Т:Функция жана аныкталуу
маанилеринин облустары.
Сабактын максаты.
Функция жөнүндө түшүнүк алышат.
Өз алдынча функциянын маанисин таап,координаталык тегиздикте графигин чие алышат.
Тактыкка тарбияланышат,туура чийүүгө үйрөнүшөт.
Бул суроого жооп берүү үчүн сага белгилүү болгон кыймылдагы нерсенин өткөн жолун ,ылдамдыгын жана убактысын байланыштырган S=V*t формуланы карап көрөлү.Кыймыл бир калыпта болсун ,б.а ылдамдык V- турактуу сан дейли.Убакыт t өзгөрүп турат.Ал эми нерсенин басып өткөн жолу S ошол убакыттын өзгөрүшүрө жараша өзү да өзгөрөт.
Формулага катышкан 3 чоңдуктан бирөө туруктуу (V),экинчиси өзгөрүлмө (t),үчүнчүсү ошол өзгөрүлмөдөн көз каранды (S),б.а. ал дагы өзгөрүлмө.
Ушул сыяктуу эки чоңдуктун байланышын функционалдык көз карандылык дешет.Көз каранды болгон чоңдук аргумент,андан көз каранды болгон чоңдук анын функциясы деп аталат:t-аргумент ,S-функция .
Турмуштан алынган чоңдуктар ар кандай тамгалар жана формулалар менен көрсөтүлөт.
Ал эми математикада функционалдык көз карандылык атайы формула менен берилип ,өзүнчө окулат:
y=f(x)
Окулушу :”игрек барабар икстен эф”
Мында ,х-көз каранды эмес өзгөрүлмөкул-аргумент,ал эми y-көз каранды өзгөрүлмө.Ал x өзгөрүлмөнүн функциясы болот.f-функциянын белгиси .
о
Аргумент жана функциянын мааниси каалаган элэ сан боло бербейт.Мисалы,убакыт жана аралык терс мааниге ээ болбойт.
Андыктан , функциянын аныкталуу обла сты жана функциянын өзгөрүү областы деген түшүнүктөр киргизилет.
Эгерде х өзгөрүлмөнүн аныкталуу областынан алынган каалаган маанисине y өзгөрүлмөнүн жалгыз мааниси кандайдыр бир эреже аркылуу туура келсе,анда y өзгөрүлмөсү x өзгөрүлмөсүнүн функциясы деп аталат.Мында көз каранды эмес x өзгөрүлмө функциясынын аргументи деп аталат .
Y=f(x)-функциясынын x аргументи жашай турган сандардын көптүгү функциянын аныкталуу областы деп,D латын тамгасы менен ,y функциясы кабыл алган маанилердин көптүгү функциянын өзгөрүү областы деп E латын тамгасы менен белгиленет.
Көнүгүүлөр.
1.Функциянын D аныкталуу областы бардык натуралдык сан көптүгү дейли. D нын ар бир элементине анын кубу туура келсин.Функциянын формуласын ,D жана E областарынын сан удаалаштыгы түрүндө жазылышын түшүндүр.
y={1,2,3,4,5,6,7,8,9,} E={1,8,27,64,625,216,343,512,729)
2.Аягы 3 менен бүткөн эки орундуу сандарды функция түрүндө жаз.
Ал y=10a+3 болот.
3.
Төмөнкү эки көптүк берилсин :
x={1,2,3,4,5,6,7,8,9,10}: y={1,4,9,16,25,36,49,64,81,100}Булардан кандай функцияны жазасын?Dжана E кайсылар?
y={1,2,3,4,5,6,7,8,9,10}, E={1,4,9,16,25,36.49,64,81,100} .
4
y=функциясынын аныкталуу жана өзгөрүү областарын көрсөт
.
D={1,2,3,4,5,6,7,8,9} E={1,4,9,16,25,36,49,64,81}.
D
Тапшырма № 6
у=10²а+10b+c формуласы
кайсы сандарды туюнтат?
Даярдаган практикант
Джамалидин кызы Гулиза