жыргап- куунап жашап калышыптыр.

А)ойдун өнугүшү Б)ойдун башталышы В) ойдун жыйынтыкталышы

3.Туура жазылган сөздөрдү тап.

А)боло элек, дечү элең, эки үй, басмакана

Б)кара-тору, ак-көңүл, будай, сулу

В)акбосого, арчабешик, каруй,денсоолук

4.Айбанаттарга карата айтылган сырдык сөздөрдү белгиле.

А)кыроо-кыроо, кош-кош Б)катыгун, пай-пай В)Ай-ий, ой тобо

5.Аркылуу мамилени ушютуруучу мучөлөрду белгиле

А)-ыш, -үш, -уш, -ш

Б)-дыр , -кыр,-гыз, -ыр, -ыз

В)-ин, -ун, -үн, -н

6. Эсенаман менен Жеңижок кайсы жерде жолугуп калыа айтышкан?

А) Нарында Б) Суусамырда В) Таласта

7. “дарактын мөмөсү, арактын шишеси” деп Эсенаман кимди айтып жатат?

А) Озун Б)Токтогулду Б) Жеңижокту

8. “Курманбек” эпосундагы Курманбек баатырдын кулук аты кандай аталат?

А) Алгара Б) Телтору Б) Чалкуйрук

9. “Кожожаш” эпосундагы баш каарман Кожожаштын атасы ким?

А) Карыпбай Б) Жакыпбай В) Кадырбай

10. Курманбек эпосу кантип аяктайт

А) баатырдын жеңиши менен Б) баатырдын өлүмү менен В) баатырдын саякаты менен








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!